Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:49

Кыргызстан

Жагдай жазында өзгөрөбү?

Акыркы төрт-беш ай аралыгында өлкөнүн саясий айдыңында болуп өткөн окуялар бийлик оппоненттерин, жарандык коомчулукту кыйла жанданткандай болду. Айрыкча жума башында генерал Исмаил Исаковдун камалышы нааразычылыктарды күчөттү. Адатта бийлик – оппозиция кармашы күчөй турчу жаз айлары да жакындоодо. Күн жылый баштаса нааразычылыктар өсөбү? Баарын колго алып, урагыстай көрүнгөн бийликтин орду бекемби?

x
Текст көлөмү - +
Айрым талдоочулар 2010-жылы жазда бийликке нааразы болгондор көбөйүп, жер-жерлерде массалык толкундоолор пайда болуп кетсе бийлик айрым чегинүүлөргө барууга аргасыз болот дешет.

Саясий серепчи Аскарбек Мамбеталиевдин пикиринде, өлкөдө андай кырдаал жаралышы үчүн “кыртыш” деле даяр болуп калды. Буга былтыр орун алган бир катар саясий-экономикалык, коомдук мааниге ээ окуялар себепчи болду.

Айта кетсек былтыр, айрым саясатчылар менен журналисттердин өлтүрүлүшү, ур-токмокко кабылгандардын көбөйүшү, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон жана сот жообуна тартылган саясий ишмерлердин саны артканы, президенттин кичүү уулу премьер-министрдикинен таасирдү мамлекеттик кызматка отурушу, тарифтердин көтөрүлүшү сыяктуу окуялар орун алды.
Азиза Абдрасулова

Белгилүү укук коргоочу Азиза Абдрасулованын айтымында, бийлик ушул тапта пландуу түрдө, атайылап эле катаал режим курууга багыт алгандай:

- Биз бүгүнкү күндө эки айрылыш жолдо турабыз. Биз же толук диктаторлук режимге өтүп, адам укуктарын сактабай, тап-такыр башка багыттагы өнүгүү жолуна бет алып калышыбыз мүмкүн, же болбосо биз кайрадан өзүбүздүн демократиялык багытыбызды акырына чыгарышыбыз мүмкүн. Бул жерде, азыр Кыргызстанда бардык багытта адам укуктарынын бузулушу кокустук эмес. Негизи мамлекет өзүнүн багытын өзгөртүп, атайылап эле ушундай саясий кадамдарга барып атат деген ойго келип атабыз...

Ошондой эле А.Абдрасулова укук коргоочулар кандай болгон күндө да демократиялык баалуулуктар үчүн күрөшө беришерин, жазында саясий күрөш күч ала турган болсо жарандарга каршы күч колдонулушу мүмкүндүгүн, андыктан андай иштерге да каршы турушарын билдирди.

Ал эми саясий серепчи Токтогул Какчекеевдин пикиринде, жазында саясат кызышы мүмкүн. Анткени тарифтер да көтөрүлүп, айрым чиновниктер да таза иштебей атышат:
Токтогул Какчекеев

- Энергетиканын, ысык суунун баасы көтөрүлүп атат. Баа көтөрүлбөгөн иш болбой атат. Биз эмнеге ушундай абалга келип жеттик. Анткени, “ак үйдүн” билермандары Акаевден баштап өздөрүнүн курсагын толтуруп, сырттан келген кредиттердин адал-арамдыгына карабай мамлекетти 2,5 миллиард долларга карыздар кылышты. Азыр саясаттык жол менен келген кредиттер менен гранттарга кол тосууга мажбур болуп атабыз.

Бирок Т.Какчекеевдин айтымында жылыштар да бар. Анткени соңку кездери Максим Бакиев баштаган жаш кадрлар да бийликке келди. Ошол жаштар экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзүшү да мүмкүн.

“Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бейшенбек Абдрасаковдун ырасташынча, соңку жылдары Кыргызстан өнүгүү жолунда баратканы көрүнүп турат. Андыктан анын баарын көрүп турган эл мурдагыдай көтөрүлбөйт, көчөгө чыкпайт:

Бейшенбек Абдрасаков
- Бизде алдыга жылган иштер көп. Мына, акыркы кездери Камбар-Атада жардыруу болуп, ГЭС курулуп атат. Кумтөрдө мурда он беш жылда берилчү акчаны он эсе көтөрүп, аны төлөй башташты. АКШ базасы 17 миллион төлөп келген болсо азыр 60 миллион доллар төлөп атат. Мунун бардыгы экономикалык өсүп-өнүгүү.

Мына, заводдор ачылып атат. Президентибиз кечээ эле Токмокко барып 2-3 завод ачып келди. Жалал-Абадда, Ошто заводдор ачылып атат. Жолдор курулуп атат. Мунун бардыгы фактылар. Ал эми жанагы нааразычылыктар боюнча, муну бир киши камалса эле аны саясатташтырып атышат. Ошолор жазында бир нерсе кылабыз деши мүмкүн. Бирок бүгүнкү күнү эл түшүнөт, эл билет. Алар мурдагыдай көтөрүлүп чыкпайт.


Айрым талдоочулар белгилешкендей, Кыргызстан – бир эле күндө чоң окуялар орун алып кетүүсү мүмкүн болгон өзгөчө өлкө. Андыктан “жазында абал курчуйт же курчубайт” деп бир жактуу айтыш кыйын дешет.

Оппозиция өкүлдөрү болсо өлкөдө камоо, сабоо, өлтүрүү, куугунтуктоолор улана берсе бир күнү коом жарыларын, абал ошого жакындап калганын айтышууда.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: немис каяктан: Германия
23.01.2010 00:28
Б.Абдрасаковко окшогон азыркы бийликтегилер заводдор ачылып атат, биз иштеп атабыз, карагылачы мына деп мисалдарды келтирмиш болуп атат. Азыркы бийликтин жан жөөкөрлөрү эптеп бирдеме деп сүйлөш керек дегендей эле аргументтерди келтирип атышат. 2005-жылдан бери азыркы бийлик эмне менен алек болгонун эл көрбөй, укпай калыптырбы. Кыргызда сөз бар - Укпайт деп ушак кылба, көрбөйт деп ууру кылба деген. Элге баары тең эле көрүнүп турат, азыркы бийликтегилер айла жоктон Бакиевке баш ийип турганы билинип турат. Ушул бийлик менен иштеше албайм деп кетип калайын дейт, анда үй-бүлөмдү ким багат. Андан көрө эптеп чыдап, парамды берип, уурдачумду уурдап, оокатымды кыла берейин. Алар ойлонуп атат да, эгерде бул майлуу кызматтан кетип калсам, менин ордума башкасы келип иштейт деп, эбин таап, президенттин сөзүн сүйлөп күн өткөрүп атышат. Бирок ушул коррупциялашкан бийликте иштеген коркок жетекчилер деле азыркы бийликтин саясатына каршы, бирок ошол каршылыгын айта алышпайт, себеби коркок, өзүнүн жашоосун эле ойлогон эгоисттер, жүрөгү жок койондор да. Эгерде эл ишенип, колдой турган, чындап патриот, эч нерседен тайманбаган эр жүрөк лидер чыкса, элдин баары жапырт колдогону турат. Атүгүл, азыркы бийликтеги, коркок, айла жоктон паракор болгондор деле колдогону турат. Эми ал чыныгы патриот-лидер качан эл арасынан чыгат, качан келип кыргыз элин жыргал турмушка алып барат, ким билет??? Менин тилегеним ошол чыныгы элдик жетекчи батыраак келсе экен дейт элем. Ал эми Бишкектен Кумболот айткандай, Текебаев же Сариев элди сүйрөп алып кетиши мүмкүн, бирок булардын саясый кадамдары анча мынча саясый башаламандыктын ичинен жаман аттыга илинип калды дейт. А чынында ошондой эле болду да. Мына ошон үчүн азыркы учурда кыргызстандыктардын көпчүлүк бөлүгү бул оппозиция жетекчилерин эрчибей турушат.

кимден: Данияр
17.01.2010 15:21
Кунболот! Туура ой жугуртупсун!

кимден: Чолпон каяктан: Бишкек
16.01.2010 22:00
Токтогул Какчекеев байке, "Кээ бир чиновниктер..." деп вокруг да около
кылып башты оорутпай эле: "Эн чон чиновнигибиз тескери жолго тушту" - деп эле ачыгыраар айтпайсызбы.

кимден: Satyvaldy Saipidin uulu каяктан: Russian Federation
16.01.2010 20:06
Мурдакылар "Кайын барбы кыргыз балта чаппаган, кокту барбы кыргыз соогу жатпаган" дешкен болсо, эми биз "Олко барбы кыргыз байкуш болбогон, подвал барбы кыргыздарын толбогон". Кыргызды кангытып, дуйно кездирип коюп, завод ачтык дейсинер.
Кана ошол ачкан заводунар? Канча адамды жумушка жайгардынар?
Артык кылабыз деп тыртык кылып алган экенбиз го калкым.
Акаевдин тушунда кичине болсо да демократия болгон бейм, азыркыдай олтуруулор жок болчу. Ал эми революционерлердин ишенген кожосу Курманбек Салиевичтин саясатын барган сайын тушунбой баратамын. Калкына зулумдук кылууга кантип дити барды?
Ханды кудай ураарда оз калкына кас болот, чалды кудай ураарда жетимиште жаш болот дегендей, Курманбек Салиевич дагы деле кеч эмес, РЕПРЕССИЯны токтотсонуз болот. Ак ийилет, бирок сынбайт. Чопту тепсесе козго зыян дешет.
Калкты чопчо да корбой калдынар го Ак жолчулар. Ишенген кожон сууга акса алды-алдынан тал карма дегендей, эл силерге ишенген, жок дегенде бороондой уюлгуган калктын каарынан корксонор болот беле...
КАН КОЕ БЕРБЕЙТ,,,,

кимден: Shom каяктан: Talas
16.01.2010 20:04
Кыргызстанда кырдаал ото курчуп бара жатат бул факт Кырдаал оз апагейасына жетип калды. Бул нерсени акуйдо жылуу жумшак, сауналап жургон аткаминерлерибиз укпашы мумкун бирок буну токтотуш ото кыйын бир гана жол бар тынч мыйзамдуу ЫНКЫЛАП!
Мен Бейшенбек Абдрасаковдун берген маалыматын окуп чыктым. Анын айтымында биз онугуп-орчуп бара жаткан турбайлыбы? Бейшембектен башка жонокой карапайым эл аны корбой жон эле чырылдап тезек жагып, карангыда олтурган турбайбызбы?
Бейшекене айткым келет ошол сиз айткан ГЭС, АКШ базасы, Кумтордон башка чет элдин акчасын санабай айтынызчы депутат сойрой катары Кыргыз окмоту озу чон экономикалык онугууго салым кошо турган кандай долбоорду аткарды? Же сиз кубанычыныз койнузга батпай, электроэнергиянын, жылуулуктун кымбатташын айтасызбы.
Эмне учун жер-жерлерге барып накта элдин акбалын сурабайсынар? силер озунорго кандай баа бересинер элдик адаммын деппи же бир уй-булого кызмат кылган обслуживаюший персонал катарыбы?

кимден: Кунболот каяктан: Бишкек
16.01.2010 19:46
Чындык учун бир нерсени айтуу туурадыр. Бийликтин жургузуп жаткан саясаты да канчалык бир денгээлде туура.
Маселен Исаковдун камалып кетишин бийликтин куугунтуктоосу катары гана карап жатышат. Эгер сиз, Исаковдун куноолу эместигин кайсыл далилиниз менен айтып бере аласыз. Албетте ал куноолуу эмесмин дейт да.
Кыргыздын бир жаман жери оомолугу.
Кечээ Садыркулов 7 этажда отурганда элдин ошол кишиден жаман коргону жок эле. Ал бийликтен кеткени аны мактап, анан гум жам кылганда ошол тируу болгондо шумдук болмок экенбиз деп боору ооругандар. кейигендер коп болбодубу.
Жекшенкулов процесси бутпой жата, аны да эч нерсесин далилдебей. билбей туруп эле бир тараптуу ак коргозуп эл нааразы экен деп журушот. Кимин далилдей аласын деги куноолуу эмес экенин, бир басылмага. же сайттарга "ал мындай экен, минтип коюшуптур, жеген эмес экен, мына мындай фактылдары бар экен. эптеп жоготкону эле жатышыптыр" деп чындап эле куноосуз адамды куноолоп жатканына ынанып жатасынарбы? Жок.
Демек, силер кутуп жургон "жегендерди камабайбы, атып эле салса болмок" деген ойлордун калыс болбосо да бир багыты журуп жатат. Анан да чондордун жумуштан тушуп калса эле байкуш болуп калгандарына тан бересин да.
Кыргызстанда бир да таза адам жок, чон болуп иштегендердин. Эгер кудай каарын тушуруп. жегенинер жетип кетти. азыр жегендердин башын алам жебегендерди жашатам десе. Кыргызстанда бироо да тируу калмак эмес.

кимден: Рудбек каяктан: Нарын
16.01.2010 19:43
Абалдан чыгуунун бир жолу тез арада мамлекетте иштеген адамдардын маянасын которуп пенсияга кашумчаны кобойту керек, себеби опазицяда эл ишенген адам жок бул биринчиден болбосо 2005-жыл кайталанса ким дагы болсо лидер болуп чыга келет

кимден: Кунболот каяктан: Бишкек
16.01.2010 19:34
Азиза Абдрасулованын оюна кошулбай коюу туура эмес. чынындале анын пикиринде да канчалык бир чындык улушу бар. Ошол жолго толук барып калышыбыз мумкун.
Демократия деп ураан чакырып жатканыбыз менен чынындале биз коншу мамлекеттерден алда канча алдыга чыгып кеткен элек. Анын азабын да кордук.
Мумкун ал жактан да анабашыларга сунуштар абдан тушушу мумкун. Биздеги кырдаал аларды да ойлонтпой койбойт эмеспи. Ага дароо отуунун жолу жок. акырындык менен баратканыбыздын илеби чындап уруп турат. Буга чейинки куугунтуктун, ур соккулардын копчулугунун болушу ошонун башталышы болучу. Мумкун алдыда бир тобунун башы жалманып кетиши мумкун. Анткени, элди калыпка салуунун жолу ошол гана.

кимден: Кунболот каяктан: Бишкек
16.01.2010 19:26
Жагдай азыр абдан оор. Жазында коп нерсе болмок, элдин ичи азыр бышып турган кез. Бирок, элди суйроп кете турган чыныгы патриот барбы? Кеп мына ушунда. Бар, болсо бир Текебаев же Сариев алып кетиши мумкун.Булардын саясый кадамдары анча мынча саясый башаламандыктын ичинен жаман аттыга илинип калды. Билинээр билинбес оппа болумуш этип, аянтта катуу кыйкырып "унумду уксун, мен да бармын бул жерде, мага соок гана керек ыргытсан тосуп алам" дегендер менен журуп кадырына доо кетирип алышты.
Анын устуно жаны гана бийликке жеткен адамдарды, коздору куйуп турган кезде чыныгы журогу менен эмес. акча анан аянтка келип арак ичип эптеп эт жегси келген. келечегин оюнга айланткандар менен ураан салып алышты. Ошол жерде журуп копчулугуну келечекти эмес эптеп 24-мартты бир кайталап. сотка уурдашып, муздаткыч. телевизор колтуктай качкылары келгендер экенин коруп. иренжигенбиз.

Ал азыркы абал чын эле элдин кокойуно тийген учуру. Пахтага май куюлуп туру. Жаксан "дурт" эте тушот. Бирок. кобунун шеренкеси суу болуп куйбой туру. Ишенген эки азамат, оздорунун кучуно ишенсе да. "эл эмне деп коеоор экен, ээрчите алабызбы же жокпу" деп санааркап туру. Жаз эртен эле келет. Бир да оппозициянын башы которулбойт. Болгону Кубанычбек Апас. бир аз элдин чогулганын коруп "мени чакыртпайсынарбы" деп ун катат. Калганы тулкудой андып турушат.
Эгер чындап эле элдин каары корунсо бир эки акчалуу оппозициянын адамдары "бир тобокел королубу" дейт. Анын башында Атамбаев болуп калышы толук мумкун. Анда бул бийликте кек да, анан акыры корсотом буларга деген максат да бар.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)