Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:48

Саясат

Кандуу окуяда каза тапкандар кандай узатылат?

Бийлик кысымына каршы козголоң учурунда каза болгондорду акыркы сапарга узатуу зыйнатын Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында өткөрүүгө жана алардын сөөгүн Ата-Бейит мемориалдык комплексине коюуга аракет жасалууда. Анткен менен сөөктү өз айылына алып кеткендер да арбын.

Текст көлөмү - +

7-апрелдеги козголоң кан төгүү менен коштолгондугу кимдин гана болбосун жүрөгүн сыздатты. Ботодой боздогон Айдай аттуу кыздын агасы 7-апрель күнү кечке маал атылган. Айдай ыйлагандан башка эч сөз айта албады.

Бизге маалымат бергенге анын башка тууганы Стамбек жардамга келди. Көрсө, Рахат Кожобековду так жүрөккө атыптыр Ак үй жактан. 45 жаштагы маркум курулуш иштери менен алектенип үй-бүлөсүн бакчу экен.

Стамбек сөөктү айылына – Нарын жакка алып кетеби же Бишкекте калтырабы, аны деле азырынча билбейт. Башка туугандарыбыз келетат, ошолор билет ал маселени дейт.

Генерал Исмаил Исаков абактан бошонуп келер замат өзүнүн телекайрылуусунда ошол набыт кеткен кыргыз жигиттери туурасында минтип айткан:

- Кан төгүлүп калды. Бул өтө өкүнүчтүү. Биздин кыргыз жигиттерибиз ок атылып атса дагы тайманбай тике карап баратышты. Биз аны телевизордон көрүп аттык абакта. Бул жигиттер – кыргыздын нак баатырлары! Аларга келечекте ушул борбор аянтта эстелик тургузуп, аттарын алтын тамгалар менен жазууга биз милдеттүү болуп калдык.

Элдик Курултайдын борбордук аткаруу комитетинин мүчөсү Иса Өмүркулов бийлик кысымына каршы козголоң учурунда каза болгондорду акыркы сапарга узатуу зыйнатын жогорку деңгээлде өткөрүү аракети жүрүп жаткандыгынан кабар берди.

Ал эми 8-апрель күнү Ала-Тоо аянтында өткөн митингде шейит кеткендер бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерилди:

Аталган митингде Элдик Курултайдын борбордук аткаруу комитетинин мүчөсү Азимбек Бекназаров:

- Эртең саат 13 .00 дө, куда кааласа, ушул аянтта шейит кеткендерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болот. Баарыңыздар келиңиздер,-деген жарыя жасады.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуу кызматкери Медер Исмаиловдун маалыматына караганда, 8-апрель, саат 19.00 га карата 75 адам каза болгон, алардын ичинен 34 адамдын сөөгүн жакындары өз айылдарына алып кеткен.

9-апрель – Кыргызстанда аза күнү болуп расмий жарыялануусу күтүлүүдө.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
24.04.2010 00:43
Tilekke koshulam,al baikush baldar emne bolup jatkanyn bilbei ele jandary menen kosh aityshty go?

кимден: Нази каяктан: Бишкек
09.04.2010 22:43
Олгондон кийин аларга алтын эмес брилиант тамга жазсанар да эч нерсе озгорулбойт. Жалан карапайым жаш балдар олду. Туштон кийин куйумуш этпей эле койсун чондор. Жашынып жатып эми эле баш которуп, короз болбой!!!!!!!!

кимден: Тилек каяктан: Бишкек
09.04.2010 12:02
Атылгандардын ысымын алтын тамга менен жазууга татыксыз экенин качандыр бир убакта тарых тастыктайт. Себеби, алар акча учун, мас абалда оздорун озу ажалга айдап барышкан.Эмне болгонун тушунушпогон бойдон кетишти. Бутундой кыргыз элин дурболонго салып, мамлекеттик имараттарды анын ичинен Ак уйду талап-тоноп, орттогонун эрдик деп эсептейбизби? Айткылачы...?

кимден: Elvira Chekirova каяктан: Evropa
09.04.2010 07:55
Jatkan jerleri jailuu bolsun,topuraktary torko bolsun...
Ozynordyn omyrynordy el ychyn arnap koidunarby,je kaidagy bir kaidyger,oz kyzykchylygyn oilogon beilikchigebi???
Bir adamdyn tagdyry tatybas ele,beilik ychyn...

кимден: KYRGYZ
09.04.2010 04:27
SHEIT BOLGONDORDUN BAARININ JATKAN JAILARI JAILUU BOLSUN BAARINA BEISHTEN JAI NASIP BOLSUN OOMIN.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)