Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 07:55

Эл үнү / Коом

Ош: үйсүз калгандардын айрымдары насыядан баш тартууда

Июндагы коогалаңда башкалкасы өрттөлгөн Кара-Суу районунун 19 тургунуна пайызсыз насыя берилип, үйлөрүнүн курулушу башталды. Буга улай аталган аймактын көпчүлүк тургундары өкмөт сунуштаган каражаттан баш тартып жатышат.

Июндагы тополоңдо үйү жараксыз болуп калгандар үйүн кайра тургузууда, 3-сентябрь, Кара-Суу району.
Текст көлөмү - +
Ошол эле учурда эл аралык “Save the Children” уюму коогалаңдан жабыркагандарды бир айдын ичинде 247 турак жай менен камсыз кылууга киришти.

Кыш жакындоодо: үйсүз калгандар үйлүү болобу?

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, июндагы массалык башаламандыкта Ош облусунда 717 үй өрттөлгөн. Анын бардыгы Кара-Суу районунун аймагында жайланышкан эле.
Коогалаңда үй-жайынан ажырап, чатырда жашап жаткан үй-бүлө, 3-сентябрь, Кара-Суу району.

Жапа чеккендерге учурда узак мөөнөттүү жана пайызсыз насыя бериле баштады. Бул туурасында Ош жана Жалал-Абат шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын аппарат жетекчиси Турат Исмаилов “Азаттыкка” кабарлады:

- Кара-Суу району боюнча он тогуз кишиге насыя берилди. Алар акчасын кечээтен, бүгүндөн РСК банкынан алышып, үйлөрүн баштап ийишти.

Сөз арасында Туратбек Исмаилов үйлөрү жеңилирээк жабыркаган он алты кишиге 50 миң сомдон ыйгарылган насыя кайтарымсыздыгын, ал эми калган үч адамга зыянынын көлөмүнө жараша тапшырылган 75 миңден 200 миң сомго чейин акчалай жардам пайызы жок узак мөөнөткө берилгендигин, ошентип кышка чейин зыян тарткандардын бардыгы башкалкалуу болоорун кошумчалады.

- 200 миң сомго үй бүтөт дегенден алыспыз. Бул боюнча жогорку деңгээлдеги жыйында дагы кеп жүргөн. Ошондо жергиликтүү мамлекеттик бийликтер “Өз үлүшүбүздү кошобуз, мисалы, курулуш материалдарын арзаныраак тапканга жардамдашабыз” деген убадалар айтылган. Мындан тышкары жабыркагандар менен эл аралык уюмдар дагы тыгыз иштешип жатышат. Айрыкча Бириккен Улуттар уюмунун качкындар боюнча комиссарлыгы чыгымдардын басымдуу бөлүгүн көтөрүүдө.

 Насыядан баш тарткандар

Анткени менен райондун көпчүлүк тургундары өкмөт сунуштаган каражат аларды канаттандырбай тургандыгын белгилешип, насыя алуудан караманча баш тартып жатышат. Маселен, Ош шаарына танапташ жайланышкан Кызыл-Кыштак айылынын тургуну Равшанбек Ажимидинов он төрт бөлмөлүү үйү күйүп, өмүр бою жыйнаган мүлкү таланып-тонолгондугун, жок дегенде беш-алты миллион сом чыгымга учурагандыгын, ошондуктан, бийлик үй куруп бермейинче, 200 миң сом насыяны таптакыр албай тургандыгын билдирди:
Үй-жайынан ажырап калгандар бузулган үйүн кайра тургузууда, 3-сентябрь, Кара-Суу району

- Азыр алтымыш экидемин. Дагы үч жылдан кийин ардактуу эс алууга узатышат. Ошондо эки миң сом пенсия белгилесе, миң сомун насыяга төктүм дейин. Андан тышкары бала-чаканы багыш керекпи? Кийим-кече, электр энергиясы, газ жана суу акысын убагында төлөшүм абзел. Антпесем, үстөк кошуп кыйнашат. Ошондой эле салык төгүүм парз. Ошентип, пулум түгөнөт. Ачка олтурайынбы? Эң кейиштүүсү: банктан пул алып жатпайымбы. Ал насыяңды кайтар дейби? Эгерде банк талаптарын аткарбасам, үйүмдү алып коет экен. Анда мен көчөдө каламбы? Мына биз жакта 158 чакты үй өрттөлдү. Ошолордун баарынын ээлери насыядан баш тартып жатышат.

Аталган айылдын дагы бир тургуну Адахам Саипжанов өрттөлгөн турак жайын тазалап жүргөндө кепке тарттык:

- Роза Отунбаевабы же Убактылуу өкмөтпү, айтор, калкты ойлогону жок. Кыргызстанда, мейли, каржы жок дейли. Жанагыл тыштан агылган уюмдарды неге Кара-Сууга жолотпой, тоскоолдук кылышууда. Маселен, Бириккен Улуттар Уюму үй курууга ниеттенип жатат. Ошолор өздөрү бизге айтып атышпайбы, “Кыргыз өкмөтү уруксат бербей коюуда, жергиликтүү бийлик бизди укпай калды” деп. Биздикилердин өздөрүнүн колунан келбейби, анда башкаларга бут тоспосун! – деген Адахам Саипжановдун айтымында, жердештери азыркы бийликке нааразычылыгын улантып, кышта деле чатырларда жашоого кайыл болуп турушкан чагы.

Ош жана Жалал-Абат шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын аппарат жетекчиси Турат Исмаилов бир катар карасуулуктардын насыядан баш тартып жатышын алардын өз эрки катары эсептейт. Анын маалымдашынча, мындай шартта тараптарга 50 миң сомдон кайтарымсыз каражат берилип, “кайыр-доом жок” деген тил кат алынууда.

Ошол эле учурда эл аралык “Save the Children” уюму жайдагы коогалаңдан жапа чеккен Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын тургундарын бир айдын ичинде эки бөлмөлүү 247 турак жай менен камсыз кылууга киришти.

- Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн аймагында 247 үй курулат. Кимдердин үйүндө күч билектер болсо, ошолордун өздөрүн жумушка чегерип жатабыз. Себеби, маяна алышат да. Албетте, айрымдарынын андай шарты жок. Ошондуктан, атайын топ уюштуруп, иштетип жатабыз. Бардык чыгымды биздин уюм көтөрүүдө, - деп билдирди “Save the Children” уюмунун инженери Мамазакир Акматов.

Бирок айрым жергиликтүү серепчилер коогалаңдын кесепеттери кечеңдетилбестен четтетилбесе, жогорудагыдай нааразычылыктар жүрүп олтуруп социалдык жарылууга алып келиши ыктымалдыгын айтышууда.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Асыл каяктан: Ош
06.09.2010 11:36
7 апрелде окко учкандардын жана жаракат алгандардын уй булолоруно бийликтегилер 1 миллиондон тартып 500 мин сомго чейин кайтарымсыз эле жардам корсотушту. Анткени алардын аркасы менен бийликке келишти. Ал эми Оштуктар алган акчаларын жарым жартылайын кайтаруулары керек? Алар уйлорунон гана эмес кийим-кечелеринен бери айрылышты, жакындарын жоготушту. Бул маанилуу койгой эмес 7-апрель маанилууроокпу? Эмнеге кайтарымсыз жардам берилбейт. 7-апрелде бийликке келгендерине суйунгон УО ооз коптуро баатырлардын ар бирине бир миллиондон деп салып,аргалары жок толоп беришти го. Ошто курман болгон, кыргыз учун курошкон,чыныгы баатырлардын уй-булолоруно 1 миллион эмес 1 тыйын дагы жок. Ортодо бейкуноо жабыркап уй-жайсыз,кийим-кечесиз калган байкуш элдин кунун эч кимдин башына салбасын.
Оштуктарга да кайтарымсыз жардам керек. Канчалаган тамдар,канчалаган мекеме-ишканалар жок болду.Ал чыгымдарды ким толойт?Канчалаган адам майып болуп, канча бала жетим калды, канча ата-эне балдарынан айрылып кан какшап отурушат. Аларга ким моралдык жардам корсотот? Эмнеге Кыргызстан мынчалык алсыз,жарды. Кун сайын азык-тулук, кийим-кече кымбаттап баратат. Откон аптадан бери Ошто 10 сомдук нан12-15 сом болду. Ун арзандады деп теледен сайраганынар менен нан арзандаган жок. Эптеп септеп жашап жатабыз. Аанан эмнебизге "Биз кыйынбыз,улуубуз" деп жыланач тошубузду кагабыз? Эмнебиз кыйын,эмнебиз улуу, азыркы жашообу,же 20 жылдан бери кыйналып кризистен чыга албаган ман баш экенибиз биздин улуулугубузбу? Президенттерди тоготпой куугандыгыбыз, Мыйзамдарды сыйлабай
кутургандыгыбыз, оз жерибизди орттоп,булундуруп, кылымдардан бери бирге жашап туруп бири бирибизди олтургонубуз, жылдап чогулткан беркени бир кундо талкалап,тоногонубуз, уруу-уруу, айыл-айыл, кочо-кочо,эми партия-партия болуп болунуп кызыл чеке болгонубуз, баладан тартып карыясына чейин арак ичип ит болгонубуз.Ушулбу биздин кыйндыгыбыз? Же мектептеги эжекеден тартып министрибизге чейин пара алган, аларга жылмайып, артынан каргап пара берген озубуз, душмандын акчасына кызыгып койунга киргизип алып, кайра чыгара албай мышык болуп жатканыбыз. Ким акча ыргытса ага "кун карама" болгонубуз. Ушулбу биздин кыйындыгыбыз. Кыргызды кыргыз тоноп, кыргызды кыргыз союуп, кыргызды кыргыз зордоп, ушулбу биздин кыйындыгыбыз?
Эмнеге биз казактардай бирдиктуу боло албайбыз. Эмнеге биз тынч,гулдоп жашай албайбыз? Эмнеге кыргыз тынч жашагысы келбейт. Кыргыздар эмне илгертеден эле бейбаш,эч кимди сыйлабаган, коро албаган, Мыйзамды,Падышаларды тоготпогон бир манкурт болуп жаралганбызбы? Ошондуктан 5 миллиондон аша албай кырылып жатпайбызбы.Эсибизге келип,озубузду,башкаларды
качан сыйлаганды уйронобыз? АЙТКЫЛАЧЫ ТУУГАНДАР!
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2201 - жалпы саны)

Окурман: Замандаштар, "Кыңырак" деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Алдынала ыракмат! Толук

Сөз таануу