Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:47

Эркиндик

Маалымат коопсуздугу колдун учундабы?

Кыргызстандагы маалымат коопсуздугунун бошоңдугу жалпы улуттук коопсуздукка жана эгемендикке коркунуч келтириши мүмкүн. Мындай мазмундагы тынчсыздануулар Бишкекте 2-июль күнү болуп өткөн медиа форумдун башкы темасына айланды. Бир катар медиа адистер Кыргызстанда болуп жаткан акыркы окуяларды айрым чет элдик маалымат каражаттарынын бир жактуу жана бурмалоо менен чагылдырып жатышы өлкөнүн эл аралык абройуна гана эмес, ички саясий туруктуулугуна да терс таасирин тийгизип жаткандыгын белгилешти.

Текст көлөмү - +

Медиа эксперттердин көпчүлүгү Кыргызстандагы акыркы окуяларды чет элдик, анын ичинде өлкөдө эфир жыштыгын ээлеген орусиялык телеканалдар бир жактуу жана араздашууга түрткү болгон жагдайда чагылдырды деп айтып чыгышты. Алардын кээ бирлери мында ошол кабарчылардын чуудан чуулган жасагысы келген жеке жоопкерсиздиги деп белгилешти.

 

Мамлекеттин көзөмөлүндө турган орусиялык телеканалдар Ош окуяларына чейин эле Кыргызстанды түндүк-түштүккө бөлүп-жарып көргөзүп жатышпадыбы.
Алмаз Исманов

Ошол эле маалда башка талдоочулар окуяны чагылдырууда журналисттер кайсы бир ички-тышкы оюнчулардын куралына айланышты деп айыпташты. Талдоочу Алмаз Исманов Кыргызстанда көргөзгөн орусиялык телеканалдар Ош окуяларындагы жаңжалдын күчөшүнө түрткү болушту деп эсептейт:

-Тышкы маалымат диверсиясы дегенде негизги үч орусиялык телеканал жөнүндө сөз болуп жатат да. Ачык эле айтыш керек, ал телеканалдардын саясаты жөндөн-жөн чыкпайт. Маалымат кандай чыгат орустардын биринчи каналында, ким текшерет, белгилүү да. Канча журналисттерди алардын саясаттына ылайык келбеген материалдары үчүн жумуштан кетирип жатышат. Эгерде Болгария сыяктуу кичинекей өлкөдөн менчик каналдын журналисти келип, биздеги окуяларды бурмалап тартып кетсе, аа журналист чагымчыл сенсацияны кубалап ушундай кылыптыр деп түшүнсө болот. Бирок мамлекеттин көзөмөлүндө алынган орусиялык телеканалдар Ош окуяларына чейин эле Кыргызстанды түндүк-түштүккө бөлүп-жарып көргөзүп жатышпадыбы.

Бирок мындай сын-пикирлер менен окуяларды түздөн-түз чагылдырып турушкан айрым бир чет элдик кабарчылар макул эмес. Алардын айтымында кандуу окуя болгон жерде жүрүшкөн кабарчылардын аракети сырттан жөнгө салынып турду деп айтууга болбойт. Орусиялык “Интерфакс” маалымат агенттигинин кабарчысы Наталья Любезнова чатакташкан эки тараптын тең дооматын бирдей берүүгө мүмкүнчүлүк болбогондугун айтты.

- Чындыгында бизге калктын кыргыздар турган жагынан маалымат алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Бирок биз куугунтукка кабылган өзбектерди көрдүк да мисалы. Бир жагынан шаардын башка райондорунан жабык тилкеге бараткан байкуш куралсыз эркектерди көрдүк. Аларга каршы атышты.Ушул учурда кандай кылып маалымат берүү керек эле?

Анткен менен менен форумдун бир катар катышуучулары өлкөнүн аймагында көрсөткөн орусиялык телеканалдар жергиликтүү калктын коомдук аң-сезимин бузуп-жаруучулук нукта калыптандырууга аракет жасап жатышкандыгына токтолушту. Медиа эксперт Мавлян Аскарбеков кайсы бир сырткы күчтөр бутуна туралбай алсырап турган өлкөнүн эгемендигин маалымат-идеологиялык чабуул аркылуу колго алууну көздөп жатышат деп эсептейт:

-Көп терс маанидеги сюжеттер кыргыз мамлекеттинин жарандарынын оюн кандайдыр бир негативдүү жакка буруп, ошол биздин атуулдардын арасынан биз кыргызстандыктар Орусия Федерациясына кошулушубуз керек деген ойлорду айттырып чыгышты. Ал ойлор жөн эле ачык маалымат жыйынында эмес, интернет сайттарында жана гезиттерде көп чагылдырыла баштады. Ошол эле адамдар бул суроону референдумга алып чыгууну да сунуштаган.

Дайыма айтабыз, Ош, Жалал-Абад, Баткенде Өзбекстандын телеканалдары басып кетти деп. А эмне үчүн айтпайбыз Бишкек, Чүйдө Казакстандын, Орусиянын телеканалдары болуп атат деп.
Эдил Байсалов

Ошол эле учурда медиа форумдун кээ бир катышуучулары чет элдик маалымат каражаттарынын бир беткейлигине таарынгандын ордуна өлкөнүн өзүнүн маалымат коопсуздугун коргоо керек болчу деп айтып чыгышты. Саясатчы Эдил Байсалов бул багытта Кыргызстан коңшуларынан үлгү алса болмок деп белгилейт:

- Дайыма айтабыз, Ош, Жалал-Абад, Баткенде Өзбекстандын телеканалдары басып кетти деп. А эмне үчүн айтпайбыз Бишкек, Чүйдө Казакстандын, Орусиянын телеканалдары болуп атат деп. Эмне үчүн Өзбекстандын маалыматы Орусиянын маалыматтынан дагы зыяндуурак бекен? Мисалы, Орусия биринчи каналы Казакстанда көрсөтөт КВН болобу, юмору болобу. Бирок ал Орусиялык каналдардын жаңылыктарын токсонунчу жылдардын башынан бери эле бердиртпейт. Анткени маалымат коопсуздугун Назарбаев камсыздаган.

Хьюман Райтс Вотч уюму баштаган бир катар эл аралык уюмдар жана батыш маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, Кыргызстандын жабыр тарткан аймактарындагы өзбек улутундагы айрым жарандар күч органдарынын өз улутуна тарткан калыс эмес мамилесинен кооптонуп жатышкандыгын билдиришүүдө. Ошол эле мезгилде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү муну кескин жокко чыгарып, андай билдирүүлөрдү атайын каралоо аракети катары баалап жатышат.
 

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
04.07.2010 16:07
Демек, баарын биздин коншу мамлекетей кылыш керек - маалыматык жана жанылыктык жаагын жабып салыш керек. Жээ болбосо чет мамлекетен келген бардыгын жабыш керек! Анткени биз кыргыз сыналгы берген каналдарды онукторбой жатабыз, анткени биздин акча куржунубуз менен коншу мамлкетердин акча куржуну абдан аз. Аларды жалпы эл корот, демек жарыя берген уюмдар Кыргыз каналдарга бербей жарыясын, ошол каналдарга берип - акча ошол жакка ооп кетип жатат!!!
Эгерде жаап салсак, жарыя береин деген уюмдар, кыргыз каналдарга акчасын берип - кыргыз журтуна озунун буюмдарын тартууламак! Ошондо кыргыз каналдардын акча куржуну коп болуп, алардагы кызыктуу проектерди кылмак, жана биздин программалар жана кабарчылар дагы онуугуп калмак!!!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)