Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:44

Басма сөз

Лена Eщенко: Акмактар кенедей кызды зордуктаганы аз келгенсип...

Жарык көргөн гезиттер Петровка айылындагы наристе кызды зордуктоодон улам чыккан чатактуу окуяны талкууга алышууда.

Петровкадагы окуялар
Текст көлөмү - +
 “Учур” гезити баш макаласында:”Бийликтин алысты көрө албаган кемчонтой саясаты Кыргызстанды Казакстандагыдай окуяга алып бараткандай. Ансыз деле кыргыздын турмуштан көрүп аткан кордуктары жетишет” деп белгилеп, Өкмөттүк эмес уюмдар ассоциациасынын башчысы Токтайым Үмөталиеванын: "бул окуяга жергиликтүү элдин күнөөсү жок. Кылмышкер шылдыңдап күлүп, ээн-эркин жүргөндө эл чогулуп, жазасын өзү бермей болгон. Бул эмнеден кабар берет? Эл күч органдарынан түңүлүп, өз укугун коргоого ушундай жолго өтө баштады. Күч органдары акчалууларга гана иштейт. Алар наристенин трагедиясын улуттар аралык жаңжалга жеткирип, саясатташтырып жиберишти”, - деп айткандарын сунуш кылган. Буга улай эле “Камактагылар чыгарылсын, Коңгантиев кызматтан кетсин” деген “Ата Мекен” партиясынын билдирүүсү, “Кыргыздар менен күрттөрдүн чатагы эмнеге апкелет?”, “Петровкадагы жаңжал” деп аталган тема алдында окуя болгон жерден алынып жазылган маалыматтар, фотосүрөттөр жарык көргөн.

Гезиттеги негизги материалдардын дагы бири Арашан айылындагы III Элдик Курултайга арналды. Анда “Алмазбек Атамбаевдин президенттикке аттантышты” деген баштеманын алдында жыйында чыгып сүйлөгөндөрдүн сөздөрү басылган.

Петровка окуясына кайрылган “Айат пресс” гезити жаңы санын “Төрт жашар кызды зордуктаган зөөкүр”, “Зордукчу күрт пара менен кутулганбы?”, “Бүгүн Петровка айылында жана Ысык-Ата районунун Люксембург айылында элдин нааразылык митингдери өтөт” деген маалыматтар менен ачты. Гезит Петровка жаңжалына байланыштуу жергиликтүү жарандардын ойлоруна орун берди.

Ксения: - Кылмышкерди камагандын ордуна жашырып коюшту. Көрсө ал биздин милийсага акча төлөп коюптур. Күрттөрдүн балдарга жасаган мамилесинен улам балдарыбызды мектепке жибергенден коркуп турабыз.

Жыпар Бейшенова: - Кыргызстанда жашап туруп дем алалбай калдык.


Нурмамат Ажыбеков:- Күрттөр кызды зордуктап бүткөн соң кыздын таянесин ит көмгөндөй көөмп салышкан. Чындыкты талап кылып чыкканыбызда күрттөр кыргыздарды атып башташты. Күрттөрдү эми бул жерден көчүрүү керек. Антпесе бул жер Күртстанга айланат. Алар бул жакка көчүп келгенде:”Бул жер Кыргызстан эмес, Күртстан болот” дешчү.

Марат Өскөнов:- Буга чейин: “Кыргыздарды зордуктап да, өлтүрүп койсок да өзүбүз билебиз. А милийсалардын оозун 20-30 миң сом берсек басабыз” дешчү.

Болот, 17 жашта:- Мен уй жайып жүргөн жеримен милийса кызматкерлери кармап кетишти. Бир сутка Бишкекте “старый толчокто” кармашты. Мени менен камалгандардын 10 чактысы гана чыкты. Калгандары дале камакта.

Алик: - Бул иш боюнча акыр аягына чыкмайын биз тынч туралбай калдык. Мына бир ай мурун дагы 12 жашар кызды зордуктап кетишкен. Анын иши да тынч бойдон кала берди.

Канат:- Күрттөр керек болсо көчөгө автожарыш уюштурушат. Көпкөндүктүн белгиси, адам тебелетип кетеби, иштери жок.

Лена Лещенко, зордукталган наристе кыз Настянын апасы: - Мага айткан эмес. Көрсө мурда эле кызымды зордуктап кетишиптир. Телевизордон зордуктоо болгон эмес деп жалган айтып коюшту. Апам кызымды зордуктап кеткенин 9 күн бою эч кимге айтпаптыр. Себеби: “Эгер бирөөгө айтсаң, неберең экөөңдү тең өлтүрүп кетебиз” деп коркутушкан. Апам болгону 43тө эле. Акмактар кенедей кызды зордуктаганы аз келгенсип, апабыздын өмүрүн кыйып, милийсалардын оозун басып коюшкан.

Гезитке мындан тышкары Жогорку Кеңштин депутаты Ибрагим Жунусовдун “ММКлар жабылса эл караңгылыкка кептелет”, “Демократиялык кыймыл үчүн” коалиция жетекчиси Динара Ошурахунованын “Эл оппозициядан башка лидерди күткөн” деген аталыштагы интервьюларды, журналисттер Жыргалбек Касаболотовдун “Кечиккен оппозициянын кемтиги”, Олжобай Шакирдин “Курултайдын шааниси жана мааниси” деген макаларына орун берди. БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров ушул эле гезит аркылуу курултай бүтөрү менен ага катышкан аксакалдарга кысым көрсөтүлө баштаганын, маселен Кыргыз Эл Баатыры Сооронбай Жусуевдин балдар-кыздарына кысым көрсөтүлүп атканын айтып берген.

Ушул эле окуяга назар салган “Аалам” гезити: “Бул зордуктоо боюнча саламаттык сактоо министри М. Мамбетов маалымат берип: “девочка не была изнасилована, а подвергалась петтингу со стороны Абдулло” деп элдин оозун ачырды. Петтинг деген сөз кыргызчага оодарганда “жыныс мүчөнү кол менен жасалма козутуу” дегенди билдирет экен. Демек, министр М. Мамбетов кылмышкер күрттү актап атабы же адис катары айтып атабы? Жанагы Абдулло министрдин өзүнүн кызын же небересин ушундай “петтинг” кылса анда не демек? Төрт жашар наристеге петтинг жасай берсе болот экен да, килейген министрдин оозунан чыккан сөз ушул болсо...” деп кабарлады.

Курултай темасын “Ааламда” да улантты. Эркин журналист Үсөн Касыбековдун “Эмне үчүн А. Атамбаев?” аттуу макаласында:”Атамбаевдин капилеттен оппозициянын негизги талапкери катары көрсөтүлүп калышынын артында жаткан табышмактуу учурлардын бар экени талашсыз. Ал “көмүскө сырдын” толук болбосо да бир азы А. Атамбаевдин курултайда чыгып, эл алдында сүйлөгөн сөзүндө айгине болду” деп баяндаган.

Гезит андан ары карай президент К. Бакиевдин атына Лейлектик тургундардын, “Куруучу” деп аталган коомдун жана “Ала Тоо ынтымагы” коомунун атынан кайрылууларды баскан. Ошону менен бирге эле:”Камакка алынгандардын эркиндикке чыгарылуусун талап кылган саясый топтун билдирүүсү” жарыяланды. Билдирүүдө:”Жер-жерлердеги укук коргоо системасы, соттор жана жергиликтүү бийликтер карапайым жарандардын укугун коргобой, криминалдуу күчтөр менен чырмалышып, коррупциянын балчыгына батып олтурат. Өз абийрин сакташ үчүн бийлик өлкөбүздүн келечегин ойлогон, эл намысын коргоп чыккан лидерлерди күнөөкөр кылып, аларды мыйзамсыз түрдө камакка алышты. Ошол себептен биз сокур бийликтин кылган кылыгына каршылыгыбызды билдирип, камакка алынган Уран Рыскулов, Эркин Булекбаев, Турат Мадылбеков, Ноорузбек Талканбаев жана Сапар Аргынбаевди бошотууну талап кылабыз. Талаптар аткарылбаса массалык акцияларды өткөрүүгө даярдыгыбызды билдиребиз!” деп айтылган.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Калыс
07.05.2009 23:29
Кыргыздын кенедей кыздары зордукталмак түгүл, Москвада кырылып атат.

кимден: Акбар каяктан: РФ
04.05.2009 05:03
Шайлоодон кийин Муратаалы кетет. Эрки жок адам - Кудайдын адамын деп жүрөт. 'Кыйтырлыктын' чеги жокпу???

кимден: Кировкалык
03.05.2009 17:55
Кудай сактасын эми.
Бир кылмышкер үчүн бүтүн кыргыз элин кырган акмактар да болгон.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
02.05.2009 11:41
Akbar, Murataaly ajy emne kylsyn? Anda ech ayip jok. Baary myna ozubuzdun biylikte, kuch organdarynda. Bular korkok kancha ishtin beti achylbay kalyp ketti, erten kaaryganda kanday kylyp siymiktanat kylgan ishteri menen bilbeym. Bir jagynan Kurttor, ekinchi jagynan Ozbekter oz jeribizdi basyp aldy. Eh.. kyrgyz akmak bolup baratabyz. Ushul kundorgo da tushuu bar eken bashybyzda. Bilbeym kachan onolobuz. Oz jeribizde da korkup urkup jashay turgan bolup kaldyk. Ata babalarybyz bizge kan togup alyp bergen jerdi korkup un chygarbay ar kimge aldyryp jatabyz. Biz erten urpaktarybyzdyn taryhynda kanday atalyp kalabyz?Korkok? satkyn?

кимден: пенсиенерка каяктан: Бишкек
01.05.2009 00:56
кировкалыктын кызын зордуктап койсо эмне кечиреби, ,,,,,?, же ойлонобу, же элдешеби ?,,,

кимден: uzgen каяктан: uzgen
30.04.2009 14:47
Kurttorgo aytaaarim tukumunar kuurula elekde jon jurgulo i bashkalarga da tiyesheluu bul. Kyrgyzdardin kop jinine tiybegile..

кимден: Кировкалык
30.04.2009 12:08
Ой менин неберелерим өмүр бою күрттөр менен чогуу чоңоюп келатышат. Урушат, кайра табышат. Кыргыздардын арасынан кылмышкерлер бардай эле күрттөрдөн кылмышкер чыгат. Анан эле алардын баарын душман кылган болбойт. Муну бир чагымчы чыгарган.

кимден: Акбар каяктан: РФ
30.04.2009 11:53
Мураталы ажы-муфтий ушундай шумдуктуу окуяга унчукпай отурганы өкүндүрөт?!!!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)