Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:43

Эл үнү / Коом

Өзбек танкы кыргыз жаранынын унаасын тебелеп кетти

Баткендеги Сох анклавында турган cогуштук оор техникаларын Өзбекстан чыгарып бараткан учурда кыргыз жарандарына тиешелүү эки жеңил автоунаа талкаланып, төрт кыргыз жараны жаракат алганы белгилүү болду.

Өзбек танкынын астында калган А. Абдураимовдун унаасы. 2-июнь, Баткен.
Текст көлөмү - +
Өзбекстан аскердик оор техникасын Сохтон чыгарып баратканда жапа чеккендердин бири - Айдаркен шаарчасынын тургуну Анарали Абдураимов. Ал ошол 2-июнь күнү Кадамжай шаарчасынан келатып, согуштук оор техникалар кербенинин алдынан чыкканын жана аларды көрөөр замат унаасын жол четине токтотконун айтат:
Өзбек танкынын астында калган А. Абдураимовдун унаасы. 2-июнь, Баткен.

- МАИнин автоунаасын көрүп, жолдун четине чыктым. Карасам аскер техникаларын күзөтүп келаткан экен, обочого чыгып, унаамды өчүрдүм да күтүп турдум. Бир маалда биздин тушубузга келген бир БМД (боевая машина десанта) жолдон сүрүлүп чыгып, түз эле менин унаамды көздөй жөнөдү. Анан көз ачып-жумганча эле унаамдын алды жагын тебелеп, үстүнө чыгып кетти. Башыма катуу сокку болуп, бутумдан жеңил жаракат алдым. Колдорум да кесилип кетти. Ошол замат унаадан атып чыгып, эки жаш баласы менен артта отурган жүргүнчү келинди көтөрүп алып чыктым. Коркконунан ал эс-учун жоготуп коюптур. Суу чачып атып араң эсине келтирдик. Ошондон жарым саат өтүп, Кадамжай райондук милициясынан, аскер прокуратурасынан кишилер келип, ишти териштире баштады. Жүргүнчү келинди “Тез жардам” алып кетти. Унаам болсо оңдогонго жараксыз болуп калды.

Ушундай эле бир казтаман согуштук унаа Кадамжай шаарчасына кире бериш жолдо бул райондун Кызыл-Булак айылынын тургуну Шамсиддин Орозовго тиешелүү автоунааны сүзүп кеткен. Бул окуяда автоунаа ээси жеңил жаракат алып, анын жанындагы мектеп окуучусу Элеман Ибрагим уулу башынан катуу зака жеп, азыр ооруканада.
Өзбек танкынын астында калган А. Абдураимовдун унаасы. 2-июнь, Баткен.

-Менин балдарым да ошо күнү кара басып, машинеге май куюп келели деп Кадамжайга барган эле. Анан кечки саат сегиздерде кайтып келатып, ошол өзбек танкынын астында калып кетиптир. Менин уулум жеңил жаракат алыптыр. Жанында кайнагамдын мектепте окуган уулу да бар экен, ал катуурак жаракат алып, азыр ооруканада. Азыр абалы кичине түзүк, өзүнө келип сүйлөп калды. Эми кандай болсо да балдар аман калганына сүйүнүп отурабыз. Кудай сактаптыр... - деп билдирди автоунаасы жараксыз болуп калган Шамсиддиндин апасы Райхан Орозова.

Бул окуялардан кийинки териштирүүлөрдө өзбек тарап күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген чыгымдардын ордун толтурууга убада беришкен. Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Сагынбеков учурда эки тараптын өкүлдөрүнөн түзүлгөн атайын топ чыгымдарды аныктап жатканына токтолду:

- Бул иш боюнча биздин чек арачылар, Кадамжай акимчилиги Өзбекстандын Фергана районунун бийлиги жана чек ара кызматкерлери менен сүйлөшүп жатышат. Чыгымдар толук эсептелип бүткөндөн кийин өзбек тарап аны төлөп берүүнү убада кылышууда.
Өзбек танкынын астында калган А. Абдураимовдун унаасы. 2-июнь, Баткен.

Ошол эле учурда жергиликтүү калк Өзбекстан согуштук техникасын жакын турган Сох-Риштан жолу менен эмес, кыргыз айылдарын аралап, жүз чакырымдай айланып, Кадамжай шаарчасы аркылуу чыгарып кеткенине, кыргыз тарап эмне үчүн ушул жолго уруксат бергенине таң. Расмий тараптардан бул суроого тыңгылыктуу жооп ала алган жокпуз.

Бул окуядан жабыркап, автоунаасынан ажыраган Анарали Абдураимов болсо Өзбекстандын Сохтон чыгарып бараткан согуштук унааларынын тең жарымы техникалык начар абалда болгонун, алар Кыргызстандын араң турган жолун да бузуп кетишкенин айтат:

- Укканбызыга караганда биздин жолдон согуштук 42 оор унаа өттү. Арасында БМД, БТР, БМП жана чоң аскерий унаалар бар. Эски, техникалык абалы начар, бир тобунун жарык берүүчү фаралары күйбөйт экен. Алар Айдаркенден Кадамжайга жеткенче эле кеч кирип кетти да. Анын үстүнө жарымы бири-бирине чиркелип кетти. Анан бир аз чачкын кетишти. Эми мындай оор унаалар албетте жолду бузду да, өзү араң турган биздин жолубуз чыдабайт да андайга...
Өзбек танкынын астында калган А. Абдураимовдун унаасы. 2-июнь, Баткен.

Ошентип жапа чеккен кыргыз жарандары мындай кырсыктан кудай жалгап аман-соо калганына шүгүр кылып отурушат. А бирок алар туш болгон материалдык чыгымдын ордун өзбек тарап кандай өлчөмдө жана качан толтуруп берээри азырынча белгисиз.

Өткөн айдын этегинде Сох анклавындагы Хушяр айылы менен Баткендин Согмент айылынын элинин ортосунда жайыт талаштан чыр чыгып, ырбап кеткен жаңжал жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде жөнгө салынган. Анда келишилген макулдашууга ылайык, Өзбекстан Сох анклавына 1999-жылкы Баткен окуясынын тушунда алып кирген согуштук оор техникаларын алып чыгып кетмек болгон.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 12 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Райхан каяктан: Каракол ш. Ыссык-Кол обл.
14.06.2010 15:03
Оооой кырыгздын жигиттери кооп ооз коптуруп суйлогонунорду качан коесунар да бироолорду карап жашаагнды качан коесунар баарынарэлге сын айтканды жакшы коросунор озунордон сурак болобу озунор эмне кылып койдунар? Сынчынын сынар отугу майрык.

кимден: Эне каяктан: Бишкек
14.06.2010 14:56
Айланайын кыргыздын кыз- жигиттери! Алыстан туруп армандуу кат жазып, аларды бул жакта үмүттөнүп жашап жаткандар окуп, ар бирибиз караңгылыктан чыгар жол таппай карайлап турганда, бийликтегилер убактылуу экенин, алар акча талашабы, талашпайбы, азыркы учур ушунчалык таалал болгондуктан аларга дагы колдоо көрсөтүп турсаңар боло.Ким кимге кызмат кылганын издеп убара болбой кандай кызмат кылды айланы кетирген бийликте эмне деген күндү көрүп бийликке аралашып аз да болсо башкача жол издеп жол бербеген учурда жумушун таштап кетип, өлкөдөн кетүүгө аргасыз болгондор бар. Эмнеге эле кетсин дегенден башканы айта албайсыңар?. Кетип бүтпөдүкпү. кетпегендер өлүп жатпайбы. кандай кылсак деп акыл кошкондун ордуна өзбектерге алыңар жетмек беле дегенди айткандын ордуна кантип элди сакап калабыз, ошого акыл кошсоңор боло. Ачуу сөз акырыбызга жетип жүрбөсүн. Бүгүнкү күндө дүйнө элинин биринен жардам, жылуу сөз уга албай турганда бири-бирибизди, элди, бийликти колдоп дем берип, жакшы сөз айтсаңар эмне болот. Биригүүүдөн таптакыр адашкан белек?. Азыр алакандай кыргызды ар жакка бөлүп кеткен бийликтин жүзү кара саясатын, алардын бузулган ар ким аралашкан ыпылас жашоосун, элди зордуктап жакырчылыктын сазына батырып, кыргыз башын өйдө кылып башкаларга сүйлөй албай калганга жеткиргендиги, Ала-Тоо аянтында бийлик окко учурган кыргыздарды шылдыңдап мастар, наркомандар деп турганда түшүнсөк эмне кеткен бийликтин ким экенин. Бирин жактап, бирин жамандагандан алыс болуп, канткенде эл болуп сакталып, кылым карыткан кыргыз элинин улуу көчү жүрүшүн улантып, ким душман ким дос айрып билип, мамлекетибизди гүлдөтүп, эртеңкибизди жаркын ажшоого айланталы дейличи. Бийлик эмне, байлык эмне "тергениң тезек, жыйганың жылас" болор жалган дүйнөдө азыркы кыргыздар үчүн башкысы эл болуп сакталып калуу, мамлекетти коргоо, душмандардан тазануу. Бар бол МАНАС тукуму, майдаланба, бийик бол. Эрлерибизге кудай кубат берсин. Ушунун барын көргөндөр бийликке келгенден соң элдин ачуу жашын аарчыганга, жараланган жүрөгүн бүтөгөнгө, байлык эл экенин, бийлик элдики экенин даана түшүнүп келер. Өлкөнү тоногондордун, байлык топтоп качкандардын аягы соолусун, Кыргыз эли, кыргыз жери эми андайларга жол бербестир. Кайрат кылгыла. Баш көтөрүп ар бириң өз ордуңда эл деп соккон жүрөгүңөргө ыйман уялап, намыс, абийир, эртеңкибиз ыйык экенин билип өз элиңер менен бирге болгула. Кайрылып кайра келчү жолдор ата мекенибиз болсун, кайрылып келген кезде эң бактылуу мамлекет экенине күбө болгон бактылуу муундар бирге болсун. амандык тилейм кыргыздар, бек болгула, бир бололу, биз азбыз. Адашпагыла.

кимден: Райхан каяктан: Каракол ш. Ыссык-Кол обл.
14.06.2010 13:58
Очурбо чырагынды Кыргыз жерим?!
Олтурбо туягынды Кыргыз элим?!
Жаралган каным, жаным бир озундон,
Жашоодо жанган отум сен элесин?!

кимден: Райхан каяктан: Каракол ш. Ыссык-Кол обл.
14.06.2010 13:51
Мунун баары провакация экенин билип туруп кылган кылыгыбыз ушулбу? Балким бул озбектердин БМДсы эмес балким бул дагы провакация? Бизге Колго канча деген ушак кептер угулуп жатат биз колубуздун келишинче озубузду тыйып жатабыз. Ушак журо берсин фактылыр менен далилдеп бермейинче ишенбейбиз.Кудайган жакпайт го калп айтып бироого кара санаш.Сабырдуу бололучу?

кимден: Райхан каяктан: Каракол ш. Ыссык-Кол обл.
14.06.2010 13:46
Ар кимден ушактарды угуп алып тиш кайрап согушпастан айтылындардын баарынын анык чынын тактап билип анан иш кылалычы??? Четтен келен душмандар деп какшашат алардын провакацияларын укпай оз башыбыз менен иштегенге кудуретибиз жетпейби???

кимден: Райхан каяктан: Каракол ш. Ыссык-Кол обл.
14.06.2010 13:41
Айланаыйн кыргызым алакандай эл болсок аныбыздын жарымы кырылып жок болуп кетсе болобу???? Ар кандай ушак айынга, жада калса корсоткон сурот, айткан создорго ишенбегилечи???!!!! Ойлонгулачы???!!! СЕН ТАЗА БОЛСОН, МЕН ТАЗА БОЛСОМ, КООМ ТАЗА БОЛОТ!!!!!!!!

кимден: nazik каяктан: italiya
13.06.2010 23:48
alista jurgon kirgizdarga boton4o jaman boldu jeribizdi saginip topuragibizga zar bilup jatsak emi kaisul tuuganim , dostorym, olumgo u4uradi eken dep ogo beteer kijaalat boluudabiz.
ailanaiin elim biz en akuuldu kalkpuz a4uuga aldirbaili4i, karilaribizdi - naristelerdi oiloiluk4u .

кимден: nazik каяктан: italia
13.06.2010 19:20
kirgizim, kirgizim , kandai jawoo bolot emi?????????????????

кимден: Уралдык кыргыз каяктан: Урал
13.06.2010 01:04
Талашып тартышканда эмне, кыргызым бизге жаны жаш политик керек, ал дагы бир жетим балдар уйунон болсо жакшы болмок!!! Кетсин, кыргызды кыргызым деп, элимди элим деп биле албаган политиктер!!!!

кимден: eldar каяктан: kirgizstan
12.06.2010 07:50
urmattu jany byiliktegiler kolunardardan bir nerse kelebi kirgizstanda jashoo kyiyn bolup kaldygo
Жалпы 12 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу