Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Кыргызстан

Өспүрүмдөр арасында кылмыш көбөйдү, бирок ээнбаштар азайды

18.06.2009

Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук быйыл Кыргызстанда былтыркы жылга салыштырмалуу отуз төрт пайызга көбөйдү, бирок ошол эле маалда кылмышка тартылган балдардын саны он беш пайызга кыскарган.

ИИМдин жаш өспүрүмдөр боюнча инспекциясынын жетекчиси Мүзүрбек Картаңов өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун саны тууралуу “Азатыкка” мындай маалымат берди:

- Жыл башынан бери эсептегенде өспүрүмдөр кылган кылмыштын саны 396га жеткен, өткөн жылы болсо 295 иши катталган. Ал эми кылмыш ишине катышкан балдардын саны он беш пайызга азайган. Башкача айтканда, былтыр 586 болсо, быйыл 493 бала кылмыш ишине катышкан. Бул республика боюнча.

Мүзүрбек Картаңовдун айтымында, бул кылмыштардын кыйла бөлүгү чөнтөк телефондорду уурдап качуу менен байланышкан. Шаардык ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук бөлүмүнүн ага инспектору Зухра Саметова өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктуу азайтуу боюнча жыл сайын бир катар профилактикалык иш-чаралар жүрүп жатканын айтат:

- Профилактикалык иштердин алкагында биздин кызматкерлер мектептерге барып атайын ачык сабактарды өткөрүшөт, өспүрүмдөр менен жаза өтөөчү жайларды кыдырып, соттук жараяндарга катыштырып мисал катарында көрсөтөбүз. Андан тышкары өспүрүмдөр менен сүйлөшүп алардын көйгөйлөрү менен жакындан таанышканга аракет кылабыз. Албетте мындай иш-аракеттердин үзүрү бар", - дейт Зухра Саметова.

Адистер жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту аларга болгон көзөмөлдүн жоктугу менен байланыштырууда. “Психикалык саламаттык жана коом” бейөкмөт уюмунун деректири Бурул Макенбаева улуулар менен кичүүлөр ортосунда байланыш канчалык алыстаса, ошончолук кылмыштуулук көбөйөт дейт:

- Айылдарда жакырчылык көп. Бирок ал жакта адамдар бири-бири менен көп байланышып, улуулар жаштарды көбүрөөк көзөмөлдөп, катышып турушат. Мына ушундай социалдык жакындашуу болуп турган жерде кылмыш азыраак байкалат. Ал эми өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукка жазалоочу ыкмаларды колдонбостон алардын өзгөчөлүгүн түшүнүш керек. Анткени өспүрүм маалында балдар-кыздардын жүрүм турумуна биологиялык да себептер таасир этет. Мындай шартта психологиялык ыкмалар колднулган иш аракеттер жүргүзүлүшү абзел.

Ошондой эле Бурул Макенбаеванын айтымында, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, ден-соолугуна келтирилген залакалардын бирден бир себеби алкоголдук ичимдиктер да болуп саналат. Бирок бүгүн Жогорку Кеңеште жашы жете электерге спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салган мыйзам каралып колдоого алынды. Эми мыйзамга ылайык жашы 18ге толгон кыргыз жараны гана спирт ичимдиктерин сатып алууга укуктуу.
Бул шерине жабылды
     
Пикир
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)