Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:42

Эркиндик

Cот А.Жекшенкуловду 5 жылга кести, шарттуу

16-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри, оппозиция башчыларынын бири Аликбек Жекшенкуловду 5 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан өкүмүн угузду. А.Жекшенкулов өзүнө коюлган айыптарды саясий негизге таянган кысым катары эсептей турганын соттогу соңку сөзүндө билдирди. Сотто бир жылдан ашуун териштирилген кылмыш иштин жыйынтыгы кандай болду?

А. Жекшенкуловдун соту бир жылга созулду. 2009-жыл 22-июндагы сот жыйыны
Текст көлөмү - +

Айыптын аңырты

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Азизбек Турдалиев ишти тергөөдө биртоп маселелердин башы ачылбай калганын белгилеп, Аликбек Жекшенкуловго коюлган оор айып, түркиялык ишкер Четин Серветтин өлтүрүлүшүнө анын тиешеси жоктугун ырастады.

- Аликбек Жекшенкулов 30-97-берененин 1-бөлүгүнүн 14-15-пункттары, 2-бөлүгү, 240-берененин 1-бөлүгү боюнча кылмыш жасоого тиешеси бардыгы далилденбегендиктен акталсын. Аликбек Жекшенкулов Кылмыш кодексинин 35-беренеси 2-бөлүктүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн кылмышка тиешеси бар деп эсептелсин. Ага 5 жыл эркинен ажыратуу, анын ичинде 3 жылы жооптуу жана муниципиалдык кызматтарды ээлөөгө акысы жок, дүйнө-мүлкү тартылып алынбаган жаза колдонулсун. Кылмыш кодексинин 63-беренесине ылайык берилген жаза шарттуу, сыноо мөөнөтү үч жыл деп эсептелсин.

Сот ошондой эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин мурдагы жооптуу кызматкерлери Таалай Кыдыров, Нургүл Токтосунова, Данияр Мамырбаевдин ишинде кылмыш белгилери жоктугун ырастап, мөөнөтү өтүп кеткен иш үчүн аларды актады.

Түркиялык ишкердин өлтүрүлүшүнө тиешеси бар шектелген Илияс Абдыкадыровду 4 жылга эркинен ажыратып, бирок да анын буга чейинки абакта, үй камагында отурган күндөрү эсепке алынып жаза өтөөдөн бошотулду. Аны менен кошо айыпталган Бакытбек Супатаев 1 жылга эркинен шарттуу ажыратылды.

Кылмыш кылтагынын кыңыр жолу

Аликбек Жекшенкулов
соттогу соңку сөзүндө коюлган айыптардын баары саясий негизден чыкканын белгиледи. Күч кызматтары үчүн ойдон чыгарылган айыптарды кимдир бирөөгө оодара салыш текейден арзан экенине токтолду.

- Менин дарегиме ойго келбеген айыптарды үйүп таштоо аракети, элдин алдында жаманатты кылуу далбасасы бул саясий негизден чыккан, атайылап ойлоп табылган кылмыш иш экенин далилдейт.

А.Жекшенкулов кылмыш ишти териштирүү учурунда тергөө тарабынан коюлган айыптардын текши баары ырасталбаганын белгилеп, аны сотко жибергендерге минтип кайрылды.

- Прокурор мырзалар! Сиздер кылган ишиңиздер үчүн Кыргызстан жарандарын жок жерден күйгүзүп, айып тагып койгонго эч кандай моралдык же кесиптик жоопкерчиликке тартылбашыңарга көнүп алган окшойсуңар. Күнөөсү жок кишиге ойдон табылган айыпты кое саласыңар.

А.Жекшенкулов тергөөчүлөр эскирген жабдуулардын жардамы менен кылмышка шектүү деп кармалган адамды кандай да болсо айыпка жыгыш амалында аркыл амал-айлаларды жасоодон кайра тартышпастыгын да жашырган жок. Ал өзү белек тапанчасы менен 30 ок атып, бирок анын 25 гана экспертиза жыйынтыгына кошулганын, текшерүүгө катышкан 5 эксперттин 2 гана корутундуга кол коюшканын маалымдады.

Эшиктерди эми алмаштырбагыла!

Сот А.Жекшенкуловго коюлган айыптардын негизгисин четке кагып, Тышкы иштер министрлик имаратынын жупкадай жука кытай эшиктерин калыңына алмаштыртканы үчүн аны 5 жылга эркинен ажыратты.

“Алиби” гезитинин редактору укукчу Бабырбек Жээнбековдун айтуусунда, сот өкүмү А.Жекшенкуловго кандай да болсо айыпты моюнга илүүнүн аргасы гана.

- Эшиктердин баары ордунда турса, кайдагы зыян? Кылмыш-жаза кодексине таяна турган болсок адамды соттош үчүн мамлекетке болобу же жеке инсангабы же ишканагабы зыян келтириши керек эле. Бул жерде эч кандай зыян келтирбесе анда эмненин негизинде соттош керек?

А.Жекшенкулов Биринчи Май райондук сот өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотко кайрыла тургандыгын билдирди. Буга чейин ошол эле Бириккен элдик кыймылдын саясий кеңеш мүчөсү И.Исаковду аскер соту уулуна берилип, кайтарылган 2 бөлмө үчүн 8 жылга эркинен ажыраткан.


Жүктөө
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Толик каяктан: Бишкектен
23.03.2010 01:00
Азаттыктын кабарчылары маалымдаганынар ырас,бирок азыр карапайым элдин бардыгы юрист эмес.шарттуу кесилуу дегенди жонокой соз менен чечмелеп айтып берсенер жакшы болот эле.Бул эмне уй турмобу,же оозеки айтылып иш жузундо уйдон алыс кетпей бош жургон шартпы же кандайдыр бир шартменен абакта отуруубу эмне экенин.

кимден: Политтехнолог каяктан: Ала Тоо
18.03.2010 13:14
Мен ар дайым айтып келем, дипломат байке тезинен Кочкорго барып, калын элге кой союп берип, батасын алып кайтыш керек.

кимден: erma каяктан: Bishkek
17.03.2010 02:18
Ак ийилет бирок сынбайт. убакыт өтөөр биздин көчөгө да жарык тийер.

кимден: Оштуктар каяктан: Оштуктар
17.03.2010 00:29
Ак ийилет, бирок сынбайт. Ал эми бул бийлик эртең сынат. Аликбек мырзадан коркушту, ошон үчүн аны 5 жылга кесишти, себеби, Жекшенкулов алардан алда канча акылдуу киши, өзүңөр түшүнөсүңөр да. Кемпайлар кыргыздын мыкты чыкмасын ушинтип сындырабы?

кимден: Болот каяктан: Бишкек
17.03.2010 00:24
Жекшенкуловду жок жерден каралашты. Чындык акыры айтылат. Бул бийлик Аликбектин астында чөгөлөп, бир күнү ыйлайт! Чындык акыры жеңет!

кимден: Азат Аргенбаев каяктан: Акман
16.03.2010 22:38
Аликбек мырза кайгырбаныз ,алтын башыңыз аман болсо эгер чындап эле "алла таала" бар болсо сиз албетте акталасыз .Мындай эшиктердин көбүн алмаштырасыз. Сынбастан Текебаев,Шерниязов,Отунбаеванын деги эле КЫРГЫЗ эли менен жүрөгүңүз бирге болсо болду ,биз сиздей акыйкат издеген КЫРГЫЗдын эр -азаматтары менен сыймыктанабыз... Ардайым жүрөгүңүз АТАМЕКЕН деп согуп турсун...

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)