Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:58

Бийликтин баары утурумдук өкмөткө өттү


Бишкектеги нааразылык
Бишкектеги нааразылык

8-апрелде Кыргызстандын утурумдук элдик өкмөт мүчөлөрү маалымат жыйынын чакырып, президенттин, Жогорку Кеңештин, аткаруу бийлигинин милдеттерин өзүнө алышарын билдиришти. Конституциянын утурумдук элдик өкмөт кабыл алган укуктук документтерге кайчы келбеген бөлүгү иштей тургандыгы маалымдалды.

Жаңы өкмөттөн эмне кеп?

Аткаруу, мыйзам чыгаруу бийликтеринин ыйгарым укуктарын толугу менен өзүнө алган утурумдук элдик өкмөттүн алдында саясий-экономикалык орчун өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу милдети турат. Бул иштердин түгөл баары жарым жыл ичинде жасалышы керек. Утурумдук элдик өкмөт башчысы Роза Отунбаева Шайлоо кодекси жаңыдан иштелип чыкканча Борбордук шайлоо комиссиясынын да иши токтотула тургандыгын ырастады.

- Мунун артынан жарыбаган арзан баага сатылып кеткен стратегиялык объектилерибизди кайтаруу жөнүндө биздин дагы жаңы декреттерибиз чыгат. Утурумдук өкмөт тарифтерди мурунку баасына түшүрүү аракетин да көрмөкчү. Биз электр энергиясына бааны төмөндөтөбүз. Дагы бир декрет менен өзгөчө жаңырыктар жараткан кылмыш иштерин, анын ичинде кийинки күндөрү болуп өткөн кайгылуу окуяларга байланышкан иштерди иликтөөчү комиссия түзөбүз.

Роза Отунбаева бийлик куугунтугуна каршы чыккандар менен атышарын жашырбай эле айтып келген К.Бакиев 7-апрелде каалашынча ок атканын айтып, ушу тапта тийиштүү материалдар топтолуп жатканын кабарлады. Жаңы өкмөт мурунку бийлик тушунда куугунтукка кабылган маалымдоо каражаттарына шарт түзүлөрүн, жабылып калган каналдардын кайрадан чыгышына, жыштыктарынын берилишине мүмкүнчүлүк түзүлө тургандыгы маалымдалды.

Азия Универсал банкына көзөмөл

Маалымат жыйынында утурумдук өкмөт башчынын орунбасары, Кыргызстандын Каржы министри Темир Сариев бир жумага айлык маянага делген акчалардан башкасына банктарда операциялар токтотуларын билдирди. Максат - өлкөнүн каржылык абалы кандайлыгын билүү. Жаңы министр дагы бир жаңылыкты жарыя кылды.

- Бүгүн эртең менен Улуттук банк башкармалыгы 2010-жылдын 8-апрелинен тарта таңкы саат сегизден тарта алты айга төмөнкү банктарга сырттан убактылуу башкарууну киргизди. Алар “Азия Универсал банк”, “Ысык-Көл банкы” ачык акционердик коому, Кыргыз кредит банк, “Манас” банк, “Акыл” банкы. Билесиздер бул банктардын баары “Азия универсал банкына” туташтырылган.


Утурумдук өкмөттүн коргонуу, коопсуздук тармактарына жоопкер, Коргоо министри Исмаил Исаков ушу тапта күч кызматтары кырдаалды толук көзөмөлгө алып турушканын маалымдады.

- Алардын баары биздин колубузга өттү. Мен колбашчы, зардалдардын ар бири менен сүйлөштүм. Өз иштерин мыйзам чегинде жүргүзүп жатышат. Дагы бир нерсени белгилей кетким келет. Ушу тапта иштеп жаткан коргоо жөнүндөгү мыйзам өзгөртүлүшү керек. Куралдуу күчтөр ички милдеттерди чечүүгө колдонулбашы абзел.

Президент кайда?

Исмаил Исаков Коргоо министрлигинин атайын аскерлери тынч жыйын өткөрүүгө чыккан адамдарга каршы колдонулганын билдирди. Маалымат жыйынында мурдагы спикер Абдыганы Эркебаев ушу тапта туулган жерине барып элди көтөрүүгө үндөп жаткан К.Бакиевдин аракетин айыптады.

- Жетишет К.Бакиевдин Кыргызстанга жасаган иштери! Жетишет төгүлгөн кан! Жетишет элдин мүлкүн талап-тоногон байлыгы! Дагы эмне керек ага? Тойгон жокпу?

Утурумдук өкмөттүн маалымат жыйыны башталып жаткан чакта сыртта топтолгон көпчүлүккө эмне иштер жасалып жатканын айтып берүүгө жаңы бийликтин Конституциялык реформа, мыйзамдуулук маселелери боюнча өкмөт башчынын орунбасары Өмүрбек Текебаев чыгып кетти. Сыртта болсо Акүйдү айланта үч-төрт жерде өзүнчө жыйын, “Ала-Тоо” аянтында да сүрмөтоп чогулуштар өтүп жатыптыр. Кимдир бирөөлөр Акүйгө дагы өрт коюшкан экен, уюлгуган кара түтүн жалаң жыйындар кучагында калган адамдарды каптап турду.

XS
SM
MD
LG