Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:43

К.Сагынбаев төртүнчү жолу дүйнө чемпиону болду


17-октябрда Германияда бильярд спорту боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык Каныбек Сагынбаев дүйнө чемпиону болуп, алтын медаль тагынды.

Каныбек Сагынбаев дүйнө чемпиондугун сактап калды

17-октябрда Германиянын Виллинген шаарында бильярд спорту боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды. Бильярддын “Эркин пирамида” түрү боюнча кыргызстандык Каныбек Сагынбаев жети атаандашын утуп, финалда орусиялык Дмитрий Кузьминди 7:2 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону болуп, алтын медаль тагынды.

Өлкөнүн бильярд федерациясынын жетекчиси Шейшенбек Байзаковдун айтымында Каныбек Сагынбаев дүйнө чемпиондугун төртүнчү ирет утуп алды.

Көк-бөрү чемпионаты Таласта болбой калды

18-октябрда Талас облусунда көк-бөрү боюнча өлкө чемпионаты башталмак. Тилекке каршы, бул мөрөй талашуу Таласта өтпөй калды. Бул тууралуу өлкөнүн көк-бөрү федерациясынын басма сөз катчысы Табылды Асыгалиев “Азаттыкка” мындайча билдирди.

-Көк-бөрү боюнча өлкөнүн быйылкы чемпионаты Бишкек шаарында өткөрүлмөк болду. Таласта өтпөй калышынын себеби облустардын командалары Бишкекте болушун каалап, каражат маселеси чечилбей калды. Бишкектеги мелдешке өлкөнүн бардык облустарынан жана Бишкек шаарынан командалар катышмакчы.

Кыргызстандык калыс кыздар Бархейнде

18-октябрда Бахрейн өлкөсүнүн Манаме шаарында футбол боюнча кыз-келиндер арасында “Wоmen Arabia” эл аралык мелдеши башталды. Бул таймашууларга кыргызстандык футбол калыстары Марина Алексеенко менен Лилия Хасанова атайын чакырылып, калыстык кылышууда. Мелдештин жеңүүчүлөрү 28-октябрда аныкталат.

Хоккейден казактар кыйын

Бишкекте хоккей боюнча Кыргызстандын «Хан-Тенгри» командасы менен Казакстандын «Енбек» командасы беттешип, 6:5 эсебинде казакстандыктар утуп кетишти.

Ошондой эле балдар арасындагы хоккей мелдешине Бишкектин “Илбирс” командасы менен Алматынын «Енбек» командасы катышып, мөрөй талашты. Жеткинчиктерден бишкектиктер айырмаланып, 5:1 эсебинде жеңип алышты.

Сатымкул Жуманазаровду эскерүү мелдеши

Бишкекте СССР спортунун эмгек сиңирген чебери, 1980-жылдагы Олимпиадалык оюндарда марафон боюнча коло медалынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун эскерүүгө арналган жеңил атлетика боюнча эл аралык турнир өттү.

Өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкуловдун айтымында, мелдешке Кыргызстандын бардык аймагынан 150 спортчу жана Орусия, Казакстан, Түркмөнстан жана Тажикстандан өкүлдөр катышты.

Калыстар үчүн ФИФАнын окуусу

18-октябрда Бишкектеги футбол борборунда Эл аралык футбол федерациясынын “Refereeing Course & Assessors” аталыштагы калыстар үчүн окуу башталды. Бул тууралуу өлкөнүн футбол федерациясынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Нурдин Букуев “Азаттыкка” билдирди.

-ФИФАнын улук офицери, шриланкалык Мусин Ариф жана ФИФАнын инструктору, польшалык Гжегож Крсек баштаган калыстар, футбол адистери кыргызстандык 35 калысты окутуп, практикалык оюндарды үйрөтөт.

Кыргызстандык Алексей Федосеев Евразия чемпиону

Орусиянын Благовещенск шаарында кесипкөй мушкерлердин арасында кикбоксинг боюнча Евразия чемпиону үчүн таймашуу болду. Мында кыргызстандык Алексей Федосеев 63,5 кг салмакта орусиялык Анатолий Потиенко менен күч сынашып, 2008-жылкы Евразия чемпиондугун сактап калды.
XS
SM
MD
LG