Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:38

Спорт

Сингапурдан кыргызстандыктар жеңиштүү келишти

Кыргызстандын делегациясы 29-августта Сингапурдан Биринчи жаштардын олимпиадалык оюндарынан Бишкекке жеңиштүү кайтып келди.

Сингапурдагы олимпиадалык оюндардын жеңүүчүлөрүн Бишкекте чоң салтанат менен тосуп алышты. Жаштардын 1-олимпидасында грек-рим күрөшүнөн Урматбек Аматов алтын медаль, Шадыбек Сулайманов коло жана дзю-дочу Болотбек Токтогонов коло медаль жеңип алышты.
Текст көлөмү - +
Сингапур-Стамбул-Бишкек багытындагы учак эки саат кечигип келгение карабай, жаш олимпиадачыларды спорт коомчулугу, күйөрмандар зор салтанат менен тосуп алышты. Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн “Манас” аэропортунда жолугушуу өткөрүлдү.

Сингапур жаштар олимпиадасына катышкан кыргызстандык сегиз спортчудан үчөө байгелүү орундарга жетип, бир алтын жана эки коло медалы менен Кыргызстан 205 өлкөнүн ичинен 45-орунду ээледи.

Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун билдиргенине караганда Кыргызстандын жетишкен көрсөткүчтөрүн башка өлкөлөргө салыштырганда зор ийгилик деп айтса жарашат: 

- Коңшу Казакстандан 50 спортчу барып, 6 медаль жеңсе, алар 2 алтын. 2 күмүш, 2 коло байгелүү болушту. Өзбекстан менен Тажикстандан барган кырктан ашуун жаш спортчулар алтын байге утуп алышкан жок. Кыргызстан үчүн эгемендүү өлкө болгону биринчи олимпиадалык алтын медалды Сингапурдан Урматбек Аматов жеңип, ак жолтой болсо, олимпиадалык таймашууларда Шадыбек Сулайманов менен Болотбек Токтогонов коло байге утуп, ийгиликтүү жыйынтыктады,-деди Мурат Саралинов.

Грек-рим күрөшү боюнча биринчи жаштар олимпиадасынын чемпиону Урматбек Аматов:

-Финалдык таймашуу курч мүнөздө өттү. Украиналык атаандашымды утуп алдым. Жаштар олимпиадасынын чемпиону аталып, алтын медаль тагындым. Сингапурдагы бул жеңишимди Кыргызстанга, эли-журтума арнадым. Мен быйыл 11-класстан окуймун. Күрөш менен 3-класстан бери машыгып жүрөм. Алгачкы устатым-Петр Яломага, ата-энеме, устаттарыма терең ыраазымын. Мен үчүн Бээжин олимпиадасынын күмүш медаль ээси Канатбек Бегалиев агай ар дайым үлгү болуп келет.

Шадыбек Сулайманов, грек-рим күрөшүнөн коло байгенин ээси:

-Күрөш менен 5 жылдан бери машыгып жүрөм. Биринчи устатым Жаныбек Тургунбаев ал азыр Жалал-Абадда. Мектепте окуйм быйыл 11-класска көчтүм. Өзүбүздүн Жалал-Абаддагы 10-мектепте. Эң негизги максатым ушул Сингапур олимпиадасын утуш эле, олимпиада болгон күч аракетимди жумшап, коло байгелүү болдум. Таймашуулар өтө курч мүнөздө болду.  Мен биздин балбандардан маркум Раатбек Санатбаев агайыбыздай болсом дейм.

Болотбек Токтогонов, Дзю-до күрөшү боюнча коло байгенин ээси:

-Кыргызстандыктар жана президент Роза Отунбаева бизге ишеним артып жаткандан кийин, аракет кыладык. Менин даярдыгым дурус эле. Кыргызстандын туусун бийик көтөрүүгө болгон аракет, күч-кубатымды жумшадым. Бирок атаандаштарым дагы абдан күчтүү спортчулар болгондуктан коло медаль утуп алууга жетишип, Кыргыз туусун обого бийик көтөрдүм.

Байгелүү орундарга жеткен кыргызстандык спортчулар үчүн өлкөнүн күрөш федерациясы, Улуттук олимпиада комитети 29-августта Бишкек шаарында жеңиш салтанатынын урматына автокербен уюштурушту.

Сингапурда эки жүз төрт өлкөдөн 14 жаштан 18 жашка чейинки 3 миң 531 жаш олимпиадачы спорттун 29 негизги олимпиадалык түрлөрү боюнча мөрөй талашып, күч сынашып, достук байланышта болушту.

Экинчи жаштар олимпиадасынын эстафетасын Кытайдын Нанкин шаары алып, 2014-жылы өткөрмөк болушту.

Жаштардын арасындагы биринчи кышкы олимпиада оюндары 2012-жылы Австрия өлкөсүнүн Инсбрук шаарында 13-январдан 22-январга чейин өткөрүлөт.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Урмат Аматов каяктан: Бишкек
30.08.2010 14:39
Урматтуу "Азаттыктын" окурмандары!

Мени колдоп жазган пикирлериңер үчүн терең ыраазычылык билдиргим келет. Бул жеңишимди Кыргызстанга арнайм. Алдыда дагы ушундай ийгиликтерге жеткенге аракет жасайм. Жерибизде тынчтык болсун!

Бардыгыңыздарга жакшылык каалап,

Урмат Аматов

кимден: Канат Карыбаев каяктан: Ак-суу
30.08.2010 11:58
Анык азамат жигиттер экен! Кыргызды дүйнөгө тааныткан эгемен өлкө болгону биринчи олимпиада чемпиону болгон Урматбек анык урмат-сыйга бөлөндүң. Эми чондордун олимпиадасында дагы алтын медаль алып, кыргыз өңүн дүйнөгө таанытууңа тилектешпиз. Кыргыз туусун президент Роза Отунбаеванын колунан алган Болотбек Токтогонов дагы азамат экен. Тууну жерге таштабай, обого, асманга көтөрүп, ал дагы эрдик кылды. Азыр эле 100 кг балбандар менен таймашса, эр жеткенде анык алп Кожомкулдай болуп, женилбес эр азамат болгун! Шадыбек дагы шадылуу, карылуу жигит экенсиң. Бул ирет коло медаль тагынсаң, эмки Азия оюндары, чоңдор олимпиадасында алтын байгелүү болуп, чемпион аталып, тарыхта атыңды калтыр. Ал сенин гана колуңда. 8 спортчу барып, үчөө мөрөй алышы зор ийгилик. Бул жигиттерге өкмөт темир тулпар мингизип, сый-урмат көрсөтүүсү зарыл. Ал эми тиги өзбек жигит Исломжан түркмөн жигитке 7:0 эсебинде уттуруп койгонуна шегим бар. Исломжан өзү дүйнө чемпионатында коло байге алып, үчүнчү орунду ээлеген кыйын жигит болсо, түркмөнгө жок дегенде 3-4 удар сокку урат эле да. Нөл менен утулушунда шек бар. Эмнеси болсо дагы жаш спортчулар үчүн Сингапур олимпиадасы сабак, үлгү болду.

кимден: колдук кыз
30.08.2010 06:44
Ушул кыйын кырдаалда эл - журтубуз учун алып келген жениш учун терен таазим жигиттерге!!! Абдан кубанып, жашып да кеттим.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)