Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:38

Эл үнү / Коом

Таласта күн нурунан электр кубатын алганды үйрөнүп жатышат

Таласта «Айкөл» бейөкмөт уюму күн нурунан электр кубатын жана жылуулук алуунун ыкмаларын элге жайылта баштады. Учурда аймакта электр кубатын өз алдынча өндүрүп жаткан 20 чакты үй-бүлө бар.

Францияда жумушчулар күн нурунан электр кубатын алуучу аппаратты үйдүн чатырына орнотуп жатышат.
Текст көлөмү - +
Кыргызстанда электр кубаты кымбаттаган соң, карапайым калк электр кубатын өз алдыларынча алуу ыкмаларына өтүүнүн жолун издей баштады. Айрым байкоочулардын баамында, эгер эл жапырт бул жолго түшсө Кыргызстандын энерго магнаттары эл менен эсептеше баштайт эле. Себеби алар электр кубатын сата албай калышат.

Бүгүнкү учурда дүйнө жүзүндө электр кубатын салттуу эмес ыкмалар менен алуунун көптөгөн жолдору табылууда. Мисалы, үйдүн чатырларына күндүн нурунан электр кубатын жыйноочу батареяларды, күндүн нуру менен циркулярдуу түрдө суу жылыткычарды, чакан ГЭСтерди жасап орнотуу, биогаздарды пайдалануу тууралуу ойлорун «Айкөл» бейөкмөт уюмунун өкүлдөрү элге сунуштап жатышат. Алар жогорудагы долбоорду БИОМ экологиялык кыймылынын жардамы менен ишке ашырууда.

Бирок айрым коомчулукун өкүлдөрү мындай долбоордун ишке ашышына Кыргызстандын энерго магнаттары бут тосоорун айтышууда.

- Кандайдыр бут тосуулар болот деген ойлорум бар. Себеби биз кимдер бирөөлөрдүн жолун тосуп калышыбыз мүмкүн. Коомчулук кыйкырып чыгат андан ары жылыш жок. Коомчулуктун үнүн угуп, аны менен кеңешүү деген ачыктык жок болуп жатпайбы, - облустун акыйкатчысы Арзыкан Момунтаева.

Кыргыз бийлиги жогорудагыдай долбоорду колдорун Талас облустук администрациясынын өнөр жай, курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Улукбек Муктаров "Азаттыкка" кеп кылып, эгер бул долбоор ишке ашса мамлекет элекр кубатын экспортко көбүрөөк сатып байыырын билдирүүдө.
Элден үнөмдөгөн электр кубатын сыртка кымбат сатканга мүмкүнчүлүк болот.

- Бул мамлекеттин кызыкчылыгына байланыштуу болгондон кийин бут тосуулар болбойт деп ойлойм. Энергияны үнөмдөө, аны натыйжалуу пайдалануу биринчи мамлекетке керек. Анткени элден үнөмдөгөн электр кубатын башка мамлекеттерге кымбат сатканга мүмкүнчүлүк болот. Бул жагынан мамлекет киреше алып, байыйт, аны менен эл байыйт.

Кыйынчылык көп болгон сайын, ошол кыйынчылыктан чыгуунун жолдорун издеген акылдуулар да кыргыз элинде көп. Эми электр кубатын алуунун жаңы ыкмаларын алар таба башташат. Бирок мамлекет элди ойлосо, ошолорго бут тоспостон кайра аларга шарт түзүп бериши керек дейт «Айкөл» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Гүльмира Темирбекова:
Кичинекей чөйчөктөн деле бир нерсе жасап, үйүн жылытып жаткандар бар бизде.

- Мындай нерселерге бут тоскон энерго магнаттар алар Кыргызстанды жакшы көрбөгөн магнаттар. Суу менен эле биз байбыз, ошол суубузду сактап калабыз десек, энерго магнатар ошону ойлонушса болмок. Көп тажрыйбалар айтылып келди, Европа, Израил, Америкадагы тажрыйбалар. Эми Кыргызстанда да элге көрсөтө турган тажрыйбалар болсо деп жатабыз. Мына элдер айтып жатышат кичинекей Кульибиндер бар бизде. Кичинекей чөйчөктөн деле бир нерсе жасап алып, үйлөрүн жылытып, иштетип жаткандар. Мен ойлойм, ишенем ушул жакында бир жарманке болуп калса, ушундай адамдар келип жасаган нерселерин көрсөтсө.

Азыркы учурда облус боюнча электр кубатын жана жылуулукту өз алдынча өндүрүп алып жаткан 20га жакын үй-бүлө бар.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Таза улутчулдар уюму
30.12.2009 21:55
Балыкчынын ары жагында бош жаткан жерлер бар. Ал жерден шамал үзүлбөйт. Кочкордо да көп жерлер бош жатат, ал жакта да шамал көп. Ошол жерлерге жел генераторлорду орнотуп койсо, канча кишинин керегине жарайт эле.
Батышта экологиялык жактан таза транспорттун түрлөрү көп. Бизде машинелер тыгылыш, бензинге акча көп кетет. Веломобиль чыгаруучу ишканаларды ачып, ар кандай түрлөрүн (жүк ташуучу, туристтик) чыгартып койсо автокөлүк ала албаган көп эле кишиге жакшы болмок. Кыргызстанда болсо бирөөнү да көрө элекпиз. Базар баарын оңдойт деген калп окшойт. Баары бир мамлекет туура жолго салыш керек. Салмак тургай стратегиялык тармактарыбызды жанталашып сатканга шашылып атса кайдан?
Айрым окумуштуулар Кыргызстандын климаты 50 жылдан кийин Африканыкына окшоп калат деп атышат. Кудай сактасын. Бирок мөңгүлөрдүн эригени жылдан жылга күчөп баратканы чын. Демек азыртан ар кандай теңтайлаш жолдорду ойлоно бергенибиз жакшы го. Ишин оңолгуча итиңе кош арт дейт.

кимден: Nur каяктан: Bishkek
30.12.2009 20:16
Abdan jakshy ish bashtatyshyptyr.Emi bul ishti Kyrgyzstan bohuncha jaiyltuu kerek.
Murda Amerikanyn kompaniyalary Kytajga barchu ele ,emi Kydajdan Amerikaga kelip ushu kun jylytkychtardyn ajnekterin jasagan zavoddor achylgany jatat.Antkeni bul ekologiyaga da jakshy,eldin chontoguno da jakshy dep okmot koldop jatat.Arizona,Nevada shatttaryna chong kun toskuch jasap,al jerden elektirdi chogultup,anan elge da satsa bolot dejt.
Taktap ajtkanda,ujdun ustuno kun nurun tartkych jasap,ozunundon ashyp kalsa,koshunaga karyzga berip je satsan da bolot eken.
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу