Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:38

Кыргызстан

Т.Сариев: ЕККУ полициясынын кереги жок

ЕККУнун куралсыз полицейлерин киргизүү боюнча Кыргызстандын бийлиги июль айында кабыл алган чечимден өкмөттүн ошол кездеги мүчөлөрү кайра баш тартып жатышат. Алардын бири - Убактылуу өкмөт башчынын мурдагы орун басары Темир Сариев.

x
Текст көлөмү - +
- Темир мырза, ЕККУнун куралсыз полицейлерин Кыргызстанга киргизүү коллегиалдуу чечилген деп билдирген элеңиздер. Азыр кайра аларды киргизүүнүн зарылдыгы жок деп айттыңыз. Ага эмне себеп?
Т.Сариев:  Июнь айында Ош окуясы башталып, түштүктө өтө курч кырдаал түзүлүп калганда чын эле биринчиден ЖККУга кайрылганбыз.Андан кийин ЕККУнун полицейлери боюнча да чечим кабыл алганбыз. ЕККУнун кеңеш берүүчү полицейлери Кыргызстанга кыска мөөнөткө куралсыз келип, кеңешчи катары жардам берсе болот деп жыйында каралып, чечим кабыл алынган. Андан бери эки айдан ашык убакыт өттү.

Бирок ЕККУнун аскерлери, тилекке каршы, келген жок. Анан ошол эле убакта бул чечимге эл, өзгөчө түштүк аймактын эли катуу каршы болуп жатышат. Биз кабыл алынган чечимге каршы чыгып жаткан элдин талабын эске албасак болбойт. Ошон үчүн мен жакында маалымат жыйынында “эгерде биз кабыл алган чечим боюнча полицейлер ушул убакка чейин киргизилбей жаткандан кийин жана эл менен ар кандай саясий күчтөр каршы болуп аткандан кийин маселени эки тараптуу карап көрүү керек” деп айттым.

Ошон үчүн мен, биринчиден, эл менен дагы бир жолу сүйлөшүп, аларга түшүндүрүп бергенден кийин эл түшүнүп кабыл алса полицейлердин кирүүсүнө макул болуш керек. Эгер эл каршы болсо мурда кабыл алынган чечимди кайра карап чыгуу керек деп жатам. Бирок түштүктө кырдаал бир топ туруктуу болуп калды. Ошон үчүн ЕККУнун полиция аскерлеринин киришинин кажети жок деген ойдо турам.

- Айрым укук коргоочулар сиздердин билдирүүлөрдү парламенттик шайлоо алдында саясий партия лидерлерин шайлоочулардын добушун алуу үчүн гана жасап жаткан аракеттери менен амалдары деп баалап жатышат. Буга кандай жооп бересиз?

Т.Сариев: Саясатчы дайыма элдин көңүлүн байкап турушу керек. Биз элге каршы чыга албайбыз. Эгер элдин көпчүлүгү каршы болуп атса биз кантип ага бара алабыз? Бул маселени чечүүнүн башка да жолдору бар. Биз мынакей акыркы убакта аскер кызматкерлеринин санын көбөйттүк. Армияга бир топ күч кошулду. Ички аскердин саны да көбөйтүлдү. Милициянын саны да, айлыгы да көбөйтүлдү. Бүгүн милиция жакшы иштей баштады. Жакында эле Бишкекте 5-августта бир топ адамдар чыккан кезде милиция өз милдетин өтө жакшы уюшкандыкта аткарды.

Түштүктө да тартип коргоо органдарында жакшы иштеген кадрлар тандалып, абал турукташып калды. Алар эл менен иштегенге көнүп калды.

Ооба, май, июнь айыларында милиция деморализация болуп, эл менен иштей албай калышкан болчу. Азыр болсо кайра күчүнө кирип, бейкуттукту, мыйзамдуулук менен тартипти сактоо үчүн катуу иштеп жатышат. Биз муну да эске алышыбыз керек.

- Эгер ЕККУнун полицейлерин киргизбөө чечими кабыл алына турган болсо Кыргызстан менен эл аралык уюмдардын ортосундагы мамилеге терс таасирин тийгизбейби?

Т.Сариев: Эч кандай терс таасирин тийгизбейт. Биз эч кандай милдеттенмелерди бузган жокпуз. Алар киребиз дегенде, бизге жардам беребиз дегенде биз макул дедик. Андан бери убакыт өтүп кетти. Эгер келбесе биз эч кимге карыз эмеспиз. Түштүктөгү кагылыш азыр басылды. Албетте ар кандай кооптонуулар бар. Бирок биздин органдар, жергиликтүү бийликтер, милиция, депутаттар жана атайын кызматтар иштесин.

- Президент Роза Отунбаева түштүктөгү сапары учурунда жана Коопсуздук кеңештин жыйынында Кыргызстанга тыш жактан кандайдыр бир күчтөр кириши мүмкүн деген кооптонууну билдирди. Эгер ЕККУнун полицейлери келе турган болсо ошондой күчтөргө каршы тура турган калканч катары кызмат кылат деген ойлор да бар. Бул жөнүндө пикириңиз кандай?

Т.Сариев: Ал туура эмес ой. ЕККУнун колунда куралы жок полицейлери үч айга гана келмек. Алар биздин милиционерлер менен чогуу күзөткө чыгып, аларга өздөрүнүн эл аралык тажрыйбасын үйрөтүшмөк. Биз ошон үчүн макул болгонбуз. Анткени улут аралык кагылыш көп жерлерде болгон жана аны токтотуунун, жеңилдетип тыюу жолдору бар. Полицейлер ошону биздин адистерге үйрөтөбүз дешкен болчу. Азыр эми кагылыш тыйылды. Демек алардын кызматынын зарылдыгы жок болуп калды. Ал эми сырттан келген күчтөргө алардын эч кандай тиешеси жок. Алардын колунда куралы жок болгондон кийин кантип күрөшмөк эле? Андай күчтөргө каршы күрөшүү биздин аскерлердин милдети.

- Ал эми Кыргызстандын өзбек тектүү жарандары ЕККУнун полицейлери кирсин деген ниетте болуп турушат. Бул өз кезегинде дагы бир карама-каршылыкты күчөтпөйбү?

Т.Сариев: Өзбек тегиндеги адамдар биздин милицияга бир жактуу мамиле жасап жатат деп ишенбестикти көрсөтүп жатат. Бул проблема бар. Бирок бул көйгөйдү чечүү үчүн тартип коргоо органдары, укук коргоо жана коомдук уюмдар иштеп жатышат. Алар ар бир факт боюнча тартип коргоо органдарына маалымат берип жатышат. Мамлекеттин негизги саясаты - Кыргызстанда жашап жаткан бардык жарандарды тегине карабай бир гана кыргызстандык деп аталып, баарынын укугун мыйзам чегинде бирдей коргоо.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Тaкe каяктан: Ош
13.08.2010 22:33
Кыргыз элим, aзмaз ойлонуп жaзгылaчы. Полицeйлeргe туштук эли бут кaршы. Алaр кeлип, эмнe, бийликтeгилeрди тeргeп, жоопко тaртмaк бeлe? Алaрдын сeкрeтноe зaдaниeсин эч кимин билбeйсин. Ал эми Сaриeвгe окшогон сaясaтчылaрыбыз толуп жaтпaйбы. Булaр aйтып дa, кeрeк болсо кaйтып дa коe бeришeт. Бул конумуш элe корунуш дa

кимден: Тагайбий каяктан: Сеулдан
13.08.2010 22:17
Дааааа- арбир пикирдин маңызында чындык бар экен!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
13.08.2010 20:18
anan ushinetesinger da,shailoo jakyndap eptep dobush koboituu degenge ottungorbu,menimche bul ali uchu,erteng kalgandaryn korosungor,man myndai degem,anan ondoi degem deit,kichine jigittik kylyp sozungordo tursangar bolmok

кимден: Осконбай каяктан: Ош
13.08.2010 17:41
Эй, туугандар туура созду туура деп, натуурасын натуура дебейлиби. Темир озу туз жургон адам, бул кыргыз элин эч сатпайт, элди Бакиев аттыра баштаганда 2007 жылы бардыгы качып кетип, жалгыз ушу Темир козунун жашын агызып (газга), уну бутуп калса жан соогалап, элин аман алып калбады беле. Анан Бакстын камчысын чаап, калагын которуп жургон, элге жакшылыгы жок Келдибековду калп эле мактай беребизби. мунун орду парламентте эмес, башка жакта туугандар. Качан бир чындыкты козго сайып, эл учун куйобуз. Жаман болсо дагы озубуздун короодон кочкор чыгарабыз деп журо беребизби, ей, же ал кочкорлукка жарасачы. Жакшыны жакшы деп, жаманды жаман дебей журуп, Акаев менен Бакиевдин учурунда эмне болдук. Ошонун баарын жаап-жашырган озубуз, биздин сокур кошоматчылыгыбыз качан калат, бироонун козун карап ляппай деп отуп кетебизби. Келечекти, балдарды ойлобойлубу, ей.

кимден: Бала каяктан: Баткенден
13.08.2010 17:18
Темир мырза алардын кереги жок экенин карапайым эл качан эле айткан сиз эми билдинизби. же шайлоо алдынан баягы трюктарынызбы. Ак шумкар деген партия Баткедин окмат свет жеткире албаган айылдарына чеийн, акимдердин буту баспаган жайлоолорго чейин штабдарын, ага кошумча жаштарсыз калган айылдарга да жаштар канатынын болумдорун ачып атат. кандай каражатка, буга чейин кайда эле алар. Ош базарындагы баягы балдар келип иштеп атышат.. же жанагы бекназараов экоон болгон каражаит эми пайдасы тийип жатабы базардын балдарын айылга айдаганга

кимден: Омурбек каяктан: Ош
13.08.2010 14:27
Саламатсызбы Темир мырза сиз жана сиздин команданызды карасак жакшы эле коруносуздор. Элди деп коюп эле оз кызыкчылыгынарды ойлогонду койбодунарго дагы ошол сыяктуу болупжаткандай корунотго бул корунуш. ЕККУнун Кирбегени го жакшы эле болду, бирок ошол Ош окуясына туура карабаганынарга аябай ош эли нааразы.

кимден: Улукбек Бакыев каяктан: Москва
13.08.2010 14:06
Калк айтса калп айтпайт-деген кыргызда жакшы макал бар.Элди укпагандын бири Акаев менен Бакиев куну эмнен болду?Эгерде Роза Отунбаевада элдин артынан барып элди укпастан озум билем боло берсе анын дагы корор кунун ошолрдой болору анык.Биз эч кандай ЕККУга муктаж эмеспиз.Ички маселелерге аралашпай эле койсун алар!!!

кимден: Асангайгы каяктан: Теңиртоо
13.08.2010 12:58
мен ушул бир ишке акылым жетбей деңдароо болуп айланып калдым. бийликте жок кезде баардыгы бир жакшынакай сопсоо айткандары элдер менен бирдей баардыгы баатыр-от азаматтар. анан еле качан ак үйгө кирди бийлик оорундугуна минди ошондон тартып еле эл менен чыгышалбас маңкурт ел душманы чыккынчысы болуп еле мелтиреп баштары иштебей калат. бул емне үчүн мундай болот.Темир мырза азыр элдин айткандарын куптаганы менен ертең еле ак үйгө киргенде бул айткандарын такыр еле естей албай мелтиреп башкача сүйлөп калбаса есеп емес. Орозо айым деле мурун елдин арасында жүргөндө бир жакшынакай жүрбөдү беле. ак үйгө киргенден кийин еле башкача болуп калдыда. болуп дагы кыргыз жеринин сатылып кетүүгө каршы таанымы айкын идийасы дурус емес беле. эл тарапта туруп елдин кебин угуучу емес беле. азыр анын баардыгы тетирисинче болуп калдыда. эл аралык сакчылардын кыргызыстанга кирүүсүнө эл каршы болуп жатса емне үчүн элдин каршысында туруп чечим чыгарат. Акай менен Бакайдын дашкалдарын элдэр каалабай жатса убактылуу өкүматкө болсода емне үчүн алып келип алат. Бакыйдын убагынан калган арпа аксайдын чырына емне үчүн эл тарапта туруп чечбей Бакыйдын чечимдерин куптайт. емне үчүн түрдүү жолдор менен колдон чыгып кеткен кыргыз жерлерин кайта кайтарып алуу бойунча кебин баштабайт. бир ооз еле кеп башы иштебеген лидирлердин башка күнөөлөрүн кечирседа түрдүү себептер менен кыргыз жерин колдон чыгараган күнөөлөрүн аргиз түбөлүк кечирүүгө болбойт. алар түбөлүк тогуз жолдун тоомунда кара сайдын ташы менен күнөөкөр кебетеси менен катырылып элдердин түкүрүк качасы таарат туңу болууга мунаасып.

кимден: Айбек каяктан: ОШ
13.08.2010 12:52
Аа Темир мырза аябай ойлонгонсузго дейм элге кантип жагынсам болот канткенде кыргыз эли мага алданат деп. Туура кыргыз эли баары каршы сиз айтпасаныз деле, мындан баштараак кайда элениз качан гана элге ишиниз тушуп алдыда оз кызыкчылыгыныз учун кобуроок добуш керек болгондо,элдин жардамына суусаганда гана суусумдугунузду кандырыш учун кыйкырып чыкпай, эгерде сиз чыныгы кыргыз элинин уулу болсонуз эмнеге Ош окуясы курчуптурганда К.Ташиев, А.Келдибеков, С.Жапаровтор сыяктуу оз салымынызды кошподунуз.

кимден: Kanat каяктан: tokmok
13.08.2010 12:10
Темир туура кылат заманан каршкыр болсо карышкыр бол,тулку болсо тулку бол;азыр ушундай заманда копчулукко ооп туруш керек невидимка болуп намысты коё туруп,жашоо тугандар жашоо билсенер.!
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)