Шаршемби, Февраль 08, 2012 Бишкек убакыты: 23:59

Кыргызстан

Н.Турдубековa: Укук коргоочулардын тынчы кетип атат

Кыргыз укук коргоочулары коргоого муктаж деген мазмундагы ачык кат менен Брюссель шаарында жайгашкан «Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк» уюму ушул таптагы Евробиримдиктин төрагасы Бельгия өкмөтүнө кайрылды. Ал арада “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна коркунуч болгон үчүн өлкөдөн сыртка убактылуу чыгып кеткенин “Азаттыкка” өзү ырастады. Мына ушул окуялардын тегерегинде жаш укук коргочу Назгул Турдубеков “А+ка” ой бөлүштү.

Төлөйкан Исмаилова
x
Төлөйкан Исмаилова
Текст көлөмү - +

 - Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилованын өмүрүнө кимдер коркунуч туудурушу мүмкүн?

- Негизи Төлөйкан эже ар дайым курч маалыматтарды чогултуп, элдин укугун коргогонго аракет кылчу. Мына Ошто өзүнчө иликтөө салган. Биз угуп калдык, Төлөйкан Исамилованы жана Азиза Абдирасулованын укук коргоо органдары чыкырып суракка алышкан. Андан кийн дагы Төлөйкан эжеге бирөөлөр чыгып коркутканы тууралуу маалымат алдык. Азыр тынчсыздануудабыз. Ким коркутканын, эмне себептен коркутанын билгибиз келип атат.

- "Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк" уюму “кыргыз укук коргоочулары коргоого муктаж мазмунунда билдирүүтаратаары менен бул окуянын орун алышын кандай түшүнсөк болот? Жөн эле дал келүү болуп атабы же кандай?

 - Бул бир эле жолу болбой эле да. Системага айланып кетти го. Мисалы, бүгүнкү күнү Ош шаарында адвокаттар тергөө убагында барып жардам берели дешсе түртүп чыгарып атышат. Тергөөгө киргизбей атышат. Ош шаарында укук коргоочулардын жардамын алганга мүмкүнчүлүк жок болуп калды. Себеби аларды укук коргоо органдары коркутуп эле эшикке чыгарып коюп атышат.


- Кыргызстанда чындап укук коргоочулар коргоого муктажбы?

- Эми ушул бийлик алмашкандан кийин укук коргоо органдарынын кыймыл аракеттери мыйзам чегинен чыгып кетишти. Мисалы,  Базар-Коргондо Азимжан Аскаров деген белгилүү укук коргоочунун укуктары бузулду. Ал мыйзамсыз камакка алынып, ага адвокат киргизилбей, айтоор көп тоскоолдуктар болду.

Андан тышкары, мына, Төлөйкан Асаналиевнага дагы, ал Ошто иликтөө салып жүргөндө укук коргоо органдары суракка алып ар кандай басмырлоо көрсөтүп, коркуткан учурлары да болду. Төлөйкан Асаналиевнаны Европага чыгып кеткенин өзүбүз деле жаңы эле уктук. Чындыгында аны коркутуу орун алыптыр. Бирок алар ким экендиги тууралуу азырынча маалымат бере албайбыз. Бул боюнча изилдөөлөр болсо кошумча маалыматтар берсе болот.

Бирок мен айтып кетейин азыр укук коргоочулардын тынчы кетип атат. Себеби, жаңы бийлик келип атса биринчи күндөрү эле укук коргоочулардын укуктары бузулуп атса анда жөнөкөй жарандардын укуктары кантип корголот? Роза Исаковна, бийликке жаңы эле кирди президент болуп. Биринчи ушул адам укуктарынын корголушуна көңүлүн бурбаса, адамдардын жашоосуна мындан ары кандай шарт түзө алышат.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Сатывалды Сайпидин уулу каяктан: Россия
09.07.2010 14:56
Өз агасын агалай албаган, киши агасын сагалайт. Укук коргоочу десе эле аша чаап кеттиңер өзү. Ар бир нерсенин чеги болот. Бул дүйнөдө ааламдан башка чексиз эчтеке жок. Качса күнөөсү болсо керек. Барып Бакиевге, ал жакпаса Акаевге кошулуп алсын, кыргызымды күнөөлөгөн УКУК КОРГООЧУЛАР.

кимден: Зайирбек каяктан: ош
08.07.2010 15:19
туура айтасын Мирбек.булар батыштан акча алса, батышка иштейт да. Ноокат окуясында камалгандарды чыгарышты эле мына акыбети, алар чыныгы террористтер болчу.укук коргоочулар адм олтургондордун да укугун коргой беришет экен тообо.же булар ото эле толеранттуубу. кыргыздар мындайга чыдабайбыз

кимден: Мирбек каяктан: Бишкек
07.07.2010 23:52
Буларга дагы мыйзам иштеш керек укук коргоочубуз деп корунгон ушакты западка беришет алар болсо Кыргыздарды мыкаачы каракчы кылып коргозушот

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)