Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:36

Эркиндик

Коогалаң жарасы: шектүүлөр эркиндикте

Июнь айындагы коогалаң боюнча Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан 3700 кылмыш иши козголду. Анын ичинен этникалык араздашууга алып келген башаламандыктарды жана чагымды уюштуруу боюнча 26 кылмыш иши сотко жөнөтүлдү.

Набыт болгондордон тышкары дайынсыз жоголгондор да көп.
x
Набыт болгондордон тышкары дайынсыз жоголгондор да көп.
Текст көлөмү - +
Этникалык кагылышууга шыкакчы болуп, аны уюштурууга тиешеси бар деп шектелген адамдардын көпчүлүгү кармала элек.

Буга чейин кандуу калабанын чыгышына тиешеси бар деген шек менен экс-депутаттар Кадыржан Батыровго, Иномжан Абдрасуловго жана Жалолидин Салахудиновго кылмыш иштери козголгон. Тергөөнүн маалыматы боюнча алардын этностор аралык араздашууга шыкакчы болгон жана курал-жарак камсыздаган аракеттери боюнча материалдар келип түшкөн.

Өкмөт башчысынын укук коргоо органдары боюнча орун басары Азимбек Бекназаров аталган адамдарга карата байланышкан тергөөнүн далилдери коопсуздук кеңешинин жабык жыйналышында талкуулангандыгына токтолду:

- Буга чейин расмий түрдө окуяга тиешеси бар өзбек диаспорасынын лидерлеринин аттарын атасак биз бир тараптуу болуп калабыз деп айта албай жаткан жагдайлар ал жерде айтылды. К. Батыровдун ролу, И. Абдрасуловдун аракети, Ж. Салахудиновдун аракети, Сабировдордун аракети, андан башка лидерлердин ошол окуялардагы орду боюнча далилдер талкууга алынды. Ошол эле учурда мамлекеттик бийлик органдарындагы жетекчилердин аракеттерине баа берилди. Коопсуздук кеңешинде кечээ бул маселе катуу каралды. “Ушуга чейин шектүү делген адамдарды кармай албайсыңарбы,  анда кызматыңарды өткөрүп бергиле” дегенге чейин бардык.

Иликтөө иштеринин материалдарына караганда этникалык кагылышууларды уюштурду деп шектелген белгилүү адамдардын көпчүлүгү Кыргызстандын аймагынан ошол учурда эле чыгып кетишкен. Алардын иштеген мекемелерин жана турак жайларын  тинтүү учурунда курал-жарактар жана ок дарылар табылган.

Укук коргоочу Изаттулла Рахматтуллаев Оштогу өзбек тектүү жарандардын көпчүлүгү араздашуунун чыгышына аттары аталган экс-депутаттардын тиешеси болгон деп айыптап жатышкандыгын белгиледи:

- Өзбек коомчулугунда болуп өткөн окуяларга себепчи катары Кадыржан Батыров менен Иномжан Абдрасуловдун аттары көп аталып, алардын коогалаңга өтө чоң салымы бар деп эсептейт. Өзбек коомчулугунда азыр ушундай эки элди кагылыштырууга алып келгендерди бийлик таап, камап, катуу жазага тартсын деген талаптар айтылып жатат. Айрыкча башкасынан да негизги баштоочулар катары К. Батыров менен И. Абдрасуловду айтышып жатышат.

Буга чейин Ош, Жалал-Абад жана Базар-Коргон аймактарындагы чагымчыл аракеттерди жана кагылышууларды уюштурууга, аткаруучу катары түздөн-түз тиешеси бар деп шектелген, үч жүзгө жакын адам кармалып, камакка алынган. Булардын көпчүлүгү этникалык касташууну жайылтуу, башаламандыктарды жана кагылышууларды уюштуруу беренелеринин негизинде айыпталышууда.

Азимбек Бекназаров чатакташкан экинчи тарапты козутууда бакиевчил күчтөрдүн орду чоң болгондугун айтып өттү:

- Санжар Бакиевдин элдин ичинде ачык чагымчылдык кылгандыгы бар. Мындан сырткары Бакиевдердин чөйрөсүнө аралашкан топтор да болгон. Алардын көпчүлүгү негизинен аткаруучулар. Жаңжалдын башаты катары Бакиевдердин Тейиттеги үйүнүн Кадыржан Батыровдор тарабынан өрттөлүшү болуп, ошол учкундан жалбырттап отуруп өрт чыгып кетпедиби.

Коогалаңдын кесепетинен расмий эсепке ылайык, үч жүздөн ашуун адам көз жумуп, эки миңге жакын адам жараат алган. Бирок президент Роза Отунбаева түштүккө сапары маалында набыт болгондордун саны мындан бир кыйла ашык болушу мүмкүн экендигин айткан.

Мындан сырткары Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Базар-Коргон районунда келтирилген материалдык зыяндын өлчөмү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча 3 миллиард 265 миллион сомду түзгөн.

Июнь айындагы Ош жана Жалал-Абад окуяларынын масштабынын чоңдугу алардын келип чыгуу себептеринин жана кесепеттеринин жыйынтыктарын чыгарууда кыйынчылыктарды жаратууда. Азимбек Бекназаров кылмыш иштеринин көлөмүнүн чоңдугу тергөө өндүрүшүнө таасир этип жаткандыгын белгиледи.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: уыргыз каяктан: россия красноярск
12.08.2010 19:04
Ээээй! койгула коп суйлогонду пайдасыз создорду,эл чарчады азыр зорго чыдап турат силердин жалган создорунордон,эл ишенбейт таптакыр,азыр болгону жон гана чарчап турат силерден, коз боерлордон, жалганчылардан,жегичтерден.УӨ бир аз гана убактынар калды тез аранын ичинде ошол айткан өзбек лидерлерди кармабасанар силер да ыргыйсынар креслонордон,менимче кетирген акчанарды чыгарып алгандырсынар,эми эл учун бир аз болсо да аракет кылып койгула,кармап камап дегендей.АЛГА КЫРГЫЗ ЭЛИМ ТАЗА БИЙЛИК УЧУН!!!!!!!!

кимден: Илхом каяктан: ош
12.08.2010 12:16
Батыровду йана бошка узбек диаспора лтдерлерин ушлаш керак. Ошлор деп бут узбек халки кыргызларга жаман корундик. Канчалаган озбектер кырылып кетти ошолордун айынан.Балдар жетим, аялдарыбыз жесир, балдарыбыз жетим калды. Илхом Ходжаев. ОШ.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
12.08.2010 12:10
Бекназаров дал озу учун Аксынын эли чыгышып, 6 бала курман болгон ишти да аягына чыккан эмес. Туштукто июнь айында болгон коогаландын жыйынтыгы деле ошондой эле болот. Башкы уюштуруучулары жооп бербейт. Дуйного уят эле болдук. Дуйного улутчул аттуу болдук. Бийлигибиз эч кандай чара коруп, жооп кылбады. Ушунчалык болгондон кийин, эим ачык эле айтышпайбы, канча кыргыз улутундагылар, канча озбек улутундагылар курман болушту, канча кыргыз олук-тириги жок дайынсыз жоголду. Коогаланды ким баштады, эмне максат менен баштады. Кеч болуп кала электе чара корбойсунорбу. Мындай иш колунардан келбесе, кеткиле.

кимден: Толик каяктан: Россия
12.08.2010 11:33
Кадыржан менен Иномдун тополонду уюштурганын кайра-кайра айта бергенден не пайда?!!! Кармабайсынарбы андан коро. Же акчасын алып койгонсунарбы? Же коркосунарбы? Булардын минтип ээн эркин провокация кылып жургонуно караганда керектуу адамдарды эбак эле колго алып койгон. Акча менен.

кимден: Ырыс каяктан: Бишкек
12.08.2010 07:40
Азимбек Бекназаровдун булганаган репутациясын реаблитациялай турган бир гана жол ушушл Ош окуясынын чыныгы уюштуруучуларынын кън==сън далилд==, аларды жазага тартуу.

кимден: кылым каяктан: москва
11.08.2010 23:41
А.Бекназаров сууга салса чөкпөгөн,отко салса күйбөгөндөрдүн бириине айланган Акаев кеткенден кийин.Кадыржандын,Инамдын,Даврандын,Жололдиндин ишин эчак бутургон болуш керек эми аркандай шылтоо менен убакыт отсо болду ошону менен иш бутот,конгон адат калабы уйга жугон салабы.Бул бийлик оппазициясы менен кошо жок болуш керек ошондо бары жакшы болот жана онугот

кимден: Бактыгул
11.08.2010 23:26
Бул кагылыш,тополондордун чыгышынын бирден бир себеби олконун экономикалык жактан начардыгы жана олко башчыларынын оз мамлекетине болгон кайдыгерлиги.Бир биздин гана олко барбы коп улутуу.Жуздогон улуттар жашаган олколор бар. Алакандай Кыргызстанда адатка айланды жаман тооктой болушуп бири-бири менен чокушуп.Эн биринчи эми тынчтык эле болсун деп калдык.Акчага сатылбайлык,оз бала-чакабыздын келечегин ойлойлук.Бироо беш тыйын бере койсо анын кулундай болуп ээрчип кетпей.Бир аз болсо да намыстуу бололук.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)