Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:27

Кыргызстан

Кыргызстан блокадада калдыбы?

Айрым маалымат каражаттары Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун каржылоо долбоорун токтоткону тууралуу жазып чыгышты. Кыргызстандагы орус элчилиги азырынча бул тууралуу так маалымат берүүдөн баш тартууда.

Текст көлөмү - +
Саясатчылар буга өткөн жылы 3-февралда түзүлгөн эки тараптуу келишимдин Бишкек тарабынан бузулушу себеп болду, бийликтин бир жыл мурунку көп багыттуу саясат жүргүзүү аракетинин натыйжасы Кыргызстанды саясий, экономикалык блокадага такады деп айтышууда.

Аз күн мурда Eurasianet интернет басылмасы Кыргызстандагы орус элчилигинин 1-катчысы Виталий Скринникке таянып, Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун каржылоону токтотконун жазып чыккан.

Басылма цитата келтиргендей, В. Скринник “өткөн жылы 3-февраль күнү түзүлгөн келишимге ылайык берилген насыя акчаларды Кыргызстан максаттуу пайдаланбай, башка бир фонд түзүү үчүн колдонгонун, Камбар-Ата-1 ГЭСин каржылоону токтотуу ушундан улам болуп жатканын” билдирген. Азырынча В. Скринниктин сөзү расмий тастыктала элек.

Кыргызстандагы Орусия элчилигинин басма сөз катчысы Виктор Харченко В. Скринниктин сөзүн тастыктоодон баш тартты. Анын “Азаттыкка” билдиргени боюнча жакында кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны болот, анда мына ушул насыя маселеси да каралышы ыктымал:

- Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны болот, анда эки тараптын экономикалык кызматташтыгы тууралуу маселелер каралат. Азырынча так күнү белгилене элек. Биздеги маалыматтар боюнча ага Орусия тараптан энергетика министри, Кыргызстан тараптан премьер-министр катышат. Ал эми Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун каржылоо боюнча Виталий Скринниктин айтканы анын өзүнүн пикири. Бул элчиликтин пикири эмес.

Кыргызстан-Орусия алакалары бир жыл мурунку эки тараптуу түзүлгөн келишимдин талаптары Бишкек тараптан ишке ашырылбагандыгы үчүн салкындап бара жатканын, бул барып-барып эки мамлекеттин экономикалык кызматташуусу бузулуусуна алып келүүсү ыктымалдыгын саясат талдоочулар айта башташты. “Азаттык” үналгысынын кабарчысы менен болгон маегинде Орусиялык саясат талдоочу Модест Колеров Кыргызстан или өлчөмдөгү акчаны алуу максатында Орусия менен соодалашканы туура болбой калды, мындайлар саясатта унутулбайт деп билдирди:
Курманбек Бакиев АКШнын “Манас” аба базасы үчүн ижара акыны 17 млн. доллардан 60 млн. долларга кымбаттаттым деп мактанбай эле койсо болот.


- Максим Бакиев Орусия менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын күтүп отурбай, Кыргызстандагы ири долбоорлорго инвестиция тартуу жөнүндө сүйлөшүүлөр аяктай электе, Кытайга бара калып, ошол эле долбоорлордун айрымдарын Кытайга сунуш кылды. Мындай мамилени жоопкерчиликсиз деп айтсак жумшактык кылаар. Ушундан улам Кыргызстан-Орусия ортосундагы экономикалык алакалардагы башкы маселе – бул алакаларды өнүктүрүү эмес эле, жанагы ири суммадагы акчалай каражатты тезирээк ала калып, көзөмөлсүз ээлик кылуу болгону көрүнүп калды. Кыргызстандын бийликтери Американын “Манас” аба базасын чыгаруу, калтыруу маселеси боюнча Орусия менен амалданып соодалашканы эки мамлекеттин мамилесинде роль ойноду. Мындай нерселер саясатта унутулбайт.

Орусиялык саясат талдоочу Модест Колеровдун “Азаттыкка” минтип айтканы бийлик башындагылардын сөзүн тастыктоо деп эсептейт “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев. Анын айтуусунда Орусиядан алынган насыя акчанын башка багытта иштетилүүсү жана былтыр сүйлөшүлгөндөй АКШнын “Манас” аскер аба базасы Кыргызстандан чыгарылбай, аты өзгөртүлүп кала бергени орус бийлигинин нааразылыгын жаратып, эми Москва бирдиктүү экономикалык аймак түзүү боюнча долбоордон Кыргызстанды четтетүү аракеттерин көрүп жатат:
Ө. Текебаев: "Кыргызстан саясий жана экономикалык блокадада калды"


-Кыргыз бийлигинин Кыргызстандын ички саясатында жүргүзгөн өзүм билемдик, алдамчылык саясаты эл аралык мамилелерде өтпөйт. Кытай, Өзбекстан, Казакстан, Орусия жана Америка Кыргызстандын момун калкы эмес. Алар өзүнүн кызыкчылыгын жана өзүнүн намысын коргой ала турган улуттар жана мамлекеттер.

Өмүрбек Текебаев белгилегендей Кыргызстан азыр экономикалык жана саясий блокадада калды. Анткени Бирдиктүү бажы союзуна Кыргызстан кирбей калган соң, Кытайдын товарларын реэкспорттоо менен кошо эле кыргызстандык өнөр жай товарларынын Казакстанга, Орусияга кирүүсү кескин кыскарат:

- Казакстан жакында Кыргызстан менен болгон чек арасын зымтосмо менен тосуп, үч жүздөн ашуун видеокөзөмөл койду. Алар муну Кыргызстандан бир да контрабандалык товар өтпөйт, анын баары жогорулатылган бажы төлөмдөрүн төлөгөндөн кийин гана Казакстан менен Орусиянын аймагына кирет деп түшүндүрүп жатышат. Бирдиктүү экономикалык аймакка же Бирдиктүү бажы союзуна Кыргызстандын эмне себептен киргизилбегендигин Омскиде өткөн жыйында орус президенти жакшы түшүндүрүп берген. Кыргызстан Кытай менен жылына 14 млрд. долларга жакын соода жүргүзөт, анын 80-90% дал ошол Казакстанга, Орусияга реэкспортко кетчү. Натыйжада мындан Кыргызстан жылына 500 млн. доллар пайда көрчү. Курманбек Бакиев АКШнын “Манас” аба базасы үчүн ижара акыны 17 млн. доллардан 60 млн. долларга кымбаттаттым деп мактанбай эле койсо болот. Анткени эми реэкспорт гана эмес, жергиликтүү өндүрүш товарлары Казакстан менен Орусиянын базарларына мурдагыдай ээн-эркин баралбай, жолдон чоң бажы тосмосуна учурайт.

Орусия менен Казакстан Бирдиктүү бажы союзунун мүчөсү. Кыргызстан сыртта калды...
Байкоочулардын белгилөөсү боюнча Орусия Кыргызстанга экономикалык жактан кысым көрсөтүүчү болсо мындан эң ириде ушул тапта Орусияда иштеп жүрүшкөн кыргызстандык мигранттардын абалы оорлойт. Бул Кыргызстандын бюджети жыл сайын мигранттардан келип туруучу 1-1,5 млрд. долларга кемийт деген сөз.

2009-жылы 3-февралда Москвада Кыргызстан жана Орусия президенттери эки тараптуу экономикалык кызматташуу боюнча келишимге кол коюшкан. Ага ылайык Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун 1,7 млрд. доллар өлчөмүндө каржылоону өз колуна алмак болгон.

Андан тышкары Кыргызстандын 300 млн. доллар жеңилдетилген насыя, о.э. 150 млн. долларлык грант берүүгө макулдугун берген. Көп өтпөй Кыргызстандын каржы министрлигине 450 млн. доллар этап-этабы менен келип түшкөн. Ошол тушта экономика министри Акылбек Жапаров насыяга алынган 300 млн. доллар үчүн бизнести өнүктүрүү жаатындагы долбоорлорго сынак жарыялап, ага 300дөй долбоор кабыл алынганы белгилүү. Бирок ал сынактын жыйынтыгы чыкпай кала берди. Коомчулукка болгону Орусиядан алынган 300 млн. доллардын 100 миллиону жаңы жылдын алдында Өнүктүрүү фонду тарабынан Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушуна берилгени дайын, калганы белгисиз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Чындык каяктан: Германия
22.02.2010 19:12
Орустарга ишенбеш керек, алар Тажикистанга да 1 миллард доллар ГЭС курганы беребиз деп сөз берип, бир объектини алгандан кийин убадаларын аткарбай коюшкан. Кыргызстандан пайда алалбай турганын сезген үчүн кача башташты да.

кимден: Кыргыз мигранты каяктан: Москва
19.02.2010 17:41
Курманбек Салиевич, мен Сизге 2010-жылга чейин ишенип келиптирмин. Мен Сизге ишенгеним үчүн Кыргыз элимден жана Кыргыз оппозициясынан кечирим сурайм...

кимден: Алкаш орус каяктан: Сибирь
19.02.2010 10:57
РФ акчасын албай туруп деле ГЭС курса болот.Тажиктерден эмнебиз кем.Бийлик элден жалдырап акча сураса кичине берип турабыз.Сандыкта эле толтура.

кимден: Баки каяктан: Баткен
19.02.2010 09:27
Россия туура кылат, жеген акчага отчет бериши керек да, Камбаратага 100млн. бердик дегени да калп болушу керек, ал акча МАКСтын чөнтөгүнө түштү окшойт, калп эле бердик дешип. Андан көрө Россия 1млрд. 700млн. долларды бербей эле койгону оң, ал акчалар да Бакиевдердин чөнтөгүнө түшүп, эл жабыр тартат. Андан көрө азыркы ГЭСтерди оңдоп, түзөп, ортодогу коррупцияны азайтуу керек. калп эле Камбаратаны курабыз дешип чоң акчаларды алып, бирөөнүн чөнтөгүнө түшкөндүн эмне кереги бар. Коррупцияланган үй-бүлө кыргыздарга сүт кылбай калды.

кимден: Немис каяктан: Германия
19.02.2010 00:27
Бакиев өзүнүн үй-бүлөсүн эле ойлоп атканы баарыбызга белгилүү болуп турат. Булар Кыргызстанды чакан бизнес фирмага айлантып алып, кошуна өлкөлөргө уйат кылып атышат, намысы жок, бир байкуш эл кылып көрсөтүп атышат. Өлкөнүн президенти жалпысынан кандай болуш керек? Эң биринчиден, ал өлкөнүн күзгүсүда, ошого жараша элдин намысын ойлош керек, кошуна өлкөлөр, деги эле баардык мамлекеттер менен абройлуу, ишеничтүү мамиледе болуш керек. Ал эми Бакиевдер Кыргызстанды дүйнөлүк коомго, кыргыз элин, аң-сезими төмөн, эң артта калган, сабатсыз, маданиятсыз, намысы жок өлкө катарында көргөзүп, тескери имидж берип атышат. Ушундай Президенттин элге эмне кереги бар? Чет өлкөдөгү кыргыз мигранттары акыбалы оортлойт деген сөз, алардын үйбүлөөсүнүн, туугандарынын акыбалы да өтө оорлойт деген сөз. Кыргызстандыктар эмнени күтүп отурабыз?

кимден: Сарыөзөн каяктан: Чүй
18.02.2010 22:45
Почему калган акча дайынсыз? Дайындуу эле, баардык акча Азияуниверсалбанкта иштеп атат. Ошол 200 миллион доллар 15% менен бизнесмендерге берилип, бир жылда
30 миллион таза пайда.

кимден: Кыргыз жигит каяктан: Бишкек
18.02.2010 20:56
Да-а-а туугандар, ушул жогоруда айтылган, азыр ушул бийлик "после меня хоть потоп" деп жасап жаткан иштеринин натыйжаларын (результаты их деятельности), биз кийин кайра тазалап, коңшу мамлекеттер менен кайра ишеним мамилелерин орнотуу абдан кыйын болот ко! Андан сырткары, бул узак убакытты талап кылат!
Кыргызда мындай деген макал бар "Жаман болуш бир күндө, жакшы миң күндө".

кимден: Bishkek каяктан: Bishkek
18.02.2010 19:22
Orustar tuptuura kilishat. Azamattar. Akchani Kirgizstan tarapka kotorup bergenden koro berbegeni jakshi. Men Omurbek baykenin oyuna koshulam. Akiri barip Kirgizstan Ozbekstanga je Turkmenstanga aylanat. Buga dalil bolup J.Bakievdin elitalik asker kurushu dalil bolot. Bul askerler Bakievderdin kizikchiligin gana korgoit. Bashka ech kanday sir jok ortodo. Uyat... uyat...

кимден: Рома каяктан: Ростов
18.02.2010 18:55
Россия кредитин бербеши керек!!!Мен каршымын.Аны баары-бир талап кетишет!

кимден: Тилек каяктан: Аксы
18.02.2010 17:40
РФ акча бербегени жакшы берсе бир үй-бүлө бөлүп жеп койот элге эч нерсе жетпейт

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине