Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:26

Эркиндик

HRW кыргыз милициясын кыжаалат кылды

HRW Кыргызстандын түштүгүндөгү этникалык кагылышууларга байланышкан көлөмдүү баяндамасын жарыялады. Анда негизинен калаба кантип башталганы, аны учурунда басуудагы күч түзүмдөрүнүн алсыздыгы жана чатактан кийинки тергөө иштеринин бир жактуу болушуна жол бергендиги үчүн кыргыз бийлиги сынга алынган.

Оштогу азаптуу күндөр, 2010-жылдын июну.
x
Оштогу азаптуу күндөр, 2010-жылдын июну.
Текст көлөмү - +
Ошол эле учурда Кыргызстандын Ички иштер министрлиги бул дооматтарды четке кагып келет. 

 Human Rights Watch уюмунун баяндамасында этникалык кагылышууга алып келген окуялардын удаалаштыгы тизмектелип көрсөтүлгөн. Анда июндун онунан он бирине караган түнү казинодо чыккан чатактын натыйжасында “Алай” мейманканасынын айланасында өзбек тектүү жарандар чогулушуп, ызы-чуу аралашкан чагымчыл аракеттер коштолгондугу белгиленген. Мына ошол окуя чатактын андан ары карай ырбашына өбөлгө түзгөндүгү мисал катары келтирилген.

Аталган уюмдун изилдөөчүсү Оле Солванг андан ары карай шаардын ар кайсы бөлүктөрүндө баш аламандыктар башталып, окуялар курч мүнөздө өнүгүп кеткендигин белгиледи:  

- Ошол түнү шаардын ар кайсы бөлүктөрүндө адамдар көчөгө чыгышып, уруш-талаш, кол салуу, өрттөө аракеттери башталып кеткен. Эки тараптан тең жабырлануучулар болгон. Бирок бизге түшкөн маалыматка караганда, бул түнү көбүнчө кыргыз тектүү жарандар арасында жоготуулар көп катталган. Ошол эле учурда шаарга жакын райондордо кыргыздар боюнча көбүртүп жабыртылган ушактар дагы таркалып, адамдардын канын кызыткан.

Ошондой эле баяндамада чатакташкан тараптарды басууда Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн чабал аракети жана бир жактуулугу ачык байкалгандыгы жазылган. 

 Оле Солванг улуттук азчылык өкүлдөрү жашаган аймактардын коргонуусун бузуп кирүүдө аскер техникасын колдонууга жол берген учурлар далилденгендигин айтып өттү: 

- Негизинен он экинчи июндан баштап өзбек кварталдарынын коргонуу тосмолорун бузууда белгисиз адамдар БТР жана БМП сыяктуу аскер техникасын колдонгон учурлар болуптур. Муну менен алардын артынан каптап кирген сүрмө топтун чабуул коюшуна шарт түзүлүп калган учурлар болгон. Биз тиешелүү аскер жетекчилери менен сүйлөшкөндө алар чындыгында эле аскер техникасын тартып алган жарандар тобу аны бир күн бою алып жүрүшкөндүгүн айтышкан болчу.

Ош окуясында жабырлангандардын арыз-арманын укук коргоочулар угуп жатат
Мындан сырткары аталган укук коргоо уюму башаламандыктарды иликтөөдө тергөө органдары бир этникалык топтун өкүлдөрүнө гана басым жасаган учурлары болду деп сынга алды.

Тандоо эрежеси менен камоолор жана мыйзамсыз ыкмаларды колдонуу менен көрсөтмөлөрдү алуу жергиликтүү ички иштер органдарынын күндөлүк ишине айланган деп айыптады изилдөөчү Андреа Берг:

- Мыйзамсыз камоолор өтө көп орун алган. Мисал үчүн  Кара-Суу районуна караштуу Шарк  айылындагы имамдын орун басарын үйүндөгүлөргө билгизбей эле мечиттен кармап кетишкен. Анын кандай негизде камалгандыгын негиздеп беришкен да эмес. Анан аялдар барып, арызданып жатып бошотушкандан кийин, анын денесинен ур-токмоктун белгилери табылган. Ушундай нерселер болуп жатат.

Бирок мындай дооматтар менен Ички иштер министрлиги макул эмес. Министрдин биринчи орун басары Мелис Турганбаев аталган эл аралык укук коргоо уюму өздөрүнүн жоопкерчиликсиз билдирүүлөрү менен жаранын картын сыйрып, этникалык араздашууну ырбатып жатат деп айыптады:

-Укук коргоо органдары менен келип сүйлөшпөсө, биз менен маалыматтарды алмашып, кызматташышпаса. Анан эле сырттан эле ушундай деп атат дей бергендин кимге кереги бар. Анан алар деген тең карашпайбы. Бир жагын, бир капталын карап алып эле. Ушул аракеттери менен кайра эки элди кайраштырып, эки элдин кыжырын келтирип жатышат. Ошону эл окуп алат экен да, анан “аа бизден көп жоготуу болуп кетиптир” дешип, кыжырлана башташат. Ошентип булар кырдаалды кайра курчутуп жатышат. Жазса минтип так, калыс жазыш керек да.


Мындан сырткары Human Rights Watch уюмунун баяндамасында абалды жөнгө салуу боюнча  кыргыз бийлигине бир катар сунуштар берилген. Анда негизги шарттар катары этникалык араздашуулар орун алган аймактарда күч түзүмдөрүнүн зомбулугуна жол бербөө жана тергөө иштеринин акыйкат, калыс болушун камсыздоо чаралары көрсөтүлгөн.

Ош: Азаптуу жана армандуу күндөр


Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: зайирбек каяктан: Ош
19.08.2010 09:40
эми тарыхта ушундай коп болгон, улуттук азчылыктын куноосун жашырып келишкен да, титулдук улутту куноолоп коюшат негедир.бирок СНБ, МВД катуу туруп оз иштерин мыкты аткарып чыныгы куноолулорду кармап жазаласа болгону. ошондо акыйкат дуйного баары бир чыгат ко.Мелисбек Мырзакматов, Исмаил Исаков дой патриоттор кобойсун. анан оштогу кандуу окуялар башталааарда Ош УВД нын начальниги ким болгонун билбей жатам, ошол киши да жооп берсин, Иномжанды автоматттары менен кармап кайра коё берген, ал чыныгы коррупционер екен.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
18.08.2010 08:27
анткени кыргызды коро албайт эч кимиси. болуп жарып туруп башкаргысы келет да. эчтеке эмес биз кыргыздар дагы коркозобуз дуйного кыргыз ким экенин.

кимден: эже каяктан: Бишкек
18.08.2010 00:50
Анарбек иним Бишкектен!! Сенин жазганын биздин оюбузду топ бердин!! Биздин дагы оюбуз таптак ушундай!!! Милиция кызматкерлери силерди тушунгон эл колдойт!!! Силер да биздин эле балдарсынар!! Силерди биз кыргыз элин сатып кетпейт деп ишенебиз!!! А бандиттерге силер дайым алдары жетпес АСКА ТОО болгула!!!

кимден: Сыгылып эзилген каяктан: Ош
18.08.2010 00:08
Александр Князев кече ото эле биздин мамлекетти жамандап, озбек улутундагылар Авганистанга лагерге даярданганы кетип жатат деди (маалыматты кайдан алган). Жооп берсин? Кыргыз мамлектуулугу жок деп бир топ жаман создорду айтты эмне аны МИД Персона Нон-Грат деп атай албай, же орус шпиондоруна же Кыргызга шек келтиргендерге соз эркиндиги деп кое беребизби? Ал киши канчалаган жылдардан бери орус тилинин статусун , аскердик базасы учун кызмат уруп, бизди адам ордуна санабай келет, Бекназаров , давай действуй через МИД

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
17.08.2010 17:43
"HRW" сыяктуу уюмдар каргаша болгон өлкөлөрдө өрттүн чогун издейт. Өчүрбөй үйлөп турушат.
Өйдө чыксаң башыңдан тебелейт, талпайып жатып калганда, жөлөмүш этет. Негизги максаты "драма на чужом поле" окшойт.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
17.08.2010 16:33
Мен "HRW эл аралык уюму жаңы баяндамасын" окудум. Жарымын окуп эле очуруп таштадым. Жарымынан эле тушундум. Ар бир "Киргиз" деген созго "погромщик" деген соз коштоп жазылган. Эми бут кыргыз элин дуйного жаман атты кылганы аз келгенсип, эми Кыргыз милициясын, армиясын, куч органдарын жаманатты кылып жатат. Ооой бийликтеги тоболдор, качан жооп болот? Богот койгула мындай эл аралык уюдарга. Же кыргыз элин, Кыргызстанды болуп-болуп качан эле сатып жибергенсинерби?

кимден: Чындык каяктан: Ош
17.08.2010 16:13
Мынча чычалайт булар. Дуйно коомчулугу дагы бир нерсеге козу жеткени учун официалдуу билдируу жасап атса керек. Бугунку бийлик ООН, ОБСЕ, HRW, Амнистия коому, укук коргоочу уюмдар жана башка бардык уюмдардын иликтоолорун, билдируулорун жалганга чыгара бергенине карап туруп, ЧЫНДАП ЭЛЕ КУНООСУ БАР окшойт деп калдым. Болбосо ушунча уюмдар бирдей тыянак чыгарбаса керек.

кимден: Карина
17.08.2010 16:06
Давайте, озубуздун тагдырды озубуз чечели. УО эмне эшек такалап отуабы, Бекназаорв Кыргыздын намысына кара так тушуп атат, Бакиевдердин куноосун изилдеп отура бербьей дуйнолук СМИлердин алдында кыргыздарды актагыла.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
17.08.2010 16:03
Мен кыргыздын кызы катары УО го жиним келет . Булар эмнеге кыргыздын эртеники келечегин такыр ойлобой жатат. Дуйнолук СМИлер кыргыздарды канкор коруп жатат. Булар отурат. Тиги партиялардын локтору чогулуп дуйнолук СМИлерге андай эмес мындай деп айтса болмок. Алардын унун да чыкпай калды. Карапайым калктын эле шору болуп калды.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
17.08.2010 14:20
Мелис байке, корпогула, ишинерди так аткаргыла. Колунан бир тыйындык да пайда келбегендер силерди элге жаманатты кылып салды ансыз деле. Жумушунуз ушундай кен. Мендагы колдойм силерди. Эч коркпой смело жанага каракчыларды камап, опкосун узуп колуна карматкыла. Тартип ошондо орнойт
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)