Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:26

Саясат

БЭК: Элдик курултайда элди кыйнаган маселелер козголот

БЭКтин саясий бюросу бүгүнкү жыйынында 17-мартта өтүүчү Элдик курултайга даярдыктарды талкуулады. Мындан тышкары БЭК курамынан Элдик кеңешти чыгаруу чечимин кабыл алды.

Текст көлөмү - +
Оппозициялык бириккен элдик кыймыл Элдик курултайда элди тынчсыздандырган маселелер: электр кубатына, ысык-муздак сууга, байланышка, көмүргө, күйүүчү майга баанын көтөрүлүшү, “Түндүкэлектро”, “Кыргызтелеком” мамлекеттик ишканалардын сатылышы, кен байлыктарды, жерлерди белгисиз компаниялардын менчиктештирүүсү, Конституциялык реформа, президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу системасы, саясий репрессия жана саясий террор, Исмаил Исаков баштаган саясатчылардын сот жообуна тартылышы өңдүү маселелер караларын маалымдоодо.

БЭКтин саясий бюро мүчөсү Т. Тургуналиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, оппозициянын курултайы бийлик уюштуруп жаткан Ынтымак курултайына караганда чыныгы Элдик курултай болот:

Т. Тургуналиев: "Биздин курултай чыныгы Элдик курултай болот"
- Себеби дегенде бийликтин курултайы менен Элдик курултайдын асман менен жердей айырмасы болуп жатпайбы. Бакиев Ак үйдүн 7-кабатынан туруп алып, өзүнүн буйругу менен курултай чакырып жатат. Курултай дегенди өйдө жактан чакырбайт, эзелтен бери эл улам чогулуп, өзүнүн көйгөйүн айтып, курултай чакырылган. Биз дагы жер-жерлерге барып кыдырган учурда элге айтабыз, “эгер силерге дагы Кыргызстандын бүгүнкүсү, эртеңкиси кызыкдар болсо анда, Элдик курултайга барып, ар бир айылдан жок дегенден үчтөн-төрттөн өкүлдөр Элдик курултайга баргыла. Ошол жерден көкүрөгүңөрдөгү көйгөйлөрүңөрдү кенен айтып, чечип кеткиле,” деп ачык айтабыз.

Элдик курултайга бириккен оппозициялык блокко мүчө саясий партия, кыймылдар гана эмес, Кыргызстандын келечеги үчүн кайдыгер карабаган бардык жарандар чакырылат. Кыргызстандыктарга Элдик курултайдын максатын, маңызын түшүндүрүү үчүн БЭКтин активисттери жер-жерлерди кыдырып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү көксөшүүдө.

Бул тууралуу БЭКтин саясий бюро мүчөсү, академик Оморбай Нарбеков “Азаттыкка” билдирди:

- Биз Элдик курултайда төрт маселени: асмандаган баалардын кайра ордуна келтирилүүсүн, менчикке сатылган стратегиялык маанидеги ишканалардын кайра мамлекетке кайтарылышын, бийликтин саясий куугунтугу менен камалып отургандар акталышын, Башмыйзамды бийлик башындагылар өздөрү каалагандай буйлалаганын токтотуусун карап, бийликтен мына ушуларды талап кылабыз. Биз бул талаптарды 17-марттагы Элдик курултайда бийликке, президент Бакиевге, анын курултайына, жалпы Акүйгө коебуз. Президент булардын жообун ошол Ынтымак Курултайында келип берсин. Эгер ал Элдик курултайдын талаптарын аткарбай турган болсо, анда эл бийлик менен башкача маанайда сүйлөшүүсү мүмкүн.

 Электр энергиясынын, ысык суунун жана жылуулуктун кымбатташы башынан эле нааразылыктарды жаратып келе жатканы белгилүү. Буга чейин Бишкекте пенсионерлер кыргыз өкмөтүнүн кызматтан кетүүсүн талап кылган кайрылууларды, билдирүүлөрдү таратып келишкен.

24-февралда Нарында 2000ге чукул киши электр энергиясынын баасын арзандатуу, бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына берилүүчү 100-150 киловатт электр кубатына жеңилдикти калтыруу талабын коюп нааразылык иш-чарасына чыгышты. Бүгүн ошондой эле Бишкекте өлкөдөгү негизги уюлдук байланыш оператору болгон "Билайн" компаниясынын алдына жаштар ар бир байланыш үчүн 60 тыйындан алууну токтотуу талабы менен чыгышты. Мындан тышкары Алайда саясий куугунтукка кабылды деп айтылып жаткан И. Исаковду актоо талабы менен нааразылык иш-чаралары өтүп жатканы белгилүү.

Энергетикага баалардын кымбатташына нааразы болуп жаткан элди оппозиция өз пайдасына пайдаланууга аракет кылып жатат, бирок мындан жыйынтык чыкпайт деген пикир ээлери да жок эмес. “Ак жол” партиясынын депутаты Бейшенбек Абдрасаковдун ою боюнча, азыр эл оппозицияга ишенбей калган:

Б. Абдрасаков: "Оппозицияны эл ээрчибейт"
- Оппозиция бул кырдаалдан пайдаланууга аракет кылат. Бирок эл оппозициянын өңүн таанып калган. Алар элди алдыга салып коюп, аягында өздөрү четке чыга бергени, бийлик талашып, папка үчүн сатылып кеткендерин эл бүгүнкү күнгө чейин эле билет.


БЭКтин саясий-бюро мүчөсү, “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев болсо кымбатчылыкка нааразы болгон эл бүгүнкү бийликке ыраазы болгон үчүн чыгып атышкан жок, бул бүгүнкү бийликтин өз элинин ишеничине ээ болбой калганын көрсөтүп турат, деген пикирде. Анын айтуусунда, бул бийлик уюштуруп жаткан Ынтымак курултайынын уюштурулуусунан эле көрүнүп турат:

-Элдик курултай кайсы маселени талкууларын алдын ала ачык айтты. Күн тартибиндеги маселелерди, ал боюнча кабыл алына турган резолюциялардын багыттары жөнүндө да ачык айтып, курултайдын катышуучуларына буларды талкуулап, өз сунуштарын киргизүүнү суранды. Ал эми бийлик уюштуруп жаткан Ынтымак курултайынын кайсы маселени карап, кандай багытта талкуу болоору белгисиз, анда кабыл алына турган резолюциянын долбоорлору жок. Бул жок болсо 750 адам бир күнгө келип, кантип бир пикирди иштеп чыга алат? Кайсы маселеге кантип даярданып келет? Мунун баары көзүн байлап залга алып киргендей эле аракет болуп жатат. Мынакей эң чоң айырма -оппозициялык күчтөрдүн максатынын ачыктыгы, алар өз колдоочуларына жана жалпы калкка өз маселелерин коюп жатканы.

БЭКтин саясий бюросу 24-февралдагы жыйынында өзүнүн курамынан Мукар Чолпонбаев баштаган Элдик кеңешти чыгаруу тууралуу чечим кабыл алды. Кыймылдын саясий бюро мүчөсү Топчубек Тургуналиев бул чечимди Элдик кеңештин мүчөлөрү тарабынан 2008-жылы 24-декабрда БЭК уюшулуп жаткан убакта түзүлгөн келишимди бузгандыгы үчүн чыгарылды деп түшүндүрдү:

- Оппозиция биригип, бириккен элдик кыймылды түзүп жатканда айтылган: ар кандай нааразылык, ичкүптүлөрдүн баары сырт жакта эмес, кыймылдын саясий бюросунда айтылсын, ортого коюлсун деп. Бул шартты Элдик кеңештин мүчөлөрү бир нече жолку эскертүүлөргө карабай бузгандыктан, биз аларды кыймылдын курамынан чыгарууну чечтик.

БЭКтин мурдагы мүчөсү Мукар Чолпонбаев баштаган бир нече киши буга чейин жаңы кыймыл түзүп, муну бириккен оппозициянын мүчөлөрү айрым маселелер боюнча пикирлер келишпей жаткандыгы менен негиздешкен. Буга чейин БЭКтин курамынан “Ак шумкар”, “Асаба” саясий партиялары, айрым саясий кыймылдар чыгып кетишкени белгилүү.

Жүктөө
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Евро каяктан: Бишкек
03.03.2010 21:43
БЭКтегилерге кайрылат элем, озунордун ынтымагынар жок, бийлик талашып жатасынар, реально кимде акча болсо ошону колдоп бербейсинерби, азыр жон эле суйлоп кыйкырганынардан эч кандай толк жок.Бир эмес 10-100 жолу Курултай откоргуло баарибир толк жок, конкретно иш кылсанар жакшы болмок, азыр силерге Кудай дагы бир шанс берип жатат. Бири-биринерден кызганбай реально иш кылгылачы.

кимден: zamir каяктан: bishkek
25.02.2010 14:17
salam KEDEY
araketin jakshy birok bul sozundu kg da mektep okuuchusuga da aytsan kulot boluush kerek
kichine arky berkisin izildep korson jakshy bolmok
tuura arkimde jetishken jakshy sypattar bolot any chetke kaga albaybyz birok
eki soz jazan da adilettuu jaz anan el tarazy

кимден: патриот каяктан: Сузак
25.02.2010 12:27
БЕКтин мүчөлөрү азаматсыңар ! Эл силерди колдойт. Ал эми Бейшенбек Абдыразаковко капа болбогула. "Ит үрө берет, кербен жүрө берет" деген кыргыздын макалын жылмайып эстеп койгула.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: БИШКЕК
25.02.2010 08:22
БЕК ТУУРА ЧЕЧИМГЕ КЕЛГЕН,МУКАРга ОКШОГОНДОРДУН АЙЫНАН КЫРГЫЗ ОППОЗИЦЯСЫ ИШЕНИЧТЕН КЕТЕ ТҮШКӨН. ЭМИ БОЛСО ЖАГДАЙ БАШКА, БҮГҮН ЭЛ БЕКке ЧОҢ ҮМҮТ АРТЫП ОТУРАТ, БҮГҮН ЭЛ КОЛДОЙТ СИЛЕРДИ

кимден: Кедей каяктан: Мигрант
24.02.2010 22:05
Бекназаров жөнүндө бир-эки сөз. Менимче Бекназаровду президент кылып шайлап алышыбыз керек. Роза эже, Алмаз байке, баарыңыздар кенешип, Бекназаровду президенттикке көтөрүп чыксаңар, Тоодон толкуган эл бийлик элдин колунда экенин далилдеп коймок.Бекназаровду камашты сынган жок.Бийлик беришти.көппөдү, алданбады, сатылбады. Оппозицияда көп жылдан бери жүрөт. Чарчабады. чарчаса да элине билдирбеди.Качан болсо чындык деп чуркап жүрөт. Ден-соолукта болуп, өмүрү узун болушун каалайм. Карыганда Кыргыздын кадырлуу аксакалдарынан болот.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине