Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:24

Кыргызстан

И.Исаков парламенттик шайлоого өз партиясы менен барат

Кыргызстанда парламенттик шайлоо жакындаган сайын каттодон өткөн партиялардын саны өсүп, 120га чукулдап калды. Бүгүн алардын саны дагы бирге көбөйүп, коргоо министринин милдетин аткаруучу И. Исаков негиздеген “Азаттык” демократиялык партиясынын 1-курултайы өттү.

Текст көлөмү - +
“Азаттык” демократиялык партиясынын I курултайына бир миңден ашуун делегат катышып, өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаал талкууланып, партиянын уюштуруу маселеси каралды. Курултай соңунда алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу чечими кабыл алынды.

Ошондой эле партиянын саясий кеңешинин 17 кишиден турган мүчөсү бекитилип, кыргыз элине кайрылуу жолдонду. Кайрылууда өлкөнүн туруктуулугу үчүн ар бир атуул жоопкерчилик менен мамиле кылышы, алдыдагы парламенттик шайлоодо акыл-эс менен жыйынтык чыгарып таза, күчтүү партияга добуш берүү зарылдыгы айтылды.

Партиянын программасы экономика, билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык саясат, улуттук коопсуздук, тышкы саясат, маданият жана искусство багыттары боюнча иштелип чыккан.

“Азаттык” демократиялык партиясын коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков жакында эле түптөгөн. Ал курултайдын делегеттарына кайрылуу сөзү менен чыкты.

- Бийлике таза, ак ниет жана кынтыксыз репутациясы бар команда келиши керек. Чыныгы профессионал, өз ишин так билген, мамлекеттин тагдырына кайдыгер карабаган, коррупцияга жол бербеген чыныгы инсандарды “Азаттык” партиясынын максаттарын иш жүзүнө ашырууга чакырабыз. Өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулуу үчүн баардык мүмкүнчүлүгүбүздү жана билимибизди жумшайбыз. Биздин ураан “Тазалык, Тартип, Өнүгүү”! Жолубуз шыдыр болуп, дайыма элдин колдоосунда жүрөлүк,-деди Исмаил Исаков.

Исмаил Исаков 7-апрелден бери коргоо министринин милдетин аткарып келатат. Ал буга чейин парламенттик шайлоонун мөөнөтү аныкталары менен ээлеген кызматынан кетерин билдирген.

Генерал И. Исаков президент Курманбек Бакиевдин маалында Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын аркалап, 2008-жылдын 10-октябрында өлкө башчысынын жүргүзгөн саясатына макул эместигин билдирип, кызматынан кеткен. Андан соң ага карата кылмыш иши козголуп, сегиз жылга кесилип генерал-лейтенант наамынан ажыратылган. Апрель окуясынан кийин Исмаил Исаков акталып чыккан.

Ал жетектеген партиянын “Азаттык” аталышына генералдын абакта жаткан күндөрү себеп болгон. Партия Кыргызстанды экономикалык кыйынчылыктардан сууруп, “Азаттыкка” алып чыгуу максатын көздөйт.

Эмгек, миграция жана жумуш менен камсыз кылуу министринин милдетин аткаруучу Бөдөш Мамырова мурдагы бийлик Исаковду жок кылууну көздөп, бирок алардын ою оңунан чыккан жок деп билдирди.

- Менин балам мектепте окуйт. Ага сабактан “Токтогул жөнүндө айтып бер” деп тапшырма беришиптир. Анда балам “бийлик Токтогулду абдан жок кылгысы келди, бирок Токтогул такыр жок болбой койду” деп жазыптыр. Анын сыңарындай Исмаил Исаковдун тагдырын баарыбыз билебиз. Бийлик Исмаилди жок кылайын деди, бирок ал жок болбой койду. Ушул жердеги партиянын делегаттарына айтаарым, силер бүгүнтөн баштап бүтүм чыгарышыңар керек. Силердин алдыңарда бир гана жол турат. Акты ак, караны кара дешиңер зарыл. Себеби силердин башчыңар ошондой нерсенин казанынан кайнап чыккан инсан.

Апрель окуясынан чейин Кыргызстанда каттоодон өткөн партиялардын саны 110 чамалуу болсо, андан кийин алардын катарына “Бүтүн Кыргызстан”, “Республика”, “Айкөл Эл”, “Мекен баатырлары”, “Акыйкат” жана башка партиялар кошулган. Эми “Азаттык” демократиялык партиясын бул тизмектен учуратууга болот.

Саясат таануучу Марат Казакбаевдин баамында Кыргызстанда жаңы түзүлгөн партиялар эски партиялар менен биригип шайлоого барышы мүмкүн.

- Учурда көптөгөн жаңы партиялар ачылып жатат. Бул шайлоодо талапкерлер парламентке партиялык тизме аркылуу өтүшөт. Негизинен механизм иштелип чыккан. Бирок бул шайлоодо идеологиялык компонент жок болуп жатат. Менимче, жаңы түзүлүп жаткан партиялар “Ак-Шумкар”, “Ата-Мекен” жана “СДПКнын” катарына кошулуп шайлоого барышат, - деди саясат таанучу Марат Казакбаев.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Алча каяктан: Токмок
07.07.2010 19:26
Исмаил Исаков чыныгы Генарал! Ал партиянын ана башында турууга татыктуу. Алдыдагы шайлоодо чыныгы патриоттор, мекенчилдер, таза адамдар, келечекти коро билген жаштар, И. Исаковдун партиясына отуп, Кыргызстандын осуп онугушуно оз салымын кошушу зарыл. "Азаттык" партиясыны ийгилик! Жаштар силер менен кучтуу Кыргызстан учун!

кимден: Ooz
07.07.2010 17:30
Adamdar arasi oy-pikir alip-berishuunu til menen jasaybiz. Til jey turgan nerse emes. Bir dagi tildin gramatikalik zakondoru fizika je himiya'nin zakondoruna okshop almashpay turgan nerse emes. Til sosyologiyaluk almashuu menen almashat...

кимден: Asia
07.07.2010 17:22
Исмаил Исаков jaskshi adam. “How can you prove you are not a bad person? You can't prove that.” Mahmoud Ahmadinejad.

кимден: Bermet каяктан: Osh
07.07.2010 15:41
Cаламатсынарбы!
Биринчиден Аты жону жазылбаган кайсы форумга кирбегин аты жонунду жазбай ,кыргыз тилин граматикасын да туура жаза албай аябай адамдын кыжырына тийесин,Аялсынбы ,эркексинби деги дайынын жок,Эгер эркек болсон сен Генерал деген наамга жетип корчу,Сен Мекен учун да кызмат кылбаган коруносун ,Эгер кызмат отогон болгонунда "Генерал"- деген наамды сыйлайт болчусун,"Бир карын майды бир кумалак чиритет" болуп кайсыл жерде болбосун сассык создорун менен журосун,
Экинчиден Жаштар жазганынарды окуп баарын жакшы ой пикирлерди жазасынар,Силерден сураныч биз Ош шаарында жабыркаган жаштарбыз ,Биз азыр материялдык жана моральдык жактан аябай жардамга муктажбыз,Кандай окуяларды коз алдыбыздан кечирбедик,Уйлорубуз куйуп талкаланган ,деги эмнесин да айтасын айта берсен соз жетпейт, Аз болсо да жазган пикиринерди толуктап терен ойлонуп жазгылачы силерден ябай отуном , Ош шаарынан Бермет,

кимден: Улуу Кыргыз каяктан: Ош
05.07.2010 17:47
Мекенинди таштап, элинди таштап Космоско кетип калыпсын.Эми патриот болбой эле койчу.Кыйын болсон генерал болуп ал.Исмаил Исаковду элдин баары колдойт.

кимден: CCCP каяктан: Kosmos
05.07.2010 17:38
Kirgiz-ozbek chataginda munun unu chikpay pisik ketken... Janjal butup, kirgiz-ozbek jarashkandan kiyin "KIRGIZSTANGA BASHKA OLKONUN ASKERLERIN KiRGiZGENGE KAJETI JOK" dep chigip aliptir. Kiyin eken emne oshol uchurda chikkan emes...

кимден: Empire
05.07.2010 17:31
ок жетпес мен сени колдоймун. берген мисалдарын туура...

кимден: Улуттук ар намыс каяктан: Ош
05.07.2010 14:16
ок жетпес! Сен биринчиден пейилинди ондо.Анан экономиканы ондойсун. Экинчиден мекенчил болсон Кыргыз тилин жакшы уйронуп ал.

кимден: Ok-Jetpez
05.07.2010 12:31
Ech bir bashchi astinda turgan eldi satkisi kelbeyt. Askar Akaev, Kurmanbek Bakiev je Roza ejesha bolbosun bardigi kirgizdi namizin korgosh uchun ishteshken jana ishteshet. Bizdin ekonomikabiz nachar bolgon uchun usgul ahibalga kelip jatabiz. Araptarga, kazaktarga je orustarga okshogon ken bayligibiz da jok. Bir dagi bashka olkolor kelip bizge zavod-fabrika kurganin kutup jatabiz. Bashka olko kirgizstanga zavod-fabrika kurbayt. Kursa da emdigiche kurmak bolchu. Bashkalardin kurgan zavod-fabrikasi belgiluu chekke chein ekonomikabizga jardam berishi mumkun misali: Turkiya, Kitay, Thailand okshoshobuz. Birok ozubuz bilim adami(fizik, himik, biyolog), injineer(elektronik, mashina stroitel ) jetishtirip alar da zavod-fabrika kura turgan bolso Biz GERMAYA, AMERIKA, YAPONYA, KOREA, FRANSIYA, ANGLIYA okshogon mamleket bolobuz. Isakov go okshop bakildap-chakilday bergen ech nerseni almashtirbayt.

кимден: Турсун каяктан: Ош
04.07.2010 23:51
Биз бари бир Исмаил Исаковичти колдойбуз! Ураааааааааа ...
Ичиң күйгөнүң туздан татып ал. Мээсинен айныгандар Исаковдой таза адамдарга көө сүйкөй берет.
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)