Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:23

Саясат

Бишкек күчөтүлгөн режимге өттү

Бишкекте 17-мартта Элдик курултайга катышчу делегаттарга жөө жүрүшкө чыгууга тыюу салынды. ИИМ жетекчилери жөө жүрүшкө чыккандар мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертти. Алдыдагы Нооруз, Ыңкылап күнү жана Ынтымак курултайы болгон күндөрү шаарда милиция күчтөрү күчөтүлгөн режимде иштемекчи.

Текст көлөмү - +
Эртең Бириккен оппозиция Элдик курултайдын катышуучуларын Алматы көчөсүнөн борбордук “Спартак” стадионуна чейин жөө жүрүш менен алып барууну пландап жаткан. Шаар көчөлөрүн аралап жөө жүрүш менен барууга уруксат берилбегендигин ички иштер министринин орун басары Жакыпбек Азизов бүгүнкү маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, мындай акция жолдо коомдук кыймылга, автоунааларга, жүргүнчүлөргө жолтоо болот.

Ал арада Жогорку Кеңештеги социал-демократтар фракциясынын төрайымы Роза Отунбаева шаар бийлигинин жөө жүрүшкө тыюу салып, курултайга келгендерди автобус менен ташууга көмөктөшүүгө даяр деп билдиришин эки жүздүү аракет деп баалады.

-Бийлик элге кам көрбөй эле коркконунан ушундай иш-аракеттерге барып жатат, -деп  сындады Роза Отунбаева.

Бишкек шаардык мэриясы оппозициянын курултайына келгендердин жөө жүрүшүнө тыюу салууну өтүнүп сотко кайрылган. Биринчи май райондук соту бул маселени карап, өтүнүчтү канааттандырган чечим чыгарды. Бирок соттун чечими 10 күндөн кийин гана күчүнө кирмекчи.

21-марттагы Нооруз, 24 - март Ыңкылап күнү жана 23-марттагы Ынтымак курултай болгон күндөрү коомдук тартипти сактоо үчүн баш калаада жети жарым миң милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.

Ички иштер министринин басма сөз кызматынын жетекчиси Рахматулла Ахмедов милиция кызматкерлерине эл менен сылык-сыпаа мамиле кылуу боюнча көрсөтмө берилгенин “Азаттыкка” билдирди.

-Майрам алдында жана майрам күндөрү ички иштер органынын өздүк курамы күчөтүлгөн түрдө кызмат өтөө режимине өтөт. Борбордук аппараттын кызматкерлери да көчөгө көзөмөлдөөгө чыгарылат. Ички иштер органынын өздүк курамына жарандарга сый жана этият мамиле кылуу боюнча инструкция берилген. Милиция кызматкерлеринин саны жана колдогу техникалык каражаттар майрам күндөрүндө бүтүндөй республика боюнча тийиштүү тартип жана коопсуздук камсыздалаары жөнүндө ишенимдүү билдирүүгө мүмкүндүк берет.

Ички иштер министринин орун басары Жакыпбек Азизов 17-март оппозициянын курултайы алдында жер-жерлерде орун алган уруп сабоолор, “Форум”гезитинин күчтөп тартып алынышы, курултайга чакырып маалымат таратып жүргөндөрдүн кармалышы боюнча маалымат кийинчерек берилерин айтып жооп берүүдөн баш тартты.

15-мартта кечки саат сегизде милиция кызматкерлери “Форум” гезитинин басмаканадан чыккан жаңы санын бир нускасын калтырбай тартып алышкан. Алар буга эмне негиз болгонун айтышкан эмес. Өздөрүн тааныштырбаган, куралданган милиция кызматкерлери гезиттин жаңы эле басмаканадан чыккан 7 миң нускасын ташып келе жаткан редакциянын үч машинасын кызматкерлер менен кошо камакка алган.

Аларды алгач Бишкек шаардык милиция башкармасына, андан кийин Октябрь райондук милиция бөлүмүнө алып барышкан. Ал жерден журналисттерди түшүнүк кат жаздыргандан кийин социал-демократтар фракциясынын өкүлдөрү жана укук коргоочулардын кийлигишүүсү менен чыгарышкан. Бирок “Форум” гезитинин жаңы басылган нускасын бүт алып калышкан.

“Форум” гезитинин редакторунун орун басары Жылдыз Мусабекова гезиттин нускасы бүт тартып алынышын бийлик тарап Элдик курултайга арналып чыгарылды деп шектенип, кооптонуп жаткандыктан ушундай ишке барды деп билдирди.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: кoлдук кыз
17.03.2010 04:50
Урматтуу күч органдарында иштеген жигиттер силерден көп нерсе көз каранды болуп турат азыркы кыйын кырдаалда, өзүңөр элден чыкканыңарды эске алып элге ок чыгара көрбөгүлө.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: БФШКЕК
17.03.2010 00:04
Чыр чыгарыш үчүн кандай провокациялар белгиленип жатканын ким билет. Бул курултай деле бир короодо камалып алып, кыйкырып кыйкырып алып тарап кетүү болот окшойт. Бийлик эч качан эл талабын аткарбайт. Себеби коркок экенибизди жакшы билишет.

кимден: Аске
16.03.2010 23:35
Ачык айтайын, 2005-жылга чейинки бийликтин күч структурасы идеялогиялык да методикалык жактан да эч даярдыгы болгон эмес. Ак үйгө кирген топ атайын даярдалган балдар болчу. Акаев эч качан ок атмак эмес. Ал киши кичине чет жерди көрүп келген, анча куулук шумдугу жок, интелектуалдуу адам эле. Непотизм аны жеди.

кимден: kirgiz каяктан: korey
16.03.2010 20:52
Роза Отунбаева: «Бакиевщина обращается со страной как с бизнес-компанией»
10.03.2010 17:45 msk

Фергана.Ру
Оставить комментарий (6) Опубликовать в Facebook




Роза Отунбаева, лидер фракции социал-демократов в парламенте Кыргызстана, - из тех немногих людей, кто осмеливается говорить о беззаконии и несправедливости в стране с высокой трибуны. Правда, провластные СМИ ее совсем не цитируют, не то нынче время - свобода слова не в почете. После резкого повышения тарифов на коммунальные услуги Роза Исаковна публично потребовала от премьер-министра страны Данияра Усенова уйти в отставку. Она направила в аппарат правительства свой депутатский запрос, в котором назвала приватизацию двух энергетических предприятий страны «противоречащей интересам народа, подрубающей под корень основы его благосостояния», а также «грабительской и преступной». О своем отношении к происходящему в социально-экономической и политической сферах Кыргызстана и своем видении перспектив Роза Отунбаева рассказала в интервью «Фергане.Ру».Ushul pikirdi koldoybuz>BIYLiktin juzu ushul ketsin?akiykat biz tarapta!EL JENEBIZ ALGA!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)