Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:20

Экономика

Кыраан чилдедеги газ санаасы

Өзбекстан жөнөткөн «көгүлтүр отуну» үчүн 5,3 миллион доллар акчаны Кыргызстан алдын-ала төлөбөсө жөнөтпөй коерун 11-февралда кабарлады. Ушу тапта кыргыз өкмөтү ал акчаны кантип табуунун аргасын издөөдө.12-февралда парламент Өзбекстан газ маселесин талкуулап, кыраан чилдеде калкынын кыйласын «көгүлтүр отунсуз» калтырган тармак жетекчилерин жоопкерчиликке тартуу маселесин койду.

Текст көлөмү - +

Коон үзгөндө эмес, бозо сүзгөндө барып...

Кычаган кыш келгени карызды төлөбөсө “газ куурду” жаап коерун буга чейин деле Өзбекстан бир нече ирет коюп, аны кыргыз өкмөтү бюджеттик ссуда эсебинен жаап келатканы көпчүлүккө дайын. Бул ирет да карыз акча ошондой эле жол менен бүгүн-эртең жоюларын Кыргызстандын өнөнр жай, энергетика министри Илияс Давыдов ырастады.

- Мен дагы бир жолу түшүндүрө кетейин. Бүгүнкү күнгө карата карыз 5,3 миллион долларга чыкты. Буга чейинки эсептердин баары
Бүгүнкү күнгө карата карыз 5,3 миллион долларга чыкты.
туура келет. Бул 11-февралдын эртең мененки саат сегизге чейин келген газдын акчасы.

Быйылкы жылга Өзбекстандан алынчу газдын көлөмү деле чектелүү, болгону 200 миллион кубометр. Газ көлөмү азайганы аны уурдоолор күчөп, тармак жетекчилери андан чыгуунун жалгыз аргасы катары электрондук эсептегичтерди орнотуп чыгууну көздөшүүдө. Буга чейин алардын 22 миңден ашууну коюлган. Эми да 30 миң ашуун газ керектөөчүгө акчасын төлөбөсө газ бербей турган эсептегичтер коюлса соңку жылдары күчөп кеткен уурдоолор тыйылып, газ менен камсыздоо кызматынын иши жүрүшмөк. Керектөөчүлөрдүн “Кыргызгаз” акционердик коому алдындагы карызы 360 миллион сомго жеткен.

Парламенттеги талкууда “Акжол” фракциясынын өкүлү депутат Бейшенбек Абдыразаков уурдалган газдын баасы канчага жетерине кызыкты.

Бейшенбек Абдыразаков: - 24% жоготуу акчага которгондо канча миллион сом же доллар болот?
Илияс Давыдов: - 14 миллион доллар.
Бейшенбек Абдыразаков: - 14 миллион доллар да. Оштогу 50% жоготуу канча болот?
Илияс Давыдов: - 20,5 миллион.

Баткенге барып көрдүңүз беле?

Парламенттин биртоп депутаттары кыраан чилдеде кычап кетчү Өзбекстан газ маселесин сугат суу проблемасына байланыштырып кароону, Баткен облусунда ушу кезге чейин Өзбекстан иштетип жаткан газ кендерин кайтарып алуу зарылдыгын козгошту. Кыргызстанга келчү газ баасы өтөле кымбат экендигине парламенттеги социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Роза Отунбаева токтолду.

- Ошол эле газды түштүк аймактары үчүн Казакстан 84 доллардан сатып алат. Беларус Орусиядан 168 доллардан сатып алат. Биздин 200 миллион кубометр газ, Илияс Абдулович, жакшы билесиз, Өзбекстан жыл бою өндүргөн 54 миллиард кубометр газдын бир тамчысы.

Ташкендин тилин таап Кыргызстанга салыштырмалуу арзан газ сатып алган Казакстан жакынкы жылдары түндүк тарабында өндүрүлгөн газын түштүк аймактарына тартып өтүү аракетине киришүүдө. Парламент талкуусунда, Орусиядан суюлтулган газ же болочокто Казакстан газын сатып алуу сунуштары да айтылды. Депутат Алмаз Каримов кыргыз өкмөтүнүн өзүнөн чыкчу газга көңүл бурбай келатканына токтолду.

- Баткенге барсаңыз газ жөн эле чыгып жатат. Ошону карап койгон эч ким жок. Эмне үчүн ошого инвесторлорду тартып бербейбиз?
Качанга чейин биз Өзбекстандан сурап жүрө беребиз?
Качанга чейин биз Өзбекстандан сурап жүрө беребиз? Өзүбүздүкүн башташ керек.

Азырынча Кыргызстан жылына 30 миллионго жакын кубометр газ өндүрүүдө. Бул жалпы керектөөнүн 4% жакынын жаба алат.

Өкмөт “Кыргызгаз” акционердик коомун болгон мүлкү менен орусиялык “Газпром” компаниясына сатып, “көгүлтүр отун” башоорусун аларга жүктөп коюуну көздөөдө. Бирок да газ чыгышы мүмкүн делген эки участокту изилдөө-иликтөө иштерин толук бүткөргөнгө буямасы келбей, инвестициялык милдетин аткара албай отурат. Өкмөттөн болсо азырынча энергетикалык объекттерди сатуу, тарифтерди көтөрүүдөн башка алгылыктуу сунуш түшө элек.

Жыл ортосунда газ баасы 16% дагы көтөрүлөрүн И.Давыдов депутаттар алдында ырастады. Аны күтпөй эле “Кыргызгаз” акционердик коому сомдун долларга карата катышына ылайыктап газ баасын азыноолок көтөрүп, акысын убагында төлөбөдү шылтоосу менен кыш чилдеде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына газ берүүнү теңине кыскартты. 5,3 миллион доллар карыз акча төлөнбөсө Өзбекстан газ берүүнү толук токтотуп коерун айтып кыш чилдеде сес көрсөтүүдө.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: немис каяктан: Германия
14.02.2010 05:43

Менин пикиримде, азыркы паракор бийлик Кыргызстанда газ жана нефти ондуруу, негизи эле мумкун болгон продукция чыгара турган ондрушторду иштетууну каалайшпайт. Эмне учун ушундай каалашпайт? Себеби, импорт менен келген газ, куйучу май, ондуруштук продукцияны сатып алганда паракорлорго акча жагынан пайдалуу (б.а. выгодно) болуп атат, анкени импорттон келген продукцияга толончу акчадан приписка жасап, чон шабашка жасап алышат. Мына ушундай, атайын жасалма схема менен бийликтеги коррупционерлер жыргап атышат, Бакиевке "лаппай ханым" деп кошомат кылып койуп. Эгерде азыркы бийликтеги аткаминерлерди жалан айлык акыга отургузуп койсунчу, эч бир чиновник иштегиси келбей калат, себеби кичинекей айлык акыга алар ыраазы болбойт. Алар ошол майлуу должностько отуруш учун, чон шапка беришет. Ал шапканы кайтып, оордун толтуруп, анын устуно кошуп пайда коруш керекда. Азыркы учурда, эмне учун элдин копчулугу, бийликке жетекенге аракет кылышат, себеби чон шабашканын баары ошол жакта. Эмне учун азыркы бийлик бюджеттеги иштегендердин айлык акысын, песионерлердин пенсиясын жакшылап жогору которушпойт? Анткени жогору которуп койсо, коррупционерлердин шабашкасы азайып калат. Ошол чон шабашкалар, элден салык аркылуу тушкон, бюджеттеги акчалар, элди ар кайсы амал менен алдап-соолап коюп, озулору май чайнап отурушат. Ушундай жегич бийлик турганда Кыргызстанда эч качан ондуруштук ишканалар курулбайт дагы, онукпойт дагы. Азыркы бийликти адамкерчиликке, акыл-эске, адилеттуулукко чакыруу, бекер убакытты коротуу деген соз. Бул оз элине наадандык кылган, уй булоолук бийликти кубалап кетириш керек, башка жол жок туугандар.

кимден: Gulnura каяктан: Stanbul
14.02.2010 01:42
degi kyrgyz elin kiynap butunorgo,ozubuzdon chikan nerselerdi ozubuzgo kimbat satasinar bashka olkolorgo jakshi korunup azran satasinar. Jon koyso alarga beker ele berginer bar. Ushunchalik kiyin bolsonor gazdi arzan albaysinarbi kelishim tuzup jokdegende,mobildik tarifterdi da kotorupsunor biz bul jakta jurup janibiz keyip jatat.

кимден: gulumkan каяктан: Germaniya
13.02.2010 17:24
Alma bysh oozuma tush dep otura bersek, oshondoi bolot da. Biroodon karyz, koz karandy bolgoncho emne uchun ozubuzdun gazdy ishtetuunun charasyn korboibuz. Bilbeim energetika tarmagyndagylar kandai ishteshet? Ar kim ozunun ishinin odosunon chygysh kerek da.Kyshtyn kamyn kyshta emes, jazda korush kerek. Kysh bolgondo,gazdy kymbattatyp, toktotup koyup elderdi korkutpai.

кимден: Нур-Султан каяктан: Баткен
13.02.2010 15:43
Көрдүңөрбү кыргызды өзбеги да,казагы да аябайт.А силер пансионат,жерлерди ит бекер эле коркуп берип жатасыңар,жамандар!!!...

кимден: Кенеш каяктан: Орусия
13.02.2010 14:05
Эми шаарда кантип жашайбыз? Газ жок болсо, светтин баасы 1,5 сом болсо, отопления дагы кымбат болсо.

кимден: rysbek каяктан: russıa
13.02.2010 13:33
Bul jerde tushunbostuk bolup jatat, eger bishkek shaar turgundarin alip karasak gazdin akchasin kopchuluk el oz ubaginda toloshot bolboso gazdi teksheruuchulor toktotup koymok. Olkonun tushtuk tarabinda biraz uurdoolor bar birok alardi eseptesek da energetika ministrinin aytkan 50%jogotularga jetpeyt. Al jon gana bul tarmak ichinde korrupsiya bolup jatkanin korsotot. Bizdin okmot da ushul chakta chechkunduu kadamdarga barish kk dep oyloym, sebebi bul tarmak jogotkon achani okmot ozbek tarapka el budjetinen tolop jatpaybi minday masele chechilish kk, gazdi satip aldik kayra elge sattik birok akchasi ortodo jogolboshu kk.

кимден: Жениш каяктан: Ош
13.02.2010 10:13
И.Давыдов газдын баасын көтөрсө энергетиканы көтөрдү июлда дагы көтөрүлсө.Бул Илияс акени жумуштан алып ташташ керек.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)