Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:20

Саясат

Курултайлар кулач жаюуда

Бириккен оппозиция 7-апрелде бүтүн өлкө боюнча элдик курултайларды өткөрүүгө камынып, жер-жерлерде уюштуруу комитеттери иш алып барууда.

Нарындагы элдик жыйын. 29-март 2010
Текст көлөмү - +
Элдик курултайлардын максаты жөнүндө Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын төрайымы жана Элдик курултайдын борбордук аткаруу комитетинин жететкчиси Роза Отунбаева маалымат бөлүштү.

- 17-мартта Элдик курултайда бийликке жети талап коюлуп, анын аткарылышына 24-мартка чейин убакыт берилди эле. Эгер аткарылбаса жер-жерлерде элдик бийлик орнотуу максатында курултайлар башталары маалымдалган. Мына алгачкысы Чүйдө өткөнү жатыптыр. Ушул тууралуу маалымат бере кетесизби?

- Азыр Элдик курултайдын аткаруу комитетинин бөлүктөрү ар бир облуста түзүлүп калды. Мурдагы күнү Нарында, өзүңүздөр көрдүңүздөр, Д. Үсөнов менен беш сааттык жолугушуу болду. Биздин исполкомдун мүчөлөрү, облустун өкүлдөрү ошол жерде туруштук берип, абдан чоң ишти жасашты. Бүгүн Чүй облусунда дагы түзүлүп атат, бул эң чоң уюштуруу комитетинин бири. Мындан кийин биз курултайларды даярдаганга киришебиз. Бул уюштуруу комитеттери жетисинде курултайды ачат деген сөз.

-Элдик курултайдагы талаптар өзгөрдүбү? Айталы, бийик тоо шартында жашагандарга электр акысын төлөөдөн жеңилдик берип жатканы сиздердин талаптардын аткарыла баштаганы эмеспи?

- Эч нерсе өзгөргөн жок. Өзүңүздөр көрүп атасыздар, беш саат Нарында өкмөт элге туруштук берип атат. Ошентип Кыргызстандын ар бир шаарына барып беш сааттан эл менен алышсын өкмөт. Өздөрү болсо байып атат, жеп-ичип атат, ушунчалык кыянаттык менен бийликти колдонуп атышат. Мына баласына тапшырып берип атат. Закондордун баарын бузуп атат. Мына кечээ болсо Эркин Бөлөкбаевдерди жаттап алгансып, 8 жылдан кем кылбай, кыянат иштерди жасап атышат. Эмне үчүн ошолордун баарына чыдап отуруш керек экен.

- Сиз өзүңүз деле уксаңыз керек, президент Ынтымак курултайында оппозицияны сындап, каралагандан башка альтернативдүү программасы жок деп айтты. Сиздердин программаңыздар барбы?

- Сөзсүз. Биздин программабыз элди тоноо эмес, элдин байлыгын эл аралык жуликтерди алып келип сатуу эмес, элдин алдында берген антты бузуу эмес. Өзүнүн туугандарын ушул жерге эч качан койбойм деп 2005-жылы айтты эле. Ушундай нерселердин баарын кайра ордуна коебуз, стратегиялык объектилердин баарын ордуна коюу, тегеректеги чоң башка дүйнөлүк сценадагы элдер менен өзүбүздүн карым-катышты кайра оңдоо деген программабыз бар.
 
Соттор ушунчалык кыянаттык менен иштегенин өзүңүздөр көрүп атасыздар, мейли Исаков болобу, мейли Бөлөкбаев болобу, булардын баарын элдик душман кылып, сегиз жыл берип атат. Эмне ушундай жылдар булардын түшүнө киргенби. Булардын баарына биз дагы жооп беребиз.

- Рахмат маегиңизге.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Ишеним каяктан: Артыбызда ЭЛ
31.03.2010 20:59
Элдик Курултай программа минумумга ылайык,Жер-Жерлерде аткаруу комиттеттерин түзгөнү чоң практикалык иш жүзүндө аткарышууда(Чүйдө-Ошто түзүлдү),(Ал эми дүйнөлүк тарыхта Октябрь –Революциясында,падыша бийлигинин революцияны колдогондору жалпы Ленин тарабынан колдоо таап, пролетарийлер өкмөтүнө кызмат кылган),Биз ошондой Эле Роза эжеОтунбаева СССР заманында эле МИД Элчиси болгон,КАныкейдей ,эле КыргызЭЛИнин келечеги үчүн бийликти сындап күрөшүп ,лидер болушун толук колдойбуз!(КАйсыл бийликте болсо да татыктуу иштеп келген _министр катары).Оппозиция кет дегенден башканы билбейт депайткан,АНДА бул Бакиев билсин "кыргыз эң жек көргөн адамды кет деп айтат, Ал Элдик курултай кет десе злдин атынан,Жалпы-копчулук элдин-кыргыздын атынан ,колдогон көпчүлүктүн атынан талап кылышууда.Бул бийлик Элдик курултайдын чечимин эсептешмек түгүл угуп даа койбогондуктан Кетсин!Элдик курултай жер -жерде эл колдогон эл үчүн иштеген бийлик түзүүгө жетишиптир, (эл журт эми 21 кылымда кокон хандыгын орнотууга кыргыз сөзсүз богот койолу! Курулай ынтымак деп дүжүрлөрдү сайратып,курулай-декларациядан,Жасалма Чогулущ уюштуруп,элдин жон терисин тилип,Электр суу төлөмдөрдү жашоону чексиз кымбаттатуу булл бийликтин программасыбы?!,анткени эл бийлик канча жашырса да 5-жыл ичинде орчундуу маселелердин бирин да аткарбады!,Эл турмушу оордоп,билим алгандары жумушсуз,сыртта тентип айрыкча Бакиев келгенден соң кыз-келин,жаштар сыртка агылганы турмуштун 24-марттан кийин оордогонунун чоң бир белгиси!Ушул март окуясы ан кийинки элдик курултайдын Чечимдери, улуттук намысты,сезимди ойготуп Элге дем берүүдө,жаныча багыт алып кыянатчы бийликтин өмүрүн кыскартканга ишеним пайда болду, Эл аралык аброй жок , Бул март төңкөрүшүнөн пайдаланган бийликтин анык жүзү Жалпы кыргызга чоң зыян алып келүүдө,экономикалык блокада,ушул темпте кыргызды курутат! Ал эми калктын чыдамы аргасы түгөндү,Элдик кыймылдын 7 пункттан турган чечимин колдоп турмушка ашырылы!Анткени так жить невозможно-кулдук психологияда, баатыр, кайратуу,(өтө чыдамкай кыргыз болсокда)кыргызЭЛИМ!Элдик курултайдын жер-жерде уюштурулуп чыныгы ЭЛ Бийлигин орнотууга Урматтуу РОЗА эже Белсенип киришкенинерди толук Кыргыз эли колдойт, бул окуя жакшы жөрөлгө!!РОЗА Эже,О.Текебаев,А.Атамбаев,Т.Сариев,А.Бекназаров А.ЧОТОНОВ,Шерниязов,Бешимов, буткул курултайдын катышу учу,аткаруу кыймылынын жер –жердеги лидерлери АРтыңарда калкайган улуу кыргыз эли, жүрөгүңөрдө ишеним чындык турат!

кимден: паланча каяктан: Бишкек
31.03.2010 19:54
"Тиги жаман, бул жаман" дегенди токтотуп, этияттык менен , көпкө созулушуна даяр болуу менен, саясий күрөштү баштоо керек. Бир партия чыкса., калгандары карап турбай. партиялык жетекчилердин кеңешмесин өткөрүү керек, активдүү кишилердин көпчүлүгү, партиялардын катарында. партияда эместер деле, топ топко чогулушу керек. Маалымат согушунда уткан, ошол жеңишке жетет - сайт, гезиттерди жапса, кадимки кагаз таратуу ыкмасына(100 жыл мурдагы) өтөт окшойбу, кысталак.

кимден: качкын каяктан: ош
31.03.2010 19:44
Билип туруп жасабайт дегени эмнеси ? Билбеген адам бийлике мынча жармашпайт.Кыргыздын эзелтен кайдыгерлиги.Акаев билбей качтыбы .Ээй кыргыз Роза эже билбей кыйкырбайт көзүңдү ач эртең, кеч болот.
.

кимден: васек каяктан: нарын
31.03.2010 19:41
Колуңардан эч нерсе келбейт!!!

кимден: Barsbek каяктан: Brussel
31.03.2010 19:03
Slamatsinarby Kyrgyz Elim! Birinchiden, kanday oppozitciya bolbosun anin barina biz suyunushubuz kerek, bul bir. Kemchilikter bar, bul kemchilikter oppositisianin tajiyrbasi joktuguna baylanishtuu. Birinchi Akaev, andan kiyin Bakiev, bash ktortpoy bulardi kuuguntuktap anisi az kelgensip ich ara bolup, constructivduu oppozitsianin tuzulushuno jol berbey atpaybi. Batishtagi oppozitsianin arkasinda ardayim sredniy klass turgan, oshonduktan alar ozdorun programmasin osholordun shartin ondoo arkiluu tuzup, alardan chon koldoo alip turushkan, a bizde sredniy klass jokko barabar. Bizde oto baylar menen taptakir kolunda joktor basimduuluk kilat. Oshonduktan, oppositsiani kop sinday berbey, andan koro alarga koldoo korsotolu, kichine ubakit bereli, oshondo bular dele bir programma menen kelip chigaar. Men Almazbek Atambaevde chon umutum bar, al ekonomikani menen proizvodstvonu jakshi tushunot, al premer bolup turganda VVP 8% ozgon, ekomicalik onuguu programmasin Almaz baike ozuu tuzo alat. Bul jerge Sultan degen jigit, presidnt balasin koyup joopkerchilikti moynuna aldi dep kulkunu keltirip oturat. Ee bir tuugan, kayaktagi joop kerchilik, bularda ech kanday joop kerchilik jok. Men kop jazip koysom kechirip koygula, kichne emotsiayaga berilip kettim. Men oppositsiyaga iraziichilik bildirip taazim etem. Kyrgyz elim oygongula, Kyrgyzstandi tonoogo jol berbeyli.

кимден: Nursultan каяктан: Osh
31.03.2010 18:02
Sultan Oshton sen Bakievtin tezek tergile jana Kirgizstan kolhoz ekendigine isenip, koldop jurgondordonsungo. Sen ushul Bakievterdin kolunan bir kizmatka oturgansingi je birdemken bar da. Bolboso azir Bakievtin bashkarganina 5 jil boldu, biz kayra artka karay ketip bara jatabiz. Sultan saga naalat!!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
31.03.2010 17:07
Оштук Султанга,оппозициянын программасын уккуң келсе,Бакиевтерди калкалабай эле,ей кана программаңар дебейсиңби.Бир кана нерсе анык,Бакиев көшөкөрлөнгөндөргө муктаж эмес,анда бийлик да,күч да бар.
Кошоматчыларсыз эле жашоосу өтөт.Кеп деген ошол колунда бары бар,бирок эли жок калып жатканында болуп жатпайбы.Бүгүн бир уучка толбогон дежурлары эле болбосо,элдин көбү БЕКти эрчип кетти,эми президент эрдик кылып өзү да эл тарапка өтүп алса,талаптарын орундап берсе тактыда маа демектен түбөлүккө калсын дейт элек,өтпөй жатпайбы эл жака,менин арыстаным бар деп. Андыктан калыс сүйлөйлү,көп жерден жаңылышып алды президентибиз,бирок оңолсо дале кеч эмес

кимден: Акыл каяктан: Бишкек
31.03.2010 17:05
Роза Отунбаеванын айткандарынын көбү туура жана чындык. Бирок жалаң эле пикет уюштуруу жолу менен бүгүнкү бийликти алмаштырууга болобу? 2007 жылдагы ноябрь айындагы он миндеген адам чогулган убакта, анда азыркы бийлик мындай күчтүү эмес болчу, бирда жардылыктуу өзгөртүү киргизе албагандан кийин оппозициядан кандай иш күтсө болот. Азыр да бийликтин шайы кеттип турган убак. Андыктан оппозиция төрт-бешке бөлүнбөй бирдиктүү иш-чара көрсө коюлган максатка жетсе болот. Эмне үчүн "Ак-Шумкар" партиясынын өкүлдөрү чыкса калгандары ооздоруна суу ууртап алгансып биз жартылыктуу добуш чыгарышкан жок. Роза Отунбаева сиздерде пикет-митингтен башка оюнар болсо элге ачык айтпайсынарбы, биз колдойлу.

кимден: kontaaji каяктан: bishkek
31.03.2010 17:04
Alga roza alga.
birok ushul kilip jatkan uyushturuu ishterinerden maynap chigabi?ushul suroo bolup atpaybi.Mina men azir azattyktan okup oppozitsiyanin jakindagy dayardalip jatkan mitingderin bildim.Al emi maga okshogon ech nerseden kabary jok el kalktyn kopchulugun tuzup atpaybi.Alar dele naarazi birok bashinda kishi jok .En jamani oppozitsya eldi alip chigip anan birnerse bolup alar kamakka tushup kalsa kutkara albay atpaysinarbi, ushul koygoy bolup atpaybi.otkon shayloodo baykush balikchilik baldar Artambaevdin kurmandiktary bolbodubu ,jon jerden turmogo kesilishti , a atambaev jurot dagy kaydan tappsam dep.kiskasi minday ish alip bargan bolboyt je ayagyna chigaryshkerek , a jon ele eldin jashoosu menen tajriyba kilgan bolboyt.Bul biylik kijirdi keltirgen tushunuksuz akcha toptomoylorun toktotposo(kokon handigi da ushintip ach kozdukton kirgizdardin ayinan kulagan),misal uchun , unalarga passport deshet , a tehpassport anda emne ,anda bul biiyliktin ayagi kachuu menen ayaktayt.kancha amaldansan da Kuday taaladan amalduu emes bolushun kerek biylik.

кимден: Султан каяктан: Ош
31.03.2010 16:24
Сөздүн күчү менен Эл үчүн жасалган Кызматты заматта жокко чыгарып салууга болот экен. Роза эжеге ораторлук жагынан таң берем. А бирок аналитик, кырдаалды баалай билүү жагынан апыртма экендигин эми биле баштадым. Кызматтан айрылса эле ушулбу? Программа бар деп оолугат да, программасын айтпай эле сын-дооматтарын айтып кириптир. Сынды азыр айтуу эч кимге таң калыштуу болбой калды. Сын айтуу баарынын эле колунан келип жатат. А бирок, кантип деген суроого жооп таба алышпай жатпайбы эч кимиси. Баласын, тууганын алыстатыш керектиги көргө деле маалым. Аларды алыстатса эле заманыбыз өзгөрүп кетеби? Менимче, Бакиев баласын кызматка алып келүү менен өлкө жоопкерчилигин толук мойнуна алды. Ал деле келесоо эмес да. Баласынын кызматка келиши менен не деген балээге каларын алдын ала билген. Билсе да ага карабай жоопкерчиликти өз мойнуна алып, бир топ саясий чечимдерди чыгарып жаткандыгына караганда, демек Президентибиздин да бир билгени бар да. Чынын айтканда, Президенттин артында жол калган жок. Эгер Бакиев бизди Роза эже айтканда алдап жаткан болсо эл, мезгил, тарых сөзсүз жазалап алат. Муну Бакиев билет. Демек билип туруп жазаланууну ал деле каалабаса керек?!
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)