Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:19

Саясат

Бийликтин жообу, оппозициянын жүрүшү

Президенттин катчылыгы оппозициянын талаптары дээрлик мыйзамдарга каршы келет деп билдирээри менен оппозиция лидерлери нааразылык акциялар аркылуу күрөшкө чыгаарын эскертишти.

Оппозиция 27-марттагы митингде бийликке беш бөлүктөн турган талап койгон эле.
Текст көлөмү - +
27-марттагы митингде оппозиция, эгер, бийлик беш талапты аткарбаса 20-апрелден баштап “Бакиевсиз шайлоо!” деген ураан менен мөөнөтсүз акцияларга чыгаарын жарыялаган болчу. БЭК президенттик шайлоого чейин дээрлик бийликтин жарымын, анын ичинде күч министрликтеринин, БШКнын жарымын, УТРК, ЭлТР телеканалдарынын байкоочулар кеңешин оппозициянын макулдугу менен дайындоону талап кылган. Президенттин катчылыгы 17-апрелде оппозициянын айрым талаптары демократиянын нормаларына төп, бирок, негизги талаптары Конституцияга, мыйзамдарга каршы келет деген тыянагын жарыялады.

“Жок” деген жообу аркылуу расмий бийлик  президенттик шайлоо алдында оппозиция менен сүйлөшүүлөргө чек койду. Мындай пикирин саясат таануучу Табылды Акеров “Азаттык” менен бөлүштү:

- Президент тарап өз позицияларын алдырбоо үчүн өзү чектеп койгон жол менен жылууну көздөп жатат. Сүйлөшүүлөргө жана жеңилдиктерге баруу четке кагыларын билдирди мунусу менен.

Эки тараптуу сүйлөшүү боюнча буга чейинки аракеттер ийгиликке жетпей калган болчу. Анткен менен президент Курманбек Бакиев сүйлөшүүгө дайым даяр экенин 4-апрелде Токмокко жекшембиликке чыкканда журналисттерге дагы бир ирет минтип билдирген:

- Бийлик менен сүйлөшөм деген кандай гана оппозициячы болбосун келсин, талабын айтсын, эмнеге каршы, эмнени сунуш кылат, сүйлөшөлү, башка жол жок.

Мындай билдирүүгө ишеним арта албастыгын оппозиция өкүлдөрү катчылык талаптарына жооп кайтара электе эле билдирген. Иш жүзүндө БЭКтин талаптары менен эсептешүү президенттин ниетинде жок деп санаган оппозиция катчылыктын жообунан кийин эми өз жемин жедирбестин, бийликти ашкерелеп, өз чындыгын далилдештин кийинки аргасын издөөгө киришти:

- Биз мындай жоопту күткөнбүз. Биздин сунуштан баш тартышты. Эгер биздин сунушту кабыл алса бийликтин күнү бүткөнү болмок. Шайлоонун адилет өтөрүнө ишенбейбиз. Шайлоонун адилет, мыйзамдуу өтүшү үчүн күрөшөбүз. Ал күрөшүүлөрдүн бир түрү –массалык акциялар, - деп билдирди “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка”.

Бирок массалык акциялар мурда убада кылынгандай 20-апрелде эмес, кийинчерээк өткөнү калды. Текебаевдин айтымында, бул күнү БЭК президенттикке бирдиктүү талапкердин атын коомчулукка жарыялаганы атат . Ал эми саясий күрөштүн багыттарын оппозиция 25-апрелге чакырып жаткан элдик курултайында аныктачудай.

Талдоочу Табылды Акеров президенттик шайлоо оппозиция талап кылгандай чын эле мыйзам чегинде болсо өлкөдө күтүлүп жаткан коомдук-саясий чыңалууну кыйгап өтсө болорун айтат. Ошол эле мезгилде 2007-жылкы кезексиз парламенттик шайлоо тыянактарын эске алган оппозиция жана анын тарапкерлери президенттик шайлоону бийлик өз кызыкчылыгына бурмалабай, таза өткөрөрүнө ишенбей турушат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Alondra каяктан: Seul
27.04.2009 00:04
Bakiyev balekettey akylduu bolso emne tegeregine tubuno jetchuu adamdaroy toptoyt bele

кимден: bir kyz
20.04.2009 19:47
urmattu Atambaev myrza siz uruuluktu azaituunu bilem, degen ideologiyangyz jakkan jok,i al tema emes, al kez kelet, anda siz ozungbuz uuru bolosuz,azyrky byilik, jakshylykkka alyp barbait, degeningiz tuura bolush kerek,birok, alar dagy kandai kylsak, ekonomika osot dep, jata bergen da,siz bolso, ekonomika, emne ele dep, bashtaisyz dagy kg ni anan beter saska salasyz,saska tushkon adam chykpait bilesiz,mamleket oshol bolot,opposiziyanyn denggeeli,Bakiev dele Akaevden uyalyp mamleketti kotorso bolmok,any tuurabai,el bilet Bakiev jarabait, birok,opposiziyany koldop berein dese anda da kyiragan kelechekke durus plany jok,anan dagy atambaevdi korsotup koiso,el aila jok bakievdi koldoit, anan kaira ele narazychylyk akziya bashtalat,raushan jeenbekovdu sunushtap korso bolmok,

кимден: Aйтпайм
20.04.2009 14:25
Бакиев өзү балекеттей эле акылдуу,бирок анын түбүнө тегерегин курчап жүргөндөр жетет....

кимден: Жигит каяктан: Ош
20.04.2009 11:33
Бакиевдин теледен айтканы менен жасаган иши дал келбей жатат. Анан теледен мен оппозиция менен сүйлөшөм дей берсе эл ишенет. Жана Садыркуловдун өлүмүн тактап жатабыз дегендей болуп. Шаботоевди табабыз деп да айтышкан болчу. Эми аткарышсын айтканын.

кимден: belgizis
19.04.2009 20:14
Bakiev tuura aitat,suiloshuugo kelgile dep jatpaiby; emne opposizia oz talabyn aityp jatat, Bakiev dele konstituziyaga tayanyp jatat,al konstituziany jeke ozu kabyl algan jok. bir jaktuu jamandai beregende emne, dagy bir jolu shailap korsok balkim Kyrgyzstandan ozu ele ketip kalat.

кимден: Sis каяктан: Korey
19.04.2009 19:07
Shailoo shailoo emes ele jailoo bolup kaldi okmot ozy kalagandau mizamdardi burmalap Sailoonu taza otyshy Kyrgyzstandin kelechegigo

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине