Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:18

Саясат

Бактыбек Калыев: «База эмес, окуу борбору»

Кыргызстандын түштүгүндө антитеррордук окуу борборун ачуу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Анда куралдуу күчтөрдүн атайын кызматтарынын өкүлдөрү кесиптик даярдыгын жогорулатышат. Жаңы окуу борборун курууга АКШ өкмөтү аскердик-техникалык жардам иретинде 5,5 миллион доллар бөлмөкчү.

Бактыбек Калыев, Кыргызстандын коргоо министри
Текст көлөмү - +

Борбордон алыс борбордун чоо-жайы

Өткөн жылы “Манас” аба майданында мурунку аскер базанын ордуна Кошмо Штаттардын Транзиттик борбору ачылган. Эми болсо Кыргызстандын түштүгүндө жайгашчу атайын аскерлердин окуу борборун куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, бул ишке болжол менен 5,5 миллион доллар сарпталышы мүмкүн экенин Кыргызстандын Коргоо министри Бактыбек Калыев 26-мартта “Азаттыкка” берген маегинде ырастады.

- Көп түшүнбөстүк кылып айтып атышат. Ал Американын базасы, башка бир нерсе деп өзүнчө тыянак, чечим чыгарып жатышат. Жок, ал андай эмес. Америкалыктар бизге жардам берип атат. Бул келип аткан жардам аскерий-техникалык жагынан берилген жардам. Ал жерде кыргыз аскерлеринин инструкторлору болот, же ошол эле Орусиядан, Түркиядан, Америкадан чакыртылган адистер келип сабак өтүп кетишет. Инструкторлор штат боюнча бардыгы курулуп бүткөндөн кийин каралат. Кыргыз армиясында Кыргызстандын жарандары гана кызмат кылат. Ошон үчүн инструкторлор жалаң өзүбүздөн болот.
 Эми аны борбор деген менен база деп эсептесе болот.
И. Масалиев

Б. Калыев жаңы окуу борбордун кайсы бир деңгээлде аймак коопсуздугуна таасир көрсөтүшү мүмкүн экендигин белгилеп, анда негизинен өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн атайын багыттагы аскерлери даярдыктан өтүшөрүн маалымдады.

Исхак Масалиев
Парламенттеги коммунисттер фракциясынын жетекчиси Исхак Масалиев Кыргызстандын түштүгүндө түптөлүп жаткан жаңы аскердик түзүм биртоп маселелерди чубап чыгарын белгилейт.

- Экинчи база курабыз деген сөз болуп жатпайбы. Эми аны борбор деген менен база деп эсептесе болот. Менимче, ушул маселелер боюнча биртоп суроолор болуп атат.

И. Масалиев мына ушул окуу борбору, ошондой эле өткөн жылкы берилген 300 миллион доллар кредиттин кандай жумшалганына байланыштуу Орусия менен Кыргызстандын мамилеси кыйла салкындап кетти деген пикирде.

Коңшулар капа болушпасын
 Бул америкалык борбор эмес, бул Кыргызстандын антитеррордук борбору.
Р. Тагаев

Парламенттин коргонуу жана коопсуздук комитетинин мүчөсү, “Ак жол” фракциясынын өкүлү Рашид Тагаевдин пикиринде, жаңы окуу борборунун курулушу Кыргызстан менен кызматташ өлкөлөргө салакасы тийбейт.

- Бул америкалык борбор эмес, бул Кыргызстандын антитеррордук борбору. Биздин эле аскерлер, атайын аскердик бөлүмдөр ошол жерде машыгышат. Эч кандай Американыкы эмес. Алар каражат берип атышат. Ошондой бир борбор куруп берип атышат. Кыргызстандын террорчулук менен күрөшүүсүнө ушундай бир борбор түзүлүп атат. Анан ойду бөлөк жакка жүгүртө бербегиле да, бу кандай болду ыя?

Роза Отунбаева
Анткен менен террорчулукка каршы жаңы окуу борборунун курулушу сөзсүз Кыргызстандын коңшулары менен мамиле-катышына таасирин тийгизерин парламенттеги социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Роза Отунбаева белгиледи.

- Коопсуздук ошол жерде – Баткенде начар, ошол жерди биз камтышыбыз керек деп эле ошентип базаны кое берсе бул менин оюмча, бизди жакшылыкка алып келбейт.

Р. Отунбаева жаңы окуу борборун баштоодон мурун жакын турган коңшулар, ошондой эле стратегиялык өнөктөштөр менен макулдашып, ишти жасоого өтүшсө жакшы болор эле деген пикирде.

Жаңы окуу борборунун качан ачылары так чечиле элек чакта Баткенде контракт негизинде куралган аскердик бөлүк жайгашты. 1999-2000-жылдары Кыргызстанды кыйла дүрбөлөңгө салган эл аралык жанкечтилердин бүлүгүнөн жапа чеккен аймакка дагы бир жаңы аскердик түзүм орнотуу маселеси ошентип эмитен эле чоң талашка түшүүдө.

Р. Отунбаеванын ырасташынча, кыргыз бийлигинин аракет-кыймылдарында кийинки кездери экономикалык кызыкчылык басымдуулук кылып кеткени байкалууда.

- Ким каякка тартып кетсе эле, кайсы жерден дагы акча түшсө эле ошону менен маселелердин баары чечилип атат.

Ангткен менен президент К. Бакиев Кыргызстан эл аралык мамилелерди улуттук кызыкчылыктарга бурууга жетишип, өткөн жылдан бери “эларалык аренада өз ордун таба” баштаганын айтууда. “Мурдагыдай теңсинбөөчүлүктөн арылып, бизге тең укуктуу, урмат мамилени сезип” жатканын Ынтымак курултайында баса белгиледи.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Maratix каяктан: TR-BATKEN
30.03.2010 13:23
Emne uchun karsininar bilbeym birok men biyliktin bul ishin tolugu menen koldoym. Urmattuu Roza eje konshular menen mamileni buzup albayli deysiz. Ozbek Tajik tuugandar menen ansiz dele buzulup kelet. Kachangiga deyre koy ozbekterge bul ish jakpayt, koy aylananyin ozbekterdin kaarina tiybeyli dep bujuroyup jashaybiz, Siler Batkendin abalin bilbeysiner oshonduktan anday suyloysunor. Bizdin ozbekistan menen chek ara maselesi chechilmeyince mamilebiz jakshi bolo albayt. Amerikanin baza je okuu borboru kuruusu ameika menen ozbekistandin mamilesin buzat. Bizge bul baza kerek, ozbekistan da jantalaship kurdurboogo araket kilip kelet. Biyliktin kilgani baari jaman degen nerse jok.
oooooooh, omurumdo bir jolu biyliktin kilganin jakshi dep olturam, birok chek ara maselesichin chechuu kerek ansiz biylike kun jok.

кимден: кыргыз каяктан: Кыргызстан
27.03.2010 18:42
Урматтуу калайык калк, эгерде өзүбүздүн армиябызды колдобосок анан ким бизди коргоп берет, депутаттарды да түшүнсө болот, эгер Баткенге акча коротуп мамлекетибиздин коопсуздугу үчүн окуу борборун курсак аларга кыйын. Себеби ошол акчага депутаттарга кызматтык үй жана жаңы машина алыш керек. Акчанын күйүтү ошондо болуп жатпайбы. Мамлекеттин коопсуздугун ойлогон дерутаттар жок. Коңшу мамлекеттер менен кеңешиш керек деп таанымал саясатчыбыз айтат. Коңшу мамлекеттердин кызылыгын колдоп жатканыго. Ар мамлекеттин өзүнүн кызыкчылыгы бар, мамлекеттер арасында түбөлүк достук эч качан болбойт. Баары эле өз кызычылыгы үчүн аракет кылат. Эгерде кудай сактасын бир нерсе болсо ушул сүйлөгөн саясатчыларыбыз мен чиновникмин мени биринчи коргогула деп аскерлерге жалдырайт. Американын да саясий кызыкчылыгы бар, биз дагы алардан пайдалнышыбыз керек. Армиябызды көтөрүшүбүз керек. Бир жагынан саясий абройго ээ болуш үчүн Америка менен Россия атаандашып Кыргыз армиясына жардам берип жатышат. Эмне үчүн ал жардамдан биз качышыбыз керек. Өзүңөр билесиңер айрыкча Баткен,Лейлек райондорунда чек ара маселеси абдан татаал бойдон калууда. Окуу борбору ачылганы жатканы стратегиялык багытта туура деп эсептейм. Эгер ал жерде аскерлерибиз болбосо чек араны кантип кайтарабыз, коопсуздукту кантип камсыз кылабыз? Бир нерсе болсо депуттар чыгат айкырып армия начар, өкмөт жаман деп. Акча бөлөлү десе эмнеге мынча көп аларга деп. Кызматтык машина десе эң кымбаттын алгыла дешет. Менин айтаарым ким өз армиясын колдобосо, душмандардын армиясын колдоп жатканы.

кимден: Бироо каяктан: Санкт-петербург
27.03.2010 18:01
Баткенди Америкалыктарга бастырбай деле коргосо болот. Орустар казак-орустарга компенсация караган былтыр, жеринен азбасын деп. Кыргызстандын бийлиги да бир АКШнын, бир Россиянын колун карап отурбай. ансыз да, эсепсиз чачылган бюджеттен чек аранын аймагында жашаган эл үчүн компенсация төлөсүн, Кыргызстандын коопсуздук күчүн ошол жерге топтосун. Баткенге окутуу борбору ачылса эле түштүккө коопсуздук орноп калаарына ким кепил болот.

кимден: Omur каяктан: Moskva
27.03.2010 14:11
Kyrgyzstan bara bara vyetnamga je avganistanga je bolboso severniy koreaga aylanat okshoyt. Zamknutiy mamleket bolup Amerika menen Rossiyanin voenniy bazasi bolot kalat. Bakievdin akirki 4 jildan beri batish mamleketterine sayasiy rasmi ziyarat menen barganin bilgender barbi, je batish olkolordon bizge kelgen prezidentter barbi. Menimche JOK. Bul emne degen shumduk.Mamleketter aralik mamile jok echkanday.

кимден: Joomart каяктан: Kol
27.03.2010 09:37
bizde kancha uwuga okwogon general bar?? kop bolso 5 min soldat bar, anin ichinda dalai kebetesi ketken, formasi kir, achka jurgon baikuw soldattarga general bolgondon uyalmakmin men. baza-maza, borbor-morbor bolup atkan turbaibi

кимден: kyrgyz каяктан: AKW
27.03.2010 07:35
kulkundu keltirse korom erten ele bir nerse bolup ketse batkenge kan4a alparsa owon4o bizge jakwy emespi je Batkendi ozbek menen Tadjikterge bolup bereilibi. oilonoiup suiloilu da eptep ele aityw emes any kylyw

кимден: abc каяктан: tr
27.03.2010 04:13
Orto Asiany kozomoldop turush uchun Kyrgyzstandan otkon jakwy jer barby. okuu borbor dep ustun siypap aityshat korkkonuan. birok kyikyryp kalyp kete berebiz kachan biyliktegi eski komunist kaldyktary ajaly jetip olup ketkenche. eger araket kylbasak. A araket kylsak jany muun. bul chaldardyn kolunan mamleketibizdi jep jok kila elekte alyp kalaly. kiyin tappai kalasynar. menin oyum jany muun kelmeyin ech kaysi partiya je prezident je parlament ech nerse kylalbait. karshy aitkan pikiriner bolso syndagyla balkim men janylyp atkandyrmyn. Syrtka iwteym dep chygyp ketkenderge... chykkyla iwtegile birok kalyp ketpegile. bilimduulor da rossiyaga stroikaa ketip kalsa bilbeym anda, jok degende osholor kalyp kichine waardagy kee bir uyum fond partiyalarga katyshyp, tyryshyp iwtegile deyin deysin ech kim ukpait. koychu inim uktachy ary baryp degender da chygat. aga da meyli mildetimdi atkaryp pikirimdi silerge ayttim.

кимден: CHORO каяктан: Moscow
27.03.2010 02:04
Орустар менен мамилебиз бузулса, анда " багы жокко дагы жок" болобуз. Өкмөт өзү тупикке такалганы аз келгенсип, ЭЛДИ да такады. Россиядагы 1млн-дон ашык кыргыздар кайда барат?! СШАга караганда Россиянын көлөкөсүндө КЫРГЫЗ ЭЛИНЕ жакшы болобу?!!!

кимден: Бирөө каяктан: Санкт-Петербург
26.03.2010 19:23
Кыргызстанда кызыктар арбын эле да негизи. Бактыбек Калыев байкенин маеги күлкүңдү гана келтирет. Илгери бирөө айтат дейт "эрге тий деген жерим жок, колуңду сурап келиптир" деп. Анын сыңарындай Бактыбек байке да окутуу борбору эле болот, эгер кокус-фокус болуп кетсе коопсуздукка аралашат деп жууп-жайкайт да жарыктык.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)