Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:15

Саясат

Оппозициялык жаңы кыймыл түзүлдү

Оппозициялык “Элдик кеңеш” кыймылы түзүлүп, ал 1993-жылкы Конституцияны калыбына келтирип, улуттук идеянын айланасына баш кошуу ураанын көтөрүүдө. Кыймыл мүчөлөрү өлкөдө бийликти атадан балага өткөрүүгө шарт түзүлүп жатканын айтууда.

Жаңы кыймыл 1993-жылкы Конституцияны калыбына келтирүү демилгесин козгоодо
x
Жаңы кыймыл 1993-жылкы Конституцияны калыбына келтирүү демилгесин козгоодо
Текст көлөмү - +
Бириккен элдик кыймылдын ичинен бөлүнүп чыккан жаңы саясий күчтүн өкүлдөрү Кыргызстанда Башмыйзам дагы өзгөртүлүп, бийликти атадан-балага өткөрүүгө шарт түзүлүп жатканын белгилешүүдө.

Атасынан баласынабы?

“Элдик кеңеш” катарына “Кыргызстанды сактоо” кыймылы кошулган. Анын төрагасы Мукар Чолпонбаевдин ырасташынча, ушу тапта оппозиция катарындагы саясий күчтөрдүн бир кыйласы ачык, калгандары жабык-жашырын иш жүргүзүүдө. Кыргызстанда коррупцияланган, криминал менен байланышкан үй-бүлөлүк башкаруу орноп, тоталитардык саясий режим пайда болду.

Мукар Чолпонбаев
миллионго жакын жаштардын чет жерде иштөөгө мажбур болуп жатышканын, кирешелүү ишканалардын көбү чет элдик ишкерлердин колуна өтүп кеткенин, электр, жылуулук бааларынын кескин көтөрүлүп, аны төлөөгө көпчүлүк элдин шарты жоктугун белгиледи. Башкаруу системасын жаңылоо аракети жеке бийликти чыңдоодон башкага жарабастыгына токтолду.

-14-декабрь 2009-жылы Жогорку Кеңешке Конституцияны кезектеги мыйзамсыз өзгөртүү сунушу болгон. Аны болсо Конституциялык сот кубаттап берди. Мындан аркысы эмне болот? Күтүлө турган нерсе жакын аранын ичинде парламент Конституцияга өзгөртүү киргизет дагы президенттик кеңешме түзүлүп, Кокон хандыгындай эле атасы баласына президенттик кызматты өткөрүүгө даярдык көрүлүп бүттү.
Кокон хандыгындай эле атасы баласына президенттик кызматты өткөрүүгө даярдык көрүлүп бүттүМ. Чолпонбаев

М.Чолпонбаев бийлик атадан-балага ийгиликтүү өткөндөн кийин президенттик, парламенттик шайлоо башталат, деп билдирди. Андайга жол бербеш үчүн 1993-жылкы Конституцияны кайтарып алуу зарылдыгы айтылды.

Жаңы кыймылдын аткаруу комитетинин төрагасы Асан Чурмуков бул ирет эл арасында үгүт иштерин үзгүлтүксүз жүргүзөрүн маалымдады.

- Бизде жеке дымак, бийликке келсек мындай оюбуз бар, тигиндей оюбуз бар дегенден алыспыз. “Элдик кеңеш” деген кыймылыбыздын өзү айтып турат, жалаң эл менен элдин кандай шартта жашап жатканын, кандай шартта отурганын, эмне тиричилик кылып отурганы менен биз күндө кабарлашпыз. Биз “Жиптерди” минбейбиз. Жөнөкөй элдерге окшоп маршруткаларда жүрөбүз.

Мурдагы президент баштаган мыйзамсыз аракеттер уланууда

«Элдик кеңештин» мүчөсү Роза Нурматова 1993-жылкы Конституцияны калыбына келтирүү ураанын көтөрүп жатышканын ырастап, жаңы кыймылдын өзгөчөлүгү катары мына буларды белгиледи.
Кыргыздын келечеги бычак мизинде турат деп, ошол идеянын тегерегинде биригип жатабыз.
Р. Нурматова

- Бир лидердин этегин кармап, бир лидердин тегерегинде уюшпастан, ошол идеянын тегерегинде, азыр кыргыздын кызыкчылыгы, партиянын же болбосо тигил-бул кыймылдын эмес, кыргыздын келечеги бычактын мизинде турат деп, бардыгыбыз ошо идеянын тегерегинде биригип жатабыз.

Мындан 17 жыл илгери «легендарлуу парламент» тарабынан кабыл алынган жаңы Конституция Кыргызстан акыйкатчысы Турсунбек Акундун ырасташынча, эл аралык экспертизадан өткөн.

- Милдеттенмелер бар да. Анан эл аралык стандарттарга туура келет. Анан Венеция комиссиясынын корутундусун алыш, бардык эле мыйзамдар аны ала албайт. 1993-жылкы, бая 5-майда кабыл алынган Конституцияга гана берилген. Андан кийинки Конституциялардын бирөөнүн да Венеция комиссиясынын корутундусу жок.

М.Чолпонбаев мурдагы президент А.Акаевдин мыйзам бузуп, Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча жалпы элдик референдумду чакырышка укугу жок эле деп эсептейт. Туңгуч президент жол салган мыйзамсыз аракеттер кийин да бир нече ирет кайталанып, анын логикалык жыйынтыгы катары мына эми Президенттик кеңеш институту түзүлүп, ал өз ишин жөндөй албай калган мамлекет башчысынын кызматын парламент төрагасы же өкмөт башчыга эмес, башка бирөөгө өткөрүп берүүгө укук алышы азыркы бийлик атаандаштарын кабатырга салууда.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Kyrgyz каяктан: Kyrgyzstan
20.01.2010 14:49
‘’Жаңы кыймылдын аткаруу комитетинин төрагасы Асан Чурмуковко’’
Ой-пикир жок болсо анда эмне иш кылганы жатасыңар?
Эмне иш жасай турганыңар тууралу проект же план жок болсо элге эмне кылып бересиңер?
Эл-журттун кандай абалда жашап эмне жеп эмне ичип отурганы баарына эле белгилүү.
‘’Элдик Кеңеш’’ кеңеш бериш үчүн ой-пикир болуш керек. Кайсы багыт менен кайда барышты эмне иш-чаралар жасаш керек экендигин айтып кеңеш бериш керек. -‘’Бизде жеке дымак, бийликке келсек мындай оюбуз бар, тигиндей оюбуз бар дегенден алыспыз’’. оюңар бул болсо Элдин башын оорутпай жөн эле койгула.
‘’«Элдик кеңештин» мүчөсү Роза Нурматовага’’
- ‘’кыргыздын келечеги бычактын мизинде турат деп, бардыгыбыз ошо идеянын тегерегинде биригип жатабыз.’’
Бул идея эмес, бул Кыргызстандын келечегине коркунуч туудурган, чечиле турган чоң маселе. Бул маселени чече турган идеяңар эмне? Элдик Кеңеште сиздей кишилер көп болсо эмне кеңеш бере турганыңар белгилүү. Элдин башын оорутпай жөн эле койгула.

кимден: jumale каяктан: china shanghai
19.01.2010 12:44
Ой Кыргыздар мамлекетти экиге бөлүп жарбай тынч жашагыла. Кыргызстан дагы бир жолку ыңкылапка туруштук бербейт. Улуу урматтуу алдыңкы муун жумуш таппай эми ушуну баштадыңарбы! Андан көрө жаштарга мүмкүнчүлүк берип акыл насаатыңарды айтсаңар боло!
kachangeqa ushunday kelasengar silerge tegi teneqtek kerek emes okshoyt .

кимден: Чоро каяктан: Москва
19.01.2010 12:39
Бийлик атадан-баласына өтсө, анда кыргыз элинин шору катат. Эл-журт тезекти көбүрөөк камда!

кимден: Makswelldo каяктан: Osh
19.01.2010 08:00
Ой Кыргыздар мамлекетти экиге бөлүп жарбай тынч жашагыла. Кыргызстан дагы бир жолку ыңкылапка туруштук бербейт. Улуу урматтуу алдыңкы муун жумуш таппай эми ушуну баштадыңарбы! Андан көрө жаштарга мүмкүнчүлүк берип акыл насаатыңарды айтсаңар боло!

кимден: Shom каяктан: Talas
19.01.2010 00:36
Каяктагы нерселерди айтып башты эмнеле оорутуп жатасыңар. Биздин азыркы Конституциябыздын 2 мыйзамын оңдошубуз керек бул - 13 ст жана президенттин ыйгарым укуктарын радикалдуу турдо кыскартыш керек. Ошонда Орто Азиядагы эң демократиянын туу чокусу болгон конституцияга айланат.

кимден: Билгич каяктан: Москва
18.01.2010 21:57
Мукар байке сизге эмне жок ыя жаңы кыймылың менен андан көрө ушу пенсионерлер дем алсаңарчы же тоскоол болбой тургулачы бир жактуу болсунчу бу чириген бийлик. Элдин башын эки уч кыймылга бөлбөй бир жактуу иш алып барууну туүшүнөсүңөрбү ыя. Акаевке алданып жүрүп эми Бакиевтен үмүт үзүлүп ушуну ойлоп таптыңызбы

кимден: chingiz
18.01.2010 21:44
Minday nerse tuura bolboyt! Kirgizstan uchun chong ziyan bolot! Sebebi 1993 jildin Miyzam Kitebinde koptogon jetishsizdikter bar! Andan Koro Azirki ele Miyzamdardi ongdop jana ani ishtooto tuura ishtetish kerek! Bashkacha aytkanda arta kaytish uchun emes Kozomol jurguzuuchu bir koom bolso jakshi bolmok !

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)