Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:13

Эркиндик

Адам товар эмес

Кыргызстанда адам сатуу боюнча фактыларды алдын алуу жана азайтуу максатында 189 номурлуу түз байланыш иштей баштады. Бул чет өлкөгө иштөө үчүн кете турган кыргызстандык жарандардын укугун жана милдеттерин түшүндүрүп, маалымат берчү байланыш. Деген менен адистер бул багытта ыкчам аракеттер көрүлбөй жатканын ырасташууда.

x
Текст көлөмү - +
Роза (аты өзгөртүлдү - авт.) орто мектепти бүткөн соң шаарга келип, жогорку окуу жайга тапшырып өтпөй калат. Ал шаардагы тигүү цехтерине жумушка орношуп, өзү курактуу үч кыз менен батирде жашай баштайт. Ошол кезде батирдин маңдайында жашаган келин менен таанышып, мамилеси жакшы болуп кетет:
Кыздарды кул катары колдонгон байлар бар.


- Биз кээде майрамдарда чогуу отуруп калчубуз. Мен үйүмдү сатып алгам деп айткан эле. Жакшы унаасы да бар болчу. "Түркияда “Народный” дүйкөндөрүндөй дүкөн бар, ошондо администратор болуп иштейм. Айына 3 миң доллар алам. Силер да барып сатуучу болуп иштеп келбейсиңерби. Айына 1,5-2 миң доллар айлык аласыңар" деп айтып калды. Ал бизге эки айдай айтып жүрдү. Мен бул акчаны эки жыл иштеп табам деп азгырылдым.

Ошентип Роза жарым жыл жакшы тааныш болуп калган эжесинин тилине кирип Бишкектеги ишин таштап Түркияга кетет. Бирок ал көз ачып жумганча белгисиз бирөөлөрдүн колуна түшүп калам деп такыр ойлогон эмес. Розанын айтымында, тааныш эже Түркияга түн ичинде алып барып, түрк тилиндеги кагазга кол койдуруп, паспортун алып койгон.

- Ал кеткенден кийин мен калган бөлмөгө эки түрк бала кирип, колу-бутумду байлап, көзүмдү таңып, "үнүңдү чыгарсаң өлтүрөбүз" дешти. Бир чоң үйгө алып барышты. Ал жерде түштүктөн эки кыз бар экен. Ал жактан бир жолу качууга аракет жасасам абдан сабашты, иттерин алып келип коркутушту. Мээм чайкалды окшойт, эсим ооп жыгылыптырмын. Ошондон кийин качканга да аракет жасабай калдык.

Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлигинин алдында түзүлгөн түз байланыш долбоорунун жетекчиси Зухра Казанлыева да адам сатуу боюнча фактылар уланып жатканын ырастап, маалымат берүү жолдорун күчөтүп жатканын белгиледи. Ал чет өлкөгө чыгууну каалагандарга 189 номурлуу түз байланыш телефонуна чалып, маалымат алууну сунуштайт. З.Казанлыеванын айтымында, адамдарды Казакстан, Орусияга кара жумуштарга жана кыз-келиндерди Түркия менен Араб Эмираттарына сойкулукка саткан учурлар көп.
...бөлмөгө эки түрк бала кирип, колу-бутумду байлап, көзүмдү таңып, "үнүңдү чыгарсаң өлтүрөбүз" дешти.


- Биз сыртка чыкканда эч качан паспортуңарды бербегиле деп маалымдайбыз. Мындай шартта паспорттун көчүрмөсүн бергиле. Эгер паспорт керек дей турган болсо өзүңөр чогуу барып көрсөтүп кайра алыңыз. Сиздин паспортту алганга эч кимдин укугу жок. Бул мыйзамда да белгиленгенин айтабыз.

“Сезим” кризистик борбордун төрайымы Бүбүсара Рыскулова адамдар сырткы өлкөлөргө гана эмес, өлкөнүн ичинде да кул катары сатылып жаткан учурлар бар экенин белгилейт. Анын айтымында, адам сатуу маселеси жабык тема болгондуктан, көп фактылар ачылбай келет.

- Адамды кул катары колдонгон өлкөнүн ичинде да бар. Азыр кыздарды кул катары коркутуп колдонгон байлар бар, ар кандай кафелер бар. Тилекке каршы, ошолордун арасында өспүрүм кыздар да бар.

Б.Рыскулова адам сатуунун курмандыгы болгон кыз-келиндерди жана эркектерди 51-26-40 телефон номуруна чалып, кеп-кеңеш алса боло турганын белгиледи.
Ал жактан бир жолу качууга аракет жасасам абдан сабашты, иттерин алып келип коркутушту.


Ал эми сексуалдык кулчулукка сатылып кеткен кыздардын дээрлик бардыгы сотко кайрылуудан коркушат. Ошолордун бири - жогоруда сөз кылган Роза. Ал эркиндикке чыкканына сүйүнүп, экинчи ирээт бул окуяга кайрылууну каалбайт. Ошондой эле ал бул окуя боюнча туугандары да билбей турганын кошумчалады.

Адистер бул багытта мыйзам болгону менен толук иштебей жатат деген пикирде. Алар ушул факт боюнча кармалып, жоопко тартылгандар чанда экенин белгилешет. Ошол себептүү мыйзамды жана жазаны күчөтүүнү сунушташат. Ал эми Ички иштер министрлиги адам сатуу боюнча кармалган же арыздангандар туурасында маалыматтар ушул тапта даяр эместигин билдиришти.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Кыргыз каяктан: Ала Тоо
05.06.2010 12:59
Урматтуу Аида жана Назира! Чындыкты айтканынар учун Кыргыз катары ыраазычылык билдирем.Кенешбек Дуйшобаевге, МВД башчысына, генерал Исаковго, Бекназаровго тапшырма.Жогорку кылмыштар боюнча тезинен кылмыш ишин козгоп, бул маселеге кайдыгер карабагыла.

кимден: Nazira каяктан: Bishkek
05.06.2010 00:44
Oba Nura degen kolunda tatu chegilgen aiyal.Menin taanyshymdyn sindisin alyp alyp ketip.al kozgo korunuktuu suluu kyz ele.Passportun alyp alyp 10 min dollar ishtep ber anan paspotundu berem dep.Men seni ata enene aitam.Milisiyaga karmatam.Visa achtym biletke ketti dep korkutup.Ishtetip alyp.Ara jolgo tashtagan.Kyz baikush emne kylaryn bibei ejesine chalyp.Ejeshi akcha toptop eptep alyp kelgen.Milisiya kyzmatkerlerine bildireli desek al baaryn satyp alyptyr/Olturup ketet dep korkon.anyn aitymyna karaganda.Kara Balta jaktagy aiyldardan.1970 jylky.Nurgul degen aiyal.Turk dosu bar.Eki kyzy bar aiyal.Inisi eko chogu ishteit eken.Kyrgyzstandagy jash kyzdardy Tursiyaga Tursiyadan IEmeratka alyp baryp.Biznes women degen atka kongon eken.aeroporton Hanysha kelatkandai tosup alyp.Uzatyp koiushat eken.Aeroport.Organdardy koluna alyp koigon eken.Kyzdar aryzdanaiyn deshse.Kamatyp.Olturup ketem dep korkutat.Oshondoilordu kerabaisynarby.Baikush kyzdardy jamandabai.Jumush jok bolso aferist Nuraga okshogondor aldap alyp ketip korkutsa kim aryzdanant.Passportun alyp algandan kyiyn.Baikush kyzdar ailasyz makul bolup ketishet.Kee biro bilbei Kesi bilip.Oshol aiyaldy taap.Izdego salyp korgulochu.

кимден: Aida каяктан: OAE
03.06.2010 21:10
Oi andai adam satkandar jyrgap ele jurushot.Nurgul.Klichkasy( Nura ). Kolunda tattu chegilgen aiyal. Araviyaga Kyryzstandagy kyzdardyn koinok satkandai ele satyp.Kyrgyzstandy en bai aiyalyna koshulup kele jatat.kyzdar aryzdansa kaira korkutup.ui bulono aitam dep korkutat.Any emne karmahpait.organda ishtegen.Aeroporton 30 ge chygalek kyzdarga 100 dolarrdan berip otkorup keet.Emnege andailardy karashpait.Organda ishtegenderdin baary chogu bir mafiya,Anan kaisy kyz aryzdanyp.Chyndykty aitmak ele.

кимден: Кыргыз каяктан: Кыргызстан
03.06.2010 18:08
Асанкайгы тенир тоо абдан туура сунуш айтыптыр.Бут Кыргыз бул сунушту колдоп, намыс учун жашаш керек.

кимден: Калыс каяктан: Бишкек
03.06.2010 18:06
Стамбулдан Кыргыз, сен абдан патриот экенсин.Кудайым сени колдосун.Ылайым эч нерседен кем болбо.Ылайым Кыргызда сендей намыстуулар коп болсун.Бактылуу бол.Кыргызды ойлогонун учун сага рахмат.Элинди ойлосон эки дуйно бактылуу болосун.

кимден: Улут намысы каяктан: Орусия
03.06.2010 17:57
Россиядагы Тлардын фирмаларында да Кыргыз кыздары алданып калып, кимге арызданышын билбей оздору да кор болуп, Кыргыз жигиттерин да жер каратууда.

кимден: Улутчул Кыргыз каяктан: Бишкек
03.06.2010 17:50
Мен Бишкекте да коп уктум.Кыргыздын жаш кыздарын Бишкекте иштеген, окуган Тукелер жаман жолго салышканын, алдашканын, зордукташканын.....Аттин Кыргызым, чон-чон согуштарда да кыздарыбыздын намысы бар эле го.

кимден: Мигрант каяктан: Москва
03.06.2010 17:48
Стамбулдан Кыргызга!!!!!! Мен Сизге толук кошулам.Дегеле жаш кыздарынарды чет олколорго чыгарбай эле койгулачы.18 жаш кыздарынарды Россияга жонотуп атсынар, алардын бул жакта эмне иш кылып жургонун билбейсинерби??????? Ойлогулачы!!!! Улут намысын унутпайлычы.Россияда Кыргыздын кыз-келиндери ар улуттун тебелендисинде калды го.Коп улуттун окулдору Кыргыз балдарга "Кыргыз кыздары ушундайбы?" деп сурашканда намыстанып асынып алгын келет....."Азаттыктан" сурунам ушул кайрылуумду жарыялап койгулачы.

кимден: Кыргыз жигити каяктан: Ала Тоо
03.06.2010 16:37
Тукелерге такыр ишенич жок. Урматтуу Кыргыздар, кыздарынарды Тукелердин лицейлерине да университеттерине да окутпагыла.Жолдон чыгып кетишет.

кимден: Alina
03.06.2010 16:31
Aibek, siz Rozanyn ordunda bolbobogondon kiyin, kantip anyn kunoosu ekenin bilesiz? Albette, sak bolush kerek, birok adam menen sooda kylgan kishiler ayabay jakshy kalp aytyshat, kyzdar gana emes erkekter dele ishenip alardyn koluna tushot. Erkindikke chykkanda korkpoy, kunoolu kishilerdi sotko berish kerek, birok kyzdar uyalishat, ata-enesinen korkushat, oshonduktan adam satuu ala beret.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)