Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:10

Эркиндик / Сөз эркиндиги

«Азаттыктын» үнүн басуу -демократиялык жолдон тайгандык

Айрым саясый партиялардын жетекчилери, бейөкмөт уюмдардын жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү “Азаттык” үналгысынын ободон чыгарылбай жатканына тынчсыздануусун билдиришти.

x
Текст көлөмү - +
10-марттан баштап “Азаттыктын” сыналгы программаларын көрсөтүүдөн “Манас жаңырыгы” телекомпаниясы бир жактуу баш тарткан.
11-мартта Бишкекте ОК радиосу шаардыктарга “Азаттыкты” уктурууну токтоткон. 12-мартта мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан кысым болуп жатканын белгилеген “Алмаз-Нарын” үналгысы дагы “Азаттыктын” берүүлөрүн токтотууга аргасыз болгон.

Ушундай эле себептер менен Кызыл-Кыядагы “Роял”, Таластагы “Мост” радиолору “Азаттыкты” уктуруу боюнча түзгөн келишимдерин бир жактуу бузууга аргасыз болушкан.

Бул жагдайга айрым саясый партиялардын жетекчилери, бейөкмөт уюмдардын жана маалымат каражаттардын өкүлдөрү нааразылыктарын билдиришти.

“Азаттыкты” коргоо кыймылы менен СДПК партиясы Бишкекте ЕККУнун борборунун жанында пикет өткөрүп, "Азаттыктын" үналгы берүүлөрүн обого чыгарууну кыргыз бийлигинен талап кылышты. Акциянын катышуучулары “Азаттыкка" – азаттык", “Руки прочь от правды”, “Азаттык обого чыксын”, “Баардыгынын оозун баса албайсың”,- деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушту.

«Ак шумкар» партиясынын жетекчиси Темир Сариевдин пикиринде учурдагы бийлик «Азаттык» үналгысынын колдоосу менен келгенин унутуп, 5 жыл мурдагы окуяны өздөрү кайталап жатат.

- 2005-жылы март окуясынын алдында дагы “Азаттык” үналгысын Акаевдин авторитардык бийлиги тыюу салган эле. Азыркы бийликке ал сабак болбогон экен. Бакиев баш болгон бүгүнкү атка минээрлердин бийликке келишине ушул «Азаттык» үналгысы абдан чоң салым кошкон эле. Беш жылдан кийин ушундай жагдай кайрадан кайталанып, бийликтин «көзүн май» басып, өздөрү «Азаттыкка» бут тосуп, үнүн өчүрүүгө аракет кылып жатканы өкүндүрөт. Бирок “Азаттыктын” үнүн өчүрүп коюшу мүмкүн, колдорунда “кнопка” бар. Бирок Кыргызстадын азаттыгын өчүрүп кое алышпайт.

«Форум» гезитинин башкы редактору Рыскелди Момбековдун айтымында, бийликтин «Азаттыктын» үнүн басуу аракети демократиялык жолдон тайганы.

«Ата мекен» партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев дагы «Азаттык» үналгысын коргоо акциясына катышты. Ал «Азаттык» үналгысынын коомдук пикирди жаратуудагы ролу зор болгондуктан, 3-4 жылдан бери үнүн өчүрүүгө аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.

Москвадан келген кыргызстандык Кубанычбек Апасовдун пикири:

-«Азаттык» үналгысын басуу - эркиндикти чектөө. Эл аралык аренада дагы уят болдук. Биринчиден, «Азаттыкты» кайра азаттыкка чыгарып, ободо жаңыртуу керек. Экинчиден, президент Курманбек Бакиев бийликтин бул кылыгы үчүн элден кечирим суроосу керек.

«Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулованын пикиринде учурда пикет, митинг өткөрүүгө мүмкүн болбой, бийлик жабылып, чындыкты айткан маалымат каражаттарын куугунтукка ала баштады.

-Авторитардык режим ак үйгө карабаган маалымат каражаттарынын “оозун” басып, түзмө-түз президенттин катчылыгы телефон аркылуу журналисттерди коркутуп, маалыматтарды “тазалап” жаткан жагдайлар арбый баштады. Бишкек шаарынын, Чүй, Баткен, Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарынын тургундары так маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган атуулдардын маалымат алуу укугун чектөө болуп саналат.

Исмаил Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Бөдөш Мамырова:

-“Азаттыктын” үнүн басуу элдин үнүн басууга тете. Бул окуя менен учурдагы бийлик чыныгы жүзүн дагы бир ирет көрсөттү. Бир жактуу маалымат каражаттарын элге таңуулоого алардын акысы жок. Чындыкты айткан “Азаттыкты” жалпы эл угуусу керек.

“Азаттык” үналгысын коргоо кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтоназаровдун пикиринде жарандар үчүн сөз эркиндиги, маалымат алуу мүмкүнчүлүгү конституциялык ыйык укугу бузулуп жатат.

“Ачык саясат” гезитинин жооптуу катчысы Күнболот Момоконовдун пикиринде өлкөгө ачык маалыматты “Азаттык” үналгысы даярдаганы үчүн бийлик андан коркондуктан ушундай кадамга барууда.

Бишкек шаарынын тургуну Гүлсина Өмүрбекованын пикиринде зордун түбү кор болот.

Президенттин катчылыгынын жооптуу кызматкери Илим Карыпбеков “Азаттык” үналгысынын уктурулбай жатышынын себептерин териштирип көрүшөрүн “Азаттыктын” кабарчысына билдирип, сабырдуулукка чакырды.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Бишкек каяктан: Ала Тоо
16.03.2010 13:34
Роза эже, парламентте Сизден башка депутат жокпу? Сизден башка депутаттар мыйзам бузуулурга көз жумду. Парламентти таркатуунун мыйзамдуу жолу барбы?

кимден: Политтехнолог каяктан: Ала Тоо
16.03.2010 12:46
Парламентке Текебаев, Отунбаева, Каптагаев, Шерниязов, Бекназаров ж.б.лар командасы менен келсе, Кыргыз жерин эч ким, эч качан сата албайт деген ойдомун.Азыркы парламентти мыйзамда көрсөтүлгөн жол менен маданияттуу түрдө тезинен таркатып жиберүү зарыл.

кимден: Qwerty1 каяктан: World
16.03.2010 00:38
Т.Сариев эң туура айтыптыр!!!Тарых кайталанганы турат окшойт.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)