Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:10

Эркиндик

К. Булатов: "Кыргызстандагы адам укугу кырдаалына тынчсызданам"

"Эр айдоочу" укук коргоо уюмунун лидери Качкын Булатов саясий баш паанек сурап, алыскы Швецияда жүрөт. Ал өмүрүнө коркунуч келип, үркүтүп-коркутуулар болуп жаткандыктан үч ай мурда Кыргызстандан чыгып кеткен.

Текст көлөмү - +
- Качкын мырза мына Кыргызстандын аймагынан кеткениңизге бир топ болуп калды. Кыргызстандан эмне себептен качтыңыз?

- "Де-факто" гезитинин кылмыш ишин жаппай, улам эле шаардык прокуратурага, сотко чакырып, соттон кайра чечим чыгарып, ишти бөлүп жаңыртып эле мени камаганга аракет кылышты.  Ысык-Көлдөгү курултайга баратканда кол салышты. Аким, губернатор, прокуратура, милициянын начальниги бардыгын сотко бергем да. Анан ал жактан дагы тааныбаган эле кишилер телефон чалып коркутуулар башталды. Өмүрүмө коркунуч болуп калды.

- Азыр сиз саясий башпаанек сурап кайрылдыңызбы?

- Саясий башпаанек сурап Швеция мамлекетине кайрылгам, азыр күтүп атам. Бул жакта дагы келе койгондо эле бере койбойт экен, бир жылга чейин же алты айга чейин күтүш керек.

- Сиздин өмүрүңүзгө коркунуч болгондо Кыргызстандагы , өзүңүздүн коопсуздугуңузду камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдарына кайрылган жоксузбу?

- Мен бул жакка келип алып түшүндүм, Кыргызстанда кыргыз элине зыян кылгандар органдар экенине. Журналисттерди өлтүрүп атат, саясий лидерлерди өлтүрүп атат, коомдук ишмерлердин баарынын туугандарынын коркутуп, өзүнчө эле Ооганстандагыдай билинбеген согуш болуп жүрүп аткан экен да.

- Азыркы Кыргызстанды адам укуктарын сыйлаган өлкө деп айтууга болобу?

- Жок, жок эч качан. Адам укугун сактаган өлкө эмес, куугунтук кылган мамлекет болуп атпайбы. Лидерлердин баарын уруп-сабап, ар кандай зордукчул ыкмаларга өтүштү. Булар чала жан кылып өрттөп коркутушат. Экинчиден, Кыргызстанды оңой турган бир башчы болмоюнча болбойт экен. Бакиевдин үй-бүлөсү эч качан оңдобойт, оңоло албайт. Куураган кыргыз куурай эле берет. Мен бул жактан жатып алып сырттан анализ кылсам, биздин Кыргызстан Бакиев менен жана анын бир туугандары менен эч качан оңоло албайт.

- Рахмат маегиңизге!

Жыл окуялары "Азаттыктын" тасмасында.


Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аден каяктан: Бишкек
05.01.2010 12:34
Качкын байке, салам. Сиз анык баатырсыз. Сиз эч жакка качкан жоксуз.
Сизден азыркы бийлик коркуп, ар кандай уголовный иш ачышты. Камап койгусу келишти. А сиз убактылуу булардан жашынып турасыз. Алыс болсоңуз да бизди ойлоп уктаганыңыз көрүнүп турат.
Биз сизге окшогон сыртта убактылуу жүргөн баатырларыбыз менен сыймыктанабыз. Көрүшкөнчө.

кимден: Камил каяктан: Россиядан
05.01.2010 03:54
Качкын абабызга ден-соолук, күч-кубат каалайм. Ишиңиз тез чечилип жайгашып алыңыз!! Ушинтип сыртка кетүүгө мажбур болгон атуулдарыбыз көбөйгөнү ичти ачыштырат. Азыркы бийлик чынында өтө зөөкүр жана канкор болуп калды. Өздөрүнө гана көрүнүп, эл тынч болсо экен.

кимден: Асылбек каяктан: Кыргызстан
04.01.2010 20:52
Качкын мырза Европага "Качып" барып, бийликти шыбагандай түр калтырышы мүмкүн айрымдарга. Бирок тилекке каршы Булатов байкебиз чындыкты булатып, чыркырап атат. Анын жан соогалап, батышка качышына негиздүү себептердин болгондугунан эч күмөнүм жок. Тилекке каршы азыркы бийликтин саясий көз карашы башкача адамдарга болгон кысымы өтө ачык жана "наглый" формада болуп атпайбы.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук