Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Кыргызстан

"KG" домендик зонасындагы талаштар...

23.04.2009

7-апрелде Кыргыз президенти "Кыргызпатентти" “KG” домендик атын көзөмөлдөө органы катары дайындоо жарлыгына кол койду. "Кыргызпатенттин" домендик зонаны өз карамагына өткөрүү демилгеси коомчулук арасында ар кыл сындарды жаратты.

Кыргызстанда интернет мейкиндиги тийиштүү денгээлде өнүкпөй жатат деген жүйөө менен "Кыргызпатент" кызматынын жетекчиси Улан Мелисбек “KG” домениндик зонасында дарек бөлүштүрүү функциясын мамлекеттик көзөмөлгө алуу демилгесин көтөрүп чыккан. Президент Курманбек Бакиев болсо жакында эле, 7-апрель күнү, "Кыргызпатентти" “KG” домендик атын көзөмөлдөө органы катары дайындоо жарлыгына кол койуп, аткаруу бийлигине бул жаатта тийиштүү мыйзам жоболорун иштеп чыгууну буйурду.

Ал ортодо кыргыз бийлигинин мындай кадамына нааразы болгон айрым бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү муну рейдерлик басып алуу аракети катары сындашты. Маселен бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиеванын айтымында, Кыргызпатенттин эл аралык уюмдун интеллектуалдык менчигин ыйгарып алуу аракетинин артында Кыргызстандын интернет мейкиндигиндеги сөз эркиндигин ооздуктоо максаты турат.

-Домендик башкаруу беш алты мамлекеттен турган уюмдун интелектуалдык менчиги. Булар кааласа өз менчигин кайра алып башка мамлекеттерге сатып деле жибериши мүмкүн. Дегинкиси кыргыз өкмөтү өзүнө керексиз функцияны талашып жатышат. Биринчиден мунун артында сөз эркиндигин көзөмөлгө алуу аракети болушу ажеп эмес.

Ал эми "Кыргызпатент" кызматынын деректири Улан Мелисбек жогоруда айтылган сын дооматтар негизсиз деп четке какты. Анын айтымында учурда “KG” доменинде ат бөлүштүрүү функциясын аркалап келген “Азияинфо” өлкө аймагында жападан жалгыз провайдер болуп, атаандаштыкка жол берилбегендиктен интернеттин өнүгүшүнө тосколдук кылып жатат.

-"Кыргызпатент" патент каттоонун функциясын өзүнө алгысы келген жок. Акчанын баары ошол каттоочуларда болот. Ал эми "Кыргызпатент" өзүнө болгону административдик функцияны алгысы келип жатат. Бул эмнени туюндурат? Эгер биз башкаруу функциясын өзүбүзгө алсак, анда биз элге, коомчулукка түшүнүктүү куралдарды жаратабыз. Домендик даректерди каттоону бир эмес, бир нече провайдерлерге таратабыз. Мунун жыйынтыгы интернет үчүн баанын арзандашына алып келет.

Ал эми коммерциялык кызыкчылыктар тууралуу дооматтарга Улан Мелисбек мындай жообун айтты:

-Биз коммерциялык багытты көздөп жаткан жокбуз. Коммерция менен биз алектене албайбыз, анткени биз мамлекеттик органбыз. Болгону биз домендик зона мейкиндигин бир тартипке салалы деп жатабыз.

Деген менен домендик көзөмөлдөөну бир колдон экинчи колго өткөрүү оңой олтоң жумуш эмес дейт байланыш операторлор жамаатташтыгынын аткаруучу деректири Олег Жеребко. Ал мындай демилгенин ишке ашышына ишенбейт.

-Биринчиден мындай демилге көптөгөн каражатты, техника жана адистерди талап кылат. Экинчинден “ICAAN” уюму да “ме” деп эле бере салбайт. Бул жараян көпкө созулуп, буга бир нече жылдар кетиши мүмкүн.

Дүйнө жүзү боюнча ар бир өлкөнүн “ICAAN” деп аталган эл аралык уюм тарбынан ыйгарылган домендик зонасы болот. Мындай зоналардын саны 200дөн ашуун. Маселен Казакстандаыкы – “kz”, Озбекстандыкы – “uz”, Кыргызстандыгы – “kg”. Ал эми Кыргызстанда болсо “kg” домендик зонасында жаңы даректердүү бөлүштүрүү “Азияинфо” провайдерине ыйгарылган.
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Акбар каяктан: РФ
28.04.2009 23:18
Ынтымагы жок кыргызым-ушунанда саясат,'пиар' жасагыла!'Акылдуу оппозиция' кайдасынар???

кимден: Акбар каяктан: РФ
28.04.2009 15:58
Улан Мелисбекти туура тушунолуу.Ал монополияны сындырайын дейт.КОЛДОЙМ!!!

кимден: inash каяктан: Ankara/Turkey
25.04.2009 14:13
Ulan Melisbek Azamatsyz,kg Domendi kyrgyzdardyn ozdoru kolgo ala turgan mezgil kelip jetti...

кимден: Тажырыйбаев
24.04.2009 02:24
Эч качан, эч кандай шарттарда, эч себептер менен кыргызстандык доменге сайт койбойм. азаттык.кг буга эстелик күбө. Башка мамлекетке коюш керек. Кыргызстан алдамчылар, уурулар жана зөөкүрлөрдүн мекени. Ошол менин да мекеним болуп калганы өтө кыйын болуп атат. Айла жок бирок ай лав ю. Жакшылык сээп атабыз чөлгө.

кимден: Жанызак каяктан: Бишкек
23.04.2009 21:15
"Токтайым Үмөталиеванын айтымында..."

Сүйлөт десе эле сүйлөй бергендин кажети барбы?
Мына мен, мисалы,
http://www.presskg.com
деген "Кыргыз гезиттери" сайтын "*.com" зонасынан ачкам, себеби ошол кездери "*.kg" домени 100 доллар болчу. Анан жыл сайын аны тейлеп туруш үчүн дагы 100 доллардан алчу.
Салыштырып көрүңүз:
дүйнөлүк домендер азыр жылына 500 сом турат, анын жылдык тейлөө баасы да болгону 500 сом.
Кыргыз зонасындагы мындай бетсиздик менен "соодагерлик" кылуу бери болгондо кыргыз душманынын гана колунан келиши мүмкүн.

Эми "сөз эркиндигин көзөмөлгө алуу аракети.." деген былжырактын өзүнө таң калам:
кокус Кыргыз Мамлекети чын эле "сөз эркиндигин көзөмөлгө алуу аракети.." деген былжыракты көздөсө, домен берүү АзиаИнфодо калганда ал компанияга алы жетпей калмак беле?!
Мындай бир "ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө" деген болобу өзү?!
Мына, интернетти түшүнгөн нукура жигит келди, аракетин жасап жатат "кыргыздар да сайт жасап, өз мекенинин доменине ээ болсун" деп. Мен а жигит менен телефондон жеке сүйлөшкөндө: "Домен баасын болжолу 10 долларга түшүрсөм" дегендей кылды.
Бу демек, сайт кармаоо кыргыз баласына болжолу 10 эсеге арзандайт деген сөз - мунун эмнеси жаман?!
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)