Сөз таануу
Эне тил шеринеси
Сөз дүйнөсү - жандүйнө
FACEBOOK
Биздин FaceBook

YouTube - биздин шеригибиз

"Азаттык" үналгысынын
YouTube тасма барагы
satellite
“Азаттыктын” 
жандоочулары 
HotBird-8,
AsiaSat3-D

Ямал-201

Кыргызстан

Москвада таштанды кыргыз наристелери көбөйүүдө

Соңку ирет жаңыртылган учуру: 06.08.2009 19:29

Бул тууралуу Москвадагы “Аруужан” коомдук фондунун жетекчиси Бактыгүл Сейитбекова “Азаттыкка” айтып берди.

- Бактыгүл айым, аялдар кайсы жерде болбосун аялуу бойдон кала берет экенбиз.. Мына ушул аялдарга ар тараптуу жардам берүү максатында Орусиянын борбору Москва шаарында “Аруужан” деп аталган коомдук фондун түзгөн экенсиздер. Ушул фонддун ишмердүүлүгү, максаты тууралуу тааныштырып кетсеңиз?

- Биз бул максатты алдыбызга коюп, иш баштайлы дегенибизге үч жылдан ашты. Ошол үч жыл ичинде кагаз жүзүндө болбосо да, иш жүзүндө иштеп жаттык. Ал эми расмий түрдө каттоодон өтүп, расмий түрдө ачылышыбыз июль айында болду. Мындай фондду уюштуруп, аны ачууга түрткү болгон нерсе –биздин чет жактагы, негизинен ошол Орусиядагы эмгек мигранттары болуп жүрүшкөн аялдар, өзгөчө жаш кыздар болду. Анткени биздин Кыргызстандын булуң-бурчтарынан, айылдардан Москвага, Екатеринбургга, же дагы башка шаарларга иштегени барып калган кыргызстандык кыз-келиндер тил билбейт. Билсе да ооруп калса, же башка турмуштук кырдаалдарга байланыштуу медициналык, укуктук жана башка жардамдар үчүн кайда кайрыларын билишпейт. Аны билсе дагы булар Орусияда өтө чоң акчаны талап кылат, андай акчалар биздин кыз-келиндерде, өзгөчө көбүнчө кара жумуштарда иштеп, тапканы аз кыз-келиндер үчүн өтө чоң каражат болуп эсептелет. Көпчүлүгү ошол каражатты өзүнүн ден соолугуна жумшагандан көрө айылда калган үй-бүлөсүнө, ата-энесине, балдарына жиберүүнү артык көрүшөт. Ошондуктан, биз улутубуздун келечеги болгон энелер үчүн, кыздарыбыз үчүн кам көрүүнү чечтик.

- Сиздердин “Аруужан” фонду уюшулган Москва шаарында кыргызстандык мигрант кыз-келиндердин негизги көйгөйлөрү кайсылар?
Москвада кыргыз кыздары төрөп таштап кеткен балдардын саны 230дан ашты.


- Биздин учурда жүрөгүбүздү оорутуп жаткан негизги маселе – биздин жаш кыздардын абалы. Мисалы, мурдараак бирин-серин угулуп, айтылып калчу, акыркы эки жылда кыргызстандык кыздардын төрөп таштап кеткен балдарынын саны Москвадагы балдар үйлөрүндө, төрөт үйлөрүндө 230дан ашты. Эң эле аянычтуу себеби ушул. Кыргыз таштанды балдарынын саны күндөн-күнгө көбөйүп баратат, көптөгөн мына ушундай ташталган кыргыз наристелер башка чет мамлекеттердин жарандары тарабынан асырап алынып, башка жактарга кетип атышат. Мына ошолордун тагдыры да оор, анткени алар өздөрүнүн кыргыз экендигин да билбей калышат.

- Мына ушундай окуяларды көбөйтпөө, алардын алдын алуу боюнча кандай иштерди жүргүзөсүздөр?

- Биз ишти түшүндүрмө баракчаларды темир жол бекеттеринде Кыргызстандан жаңы келип түшкөн кыз-келиндерге таратуу менен баштадык. Бир жумада үч-төрт жолу Кыргызстандан поезд барат, мына ошол учурларда баракчаларды кыз-келиндерге берип, “мына ушундай фонд бар, кайрылгыла, жардам беребиз” деп маалымдайбыз. Азыр өздөрү деле билип калышты, бири-биринен угуп да кыздар келип атышат. Мындан тышкары бир нече уюм, диаспоралар аркылуу иштейбиз. Уюмдун алдында гинеколог жана башка дарыгерлерибиз бар, алар кыздарды көрүп, кеп-кеңешин айтып, керек болсо акысыз дарылап да беришет. Биздин кыйналган эле эмес кыйын кыздарыбыз да бар да, Москвада тажрыйбалуу врч-гинекологдор, аптекалардын жетекчилери бар, алар дагы бизге өздөрүнүн жардамдарын аянбай беришет.

-Таштанды балдардын көбөйүүсүнө эмне себеп, кыздарды күнөөлөйбүзбү же?..

-Мен кыздарды күнөөлөбөйт элем. Кандай эле эне баласын таштасын?.. Аларды ушуга жашоо-шарты, билбестиги апкелип атат. Мисалы мен айта кетейин: ушул учурда Москвадагы 1 бөлмөлүү үйдүн ижара акысы 70 миң рубль. Мындай акчаны эки-үч ай үч бүгүлүп иштесе да таппаган кыздар бирин-экиндеп ижарага ала алышпайт. Анан ушундай бир бөлмө батирге 20-30-40 киши кыз-эркек дебей батып жашап жүрүшөт. Алар өздөрү айткандай капталынан гана жатууга болот. Мына ушундай шартта, өздөрү алыста жүрсө, ар кандай болот экен. Энесинин койнунан чыгып эле башка шартка түшкөн кыздар же сактанганды билишпесе... айла жок уялганынан ушуга барышат. Бул 230 бала төрөп, таштап кетишкен балдар. Күн сайын канча аборт болот... Биздин фонддун жетекчилери күн сайын мөөнөт менен гинекологиянын алдында байкоо жүргүзүп көрдүк. Ал жерде күнүгө канчалаган аборттор болот...

- Мына ушундай кыргызстандык жаш кыздарга, деги эле мигрант аялдарга жардам берет экенсиздер. Сиздерге ким көмөктөшүп, ким жардам берип, бул иштерди жүзөгө ашырууда?
Күн сайын канчалаган кыргыз кыздары аборт жасатат.

- Мен айта кетейин, биздин коомдук фонд ар кандай тагдырга туш болгон кыргыз кыздарды куткардык. Кыргыз кыздарын коркутуп-үркүтүп жашап алышкан тажик улутундагы жигиттер бар экен, “качып кетсең таап алам, бирөөгө айтсаң өлтүрөм” ж.б. деп эле коркутуп-үркүтүп жашап жүрүшүптүр. Мына ушинтип жашап жүргөн жети кыргыз кызды биз сот аркылуу бошотууга жетиштик. Кээ бир жаш кыздарды өздөрүнүн эле айылдаштары, туугандары үй иштерине, соодасына жардам берет деп алып келип, иштетип, анан өздөрүнүн иши бүткөндө кетип калып, кыздар көчөдө калып атышат. 

Биздин арабызда Урмат Байматова деген эже иштейт, ал өмүр бою милицияда иштеген, азыр отставкада. Ал Тажикстандан окуп, Тажикстандан иштегени үчүн тажик тилинде да, өзбек тилинде да жакшы сүйлөйт экен. Мына ошол эженин жардамы менен биз жанагындай тажиктердин коркутуусу менен жашап жаткан кыздарды куткарып алдык. Кадимкидей соттошуп, баштарын ачып куткарып, үйлөрүнө жибердик, кеткиси келбегендерди башка ишке киришине көмөктөштүк. Биздин фондубуз жаңы түзүлгөнү үчүн каражаты да көп эмес. Бирок биз фонддун түзүүчүлөрү, мүчөлөрү ыктыярдуу түрдө 500 рублден мүчөлүк акы төлөп турууну чечкенбиз. Ушул тапта биздин мүчөлөрдүн сана 470ке жетти. Мына ушулардан чогулган каражат бизге аздыр-көптүр кыргызстандык мигрант кыз-келиндерге жардам берүүгө, аларга медициналык, укуктук, жада калса социалдык-экономикалык жактан көмөктөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берип жатат. Биз кыргыз өкмөтүнөн да, башка эл аралык уюмдардан да эч кандай жардам алган жокпуз. Бардыгын өзүбүздүн каалообуз менен, өзүбүздүн каражатка жасап, ишке ашырып жатабыз.

-Бактыгүл айым, маегиңиз үчүн чоң рахмат!
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
    Алдыга 
Жалпы 7 беттин -бетиндеги пикир
кимден: Амирхан каяктан: Россия
25.08.2009 02:07
Кыргызда макал бар эмеспи "Кунаажын көзүн кысбаса, Бука жибин үзбөйт".
Туугандар мен баарыңарга кошулам жана колдойм. Бир гана Акаевди күнөөлөгөн болбойт!

кимден: Бакай каяктан: Тюмень
25.08.2009 01:11
Ушуга окшогон маселени мамлекет башчылары көрүшпөйбү же көрсө да көрмөксөнбү билбеймин. Мынабул Орусия маселесине келсек биздин Райымкул Аттокуров деген толук ыйгарым укутуу элчибиз бар, ошол киши буткул Орусия аймагындагы диаспараларды бираз катуураак кысымга алып,тартипке чакырып ошолорго катуу жүктөшү керек,себеби ошол диаспаралар аркылууда көптөгөн проблемаларды чечүүгө болот,мен айтаар элем Элчиге өзүңүз баарын көрүп билип турасыз эмнеге унчукпайсыз,жок дегенде диаспаралар аркылуу катуу көзөмөл жүргүзсөңүз болотко,канчалаган кыздарыбыз тажик,өзбек,азерлерге кул болуп жүрүшөт, ушуга кандайдыр бир деңгээлде сиздердин да күнөөңөр бар.Рас Кудай Таала колуңарга бийликти бергенден кийин бираз элинерге кызмат кылсаңар болмок....

кимден: Мекенчил каяктан: Саудия
25.08.2009 01:03
Менда айтар элем Мелис Эшимканов агабызга, азыр сиздин колуңуздан келет, ушуга окшогон маселелерди, бир жогорку деңгээлге көтөрсөңүз сизге өтө раазы болот элек,себеби мен сизди өтө сыйлаймын,урматтаймын,мен эле эмес көптөр сизди сыйлайт,ушу айтаарым Ак Калпак элиңиздин тагдырын теле көрсөтүү аркылуу деле бираз оңдоп түзөсөңүз болотко деймин. Ушу сыртта жүргөн кыздарыбызды ата эне,туугандары көбу билишпейт,кызы эмне кылып жүргөнүн,ошого окшогон боорду сыздата турган маселелерди сиз өзүңүз бир колго алып,элге түшүндүрүү иштерин КТР аркылуу жүргүзсөңүз дедим эле. Себеби азыркы учурда теле аркылуу , гезит-журналдар аркылуу көп нерсени жеткирүүгө болот.Мен ойлоймун бул нерселерди өзүңүз көздөн өткөрүп жакшы,бизди кубанта турган маселе көтөрөсүз деп ойлоймун.Рахмат Мелис ага.Сизди дайым урматтаган жана сыйлаган Жанарбек......

кимден: Патриот каяктан: Орусия
24.08.2009 19:39
Акыбалыбызга мышык ыйлай турган болду го. Кыргызстанда Түрктөр, Кытайлар, Уйгурлар жана башкалар кыздарыбыздын абиирин кетирип жатса, башка жакты айтпай эле койуу керек. Уят просто уят. Сүйлөйүн десем сөз жок, оозум барбайт. Мен да Кыргыздын келечегин ойлоп күйүп бүттүм окшойт.

кимден: Шабданбек каяктан: Лангепас
24.08.2009 19:34
Мен ушу айтылган ой пикирлерге толугу менен кошулам жана колдоймун. Мындай окуялар бир гана Орусияда эмес, Европада да толтура болуп жатат. Мен ойлоймун кыргыз кыздарынын жеңил ойлугу, мээсинин жоктугу, мен айтпаймын баарын кээ бир эшектен айырмасы жок бизди уят кылган, башка улуттардын арасында жер караткан уяты жок кыздардын айынан мына ушул жерде эле канчалаган патриот кыргыздардын жүрөгүнөн кан өтүп, кээде ыйлап, көзгө жаш алган акылдуу эже сиңди ага инилерибиздин сай сөөгү сыздап бүттү. Мен болсо күйүп бүттүм, кээде уялам кыргызмын дегенден, бул маселени МАМЛЕКЕТТИК ДЕҢГЭЭЛГЕ КӨТӨРҮҮ КЕРЕК. бул сайтты 100дөн 10 гана окуйт калганы билбейт да кабары да жок, ошон үчүн туура айтат Улуу Урматтуу Мелис ага ушулардын баарын окусаңыз сиздин да жүрөгүңүз ооруйт болуш керек, ошон үчүн бул нерсени КТРден жогорку деңгээлде элге түшүндүрүү керек, элдин көбү билбейт, сыртта эмне болуп жатканын, ошолорго жеткирүү керек, кыргыздын кыздары бузулуп бүттүү, Москва эмес Орусиянын бүт жеринде кыздарыбыз бузулуп бүткөн, качанга чейин ушинтип жүрөбүз ыя? Кыргызстанда чоң чоң окууну бүтүргөн кыздарыбыз Европада бала багып, бок жууп жүрүшөт, ал эми башка жактарда болсо кор болуп, ит көрбөгөн кордукту көрүп, адам жиийкене турган иштерди кылып жүрүшөт. Айланыйын кыздар мен да силерди сүйөм, силердей сулуулар жок башка элдерде, сураныч кыргыздын жигиттеринен эле калбагылачы. Сураныч көзүңөрдү ачкылачы.

кимден: Aigerim каяктан: Kazan
19.08.2009 15:01
Men da Rossuanın aımagında jashap jatkanıma baılanıshtuu kotorylgon problema orchunduu ekenı anık.Bul ar tyrdyy faktorlorgo baılanıshtuu.Burok kaı olkodo kaı jerde jyrsok da jalgız allanın jolun az gana taanugan bolsok al bızdı saktap kalar ele.

кимден: нуке каяктан: кс
12.08.2009 22:41
бул жерде фондду колдойм. Түркия тууралуу дагы туура 30 жашка чейин күйөөсү жокторго авиа билет сатууну токтотуш керек күйөөсү жанында болсо бара берсин.

кимден: OZGON каяктан: Myrzaki
12.08.2009 16:57
Kimbattuu tuugandar bul jerde jazgandaribizdi okugandar okuyt okubagandar dalai kop ko deim . Oshonduktan KTR dan suranip bir programma uiushturali. Birok oshol programmaga barip katisha turgandar chigaar. Oshonun ubakit saatin aytsa biz da barip katishsak deer elem. Bizdin da al jerde aita turgandaribiz bar. Koldon kelse Rossia, Turkey, Kazakhstan dan baldar kizdar barip talkuulap butkul elge korsotup bul orchunduu maseleni biraz bolso da chechsek. Kimbattuu Azattyk bul tuuraluu programma bolo turgan bolso sozsuz maga kairila alasizdarbi men katishkanga abdan zarmin bul programmaga. Daregim: mirles@gmail.com Salamatta kalinizdar.

кимден: Мази каяктан: Африка
12.08.2009 07:17
Эми тентип ар балээни жазып морально кыйнала бербестен бир ой пикир
Кыргыз Мамлекетинде бир законду катуу ишке киргизиш керек Кыргыз Улутунун АР НАМЫСЫНА тийген чет өлкөдө жүргөн эркек болсун аял болсун бир эле эскертүү менен депортация Кылган Закон кабыл алып КЫРГЫЗДЫН атын булгагандын баарына катуу жаза берүү менен бирге Кыргызстанга депортация кылыш керек!!! Уят ар намысы калбаган тамтыгы чыккандын баары КЫРГЫЗСТАНДА эле жүрсүнчү!!! Бүт эле кайсыл мамлекетте болбосун ошол жердеги КЫРГЫЗ ЭЛЧИЛИГИ Кыргыздын кызын эркегин закондуу түрдө коргой албайбы анда ал мамлекеттен чыгарып салсын. Анда да баш ийбесе бузукулар, Жарандык паспортун жокко чыгаруу Керек!!! ЖАРАТКАН ӨЗҮ ЖАРДАМ БЕРСИН БААРЫҢАРГА. ЖҮРӨГҮҢӨРГӨ ЫЙМАН КОЛУҢАРГА БАЙЛЫК БЕРСИН
Бул жакта бир айымдын ачуусу жини келип эркектерге асылып жазыптыр шүгүр айткын тагдырыңа ушундай жакшы жерди туш Кылганын!!!

кимден: Кыргыз каяктан: Туркия
11.08.2009 20:54
Улут үчүн күйүп өз пикирлерин жазган боордоштор, келгиле эч кимди карап отура бербей эле биз да аракет кылалы, кимде ким ушул маселе боюнча пикир алышып, аны чечүүнүн жолдорун талкуулагысы келсе байланышалы sultanova_alia@mail.ru
    Алдыга 
Жалпы 7 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)