Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:03

Эл үнү

“Чөптүн арасында түнү менен жашынып отурдум”

Бишкектеги беш ооруканада Оштогу жана Жалал-Абаттагы тополоңдордо жаракат алган 41 оорулуу дарыланууда. Алардын бирөө аял, экөө наристелер. Эки аскер киши аскер госпиталында жатат.

x
Текст көлөмү - +

Ош, Жалал-Абад аймактарынан Бишкекке алынып келинген жарадарлар Улуттук госпиталда,  Энени жана баланы коргоо, Улуттук хирургия, Травматология жана ортопедия борборлорунда жана №1 шаардык клиникалык ооруканада дарыланышууда.

  

Улуттук госпиталдын нейротравма бөлүмүнө 15-июнда Оштон учак менен жеткирилген Садырбек Эргешов 1-июнда  90 жаштагы атасы каза болуп, Сузак районуна барган. Үч баланын атасы Садырбек Эргешов 1995-жылдан бери Бишкекте стоматолог болуп иштейт.

 

Өзү жолго чыгаардан бир жума мурда үй-бүлөсүн Бишкекке жөнөтүп жиберген Садырбек Эргешов 12-июнда кечке жуук Бишкекке жөнөмөк болуп, Жалал-Абад бекетине келет. Ошондогу окуяны Садырбек Эргешов “Азаттыкка” мындайча айтып берди:

  

- 12-июнда Кочкор-Атада жол жабык экен дешкенинен, жолго чыгалбай турдук. Кечке маал “жол ачылыптыр” дешкенинен жөнөй берейин деп Жалал-Абаддын автобекетине бардым. Бир кезде эле 50-60тай адам биздин унаага басып келип, эшикти ачып эле мени сүйрөп чыгып темир менен башыма бир чапты.

 

Ошондо качып жөнөдүм. Качып баратканымда, артыма келип бычак сайылды. Бирок мен качып отуруп, жакын жердеги ПЭСке кирип кеттим. Ал жерде чабылган чөп бар экен, чөптүн ичине кирип кетип, түнү менен жашынып отурдум. Алысыраак жакта кыйкырык-бакырыктар болуп атты. Ок атылган жок ал түнү, кыйкырыктар болуп атты.

 

Эртең менен акырын тиги жак, бул жакты абайлап карап, автобекетке келдим. Көйнөгүм, майкем жок, шым менен элемин. Машинеде отурган кыргыз балдарга басып барсам, алар отургузуп, облустук ооруканага алып барышты. Ал жерден башымдын ондон ашык жерин тигишип, эки күндөн кийин учак менен бул жакка жөнөтүштү.  

 

Башынын он жери тигилип, артына бычак сайылып, көзүнөн да жаракат алган Садырбек Эргешовдун саламаттыгы учурда дурус болуп келатат.

  

Түштүк аймагынан жеткирилген жарадарлар Улуттук госпиталдын көз, кан-тамыр, нейрохирургия жана нейротравма бөлүмдөрүндө дарыланышууда. Нейротравма бөлүмүнүн башчысы Бектемир Мукамбетөмүров бөлүмдөгү жарадарлардын саламаттыгына токтолду:

  

- Биздин бөлүмдө өлкөнүн түштүгүнөн 6 жарадар адам жатат. Бүгүнкү күндө булардын үчөөнүн баш мээлерине операция жасалды. Буйруса, жакшы жагына ооп баратат.

  

Улуттук хирургия борборунда төрт оорулуу дарыланууда. Борбордун боор хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Эрнис Тилековдун “Азаттыкка” билдиришинче, бир жабырлануучуга ич көңдөйүнө операция жасалды. Негизинен Хирургия борборунда жаткандар – ич көңдөйлөрүнөн жаракат алгандар.  

  

Травматология жана ортопедия улуттук борборуна Ош, Жалал-Абад окуяларынан бери дегенде 20дан ашык оорулуу түштү. Айрымдары айыгып чыгып, учурда борбордо тополоң болгон аймактардан келген 16 оорулуу дарыланууда. Булардын арасында 50 жаштардагы аял киши да бар экенин кабарлады борбордун директору Сабырбек Жумабеков:

  

- Элүү жаштардагы бул аял Оштогу облустук ооруканада жаткан экен. Сыртка бир нерсе алып келе коеюн деп чыга калса, эки бутуна ок тийиптир.

  

Оштон жеткирилип, Энени жана баланы коргоо улуттук борборунда дарыланып жаткан бир бала – 3 жашта. Экинчиси – бир жаш эки ай.

 

Алардын учурдагы саламаттыгы жакшы экенин Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучунун басма сөз катчысы Света Байтикова билдирди:

  

- Үч жашар бала машина кулап кетип, ошондон мээси чайкалып, катуу коркуп да калган. Учурда бул бала жакшы, чуркап жүрөт. Экинчи баланын да мээси чайкалган. Ал да азыр жакшы, реанимациядан чыккан.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
19.06.2010 09:55
Ушул сыяктуу кыргыздардын да азап тарткандарын,орттонгон уйлорун,
магазиндерин,ооруканаларды кобуроок жарыяласаныздар,корсотсонуздор.
Бул кан тогулуудо утулган жэ уткан деген ой жок,бирок озбек туугандар
ото шустро, маалыматтарды бир тараптуу озулорун байкуш,мусаапыр кылып таратышканы ай,аай.
Как всегда биз жаай,шашылбай!
Рахмат сиздерге "Азаттык".

кимден: нурлан каяктан: москва
18.06.2010 22:20
Өлгөндөр жана жаракат алгандардын жок дегенде фамилияларын жарыялап койбойбу УӨ?

кимден: БАЛА каяктан: РАША
18.06.2010 15:54
Туура кыласынар азаттык, Кыргыздардан алган жаракаттардыда корсоткуло, эч болбогондо силер корсоткуло башка сайттарда жалан озбектер жаракат алыптыр, кайсы сайтка кирбе жалан байкуш болгон озбектер а кыргыздардын эч кимиси олбойле жакшынакай. кыскасы 1 тараптуу маалымат. бирок озбек болобу кыргыз болобу жаракат алган жана каза болгондорго тезирек сакайгыла, жаткан жеринер бейиш болсун дейбиз
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу