Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:03

Эл үнү

Мединада дагы бир кыргызстандык ажы каза болду

Мединада дагы бир кыргызстандык ажы каза болду. Саударабстандын аэропортторунда авиакаттамдар кыйла кечигип сапар алууда.

x
Текст көлөмү - +

Биз оболу Кыргызстандын Мекедеги ажылык штабынын башчысы Мамбетасан-ажы Ибраев менен телефондо сүйлөштүк:

- Мамбетасан-ажы, сиз азыр кайсы жердесиз?

- Мен азыр Мекедемин. Түндө эле 400дөй ажыны узаттык Мекеден. Эртең ушу Мекедегилердин акыркысы Ошко учат. Кыйла ажылар Мединада азыр.

- Эмне жаңылыктар бар?

- Биз ажыларды узатуу менен эле алекпиз. Мединада дагы бир кыргызстандык ажы – 39 жаштагы Барно Шадманова деген Ош шаарынын тургуну каза болду. Ооруп ааламдан өтүптүр. Жанында туугандары бар экен.

- Мамбетасан-ажы, биздин угушубузга караганда, Саударабстандын аэропортторунда кечигип учуп атышыптыр го ажылар?

- Ошондой болуп атат. Ага ошо аэропорттор өздөрү күнөөлүү. Миллиондогон адамдар кирип-чыгып атканда жүктөрдү учактарга үлгүрүп жүктөй албай кыйналышат экен. А учактар кечикпей эле келүүдө. Айып өздөрүндө болгон үчүн – кечиксе да жөнөтүүдө. Эгер биздин авиакомпанияларда күнөө болгондо айып-пул төлөтүшмөк дароо. Акыркы ажыларыбыз 16-декабрда учат бул жактан. Штаб да ошондо кетебиз Кыргызстанга. Ажыларды күтүп жаткандарга айтаарым, анча-мынча кечигүүлөргө сарсанаа кылбашсын – баарысын жакшы жеткиребиз, буюрса.

Андан кийинки телефон-маегибиз Кыргызстандын Саударабстандагы элчиси Жусупбек Шарипов менен уланды:

- Жусупбек мырза, Кыргызстан тарабынан быйылкы ажылыктын уюштурулушун кандай баалайсыз?

- Дароо эле айтайын, быйылкы ажылык өткөн жылдардагыдан жакшы уюштурулду. Эң алдыңкы стандартка жетти деш кыйын, бирок мурунку жылдарга салыштырганда, жакшы. 3,5 миңдей зыяратчы Кыргызстандан түз Саударабстанга учуп келди. Калгандары башка жакын арадагы мамлекеттер аркылуу келишти.

- Жусупбек мырза, кандай каалоолорду айтат элеңиз ажылык иштерине?

- Бүт баарысын Кыргызстандан түз Саударабстанга учак менен апкелгенге болот. Ошого жетишүү керек. Ажылык учурунда медпункттар көп уюштурулат бул жерде деле. Бирок Кыргызстандан апкелип ошондой медициналык топторду уюштуруу керек. Анткени, кыргызстандык зыяратчылар дээрлик тил билбейт. Бул боюнча, биз мурда дагы сунуш берген болчубуз.
 

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Алик каяктан: Нарын
11.12.2009 00:12
Жусупбек байке туура айтат. Уюштурса болот. Мен да ажыга баргам. Элдер сасыктумоо, грипп менен ооруса да, даары дармектер жетишсиз, арап дарыгерлерге көрүнгөнгө ажыбашчылардын көпчулугу тил билбейт, котормочулар жетишсиз. Калкуляция боюнча даары дармекке, медпрепараттарга деп ар бир ажыдан муфтият 20 доллардан алат. Ошондо, 4500 ажыдан 90 миң доллар акча боөлүнөт экен. Ошол акчага даары-дармек эле эмес, тез жардам машинесин, керектуу аппараттарга чейин уюштуруп койсо болот да.
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу