Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 01:02

Экономика

«Жерүй» алтын кени дагы талашка түштү

Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары министри өкмөткө «Жерүй» алтын кенин иштетүү боюнча лицензияны жараксызга чыгаруу сунушун билдирген.

Текст көлөмү - +
Алтын кен компаниясынын контролдук пакети казакстандык «Визор» инвестициялык тобуна таандык. Анын жетекчиси «Жерүй» алтын кенин ишке киргизүүгө 230 миллион доллар сарпташканын ырастап, өкмөттү лицензияны кайтарып алышы өлкөнүн инвестициялык кадыр-баркынын төмөндөшүнө, соттук териштирүүлөрдүн узарышына алып келерин эскертүүдө.

Багы ачылбаган комбинат асманындагы сурбулут

“Жерүй” алтын кенин иштетүүгө алгачкы лицензия 1993-жылы берилген. Казакстандык инвесторлордун лицензиясы тартылып алынса ушуну менен 5-инвестор ат тизгинин артка бурушка мажбур болмокчу. Инвестициялык келишим шарттарын аткарбагандыгы үчүн буга чейин австралиялык, британиялык компаниялардан лицензиялары тартылып алынган. Айтса кыргыз өкмөтү “Визор” компаниясына алтын кен иштетүү лицензиясын берген эмес. Казакстандык компания акциялардын контролдук пакетин австриялык “Глобал Голд” компаниясынан сатып алган.

Алтын кенге ээ чыккан казакстандык инвестициялык компаниянын президенти Майкл Сауэр өткөн жылы “Жерүй” алтын кен компаниясынын акциялары Өнүгүү фонду тарабынан тартылып алынганын айтып, акциялар быйыл жайында гана ээсине кайтарылганын ырастайт, иштөөгө мүмкүндүк берилбей, дагыле бут тосуулар токтолбой жатканын жарыялоодо.

- Өкмөттүн бул аракети чет элдик ири инвестордун, бул республикага бир нече миллион доллар инвестиция сарптаган “Визор” компаниясынын ишкердик кызыкчылыктарына кайчы келет. Бул ошондой эле инвестиция тартып келүүгө куштар Кыргызстандын кадыр-баркына да доо келтирет. Себеп дегенде, ири инвестициялык долбоорлор эч кандай эскертүүсүз эле иштерин токтотушат.

“Жерүй” алтын кен компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Франс Шлоссер эмнеликтен компанияда иш жүрбөй келишин мындайча түшүндүрөт.

- Долбоор арасат абалда калды. Бирок ага карабастан биз долбоорду ишке киргизүүнүн аракетин көрүп келдик. “Визор” компаниясынын колдоосу аркасында биртоп иштерди жасадык. Бирок да акциялардын Өнүгүү фондунун башкаруусуна өтүп калгандыгына жана да анын ушул жылдын июль айына чейин кайтарылбай келгендигине байланыштуу биз унчукпай отурдук.

Өкмөт эмне дейт?

“Визор” компаниясынын президенти Майкл Сауэр да алтын кенди кантип иштетүү азырынча тактала электигин, алгач аны “Макмал” алтын кен, кийин болсо Кара-Балтадагы тоокен комбинатында иштетүү каралып жатканын билдирди. Долбоордун кийинки этабында гана кенди жеринде иштетүүнүн кам-чому көрүлмөкчү.

Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары министрлигинин статс-катчысы Наби Эшназаров “Жерүй” алтын кенине кетчү жол азыноолок оңдолуп, айрым бир кошумча жумуштар аткарылганы болбосо, инвестициялык келишимде көрсөтүлгөн негизги иштер жасалбаганын, кен иштетүүчү комбинат менен уулуу зат калдыктары сакталчу тосмо курулбаганын ырастады.

- Инфраструктурасы жок болгондон кийин булар ар түрдүү жолдор менен чындыкка туура келбеген сөздөрдү айтып жатышат. Мына мисалга алсак, ошол эле руданы “Макмал” комбинатка ташып өндүрсөк деген, экинчиси Кара-Балта тоокен комбинатына ташысак деген. Булардын баары ойго келбей турган нерселер. Андай болсо алтындын баасы эмне гана болуп кетет.

Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары министринин орунбасары Леонид Оселедко “Жерүй” алтын кен компаниясынын топурак-кумду Кара-Балта тоокен комбинатына ташып келип ошол жерден иштетүү сунушу да суу кечпейт, деген пикирде.

- Биздин шартта, кышында 700 миң тонна руданы Таластан Карабалта комбинатына ташып келүү. Эки жол бар, же Төө-Ашуу аркылуу машине менен ташуу же Маймакка жеткирип поюзга жүктөө. Ошончо руданы бир жерден экинчи жерге жеткириш үчүн суткасына 119 тонна руданы ташуу керек. Кандай жүк машине биздин жолдо кышындай буга чыдай алат?

Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары министрлиги азырынча компаниядан лицензия тартылып алына электигин, бирок да “Жерүй” алтын кен компаниясы инвестициялык милдеттенмесин аткарбаганын билдирүүдө. “Визор” компаниясы болсо Кыргызстанга инвесторлор келбей каларын эскертүүдө. Алтын кен талашына чекитти эми жаңы өкмөт коет окшоп калды.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Abdipaiz каяктан: Kadamjay
11.11.2010 08:59
Менин айтарым туугандар, ушул убакытка чейин келген инвесторлор нормальный проекттерди жасаган жок, биздин жогору жакта отурган чиновниктерибиз коррупциялашкандыктан, баарына макул боло беришкен. Копчулук инвесторлордун максаты жакшы кендерди кармап убагы келгенде башка инвесторлорго сатып турушкан(перепродажа). Мындай мисалдар копчулук алтын кендерге байланыштуу аттарын атабай эле койоюн, мен ушул тармакта иштегенимден айтып жатам. Эми Джеруйга келсек бул кен союз убагында эле изилденип запастары госбаланска коюлган, мындай айтканда основной запастары иштеткенге даяр, ал жерге жайында ЗИФ(алтын алуучу фабрика) куруш керек, руданы Казарманга же Карабалтага ташуу деген, бул экономиканы тушунгон адамдын акылына сыйбаган кеп. Азыркы учурда ГСМ канча кымбат турат, алтын кендин рентабелдуулугу томондойт, алтындын оз наркы жогорулайт, бул деген Кыргызстанды алдоо дегендикке жатат. Урматтуу Таластык туугандар сиздер биринчи экономисттердин созун угунуздар андан кийин митингге чыгыныздар. Азыркы учурда Кыргызстандын кызыкчылыгы тебеленип жатат, менин калыс оюм ушундай. Дагын жаза турган создор коп, бирок убакыт жок. Конул буруп окуганыныздар учун рахмат.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)