Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:58

Саясат

Жаңжалдардын жарасы ырбабасын

7-апрелден кийин Кыргызстанда улуттар ортолук араздашуулар күчөп кетти. Өлкө тагдыры кысталыш абалга кептелген чакта күчөп кетчү социалдык тирешүүлөрдү болтурбай коюунун амал-аргасы Бишкектеги жыйында талкууланды. Ага эларалык, Кыргызстан элдери ассамблеясы, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Текст көлөмү - +
Жаңжалдын тамыры кайда?

Чүй боорундагы Искра, Петровка , Маевка айылдарындагы жаңжалдар, Көк-Жаңгак, Жалал-Абаддагы тиреш Кыргызстан кийинки эле жылдары башынан кечирген апааттардын толук эмес тизмеси ушундай. “Эл аралык толеранттуулук” үчүн коомдук фонду улуттар ортолук жаңжалдардын себеп-жөнүн талкууга алган жыйындарды жакында эле Ош менен Жалал-Абад шаарларында өткөрүп келди. Иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгү Чүй облусундагы абалга арналды.

“Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фондунун жетекчиси Рая Кадырова өлкөнүн түштүгүндө өткөн жыйындарда этникалык жаңжалдардын чыгып турушу кимдерге кызык экени тууралуу аркыл пикирлер айтылып келатканына токтолуп, чогулгандар алдына момундай суроо таштады:

- Этникалык жаңжалдардын чыгып турушу кайсы бир саясатчыларга өзгөчө керек экен. Эмне үчүн сиз ошондой деп ойлойсуз?

Талкууга катышкандардын пикирлери негизинен бир чыкты.

- Бул жерде кайсы бир саясатчы дегенге мына муну кошуп жазуу керек. Бийликте отургандар. Алар баарынан кол жууп калышты. Токтой туруңуз. Калган экстремисттер, криминал, башкалар булар бийликте отургандардын айткан-дегенин аткарчу күчтөр гана,- деп билдирди орус тилдүү калк өкүлдөрүнүн “Гармония” маданий борборунан келген Акылбек Жолдошев.

Кыргызстандагы дунгандардын коомдук бирикмесинин өкүлү Казима Сушанлонун пикири:

- Мен айтсам болобу? Криминал дайым эле болуп келген. Дагы бирөөсү бар такай жүрчү. А эмне үчүн ал кайсы бир саясатчыларга гана керек? Этникалык жаңжал күчөп, кырдаал жетер чегине жетип калышы ага эле керекпи? Бийлик алмашканда алар сөзсүз чыгышат. 90-жылдары Союз кыйраган. Анан 2005-жылы бийлик күч менен алмашылды.

Өкмөт кезектеги программасы менен алек

Улуттук өң-түс алып кеткен жаңжалдардын текши баарында кайсы бир саясатчынын, таасирин көтөргүсү келген криминалдык күчтүн, экономикалык оорчулукка кептелген кайсы бир топтун, келише албас адамдардын тобу турары жыйында көп айтылды. Анан алардын ортосунан от чыгып, жалыны бир айылды же шаарды, аймакты каптап кетиш коркунучу бардыгын Кыргызстандын кийинки жылдардагы тарыхы деле кашкайтып көрсөтүп келатат.

Убактылуу өкмөттүн социалдык тармагына жооптуу жетекчиси Элмира Ибраимова улуттук жаңжалдарды болтурбоо, андайга жол бербөө амалында жаңы бийлик тарабынан бир топ иш-чаралар жасаларын билдирди.

- Убактылуу өкмөт азыр иш-чаралардын өзүнчө бир долбоорун иштеп чыкты. Ал этникалык тирештин жаалын кайтаруу максатын көздөйт. Долбоор азыр макулдашуу, жактыруу жагында турат. Анда аркыл тармактарда кандай иштерди жасоо керектиги белгиленген. Мисалы, улуттук коопсуздук, элдик дипломатияны колдонуу сындуу механизмдер бар. План иштелип чыккан. Буюрса жакын арада кабыл алынат.

Этият болгондон эч ким жапа чеккен эмес

Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Бишкектеги борбор жетекчисинин кеңешчиси Александр Ванников ушу тапта Кыргызстанда өтө эле морт теманы оюндагыдай пайдалангысы келчү күчтөр бардыгын белгилеп, улуттар аралык жаңжал чыкпашы үчүн бийлик да, эл да, саясатчылар да өтө этият болушу керектигин билдирди.

- Ошол эле мезгилде биз баарыбыз, анын ичинде Убактылуу өкмөт да бир нерсени, кылдат мамилени талап кылган картаны жеңил-желпи пайдаланбаш керектигин эстен чыгарбашы зарыл. Улуттар ортолук мамилеге коркунуч келтирчү жагдайлар биртоп, аны бийлик тезинен чечүүсү керек. Анын ичинде улуттук азчылык өкүлдөрүнүн коомдук ишке катышуусу да бар.

Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Хольгер Грин талаш-тартыш, кагылыш-тирештин тамыры барып-келип эле экономикалык маселелерге байланышарын ырастады.

- Бир топ башка бирөөлөр алдында кыйла начар жашай турганына нааразы болуп чыгат. Мен мындан бир нече жыл илгери Францияда мигранттар менен полициянын кагылышын көргөм. Көпчүлүк мигранттар өздөрүнүн жашоо деңгээли башкалардан төмөн экенине арданып нааразылык билдирип чыгышкан.

“Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фондунун Баткен облусундагы тескөөчүсү Роберт Авазбеков ушу тапта Баткен облусунда Өзбекстандын Сох анклавынын жанында чек ара менен жайыт маселесинен талаш чыкканын маалымдады.

- Согмент, Чарбак деген кыргыз айылдары, Хушяр деген өзбек айыл бар. Бул конфликт, чыр-чатак мурдатан бери келе жаткан. 2005-жылы ушундай эле конфликт болгон. Анда дагы ушундай эле жайыт маселесинен, ичилчү суу анан сугат суу маселесинен чыккан. Азыркы кезде деле ошол чыр-чатак кайрадан кайталанып жатат.

Бишкектеги жыйын катышуучулары улуттар ортолук жаңжалдарды болтурбай коюу, жаңжалды күчөтпөй эртелеп басуу боюнча пикир-сунуштарын Убактылуу өкмөткө, эл аралык уюмдарга жөнөтүшмөкчү.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Жыланач жоокер каяктан: Казарма
01.06.2010 21:29
Согуш чыгып кетпесе эле болду.

кимден: Сарай каяктан: Ош
01.06.2010 11:43
УО колунардан келбегенди убада бербей, же колдон келбейт азырынча деп эле койбойсунарбы

кимден: Кубанычбек каяктан: Баткен
01.06.2010 10:21
Жанжалдардын жарасын ырбатбоо учун Кыргызстанга катуу, баарын козомолдой алган, акыйкат мамлекет башчысы керек!

кимден: Taalabek каяктан: Талас
01.06.2010 06:59
Бакайата районунун ЦСМ болуму, бизге компенсация берди, 26.05.2010 жылы, бирок 10 пайыз кармап калат экен бул жонундо ой пикириниз? 3710 сом берди. 6-апрелде Талас шаарында тез жардам болумундо дежурствого тургандыгыбыз учун. Биз газетадан окуганда 4500 сом берет деп жазылып турган, биздин ойубузда ушул акчалар жонундо да коррупция журуп жаткандай. Берсе толук бербейби? Бул жонундо Роза Отунбаевага билгизип койсонуздар экен, же Дамира Ниязалиевага. Жообун кутом.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)