Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:57

Саясат

Жарылган жара ырбап кетпесин!

Кыргызстандын түштүгүндө жаңжал уюштургандардын башында «үчүнчү күчтөр» турганы кийинки кездери көп айтылууда. Өлкө бүтүндүгүнө коркунуч келтирген андай саясий күчтөр ичтен чыктыбы же сырттан келдиби?

Текст көлөмү - +
«Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусу мына ушул темага арналат? Ага белгилүү коомдук ишмер Бахтияр Фаттахов, ишкер, саясат таануучу Тимур Муратов катышат.

Үчүнчү күч деп мурдагы президентпи?

- Бахтияр мырза, Ош менен Жалал-Абаддагы жаңжалдын артында үчүнчү күч турганы айтылууда. Үчүнчү күч деп сиз кандай күчтү айтат элеңиз?


Бахтияр Фаттахов: - Эгер ал болбосо мындай провокация болмок эмес. Үчүнчү күч деп мурдагы президентти эле айткан болбойт. Башка эле күчтөрдүн, биздин өлкөдөгү саясий иш-чараларды өткөрбөйбүз дегендерди мен байкап жатам. Бул күчтөр элдин бийликке ишенимин жоготу аракетин көрүүдө.

- Тимур мырза, үчүнчү күч эгемендик заманында такай эле айтылып келатат. Мынабу жаңжалдын чыгышында анын ролу кандай болду?

Тимур Муратов: - Туура, ал 90-жылдардан бери эле айтылып келатат. Ош, Жалал-Абаддагы кандуу окуяларга үчүнчү күчтүн тиешеси кандай дештен мурун анын өзүн аныктап алыш керек. Алар ички жана сырткы болуп бөлүнүшөт. Сырттагы үчүнчү күчтөргө биртоп мамлекеттер кирет. Алардын арасында Орусия, АКШ, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай турат. Сырткы күчтөргө дагы наркожолдун турушуна кызыкдар криминалдар, баңгизат ташуучулар, диний-экстремисттик кошуундар кирет. Буга кошуп А.Акаев менен К.Бакиевдин сыртта жүргөн жандоочтору, ошолорду колдогон күчтөр бар. Ошолордун да кызыкчылыктары бар. Ал эми үчүнчү күчтөргө саясатчылар, сепаратисттик көз карашта жүргөндөрдү кошсо болот. Буга дагы кайсы бийлик келсе да кошула калчу оппозициялык топтор, өлкө ичиндеги криминалдык топтор кошулат.

- Бахтияр мырза.

Бахтияр Фаттахов: - Мына бул жоопту угуп олтуруп мен бир илимий конференцияда отургандай сезип атам өзүмү. Кудай буюрса изилдөөлөр көп болот. Азыр элди ынтымакка чакыруу зарыл. Эй кыргызым, эй өзбегим, экөөңдө күнөө жок! Ортоңорго кара мышык сойлотуп ийген күч бар. Мен азыр элдин арасында туруп сүйлөп атам. Бизди Кудай мындай жаман күндөн тезирээк чыгарсын, деп отурам. Ал эми үчүнчү күчтүн өлкө кысталыш чакта чыгып калышына жооп. Адамдын денесинде көрүнбөгөн кесел болот. Ал тирүүсүндө чыкпаса өлгөндөн кийин сөзсүз чыгат экен. Аны өзбектер кызамык деп коет. Кыргызча деле ошондой. Бул жаман ойлуу адамдан чыгат. Биз да эл катары ошондой илдеттен арылышыбыз керек. Элди ким баштап жатат? Азыр партиялык кызыкчылыкты алдыга жайып, популизм кылыштын кереги жок. Андайлар токтой турсун. Азыр өлкөнүн бүтүндүгү жөнүндө ойлонушубуз керек. Кыргызстан эгемендигине салымымды кошкон кишимин. Жаман оюн ишке ашыргысы келген адамдар элдин каргышына калат. Элди жакшылыкка үндөгүлө. Жакшы ишти элге жеткире албай жатабыз. Көпчүлүк элди аскерлер атып атат дешүүдө. Аскерлер аткан жок. Анын куралын тартып алган, аскердик форманы кийип алган бандиттер атып жатышат. Аларды кармап, куралын алып жатабыз. Элди дружинага чогултуп атабыз. Тынчтыкты калыбына келтиребиз деп жатабыз. Элибизди сактап калалы.

 Өзгөндү сактаган элдин өзү

- Тимур мырза, жакшы иш катары Өзгөндөгү тынчтыкты айтсак жарашат. Элди ынтымакка келтирүүнүн жолун да айтсак.

Тимур Муратов: - Өзгөндү сактап калган элдин өзү болду. Жаман айтпай жакшы жок. 90-жылдагы окуя бардыгыбыздын башыбыздан өткөн. Ошон үчүн Өзгөндөгү кары-жаш, кыргыз-өзбек дебей чогуу жашаган эл катары пикирлеш, ынтымакта болушууда. Өзгөндө жаштарга “Өзгөн ынтымак” деген форма кийгизип кыргыз-өзбек жаштарынан атайын кошуундар түзүлдү. Жаштар менен жаштар, аксакалдар менен аксакалдар элди ынтымакка чакырышты. Баштан өткөн соң экинчи ирет тирешке Өзгөн эли барган жок. Чагымчыларга жол берилген жок.

- Бахтияр мырза, биздин талкуубуз 19-июнда жазылып жатат. Ушу саатка Оштогу абал кандай?

Бахтияр Фаттахов: - Чоң көчөлөрдө машинелер каттап, эл ары-бери жүрө башташты. Майда базар, дүкөн, дарыканалар ачылып жатат. Биздин максат унаалар каттасын, эл жүрсүн деп жатабыз. Автобустарга аскерлерден да отургузуп коелу деп атабыз. Эл коркпосун үчүн. Анан элдин маанайы жакшы болуп жатат. Элдик кошуундар иштеп атат. Министр болсом да эл кызматында болоюн деп коменданттын орунбасары болуп иштеп атам. Биринчи күндөн шаар, облус жакшы болот деген үмүттөбүз. Анан түндөсү эл уктап атат. Атышмайлар азайып, дүрбөшмөйлөр жоголуп, ошого шүгүрлүк кылып отурабыз. Анан сиздер, журналисттер эл менен бийлик ортосунда көпүрө болуп бериңиздер. Этият жазыңыздар. Элде күнөө жок.

- Маалымат мейкининдеги бир жактуулук эмнеден чыгып жатат?

Тимур Муратов: - Жанагы үчүнчү күчтүн арасына массалык маалымат каражаттарын да сөзсүз кошуу керек. Бул өзү жооптуу иш. Журналист акыйкатты чагылдырыш керек. Ооруну жашырсаң аны өлүм ашкерелей турганын ырастаган макал бар. Журналист маалыматты бурмалабай так бериши зарыл.

- Бахтияр мырза, кырдаалдан чыгыш үчүн эл, бийлик, жалпыбыз эмнени жасашыбыз керек?

Бахтияр Фаттахов: - Бийлик уюштуруу иштеринде кетирген каталарын эми кайталабаш керек. Эл бийликтин ээси. Азыр элдин бийликке ишеними анча эмес. Тараза элдин колунда. Элге кайрылып кетким келет. Айланайын туугандар! Ошко келип элге жардам кылайын деген жигиттер көп. Ушуларга ак батаңарды берип койгула! Бүгүн кызмат кылбаган качан кызмат кылат? Өз үйүбүзгө тартип орнотушубуз керек. Анан азыр бурч-бурчка чогулуп ким күнөөлүү дегенди талкуулап отурушка убакыт жок. Элди эч ким алдай албайт!

- Тимур мырза, кеп сизде.

Тимур Муратов: - Майдын он тогузу, жыйырмасында Жалал-Абадда өткөн окуялардан Убактылуу бийлик жыйынтык чыгарып, ал кайталанбашы үчүн аракеттерди көрсө болмок. Оштогу трагедияны эмоцияга берилип баарыбыз азыр анча билбей жатабыз. Ошто 1990-жылы өткөн кандуу кагылышка да саясий баа берилген эмес. Анан референдум тууралуу. Ал болот-болбойт деген пикирлер арбын. Бирок референдум болушу керек. Катышсын эл. Суроого кандай жооп бериш алардын өз иши.

- Анда эмесе кебибизди жыйынтыктасак. Мырзалар, элибизде тынчтык болсун!
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Медер каяктан: Екатеринбург
22.06.2010 17:39
Бекташ аке, жакшы маек уюштуруп берипсиз. Акыркы учурда Тимур Муратов аябай маныздуу, жакшы аналитикалык ойлорду айтып жатат. Көзүн май баскан биздин чондор өзүнүн акылы жетпесе ушундай кыргыздын акылдуу жигиттерине ордун бошотуп бербейби?

кимден: Садир каяктан: Москва
21.06.2010 08:21
Мекендештер, УӨ-тү маалымат бербей атасыңар деп күнөөлөй бергенибиз туура эмес. Айрыкча Ош, Жалал-Абад окуялары боюнча. Туура, кээ бир ачууга алдырган өзбек улутундагы адамдар интернетке өзбектерди кырып-жоюп атат деген маалыматтарды жарыялап атышат. Биздин улуттун өкүлдөрү бул боюнча акыл-эстүүлүк кылып атышат. Кечээ ютубга зордолгон кыргыз кыз жөнүндө ролик жүктөп коюшуптур. Көрүп алып аябай жаман абалда болдум. Азыр да валидол бар тилимин алдында. Эми ошондой роликтерди жүктөй берсек элибизди ого бетер козутуп жибереби деп кооптонуп атам. Ошон үчүн УӨ ошондой маалыматтарды айтпай атат. Мына ошол күндөрү биздин айылдан дагы бир жаш жигитти, аябай жакшы жигит эле өзү, кошунамын баласы, Жалал-Абадга бара жаткан жеринен Турпак-Белдин ашуусунан түшө беришиндеги "Санпа"нын жанынан токтотуп алышып, мыкаачылык менен өлтүрүп коюшуптур. Туугандары кан жутуп боздоп олтурушат азыр. Эми ушундай окуялар абдан эле көп. Ошондой окуялардын баарын айта берсек элдин кыжырын кайнатып дагы тополон күч алып кетиши мүмкүн. Ал эми жанагыдай роликтерди жарыялап аткандарды болсо провокатор катары кабыл алуу керек. Мен кыргыз кыз жөнүндөгү роликти жүктөгөндөрдү айтканым жок! Аларга Кыргыз өлкөсүндө стабилдүүлүк болбой турганы керек. Ошол үчүн акча алып атышат окшойт да. Тезирээек референдумду өткөрүп укуктук талаага түшүп алсак экен. Сөзсүз реферундумга катышып добуштарыбызды берели. Мен болсо сөзсүз катышам. Элчиликке барып добушумду берип келем. Силерди да чакырам. Эртеңки жашообуз үчүн, бала-чакбыздын келечеги үчүн ушу референдумга катышалы.

кимден: Атамбаев каяктан: Бишкек
21.06.2010 07:54
Үчүнчү күч Кадыржан Батыров,Иномжон Абдурасулов,Караматхон Абдуллаева.Эки элди тирештирген ушул үчөө жана "ОШ ТВ","МЕЗОН ТВ".Жаңылык ачуунун кереги жок буларды өзбеги да кыргызы 100% билет.

кимден: улан каяктан: кытай
20.06.2010 16:53
УӨ өздөрунөн өздөру паника болуп атышат,блок посторду эмне кереги бар эле.Мумкун курал жарактар тарап кетти ошону учун болушу керек.Бирок Атамбаев омурун баалагандан баалап эле атат,ал кимге кереги бар экенин эч ким билбейт,мнимче айла жоктун ишин кылып атат,эл унутуп калбаш учун.Ошто Алымбеков,Курсандардын эмгегин көбу билбей атышат,ушу жигиттерге чон рахмат.Бул жерде Байболов менен эле Субаналиев герой болуп атышат.Субаналиев,Мелис Турганбаев,Кубан Кадыровдар прессаларды сатып алышкан.Ошондуктан чыныгы баатырлар билинбей калып атышат.УӨ Субаналиевди бекер комендант кылышты себеби ал чон очко жазап алды,анын артынан Атажурт партиясы кадыр баркын которуп алышты.Ошого карабастан Субаналиевге рахмат.Бакыт,Курсан байкелер силерге кудай кубат берсин,силерге ишенебиз.

кимден: Ыман
20.06.2010 16:32
Мен Туштуктун жараны катары айтып койсом дегенмин УОго булар эмне эле болуп жатат, оздорунун мамлекеттик тонкорушу жасап, отуруп алганын туура деп эсептеп жатат окшойт. Кантсе да булар буткул Кыргызстандыктардын тынч отурган уйун бузуп, олкобуздун айланасын кара тутунго булады. Шаарлардын эн кооз деген жерлери куйуп куйуп кул болуп, жокко чыкты. Бироонун уйун орттосон, озундун уйун дагы бир куну созсуз орттолот деген создун чындап акыры бар экендигине ынандым

кимден: Жанайым
20.06.2010 16:24
Бул улуттар аралык жанжалда эч кандай 3- кучу мучу жок эле оздору менен оздору чыкты, Ошентиип калп суйлоп отуруп кыргыз -кыргызды дуйно жузуно жаман корсотуп алды, андан башка эч кандай пайда деле алып келген жок. Бекеринен айтпаган экен да коргоч Шайлообек ага "кыргыздын душманы кыргыз"- деп

кимден: МикТимоха
20.06.2010 15:43
УО мейли эл олсо олсун , озубуз олбойлу деп отурасынарбы, жамандыкты баштадынар , аягына чийин чыгаргыла, ии жан таттуу бекен ыя. Эмнеге Бишкекти оротуп алдын милицияларга, ОШ менен Жалал-Абада коопсуздукта болуп туса. Бул клганынар эмне, мыйзамды сыйлабаганынарды кесепети озунорго тийди го чиркин

кимден: семетей каяктан: москва
20.06.2010 05:52
биз Москвадагы КЫРГЫЗДАР менин жумушумда эки жуздой Кыргыздар жана озбектер (кыргызстандык)суйлошуп ушул катты жалпыбыздын атыбыздан жаздык албетте чыгарыныздар !!!!!!!!!!!!!!! Өзбекстанда жашаган кыргыздар бар алар өзбек тилинде без акцент суйлошот салттары да өзбектешип кеткен өзбектер менен жаңжалы жок еле жашап келатышат БИЗ айткыбыз келет кыргызстанда жашаган өзбегиби башка улутубу кыргыз тилинде суйлошу керек мектептерди кыргыздаштыруу керек БУЛ урушта калпак кийип кыргызча суйлоп турган өзбек болгондо анын чекесине еч ким чертмек емес УЛУТ кызыкчылыгын ойлогон АДАХАН МАДУМАРОВ БЕК БОРБИЕВ сыяктуу элим жерим деп куйгон азаматтар келип эл башкарса баары кудай буйурса жакшы болот!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
20.06.2010 02:04
"Силер айткыла,мен озум бошотуп келем" деген кайсыл элден келген калыс,анчалык нерселер колунан келет экен Кыргызстандын атуулу катары,ордолуу Оштун ардактуу адамы катары,блок посту койгон,кыргыздарды барымтага алган озбектерге барып,"Эй,туугандар,эмне эле германдай болуп жатасынар,кыргыздар силер ойлогондой калк эмес алар гумандуу,Озбекстандай эмес,ишенесинерби мен министр болуп иштеп жатам,мага тийген жок ,озун катылбасан алар бироого катылбайт,бироо катылса ушундай катыгын берет,ошондуктан айыбыз болсо кечирим сурап баралы,алар айкол калк,кечирет,ушуну менен биз душман мене алышып жаткандай болбойлу,барымтадагыларды тез жеткирели,блок пост дегенди бир тундо жок кылалы,эртен,кийин деле ушу Кыргызстанда ,алар менен бирге жашайбыз,баары бир бизди Озбекстан кабыл албай,акылга келели"деп маселени кабаргадан коюп чечсе болот да эмне эле маалкатат.Суйлосо асмандан акыл айтып суйлойт.Министрмин деп коет,Озбекстанда министирдин \кыргыздардан\" М" тамгасы да жок

кимден: кг каяктан: кр
20.06.2010 01:46
мындай уруштар улуттук сезимди курчутат, ошол Өзгөндүк(туугандар)90ж эсинен кеткис болгон ошого алар баш көтөргөн жок муну ар оштук жакшы билет чындыкты жашырбай туура баа берсек ошондо мындай нерсе кайталанбайт болчу
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)