Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:56

Экономика

Энергетика базары: баасы кымбат, өзү арзан

Жаңы жылдан тарта электр, жылуулук акысы кымбаттады. Өзбекстандын көзүн караган газ акысы канча болору азырынча дайынсыз. Баалардын көтөрүлүшү тармакта кыйла жылдардан бери чогулган проблемаларды чечүүгө өбөлгө түзө алабы?

Текст көлөмү - +


Ташкендин кабак-кашы

Өткөн жылы өкмөт Кыргызстандын энергетикалык тармагын дагы бир жолу текшерип, эмнеликтен ал эки жылдан берки кризистен оңоло албай келатышынын себеп-жөнүн иликтөөгө киришкен. Ушундай эле текшерүү Феликс Кулов өкмөт башчы кезинде 2006-жылы да жүргүзүлүп, бирок да анын жыйынтыгы жалпыга жарыя кылынбай, жабылуу аяк боюнча эле калган. Текшерүүдөн соң өкмөт башчынын өзү “Электр станциялары” акционердик коомунун жетекчисин кызматтан ала албастыгын айтып, нааразылыгын билдирүү менен тим болгон.

Өткөн жылкы башкаруу системасын реформалоонун шарданы менен бийликке келген өкмөт башчы Данияр Үсөновдун да алгачкы кадамы энергетика тармагын текшерүү менен коштолду. Анын жыйынтыгы деле мурдагысындай эле көпчүлүккө бүдөмүк бойдон калабы же буга чейинки коррупциялык схеманын ичегисин чубап чыгабы - азырынча белгисиз.

Акыйкатта да, жылына өндүрүлчү 14 миллиард киловатт саат электр энергиясынын төрттөн бир бөлүгүнө жакыны орто жолдон уурдалып, анын баары коммерциялык жоготуулар эсебине кирип калышынын чоо-жайы акыры такталышы керек го. Ансыз тармакты өнүктүрүү, жаңылоо жайында кеп кылбай деле койгон оң. Өкмөт жаңы жылдан тарта электр энергиясы, жылуулук, ысык суу баасынын кескин көтөрүлүшүнүн себеп-жөнүн көпчүлүккө түшүндүрүүгө кыйла убакты-саатын сарптаганы менен тармактын кантип кризиске капталыш жөнүн айта элек.

Өңгөдөн да уурулуктан алыс турчу газ тармагындагы абал начарлагандын үстүндө баратканына нааразылыгын жашырбаган өкмөт башчы Данияр Үсөнов “Кыргызгаз” акционердик коомунун жетекчиси С.Айтикеевди жемеге алганы көпчүлүктүн эсинде. 52 миң сом айлык маяна алып отурган “көгүлтүр отун” жетекчисин “эки” алган окуучудай урушкан.
Баарын газсыз отургузуп, өзүңүз 50 миң сом айлык алып атасыз жыргап... 

- Уятыңар жок экен! Бетиңер жок! Мунун баары эми жалпы республикага угулуп жатат. Айта турган катуу-катуу сөздөрүм бар. Мына жүрөктө турат. Ушул маалыматты уккан адам эмнени ойлойт? Баарын газсыз отургузуп өзүңүз 50 миң сом айлык алып атасыз жыргап.

Анткен менен ошол эле “Кыргызгаз” жетекчисин жанына алып Д.Үсөнов жыл аягында Ташкенге 2010-жылга газ боюнча сүйлөшүүлөргө барды. Ташкендеги жолугушуулардын баарында “Камбар-Ата –1” ГЭСинин курулушу, анын экологиялык салакасы кандай болору жайында Өзбекстан жетекчилеринин кабатырлануусу кайра-кайра эскертилип турду. Газ бериле тургандыгы, бирок баасы жаңы жылдан кийин европалык газ менен мунай биржасындагы баага ылайык аныктала тургандыгы ырасталып, өкмөт башчы Д.Үсөнов жаңы курулчу ГЭСти эларалык экспертизадан өткөрүүгө макул экендигин билдирип кайтты. Антип өкмөт башчы өзү барып Ташкенди эпке келтириш амалын жасап жатып сатып алган газдын 25% уурдалып-тонолуп, энергетика тармагы белчесинен кризиске батып турган кези.

Кыргызстандын энергетика министри Илияс Давыдов жоготуулардын кыйласы техникалык себептердин айынан деп эсептейт.

- Биринчиси, бул уурдоолор. Экинчиси, текшерүүчү менен кардардын макулдашып алып уурдоосу. Үчүнчүсү, боло турган нерселер. Газ куурдун бир жери тешилип же бириктирилген жер ачык калып калат. Жакында чоң газ куурдан чоң тешик табылып газды токтотууга мажбур болдук. Аны оңдоого туура келет. Иши кылып техникалык, нормативдеги жоготуулар болот.

Камбар-Ата сарсанаасы

Өзбекстанды өзгөчө ойлонткон Камбар-Ата – 1 ГЭСинин качан курулушу азырынча белгисиз. Өткөн жылдын башында президент К.Бакиев Москвадан туруп “Манас” абамайданындагы АКШ аскер базасын чыгаруу жөнүндө батыл билдирүү жасаган күнү эле орус өкмөтү “Камбар-Ата –1” ГЭС курулушуна деп 1 миллиард 700 миллион доллар кредит берүүгө макул болгон. Саратан жайда америкалык база Транзиттик борборго айланып, ижара акы 60 миллион долларга көбөйгөн соң орусиялык кредиттин да деми өчтү.

Жылына 1 миллион 900 мегават электр энергиясын иштеп чыкчу Камбар-Ата –1 ГЭСи курулгуча Кыргызстан кышын-жазын жарыкты “жалп” өчүрүшкө мажбур болуп отура берет окшоп калды. Өткөн жылы Камбар-Ата –2 ГЭСинин жанындагы тоо жардырылып, суу бөгөлдү. Өнүгүү фондунун карыз акчасына курулуп жаткан жаңы ГЭСтин 1-агрегаты ишке киришкен соң калган экөө кайсы каржы булактарынын эсебинен каржыланары белгисиз.

Буга чейин Кыргызстандагы орто ГЭСтердин катарына киргент Күрп-Сайдан жылына иштелип чыккан 4 миллиардга жакын киловат саат электр энергиясы уурдалып жок болуп келди. Жарык өчүрүүлөр башталганы жоготуулар кыйла азайды. Анын себеп-жөнүн Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин эмгек сиңирген энергетиги Райымбек Мамыров электр энергиясын пайдалануунун азайышына байланыштуу түшүндүрөт.

- Мурда республика боюнча аягына жетип колдонгон электр энергиясы 8,5 миллиарддын тегерегинде болот. Өзү 14 миллиард иштеп чыгарса 2 миллиарды экспортко кетип, 3,5 – 4 миллиарды жоголсо, ошондо акыркы пайдалануучуларга 8 – 8,5 миллиард электр энергия жетет. Эми ошонун баары 30% кыскарып атса 8,5 миллиарддан 2 миллиардды эл аз колдонулуп калып жатпайбы. Ырас азыраак колдонулгандан кийин уурдоолор да азыраак болду, деген сөз.

Эскирген жабдуулар

Тармактагы өзгөчө оор маселе эскирген жабдуулардын иштен чыгып калышы болууда. Өткөн жылы Кыргызстандын түндүгү менен Казакстандын түштүк аймактары кыйлага жарыксыз калган учурунан тыш Токтогул ГЭСиндеги эки агрегаттын токтоп калышы биртоп түйшүктөрдү жаратты. Токтогул каскадынын башкы инженери Таалай Толубаевдин айтуусунда, жабдуулардын көбү эскирген, тийиштүү мөөнөтү бүткөнүнө карабай иштеп жатышат.

- Жабдуулар эски. 25 жыл мөөнөт берсе булар 30 – 35 жыл иштеп коюшту. Биз колдон келишинче аларды текшерип карап жатабыз. Анан кээ бир учурларда ушундайлар болот. Бузугу чыгып жасаган күндөр болот.

Жабдуулар бөлүштүрүү компанияларында алдакачан эскирип, ушу тапта “өгүз өлбөсүн, араба сынбасын” болуп иштеп жатканын “Түндүкэлектр” акционердик коомунун пресс-катчысы Гуля Мураталиева ырастады. Анын айтуусунда, компания түзүлгөндөн берки 8 жыл ичиндеги проблемалардын эң орчуну каржылык жетишпестикке такалууда.
Иштөө мөөнөтү 25 жылдык кабелдик линиялар 35-40 жылдан бери иштеп жатат.

- Акча каражатынын жетишпестиги бизде өнөкөткө айланып кетти. Ошондуктан мына техникалык жактан алганда биздин ачык акционердик коомдо өтө оор кырдаал түзүлүп турат деп айтсак болот. Электр желе тутумун калыбына келтирүү иштери жакшы жүрбөгөндүктөн электр менен камсыз кылууга терс таасирин тийгизүүдө. Көп жерде айтып эле жатабыз. Азыр биздин компанияда өтө таңгалыштуусу 1941-жылдан бери иштетилип келаткан кабелдик чубалгылар бар. Ал эми трансформаторлук көмөк чордондорду алсак, көпчүлүгү 1959-1960-жылдардан бери иштетилип жатат. Алардын көпчүлүк техникалык иштөө мөөнөтү 25 - 30 жыл. Бишкекте кабелдик линиялар жер алдында жаткырылган. Алардын иштөө мөөнөтү 25 жыл. Бирок алар 35-40 жылдан бери иштеп жатат.

Антип алтымыш жылдан ашкан жабдууларды иштетип жаткан компания өткөн жылы эки ирет сатыкка коюлду. Биринчисинде кардар чыкпай, экинчи ирет сатыкка коерго чукул өкмөт электр баасын эки эседен ашуун көтөрүп, инвестициялык өтүмдүүлүгүн арттырды. Эски жыл аяктап жаткан чакта “Түндүкэлектрдин” мамлекет ээлигиндеги акцияларын сатып алууга куштар үч компаниянын аты аталып, алардын кимиси утушка ээ болору жакын арада жарыя кылынышы мүмкүн.

Энергобазар кызый элек
Энергетика тармагын менчиктештирүүгө каршы нааразылык чарадан. Москва району, 2008-жылдын 16-декабры.

Анын артынан “Ошэлектр”, “Жалал-Абад электр”, “Чыгыш электр” компаниялары да базарга коюлуп, баасы бычылып, ээси аныкталмакчы. Өткөн жылы сатыкка Бишкек жылуулук борбору, башкалаанын жылуулук тармактар мекемеси да ошол эле “Түндүкэлектр” менен чогуу коюлуп, бирок да кардар чыкпагандан токтолуп калган. Кымбатбаа жылуулукту арзан баада сатып келген ишкананы жеке колго берүү же шаар башчылыгына өткөрүп берүү маселеси да ачык чечилбей азырынча асманда асылып турат.
 
Өкмөт энергетикалык кризистен чыгуунун жападан-жалгыз аргасы катары бөлүштүрүү компанияларын жеке колго сатууну туура көрүүдө. Ошону менен тармакты кадам сайын тооруган кризистен чыгып, коммерциялык жоготуулар түшүнүгү түп-орду менен жоголот, деген ишенимде. Жедеп эскилиги жеткен жабдууларды четтен келген инвестор жаңылап, өкмөттүн жаңы электр баасына каниет кылып отуруп калабы же тарифтерди дагы көтөрүүнүн аракетине киришеби, суроосуна азырынча эч ким ачык жооп бере албайт.

Уурдаба, айланайын!

Кыйла жылдар каржылык текшерүү кызматтарын жетектеп келген эмгек ардагери Имамады Абдырахмановдун айтуусунда, социализм заманында энергетика республикадагы эң кирешелүү тармак болчу. Анын эми минтип белчесинен кризиске батышына колу туткак аткаминерлер күнөөлүү.

- Ошондо “Кыргызглавэнерго” жылына 15-18 миллион акча төкчү. Анда элден төкпөй калган эч ким болчу эмес. Бюджеттик
Республикадагы эң бай мекеме ушул “Кыргызглавэнерго” болчу.
уюмдарга акча бөлүнүп, алар убагында төгүп турушчу. Республикадагы эң бай мекеме ушул “Кыргызглавэнерго” болчу. Эми карап турсак, Кыргызстандагы эң бай мекеме банкротко учурап, ушундай ахывалга келип калышы мага өтөле таңкалыштуу. Мунун эч кандай шылтоосу жок. Анткени ошол кезде эле келип жаткан суу, ошол ГЭС иштеп чыккан энергия – баары эле болуп жатпайбы.

И. Абдырахманов тармактагы ит ыйларлык абалды айтып, коррупцияны жоюп, кимдер уурдап жатканын айтып бериш үчүн президент менен премьер-министрге киргиси келгенин деле жашырган жок. Эмгек ардагери улуттук байлыктын убайын бирууч топ гана көрүп, топтолгон проблеманы түгөлү менен чечүүнүн жалгыз аргасы катары бөлүштүрүү компанияларын жеке колго сатууга каршы. Анан да өкмөттүн тарифтер көтөрүлгөндөн кийинки социалдык аялуу катмарга, колу жукаларга көрсөтчү көмөгүнөн натыйжа чыгышы күмөн.

- Эмне үчүн элдин башын айлантышы керек? Тегеретиши керек? Кантип кыйынчылыкка ого бетер дуушар кылышы керек? Ал акчалардын баарын кайра райсобестерге которуп, алардын баары кайрадан эсептелинип, анан почта бөлүмдөрүнө жиберилип, ал жерде пенсионерлер шордуулар кезекке туруп кырылышып, каргап-саргап жаткандын баары ошерде. Чиновниктер ошол жерге барып укса түшүнмөк,- дейт Имамады Абдырахманов.


Өкмөт башчы Данияр Үсөнов андай ачуу сөздөрдү жаңы орунга отуруп-отурбай жатып укканын жашырбай эле айтып келатат. Элдин кызыкчылыгына түздөн-түз таасир көрсөтчү маанилүү экономикалык чечимди кабыл алардан илгери анын социалдык салакасы кандай болорун эсепке алыш зарылдыгын Д.Үсөновдун өкмөтүнүн алгачкы кадамы айгинеледи окшойт.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Shom каяктан: Talas
07.01.2010 03:54
Электроэнергиянын кымбаташы жөнөкөй карапайым ансыз деле араң жашап жаткан жарандарыбызга чоң сокку. Жаңы жылга чейин 65 тыйын болсо азыр, 1.50 тыйын. Бул деген 120 пайызга кымбаттоо дегенди билдирет.Кээ бир биздин саясатчылар айтып калат го биз 1936 жылга репрессия убагына бара жатабыз деп, мен ошолордун ойлоруна толук кошулам. Анткени бизде репрессия убагы да келди ошол убактагы жашоо, караңгылык да каптап калды. Давыдов деген неме уурдап жатат, суу бууланып жок болуп жатат деп эле элдерди жайгара берет. Жаңы койулган электрондук учетчиктердин таасири барбы же жөн эле акчаны жок кылмайбы? Негизинен эл эмес, накта ошол уурдалып жатат деген эрболдор уурдап жатышат деп ойлойм.
Мен жалпы окурмандарга кайрылып кетмекмин баардыгыбыз керек болсо кол чогултуп элдин пикирин Президентке, биздин билмексен болгон элдик депутаттарга жиберишибиз керек. Антпесе "Молчания знак согласия" деп билгендерин кыла берет.

кимден: Айсалкын каяктан: Арча-Бешик
07.01.2010 00:07
Откондо Шоро фирмасынын башчысы энергетикага бааны туура которду деп дооруду эле. Ошол Эгембердиев менен ушул Имамады аканы Азаттыкка чакырып бир жакшы беседа кылып бергилечи, айланайындар.

кимден: Комиссар ОК каяктан: Ош
06.01.2010 20:13
Чынында эле биздин эл 30-35% электроэнергиясын уурдап жатабы?! Буга жөнөкөй бир мисал: Асан 1 бирдик ток уурдайм деп кармалып калды. Анан Болот анын колуна 1000 бирдик акт жазылган кагазды кармата коюп, жүрөгүн түшүрдү. Асан Болотту жибитип жатып, 500 бирдикти колуна кармата салды... Ошондо уурдалды деген токту кайра эле өздөрү (100-1000 эселеп) уурдап жатат деген аксиома пайда болот.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)