Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:53

Экономика

Этегин тартса жеңи жыртылган тармактын таржымалы

Эки жылдан бери Кыргызстанды тооруган энергетикалык кризистен кантип чыгуунун жолдору 21-январдагы энергетика жана өнөр жай министрлигинин жылдык жыйынында талкууланды.

Текст көлөмү - +
Энергетикалык бөлүштүрүү компанияларын сатыкка койгон кыргыз өкмөтү тармакты чет элдик адистердин жардамы менен текшерип чыгууну көздөөдө.

Ийгиликтерден баш айланбаса болду

Министрликтин өткөн жылдагы иштерге, быйыл аткарылчу милдеттерге арналган жыйынында көбүнесе ийгиликтер жаатында кеп болду. Энергетика министри Илияс Давыдов өткөн жылы 10,9 миллиард киловат саат электр энергиясы өндүрүлүп, тармактагы жоготуулар 25,4% түшкөнүн кабарлады. Мындан эки жыл илгери энергетикадагы жоготуулар 40% этектеп турганын эсепке алганда 25% кадыресе ийгилик, жетишкендик катары бааланышка акысы бар. Министрдин көңүлток баяндамасында быйыл былтыркыга салыштырмалуу Токтогулда суу арбын топтолгону, жоготууларды жыл аягына чейин 21% түшүрүү милдети турганы маалымдалды.

- А бул деген 757 миллион киловат саат электр энергиясын түзөт. Токтогул суу сактагычында 908 миллион кубометр суу үнөмдөлөрүн түшүндүрөт. Жоготуулардын азайышы энергоресурстардын балансы менен эсебин алууга дурус өбөлгө түздү,- деп билдирди И.Давыдов.

Анткен менен газ, жылуулук тармагындагы жоготуулардын көлөмү төмөндөбөй турат. “Электр станциялары” акционердик коомунун жетекчиси Сапарбек Балкыбеков өткөн жылы 11 миллиардга жакын киловат саат электр энергиясы өндүрүлүп, суу да жылдагыдан арбын топтолгондугун белгиледи.

- 2009-жылы биздин керектөөчүлөрдүн, биринчи иретте бөлүштүрүү компанияларынын электр акысын төлөөсү кыйла жакшырды. Жалпысынан алганда бөлүштүрүү компаниялары өткөн жылы товардык продукцияга 101,9% төлөштү.

Көрсөтүлгөн кызмат акыны төлөө кыйла жакшырганын тармактын башка жетекчилери да белгилеп өтүштү.

Жолдон өткөн жолоочулар да кабатыр

Ийгиликтерге көбүрөк басым жасаган баяндамаларды угуп олтурган өкмөт башчы Данияр Үсөнов энергетиктер 2007-жылы 15 миллиард кубометр сууну кышкы аязда агызып жиберип, андан бери жарыкты “жалп” өчүрүп, элдин баары “Токтогул” суу сактагычына үмүттүү карап, суу толор бекен деп, кабатырланып келатышканын белгиледи.

- Суу толдубу - толгон жокпу? Чабаны болобу, врачы болобу, мугалими болобу, баарыбыз суу менен алектенип калдык. Ушуга ким алып келди, урматтуу энергетиктер! Ушуга силер алып келдиңер.

Данияр Үсөнов тармакты сызга отургузгандардын иши жакын арада эларалык аудит компаниясынын текшерүүсүнөн өтөрүн ырастады. Ал кандай компания экенин азырынча айтпастыгын билдирди. Анан да буга чейин мамлекет ээлигиндеги энергетикалык компаниялар буга чейин тапкан кирешелерин өздөрү билип, өз алдынча сарптап келишсе мындан ары акчаны Өнүгүү фондуна өткөрүп, ал жерден кимге канча каражат бөлүнөрүн өздөрү чечерин Д.Үсөнов маалымдады.

Бизге Кытай жардам берет

Өнүгүү борбордук агенттик жетекчисинин өткөн аптадагы Кытайга иш сапарында Кыргызстандын энергетикалык долбоорлорун каржылоо маселеси талкууланып, ага “Камбарата – 2” ГЭСинин 2-жана 3-агрегаттары да кирген. “Нарынгидрокурулуш” компаниясынын жетекчиси Альберт Авазбековдун айтуусунда, ушу тапта суу тосмону тегиздеп, жабдууларды орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

- 1-агрегатты кое элекпиз. Алып келип жатат. Толугу менен да келген жок. Агрегат эки нерсеге бөлүнөт. Биринчиси турбина, анан гидрогенератор деп. Турбинаныкы келип калды. Жанагы айлантма, анын керектүү жабдыктары бар. Генератордун өзү, ротор, статорлор, анын комплекттери келе элек. Мартка чейин толугу менен келип калышы мүмкүн. Эки айдын ичинде жыйнашса, анан кургак айлантууга коюшат. Анын технологиялык шарттары бар. Кургатуу деп коет. Ошолорду жасашса, Кудай буюрса, июнь айында агрегатты кое беришибиз керек.


Өзбекстан менен Казакстан ортоазиялык бирдиктүү энергия системасынан бүгүн-эртең чыгышы мүмкүн болуп турган чакта “Айгүл-Таш-Самат”, “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр линияларын куруу өзгөчө мааниге ээ болууда. Д.Үсөнов энергетиктер алдында “Айгүл-Таш-Саматты” быйыл ишке киргизүү талабын койду. Өткөн жылы 10 миллиард ашуун киловат саат электр энергиясы өндүрүлүп, анын төрттөн бири жоготууларга кетсе, Өзбекстандан кымбатка сатылып алган газдын 60 миллион кубометри уурдалып-тонолуп жок болгон. Апрелден тарта түнкүсүн өчүрүүлөр токтотулуп, электр энергиясын колдонуу көбөйсө уурдоо-жоготуулар дагы көбөйөрү турулуу иш.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Расул ака
25.01.2010 10:05
Ушул Балкыбеков кайсы ишине мактанат?Уйун коруп,сразу эле оозун ачылат.Тиги жоготуу дегендер жоголбой эле,ушулар тарапка кеткен.Давыдов эми тиги Баткендеги мунайларды качан озубуз колдонобуз?Усонов эмне дейт бул тууралуу?

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)