Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:52

Экономика

Көкөлөгөн баалардын көлөкөсү

Жылуулук, ысык суу, электр энергия бааларынын кескин көтөрүлүшүнө көпчүлүк көнө электе уюлдук байланыштын ар бир чалуусу 60 тыйынга кымбаттап, эми анын артынан үй телефон акысы да кымбаттаганы калды. Кеткен чыгымдарды жаба албастыгын айтып, газ тармагынын жетекчилиги да кызмат акыны көбөйтүүнү талап кылууда.

Коомдук парламенттин энергия акысы кымбатташын талкуулаган жыйыны
Текст көлөмү - +
Бекер тамакты эми унуткула!

Электр акысын эл менен кеңешпей чечип койгону үчүн белгилүү адвокат Нурбек Токтакунов өкмөттү сотко берген.

- Жалгыз Нурбек жалпыбыз чогулуп сотко берсек болот эле. Мына мен да жаңы баа менен эми жарыкка төлөбөйм. Өкмөттүн эл менен иши болбой калды,- дейт бишкектик Кубанычбек Алымжанов деген угарманыбыз.

Энергетиктердин жыл жыйынтыгын чыгарган чогулушунда өкмөт башчы Данияр Үсөнов “бекер тамак” түгөнгөнүн, мындан ары баарысы базар баасына өтөрүн белгилеп, аткаминерлерге тарифтердин кескин көтөрүлүшүн көпчүлүккө түшүнүктүү тилде түшүндүрүү милдетин таккан болчу.

Мамлекетке тиешелүү акциялары кайсы бир кипрлик, кыргызстандык компанияларга сатылган соң “Кыргызтелеком” да тарифтерди көтөрүүнүн аракетине киришти. Аны парламенттеги социал-демократиялык фракция жыйынында Байланыш агенттигинин жетекчи орунбасары Чыңгыз Бекташев ырастады.

- Жөн эле көтөрүү жөнүндө кайсы бир план болбойт. Азыр үч түрлүү тариф иштелип жатат. Ар бир кардар анын ичинен өзүнө жаккан тариф планын тандап алат.

Байланышчылардын эсебинде үй телефонун пайдалануучулар орто эсеп менен айына 300 – 400 мүнөт сүйлөшөт. Ошондон социалдык аялуу катмар өкүлдөрүнө айына 400 мүнөт акысыз сүйлөшүүгө лимит бөлүнүп, андан ашканына базар баасында акы төлөө жагы каралууда. Жогорку, орто тариф акысы кандай болору ушу тапта эсептелинип, 1998-жылдан бери байланышчылар козголоп келаткан маселе жакын арада оңуна чечилип калышы ыктымал.

Баалардын жарышы

Өзбекстандан өткөн жылга салыштырмалуу 20 долларга арзан газ сатып алууга жетишкенин байма-бай белгилеп келаткан өкмөт ушу тапта “көгүлтүр отун” баасын дагы 16% көтөрүү-көтөрбөө маселесин ойлонуп отурган чагы. Ал эми жыл башынан көтөрүлгөн электр, жылуулук, ысык суу акылары артынан толгон-токой проблемаларды чууруп чыгып, көпчүлүктүн нааразылыгы аз-аздан көтөрүлүүдө.

- Айылдарда мисалы, бир аялдын күйөөсү Орусияга ишке кетип, эмдигиче келе албай жүрөт. Аялдын иштөөгө иши жок, жадаса балдарына да жөлөкпул албайт. Балдарына да эч кандай акча төлөнбөйт. Ага төлөшкө 6 000 сом келиптир. Ал мындай акчаны өмүрүмдө көргөн эмесмин, дейт. Ал эми кантет?-
деп суроо койду “Демократия жана жарандык коом үчүн” бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Динара Ошурахунова.

Мындай мисалдар толтура. Кыргызстандын Социалдык фондунун жетекчиси Таалай Таткулов социалдык аялуу катмар өкүлдөрүнүн электр энергия акысын өкмөт толугу менен төлөп бере тургандыгын ырастады.

Эски-ускулар сатылды, дагы сатылат

Парламенттеги социал-демократиялык фракция жетекчиси Роза Отунбаева социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөрдө болуп көңүл чөгөт көрүнүштөргө күбө болуп кайтканын билдирди.

- Эмне деп айтасыз? Эски китептерди бүт саттык дейт. Эски-уску буюмдарды сатчу базарга алып чыгарга буюму деле калбай калганын айтышат. Эмнени сатыш керек дагы? Бөйрөгүн сатабы? Жүрөгүн сатабы? Эмне кылабыз?

Тике суроого Бишкек шаар башчылыгынын жооптуу өкүлү Бакыт Сыдыков жылуулук акысын жыл бою бөлүп-бөлүп төлөөгө боло тургандыгын айтуу менен гана чектелди.

- Элге жеңилдик болуш үчүн ушу 1 800 сом январдыкы, февралдыкы, марттыкы - ушул үч айдыкы биригип 4 – 5 миң сом келсе 12 айга бөлүп, эмки кышкы жылуулук сезону башталганга чейин төлөп төлөп берсе болот, бөлүп-бөлүпчү.

Өкмөттүн көпчүлүктүн пикир-сунушун укпай, апыл-тапыл бааларды кескин көтөрүп жибериши социалдык аялуу катмарга опсуз оорчулуктар алып келгенин белгилеп, “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова социалдык-экономикалык укуктар боюнча Кыргызстан Улуттар уюмунун факультативдик протоколуна кошулушу керек экендигине токтолду.

- Факультативдик протокол бизге, жөнөкөй адамдарга эларалык уюмдарга кайрылууга мүмкүндүк берет.

Өкмөт жаңы жылдан тарта электр акысы эки эсе, жылуулук, ысык суу акысы 5 эсеге көтөрүлгөн.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Оспурум каяктан: Бишкек
17.02.2010 22:21
Кыргыз элинин салыгына жашап жаткан өкмөт башчысы Данияр Усенов : "Бекер тамак жеп атасыңар "- деп кыргызстандын баардык элин мазактады. Ушул сөзү үчүн бир тыңыраак адвокат сотко берсе жакшы болт эле.

кимден: уЛИ каяктан: 12
16.02.2010 17:45
МЕН ДЕГЕЛЕ ТҮШҮНБӨЙ КАЛДЫМ БИЗ КАЙСЫЛ ӨЛКӨДӨ ЖАШАП ЖАТКАНЫБЫЗГА

кимден: Бакиевчи
16.02.2010 13:48
Оппозицияга кайрылгым келет: Акаевди өзүңөр кетирип, Бакиевди өзүңөр президенттикке көрсөтпөдүңөр беле. Бакиевдин ким экенин билгенсиңер да, силер. Ботконун баарын кайнатып койуп, эми ошол боткону элди да кошо жешсин деп атасыңар. Бардыгыңар Бакиев менен бир болчусуңар, төңкөрүш жазаганда. Бакиевди кетирсеңер кимиңер гарант болосуңар, А.А.А., Б.К.Сдерге окшобогон, патриот адамдын келерине. Биринчисинде жаңылдыңар, экинчисине аракеттин кереги жок. Эч нерсе чыкпайт.

кимден: Жениш каяктан: Ош
16.02.2010 13:26
Д.Үсөновдун уяты жок адам экен.Кыргыз эли бекер тамак жей элек,ар бир адам тер төгүп акча таап жатат.Бекер тамак кайда экен, Д.Үсөновко окшогон атка минерлер бекр тамак жеп жатат

кимден: Кыргыз
16.02.2010 13:06
Сууну сиңген жэрге төк, сөздү уккан кишиге айт, дегендей. Бир айтасыңбы, эки айтасыңбы- өкмөт өз билгенин кылат. Эл болсо, айтып-айтып, интернетке жазып-жазып артта кала берет.

кимден: Ысымбек
16.02.2010 11:52
Бакиев шайлоо алдында көптөгөн жакшылыктар болорун айткан эле, болбоду.6 ай өтпөй кризиске шылтап бардыгын кымбаттатты.Эл эптеп жашап жатат,эгер чыныгы кыргыз элине кам көрсө баанын кымбатташын көзөмөлдөсө жакшы болот эле.

кимден: Чынара каяктан: Нарын
16.02.2010 11:22
Күйдүргүгө кошулам. Күндүн нуруна да акы албайсыңарбы. Иии баса жаздан баштап жаан жааса ага да акча алгыла да, быйыл буюрса баардык жерге кар армансыз эле түштү аны да машина менен ташып барып Камбар-Атага же Токтогул ГЭСине төкпөйлүбу, ээрип суу болсо аны да саткыла ал да силердин жыртыгыңарды бүтөгөнгө жарайт. Урматтуу өкмөт жана өлкө башчы. Д.Усонов кайсы бетиң менен бекер тамак деп жатасың, кантип уялбай ошол сөздү айттың экен. Өкмөт менен өлкө башчы канчадан бери эл бекер тамак жебей калганын билбегениңер эл менен ишиңер болбой кара жандын айын ойлоп калганыңарды билбей сезбей жатасыңарбы. Кайдан алсам, кайсыны жесем, кайсы жер, суу, кен байлык, электр энергия калды сатканга деп эле шимшип калганыңарды сезбей элдин кыжырына тийип жатасыңар. Айтып коеюн бизде таш да көөп аны да саткыла.Эл багуунун,социалдык абалды көтөрүүнүн жолун издебей Кимдин оозун бассам, Кимисин жайласам, Кимисин камасам деп душманды өзүңөрдөн издеп турганыңарды Эл жана Келечек муун эч качан кечирбейт жана кегин алат жазалайт бир күнү.Кудайдан корккула. Тиги дүйнөгө барганда анын да сурагы болоорун унутпагыла, элдин убалы жаман .Тынч уктатпайт да жаткырбайт да.

кимден: Куйдургу
16.02.2010 09:20
Жаратылышты коргоо боюнча агенттикке да айтып койгула, эл абаны бекер жутуп жатат деп. Алар да кекиртекке счетчик тагып, тарифтерин каалагандай коюп алышсын. Көлөмү чоң кишиге кымбатыраак, кичинесине арзаныраак. Күйгөндөн айтасың да!!!!!!

кимден: Gulnura каяктан: Stanbul
16.02.2010 04:08
Urmattuu D.Usonov kachantan beri karapayim elim Beker tamak jep keldi ele anin baari Biylikte oturgandar jep-jutup jatpaysizdarbi je emne jalganbi?
Baarin jep-jutup bashka olkolorgo ozubuzdon chikak nerselerdi arzan satip elibizdi kordodunargo?kaysi betiniz menen aytip jatasiz beker tamak degen jok dep?ushu sozdu aytkandan uylabaysinarbi?

кимден: Руд каяктан: Нарын
15.02.2010 21:24
баа көтөрүү менен мамлекетин баркын эч бир адам көтөрө албайт бул тарыхта эл башкаруучуларга сабак болучу нерсе . карапайым калктын чөнтөгүн каккандан пайда чыкпайт. андан көрө керектелбей жаткан каражаты проценти менен элге берип ошондон пайдан тапса болоор эле эл чыдабайт.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)