Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:52

Кыргызстан

Стратегиялык тармактарды кимдер колго алууда?

Тарифтердин көтөрүлүшүнөн кийин дароо сатыла баштаган мамлекеттик ири ишканалардын тагдыры көпчүлүктүн көңүл чордонунда. Оппозиция өз кезегинде коррупциялык схемалар боюнча эл байлыгы таланып атканын, убагы келгенде буга тиешеси барлардын баары жазаланарын айтышууда.

x
Текст көлөмү - +
Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Роза Отунбаева бул маселе боюнча премьер-министр Данияр Үсөновго кайрылып, кеч болуп кала электе отставкага кетүүгө чакырды.

Тарифтерди көтөрүү, мамлекеттик ири ишканаларды сатуу бир канча жыл мурда эле пландалып, акырындан иш ошого бараткан. Бийлик өкүлдөрү да, оппозиция да ушундай пикирлерди айтышат.

Албетте, мындай иштер кандай максатта жасалып аткандыгы боюнча эки тараптын пикирлери асман менен жердей.
“Түндүкэлектро” мисалы Алексей Ширшовдун “Чакан ГЭС” деген компаниясына 3 миллион долларга кетти деп атышат. Ошол А.Ширшовдун бир эле үйү 3 миллион доллар турат.
Р.Отунбаева

Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, эгемен Кыргызстандын тарыхы мамлекеттин карамагындагы ишканалар начар иштей тургандыгын көргөздү. Анын үстүнө дүйнөлүк практикада деле жеке менчик ишканалар калкты сапаттуу тейлей турганын эбак далилдеген. Өкмөт мүчөлөрү дал ошол себептен мамлекеттик ири ишканалар жеке колго өтүшү керектигин айтып келатышат. Эми алар сөздөн ишке өтүштү. “Түндүкэлектро”, “Кыргызтелеком” сыяктуу мамлекеттик гигант компаниялар сатылып, кезекте “Ошэлектро”, “Жалалабадэлектро”, “Чыгышэлектро” компаниялары турат.

Ал эми каршы тараптын ырасташынча, жогоруда айтылгандар президенттин үй-бүлө мүчөлөрү менен аларга жакын топтордун коррупциялык схемаларынын ишке аша баштоосу. Оболу президент өз бийлигин катуу чыңдады. Андан соң президент өзү түзгөн “Ак жолдун” колу менен энергетика тармагынан “стратегиялык” деген макамды алып таштап, тармакты сатууга жол ачып алышты.

Өлкөнүн ири ишканаларын сатууну Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Роза Отунбаева, “элдик байлыкты тоноо” катары баалап, учуру келгенде буга тиешеси бар чиновниктердин бардыгы жазасын аларын айтат:
Роза Отунбаева

- “Түндүкэлектро” мисалы Алексей Ширшовдун “Чакан ГЭС” деген компаниясына 3 миллион долларга кетти деп атышат. Ошол А.Ширшовдун бир эле үйү 3 миллион доллар турат. “Түндүкэлектрого” кирсеңиз кассасындагы күнүмдүк пайдасы эле 30 миллион сомдой болсо керек. Анан кантип 3 эле миллионго кетип калат. Анан кантип эле ушунча арзан кетип калды. Бул деген Кыргызстандын элин тебелеп-тепсеп, бутун арчып атат деген эле сөз.

Р.Отунбаева: Премьер кеч болуп кала электе отставкага кетиши керек

Р.Отунбаева премьер-министр Данияр Үсөновго ачык кайрылып, кеч болуп кала электе токтоосуз отставкага кетүүгө чакырат. Ал өз сөзүндө айрым кызыктуу цифраларды келтирет. Маселен, 2008-жылдын 29-октябрында мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов өкмөттүк жыйында отуруп, көз карандысыз аудитордук компания “Түндүкэлектронун” баштапкы баасын 137 миллион долларга баалаганын айткан. Баштапкы гана баасы ушунча бааланган ишкана бүгүн 3 миллион долларга “Чакан ГЭС” аттуу эл билбеген чакан ишканага сатылып кетти. Ошол эле маалда “Чакан ГЭСтин” экономикалык көрсөткүчтөрүн, жылдык кирешесин, кандай ийгиликтерге жетишкенин жана ал кимдерге таандык экенин эч ким билбейт.
2010-жылдын 1-февралында конкурстук комиссиянын чечими боюнча “Түндүкэлектронун” мамлекеттик акциясын сатуу боюнча инвестициялык конкурстун жеңүүчүсү болуп “Чакан ГЭС” табылды.

Т.Турдумамбетов

Депутаттын маалыматында, “Кыргызтелекомдун” айрым филиалдары эле жүз миллиондогон долларга бааланышы керек эле. Ошондой эле аларда GSM жана CDMA стандарттарындагы уюлдук байланыш жыштыгы үчүн эки лицензиялары бар. “Булардын бирөөсү гана ачык аукциондо сатылса казынага эң аз дегенде 100 миллион доллар түшүрмөк”,- дейт Р.Отунбаева.

Мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетов болсо аталган эки компания сатылганын жарыялап жатып, “Кыргызтелеком” 40 миллион долларга Казакстан, Кыргызстан, Кипрдин компаниялары кирген юридикалык консорциумга сатылганын билдирген. “Түндүкэлектро” компаниясынын сатылышы боюнча ал буларды айткан:

- “Чакан ГЭС” сунуштаган инвестициянын көлөмү 73 миллион 900 миң долларды түздү. Мамлекеттик акиялар үчүн 3 миллион доллар сунушташты. 2010-жылдын 1-февралында конкурстук комиссиянын чечими боюнча “Түндүкэлектронун” мамлекеттик акциясын сатуу боюнча инвестициялык конкурстун жеңүүчүсү болуп “Чакан ГЭС” табылды.

“Чакан ГЭС” андан тышкары “Түндүкэлектронун” 3 миллиард 630 миллион сомдук карызын төлөө милдеттин алууда. Дал ошол карыздын көптүгүнөн улам анын акцияларынын наркы төмөндөгөн. Т.Турдумамбетовдун ырасташынча, “Түндүкэлектро” сыяктуу ишканалар сатылып атканы менен келишим боюнча тарифтерди өкмөт көзөмөлдөйт. Андыктан тынчсызданууга негиз жок.

Ал эми оппозиция өкүлдөрү убактысы келгенде булардын бардыгы мамлекетке кайтарыларын, мамлекеттик ишканаларды сатууга тиешеси барлардын бардыгы жазаланарын айтышууда.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Барсбек Кыргыз каяктан: Бишкек
12.02.2010 22:49
Ээх сөз жок, сөз жок
Элимдин ичинде арман көп
Канча айткан менен "чоңдордон" толк жок
Жөн эле айткан куру сөз көп
Колу буту байлануу баатырлардын күчү жок
Баткак ыплас андан көп
Элимди баткактан сууруп чыгаар башчы жок
Айта берсен арман көп.
Бакиевдерде намыс, уят, бет жок

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: БИШКЕК
12.02.2010 22:09
ЧАЛА БОЛОТ БИЗГЕ,БАШТЫГЫБЫЗДЫ КОТОРУП БОМЖ БОЛУП КЕТЕБИЗ ЖАКЫНДА.
БИРИН СЕРИН АДАМДАР ҮН КАТКАН БОЛОБУЗ,А БИЙЛИК БОЛСО ДЕЖУР ЧАЛДАРЫН ЧАКЫРЫП ОШОЛОРДУН БАТАСЫН АЛЫП,АНАН КАЛЫС СҮЙЛӨГӨНДӨРДҮ ТАРСЫЛДАТА САБАП, БИР ҮЙ-БҮЛӨНҮН ДИКТАТУРАСЫН БЕКЕМДЕГЕНИ КАЛДЫ. КЫМБАТТУУ ЖУРТЧУЛУК БИР АДАМГА СЫЙЫНУУНУ БИЗ ӨЗҮБҮЗ ЖАРАТЫП ЖАТПАЙБЫЗБЫ, ПРЕЗИДЕНТТИК КЫЗМАТТЫ ТҮП ОРДУ МЕНЕН ЖОГОТУП,ӨЛКӨНҮ ПАРЛАМЕНТ БАШКАРМАЙЫН ОҢОЛБОЙ КАЛДЫК.
ПРЕЗИДЕНТТИ ДА ЖОГОРКУ КЕНЕШТИ ДА ТЕЗИНЕН ТАРАТЫП,КОНСТИТУЦИЯНЫ КАЙРА ТУЗУП ЧЫГУУ КЕРЕК.АК ЖОЛЧУЛАРДЫ ТУГОЛ БОЙДОН,БАКИЕВТИ БАШ КЫЛЫП,ТУНДУК МЕНЕН ТУШТУКТУ БИРИКТИРУУЧУ ТЕМИР ЖОЛДУ КУРУУГА СУРГУНГО АЙДАШ КЕРЕК,ЭЧ БОЛБОСО ЭЛ УЧУН ЭМГЕК КЫЛЫШСЫН.АЛ ЭМИ СЕВЕЛЕКРОНУ ЖАНА БАШКА ЖЕН ИЧИНЕН САТЫЛЫП КЕТКЕН НЕРСЕЛЕРДИ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРУУ МЕНЕН,КУНОЛУЛОРДУ СОТТОШ КЕРЕК

кимден: немис каяктан: Германия
12.02.2010 16:52
Алма багынан алыс түшпөйт дегендей, Максим атасынан кем калбайт, ашып эле кетпесе. Максимди кыргызча билбейт, кыргызга күйбөйт дейн десем, кыргызча билген атасы кыргыз элин жашоо-турмушун ойлоп дагы койгон жок, эл эмне болсоң ошол бол деген саясатты кылып атат. Үй-бүлө кыргыз элине ата-бабадан мураска калган жерин, анын байлыгын, жалпы эле мамлекетти өзүнө менчиктештирип алды. Бакиевдин кошоматчылары бул үй-бүлөлүк кооперативди өнүктүрүп, байытып, жардам берип атат, өзүлөрү да кур кол калган жок, болушунча чөнтөгүн толтуруп атышат, ошон үчүн "лаппай ханым" деп, жагаалданып иштеп берип атышат. Ал эми кыргыз эли үй-бүлөгө салык төлөп калды, болгондо да чоң тарифтер менен, өзүлөрү тишинин кирин соруп отурушат. Кыргыз эли чыдап эле келе жатат, чыдап эле келе жатат, качанкыга чейн чыдаар экен? Убакыт болсо өтүп эле атат, өтүп эле атат. Же кыргыз эли жаздын келишин күтүп атабы, Кыргызстанды менчиктештирип алган үй-бүлөнү кубалап кетирели деп? Эгер андай болсо, бул кыргыз элинин келечектеги жакшы турмуш үчүн болгон чоң кадамы жанан үмүтү болот!!!

кимден: Бактияр каяктан: Ош
12.02.2010 15:32
Эл биз биригип сактап калбасак жакында кыргызстан жок болуп кетет,Боха айткан Масалиев кыргыз эли деп өтүп кетти эле анын жанагы баласынын кылыгын кара кайра өнүктүрүү фондуна мүчө болуп алып Максимдин ырын кошулуп ырдап жүрөт атасынын арбагы ыраазы болбосо керек.

кимден: Аким каяктан: Бишкек
12.02.2010 13:44
Туугандар,

баарыбыз Роза эженин чакырыгын колдойлу, элге жайылталы - электрсветке, жылуулукка төлөбөйбүз акча. Үч миллион долларга сатып алса, калган акчасын бизге тарифтерди жеңилдетип, элге төлөп берсин анда. Ууруларга акча төкпөгүлө!

Мен жалпы подъездимди бүгүн кыдырып чыгам, кудай буюрса ишенем - алар мени колдошот. Эртең-бүрсүгүнү шашпай башка подьездер кошуна үйлөрдү да үгүттөйм.

Баарыбыз ишке киришели!

Чет өлкөдөгү кыргыздар, үйгө телефон чалып, баарын түшүндүрүп, төлөтпөгүлө акчаны.

кимден: Кыргыз
12.02.2010 13:41
''Биздин өкмөткө чоң рахмат!'' Илгерки өткөн заманды эске салып, тезек тердирип атат. Дагы кандай сюрприздер күтүп жатат болду экен, бизди?! Эртең:''Итке мингиле, бензин жок''-деп айтса таңкалбайм. Баардыгын күтсө болот, биздин улуу урматтуу Бакиевдерибизден.

кимден: боха каяктан: москва
12.02.2010 12:34
А.Акаевдин заманында Кызыл-Кыядагы "Алай" заводу 800 000 сомго сатылган эле,заводдун сатыла турган (готовый) продукциясы 3млн сомдон көп эле.Канчалаган жаны станоктор, автопарк, кыскасы 15-20 миң адам иштей турган завод болчу. Рааматы Абсамат Масалиев канча сессияларды айтып жүрдү,бир шаардын элинин пешене тери менен курулган заводду бир тамдын баасына сатылды деп.Азыр да ошол история кайталанып жатат.

кимден: asan каяктан: osh
12.02.2010 11:54
КЫРГЫЗДАР ЭЛЕКТР ТАРМАГЫН БОЛГОНУ ЭЛЕ БИР КОМПАНИЯ САТЫП АЛЫП ЖАТАТ ОШОЛ ҮЧҮН ТЕЗЕКТИН БААСЫНАН ДА АРЗАН КЕТИП ЖАТАТ. БУЛ БИЙЛИК ТЕЗ КЕТПЕСЕ КЫРГЫЗСТАН ЖАКЫНДА ЭЧТЕКЕ КАЛБАЙТ КЫРГЫЗДАРГА.

кимден: Баки каяктан: Баткен
12.02.2010 10:14
бир ууч кыргыз ушуга туруштук бере албай дарыянын аркы жагы, берки жагы болуп талашып жатабыз. Д. Усонов, Т. Турдуманбетов кыргыз элинин байлыгын бир адамдын колуна өткөрүп берип жаткандыгы аша чапкандык, андан сырткары стратегиялык мааниси бар объектердин акциялары, россиялык 300млн. доллар кредит, өнүктүрүү фондуна өткөрүп берип, ал жактан өтө чоң суммада пайда алып жатат, андан сырткары чет өлкөдөн келгендердин схемасы менен акчалар чет өлкөлүк банктардагы эсептерге кетип жатат. Кечирип койуңуздар налог төлөөчүлөрдүн акчасын өнүктүрүү фондуна берип, ошол фонддон карызга акча алганы бул кылмыш. Кайсы мамлекетте ушундай схема бар, бул Кыргызстанда. Бийликтегилер өтө ашкере чаап баратасыңар, той да болот, анын эртеси да болот. Ушинтип унчукпай отура берсек эртеңки күнүбүз эмне болот, Кыргызстанда патриот адам барбы деги, бар болсо кана биригейли, келечекти ойлойлу, эртең кеч болуп калбасын.

кимден: Асыран каяктан: Бишкек
11.02.2010 23:18
"Стратегиялык тармактарды кимдер колго алууда?" - деп тема туура эмес коюлган. "Ким колга алууда?" - десе туура болмок. Анткени бир эле киши сатып алып атпайбы баарын, башка эмес, озубуздун эле Максимбай.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)