Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Коммунисттер кандай жүрүш жасайт?


Коммунисттер партиясы президенттик шайлоого катышуу маселесин 2-майда чечмекчи. Байкоочулар ал ортодо коммунисттердин лидери шайлоодо жеңип чыгуу үчүн эмес, Бакиевдин жеңиши үчүн шайлоого барат деген ой-пикирде болуп жатышат.

Коммунисттер партиясынын президенттик шайлоого катышаар-катышпасы жөнүндө буга чейин коомдо сөз болгон эмес. Партиянын Жогорку Кеңештеги депутаты Анаш Сейитказиевдин айтымында, бул маселе 2-майда болуучу курултайда талкууланат, себеби коммунисттер президенттик такты үчүн жарышка түшүүдөн кайра тарткан жери жок:

-Өлкө боюнча баштапкы 46 райондук, шаардык уюмдарыбыз бар. Көпчүлүгү курултайга келгенде сунуштайт. Мен деле партиядан президенттикке талапкер болуш керек деген ойдомун.

Ал эми партия лидери Исхак Масалиев жарышка түшөөрдөн мурун марага жетүүгө чама жетер-жетпесин салмактап алуу эп деген ойдо:

-Эсептөө керек. Жөн эле каалоо жетишпейт. Ал үчүн көп нерсе зарыл. Алар мүмкүнчүлүк, шарт жана коомдун даярдыгы. Менимче, азыр кыйын. Анткени коом даяр эмес. Анткени дайыма президенттик кезексиз шайлоо болгондо ушундай абал түзүлөт. Шайлоо кезеги менен өткөрүлгөндө даярдык болмок. Ошон үчүн жеңишти ала албайм деген коркунуч бар.

Анткен менен эл арасында президенттик жарышка коммунисттердин лидери да түшүшү мүмкүн, бирок максат чындап жеңишке жетүү эмес, азыркы президентке шыкакчы болуу жана ал кайра шайлангандан кийинки кырдаалда коммунисттер үчүн жакшы абалды камсыз кылуу деген божомолдор коомдо күч алды.

-Муну бийликтин жасап жаткан аракети деп бааласак болот. Анткени Сариев менен Исаков тандем түзүп, шайлоого чыга турган болсо Сариев менен Исаков Бакиев менен атаандаша турган эң күчтүү талапкерлерден болуп калат. Ошон үчүн Исхак Масалиевди Бакиевден кийинки талапкер кылып алып чыгып, шайлоонун жыйынтыгында Масалиев утулдум деп таанып, Бакиев утту деп негиздеп шайлоону бүтүрөлү деген максат менен жаңы план иштелип чыкты,-дейт саясат талдоочу Табылды Акеров.

“Ак жол” партиясынын өкүлдөрү шайлоодо саясий оюндарды жасоонун зарылдыгы жок, анткени бийликчил партия төрагасы, азыркы президентти көрсөтсө ага таймаша турган атаандаш жок деген бекем ишенимде турушат. Ал тууралуу депутат Ибрагим Жунусов мындай дейт:

-Бул жерде утуп чыга талапкер катары биздин партиябыздын төрагасы Курманбек Бакиевди гана көрүп турам. Андан башка ута турган адамды көргөн жерим жок. Арыз бергендерди салыштырып көргөндө да тартыша алат деген адамды да байкаган жерим жок.


Саясат талдоочу Кубан Абдымендин оюнча, Коммунисттер партиясынын бийлик сунуштаган саясий оюнга барышы күмөн:

-Учурда Исхак Масалиев менен бийликтин ортосундагы мамиле жакшы экендиги коомчулуктун баарына маалым. Андыктан экөөнүн ортосунда бир саясий оюн болот деп айтууга мүмкүн эмес. Себеп дегенде Масалиев менен Бакиевдин мамилеси оюнга бара турган деңгээлге түшө да, чыга да элек. Андыктан бири-бирин болот деп айтууга мүмкүн эмес. Эгер бири-бирин колдонуп, ойнойм десе от менен ойногон болот да. Демек алар мамилесин бузбагандай кылып түзүшү керек. Ал эми Масалиев болсо шайлоодо Бакиевдин утуп чыгаарына көзү жеткенден кийин кандай болсо да өзүнүн талапташтарын оппозициядан алыс кармоо үчүн партиянын талапкерин тандоого да аракет кылат.

Ал арада президенттикке ат салышууга арыз берген жана аты аталып жаткан талапкерлер бара-бара өз ич ара ынтымакка келишип, бири-бирин колдоочу тандем түзүп кетет деген божомолдор көбөйүүдө. Андай тандем Атамбаев менен Текебаевдин ортосунда түзүлүшү жана Текебаевди колдоочулардын бир даары Атамбаевге ооп, бийлик талапкеринин салмагын жеңилдетиши мүмкүн деп жатышат.

Андан кийинки тандем Сариев, Исаков ортосунда түзүлөт деп божомолдогондор көп. Бирок БЭКтин курамындагы талапкер Исмаил Исаков мындай божомолдорго негиз жоктугун жана кандай күн болсо да азыркы бийлик системасын өзгөртүү максатынан кайтпай, бирге күрөшө тургандыктарын билдирди.

Ал эми БШКга арыз бергендердин саны азыр алты. Алардын канчасы чыныгы жарышка түшүп, бийликке сес көрсөтөөрү же соодалашууга барат деген суроо бүйүр кызытып турат?

XS
SM
MD
LG