Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:21

А.Атамбаев: “Иттин кожоюну болсо, кабыландын кудайы бар”


Алмаз Атамбаев, 2007-жылдын 4-апрели.
Алмаз Атамбаев, 2007-жылдын 4-апрели.

Айрым саясат таануучулар Бириккен элдик кыймыл президенттикке сунуштаган талапкер А.Атамбаевди элге таанымал саясатчы, экономика менен өндүрүштүн көзүн билген инсан катары баалашууда. Башка талдоочулар аны өзүнүн кызыкчылыгы үчүн бийликти көздөгөн туруксуз саясатчы деп сындашууда.

Маалыматтарга караганда Алмазбек Атамбаев токсонунчу жылдары «Форум» илимий-өндүрүш фирмасын түзүп, 1993-жылы Социал-демократтар партиясын уюштуруп саясатка аралашкан. Мурдагы бийлик мезгилинде парламент депутаты болуп, мыкты өндүрүшчү катары «Даңк» медалы менен сыйланган.

Азыркы президент Бакиевдин учурунда өнөр жай, соода жана туризм министри, андан соң премьер-министрлик кызматта сегиз ай иштеген. Алмазбек Атамбаев өкмөт башчысы болгондо оппозиция аны “бийликке сатылып кетти, туругу жок саясатчы” деп чыгышкан эле.

БЭКтин штаб жетекчиси Азимбек Бекназаров анын өкмөт башчылыгына баруусу оппозицияда ич ара макулдашылганын буга чейин айтканын, муну азыр дагы тастыктарын билдирди.

- Алмазбек Атамбаев бизди саткан эмес. Мен муну “Асаба” партиясынын курултайында дагы айткам. Дагы кайталаймын, Алмаз бизди сатып өкмөткө кетип калган эмес. Биз К.Бакиевге коалициялык өкмөт түз деп талап кылганбыз. Ошондо ал мен макулмун өкмөттүн башында оппозиция өзүңөр тургула деген. Ошондой бир топ саясатчылар макулдашып кол коюп туруп, Атамбаевди жибергенбиз. Кийин кандай болуп кеткенин өзүңөр көрүп жатпайсыңарбы. К.Бакиевдики ушундай да, “ылайдан өткөнчө эле”. Андан кийин кандай тагдыр болгонун өзүңөр көрүп жатасыңар.

А. Атамбаев өз кезегинде премьер-министрлик кызматтан үй-бүлөлүк, коррупциялашкан бийлик менен иштеше албагынанынан улам кеткенин, өзү эч качан бийликке кызыкпагандыгын билдирди. Ал оппозициянын сунушуна Кыргызстандын келечеги үчүн макул болгондугун белгиледи.

-Мен кудай деген адаммын. Мага кызматтын деле кереги жок. Кызмат керек болсо мен өткөн жылы болобу, азыр болобу бул бийликтен дайыма бир кызматты алмакмын да. Мага Кыргызстандын келечеги керек. Мен каалайм да балдарым Кокон хандыгында жашабасын, кул болбосун деп, -деди Атамбаев.

Айрым саясатчылар аны президенттикке татыксыз талапкер катары баалашууда. Алардын баамында, буга чейин А.Атамбаев мурдагы президент Аскар Акаевдин учурунда бийликтен “Даңк” медалын алса, Бакиевдин бийлигинен “Данакер” ордени менен сыйланган.

Саясат таануучу Жолборс Жоробековдун көз карашында А.Атамбаев бир бийликке, бир оппозицияга ооп коомчулукка туруксуз саясатчы катары жаман көрүнүп алганын айтты.

- Албетте, ким көзүнүн талапкерлигин президенттик шайлоого көрсөтөт же кимди ким көрсөтөт бул конституциялык укугу. Бирок Алмаз Атамбаев эки жакта тең ойноп, бирде президенттин командасында, ага чейин президентти абдан катуу сындап оппозицияда болуп жүрдү. Анын президенттикке талапкерликке макулдук бериши элдин арасында бир топ түшүнбөстүктөрдү пайда кылып, Атамбаевдин чыныгы жүзүн көрсөтүп жакшы аброй алып келбейт.

Чыгармачыл чөйрөдөгү акын-жазуучулардын көпчүлүгү болсо Алмазбек Атамбаевди өлкөдөгү түзүлгөн саясий-экономикалык оор кырдаалдан алып чыгат деген ишенимде.

БЭК аны президенттикке талапкерлигин сунуштаган соң коопсуздугуна коркунуч туулбайбы? - деген суроого Атамбаев мырза:

-Мен кудайдан корком. Корксо дагы өлөт, коркпосо дагы өлөт. Коркпой эле жүрүш керек. Кыргызда жакшы сөз бар да “Иттин кожоюну болсо, кабыландын кудайы бар”. Кудай биз менен, - деген жообун берди.

Учурунда Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы болуп турганда анын өмүрүнө кол салуу коркунучу болгондугу маалымдалган эле.

Ал 2000-жылы Жогорку Кеңешке кайра шайлоодо депутат болуп экинчи ирет шайланып, бирок сот аны киреше-мүлкүн жашырган деген талаш-тартыштуу айып менен депутаттык мандаттан ажыраткан. Ошол жылы президенттик шайлоого дагы катышкан.

Мурдагы президент Аскар Акаевдин жүргүзүп жаткан саясатын ачык сындап чыгып, 2005-жылы СДПны баштап март окуясында чоң роль ойногон.

Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда өнөр жай, соода жана туризм министри болуп дайындалып, бул кызматта жарым жыл иштебей эле кызматынан чегинип, «Жогорку бийликте мурдагыдай эле үйбүлөлүк саясат дооронун сүрүп, коррупция менен күрөшүү мурдагыдай эле куру сөз боюнча калып, убада кылынган реформалар ишке ашпаганын» билдирген.

2006-жылдагы ноябрь акциясында
2006-жылы ноябрь айында оппозиция уюштурган нааразылык акциясында азыркы бийликти катуу сынга алып, “Курманбек Бакиев – саясий "өлүк", аны "тирилтип" эмне кылабыз. Мен аны менен сүйлөшүүнүн маанисин көрбөй турам”, деп жарыялаган. Андан көп өтпөй, тактап айтканда төрт айдан кийин оппозициянын “Реформа үчүн” кыймылынан бөлүнүп чыгып, Бирдиктүү Кыргызстан үчүн деген жаңы кыймылынын түзүшкөн.

2007-жылы 29-мартта Алмазбек Атамбаев премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалып, бир күндөн кийин парламент аны бул кызматка бекиткен.

Ошол жылы 22-майда Жогорку Кеңеште Атамбаев аны кызматтык бөлмөсүндө суу берип ууландырышканын, дарыгерлер анын өмүрүн сактап калышканын айткан.

Жаңы парламент шайлагандан кийин сегиз айдан соң өлкө башчысынын жардыгы менен өкмөт башчылыктан бошогон.

Алмаз Атамбаев Алмазбек Атамбаев 1956-жылдын 17-сентябрында Аламүдүн районунун Арашан айылында туулган. Москвадагы башкаруу академиясын 1980-жылы аяктап,Байланыш министрлигинин бир ишканасында инженер-экономист болуп иштеп, бош убактыларында кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын орусчага которгон.

Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешинде улук референт, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Ал азыркы учурда өзү түптөгөн Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын жетекчиси.

Алмаз Атамбаев президенттикке талапкер болот
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:42 0:00



Тасма: Алмазбек Атамбаев президенттикке талапкер болмокчу

Бириккен Элдик Кыймылдын жетекчилери 20-апрелдеги маалымат жыйынында бирдиктүү оппозициядан президенттикке Социал-демократиялык партиянын лидери, мурдагы өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөнүн жарыялады. БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров мындай чечимди БЭК 15-апрелде эле кабыл алганын айтты.

XS
SM
MD
LG