Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:51

Саясат

БШК шайлоодо чыр чыкпаса экен деп беймаза

БШК төрагасы шайлоодо чыр пайда кылчу маселелердин башын азыр ачып албаса күздөгү парламенттик шайлоо аягына чыкпай калышы мүмкүн деп эсептейт.

Кыргызстандыктар баш мыйзамдын жаңы редакциясы үчүн добуш беришүүдө, 2010-жылдын 27-июну.
Текст көлөмү - +
Бул тууралуу Борбордук Шайлоо Комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев жана БШКнын бир катар мүчөлөрү 21-июлдагы саясий партиялардын өкүлдөрү менен болгон кеңешмеде айтып чыгышты. Алардын айтымында мында укуктук өксүктөр орун алган. Декретти даярдаган тараптын жүйөсүндө БШК мүчөлөрү муну туура эмес чечмелеп жатышат.


Шайлоо Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Убактылуу Өкмөттүн декрети жакында жарыяланды. Өзгөртүүлөр жарандардын убактылуу жашаган дареги боюнча добуш берүүсүн камсыздоо, шайлоо корлорунун суммасын жана күрөө акысын азайтуу, бармакка белги коюну калыбына келтирүү сыяктуу бир катар нормаларды карайт.

Борбордук Шайлоо Комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев
шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдүн декрет менен киргизилиши анын мыйзамдуулугу боюнча талаш-тартышты жаратышы ыктымал деп эсептейт:

- Канчалык бул мыйзам чегинде, канчалык деңгээлде анын зарылчылыгы бар эле деген суроону коюп жатабыз. Анткени баарыбыздын оюбуз ар кандай болгондуктан кийинки шайлоолордо чыр маселелердин чыгышын азайтыш үчүн биз ушундай кадамга барып жатабыз. Антпесек болбойт болчу. Себеби чырды пайда кыла турган маселелердин башын азыртан ачып албасак, кийин шайлоонун аягына чыкпай калышыбыз мүмкүн. Эгер бүгүн өзгөртө баштасак, күндө өзгөртө беребиз. Ушинтип олтурсак биз таза шайлоолорду өткөрүүгө шарт түзүлбөйт.

Кеңешмеде өзгөртүүлөрдөгү жарандардын убактылуу жашаган жери боюнча добуш берүүсүнө уруксат берүү шайлоодогу көз боёмочулуктун көбөйүшүнө шарт түзүшү мүмкүн деген сын-пикирлер үстөмдүк кылды. Борбордук Шайлоо Комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматов туруктуу каттоо жайынан алыс жүргөн жарандардын добуш берүүсүн камсыздоодогу декретте көрсөттүлгөн шарттар шайлоодогу мыйзамдуулуктун сакталышына коркунуч келтирет деген ойдо:

- Баткенден, Таластан келген мигрант борбордо 2-3 жердеги кварталдык комиттеттердин бере турган тизмесине туруп албайт деп ким кепилдик бере алат. Партиялардын ортосунда күрөш болуп жатканда ким акча берсе, ошонун пайдасы үчүн беш жерге барып документ жаздырып алып, беш жолу добуш бергенге мүмкүнчүлүк болуп жатпайбы. Кварталдык комитеттерде болсо эч кандай жоопкерчилик болбойт. “Ооба” ушул жерде жашаган болчу деп каттоо документтерни бере беришет да. Биз башкача сунуш бергенбиз. Бирок аны кабыл алышпай, өздөрүнүкүн таңуулап коюшуптур да.

Ошол эле учурда аталган декрет боюнча Убактылуу Өкмөттүн дарегине айтылган сын-пикирлер менен Өмүрбек Текебаев макул эмес. Анын айтымында, ички-тышкы миграциянын күчөшүнөн улам жарандардын көпчүлүгү туруктуу каттоосу боюнча добуш бере албай келишет. Андыктан бул кемчиликти жое турган декрет бекитилди. Ал эми аны ишке ашыруунун шарттарын камтыган жобону БШК өзү иштеп чыгышы керек болчу:

- Бишкекте жашап жүргөн баткендик добуш бергенге толук укугу бар. Биз мына ошол болсун дедик. Ал кандай ишке ашырылат жергиликтүү кеңештер менен Борбордук Шайлоо Комиссиясы башын оорутуп, жоболорду иштеп чыгып, ошол мыйзамды аткарышы керек. Керек болсо бул жакка тизмеге киргенден кийин тигил жактагы негизги тизмеден чыгартып салышы керек. Азыр кудайга шүгүр компьютер деген бар. Макул. Баткендикти Баткенден ага добуш берип коет экен деп Бишкектен тизмеге киргизбей коелу. Анда эмне ал жакта анын добуш бирөө бербейби, уурдабайбы? Борбордук Шайлоо Комиссиясынын төрагасы антип айтпашы керек. Ал шайлоону таза кылып өткөргөнгө милдетүү.

Шайлоо Кодексине өзгөртүүлөрдүн киргизилиши боюнча каршы пикирлерин билдиришкени менен аны БШК толук курамда карай элек. Эгерде ал каралып, өзгөртүүлөрдүн кабыл алынышын колдобоо чечими чыкса, анда БШК курамынын кызматтан чегинишине же аталган декретти артка чакыртып алууга туура келет деп болжолдошууда жергиликтүү талдоочулар.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: akin каяктан: batken
22.07.2010 15:28
Chekesine ele Pechat basip koiush kerek,anisi 3-kyn ochposo jakshi bolot.
antpese Kyrgyz dagi 120-stoldu talaship Kyrilat,Akaevti Bakievti jamandap byttyk emi Otunbaev Tekebaevterdi jamandaganga ubakit keldi,biz ar kimdi jamandabai ozubuzdy jamandaili biz kandaibolsok Kudai oshondoi Padisha beret eken.aiipti ozubuzdon izdeili.Pechatti tak chekege basish kerek.kim koldoit?????

кимден: патриот шайлоочу каяктан: Бишкек
22.07.2010 10:50
Туура маселе котрулуп жатат!!!!!! Эн оболу БШКнын озун легитимдештируу зарыл, алар азыр легитимсиз. Бшкнын курамында азыркы бийликтеги партиялардын эле окулдору отурат, калган партиялардын кызыкчылыгын ким коргойт!!!!!!!!!!!!!!!!!!!

кимден: Бек каяктан: Ош
22.07.2010 10:25
Шайлоолорду таза откоробуз десенер, шайлоо участокторуна, шайлоонун журушун козомолдоочу видеокамералар орнотулушу керек. Анан метка коюу ыкмасы кайрадан колдонулушу керек. Бирок метка колдун коруно турган жеринде жана 2 сутка очпой турган болуп жасалышы керек. Ошондо, бир аз болсо да шайлоонун таза отушуно он таасир берилет беле деп ойлойм

кимден: narmat каяктан: batken
22.07.2010 08:21
Batkendikter Batkenge kelip shaylagani tuura bolot.Sebebi chet mamleketterde ozdorunun jashagan jerlerinde gana dobush bere alat.Birok azirki ekonomikabizga karasak bir batkendik Bishkekke uchetko dele turbagandigina baylanishtuu Batkenge da bir dobush beruu uchun kele albayt,i Bishkekten dele dobush bere albay kalat.Oshonduktan alar da dobush beruugo ukuktuu bolgonduktan azirki kirgizilgen sistema tuura dep oyloymun.Birok kontroldonush kerek,jana adilettu otkorulush kerek.

кимден: Актилек каяктан: Россия
22.07.2010 08:03
Бу БорШайКомуңар шайлоо ишин (процедурасын) жакшы билбейт окшойт. Болбосо баш бармакка белги коюлган болсо ал адам экинчи жолу добуш бергенге укугу жок. Болгону шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири атайын жабдык менен ар бир шайлоочунун бармагын текшерип турат.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)