Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:48

Экономика

Келген кризистин кетери узакка созулчудай

2009-жылы Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү 2,3% жогорулады. Өкмөт быйыл ички дүң продукт көлөмү дагы 5,5% көтөрүлүшү мүмкүн экендигин болжолдоп отурат.

Текст көлөмү - +
Өлкөнүн өткөн жылкы экономикалык көрсөткүчтөрү Экономиканы жөндөө министрлигинин жылдык жыйынында талкууланды.

“Ыстаканда кантың бар...”

Экономиканы жөндөө министрлигинин статс-катчысы Азиз Аалиев дүйнөлүк экономикалык кризистин капшабы Кыргызстанга деле тийгенин белгилеп, бирок да жыл аягында ички дүң продукт көлөмү 2,3% жогорулаганын маалымдады. Кризистин кааты ириде кылкылдаган товардык агымдын азайышынан, Казакстан менен Орусияга чыгарган буюмун жөнөтчү ири өнөр жай ишканаларынын туруп калышынан көрүндү.

2008-жылы чет жердеги эмгек мигранттарынан 1,2 миллиард доллар акча которулса, өткөн жылы ал 908 миллион долларга түшүп калганы да экономиканын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизүүдө. Анткен менен өткөн жылы өкмөттү өзгөчө курсант кылган жаңылык Кыргызстан өнөр жай өндүрүшүнүн теңине жакынын түзгөн “Кумтөр” алтын кен компаниясынын бюджеттик төлөмдөрүнүн көбөйүшү болду окшойт.


Кыргызстан экономикасынын мурунку жыл көрсөткүчүнөн азыноолок өйдө көтөрүлүшүнө кризис шартында айыл чарбасынын 1,63% өсүшү көмөк көрсөткөнү, ал өз кезегинде азык-түлүк баасынын кескин көтөрүлүп кетишине тоскоол болгону белгиленди. Анын натыйжасында инфляция деңгээли өтөле төмөн болгонун Экономиканы жөндөө министрлигинин статс-катчысы Азиз Аалиев да белгиледи.

- 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча биз 2008-жылкы 20% инфляцияга салыштырмалуу инфляциянын нөл деңгээлинде чыктык. Инфляция көп түрдүү болорун эсепке алсак, 2009-жылкы нөл инфляция элге убактылуу пайда келтирген көрүнүш ошол эле учурда
2008-жылкы 20% инфляцияга салыштырмалуу инфляциянын нөл деңгээлинде чыктык. 
экономиканын алдыга жылышына тоскоол болду.

Өкмөт быйыл 15 миң гектир жерге кант кызылчасын айдоону сунуш кылып жатканын Данияр Үсөнов жарыя кылды. Анын айтуусунда, өстүрүлгөн түшүмдүн тоннасы 2 300 сомдон сатылып алынат. Бул мурдагы 1750 сомдон кыйла жогору, бирок да бул баа жыл сайын өстүргөн түшүмүн арзан баага сатууга аргасыз дыйкандарды ынандырып жибериши кыйын. Д.Үсөновдун эсеби боюнча кант маселесинин кыйласын кыйналбай эле чечип койсо болот.

- Эгер гектиринен түшүмү 200 центнерден болот деп эсептесек, Үрүмчүдөгүдөн үч эсе аз. Кытайдын Үрүмчүсүндө гектиринен 700 центнерден кант кызылчасын алышат. Биз кыргызча эле эсептейли, гектиринен 200 центнерден.
Биз кыргызча эле эсептейли, гектиринен 200 центнерден. 
15 миң гектир жер, 300 миң тонна кант кызылчасы. Бул 45 миң тонна кант. Биз 120 миң тонна кант пайдаланабыз. Бул биринчи кадам.

“Кара алтын” кайгайы

Министрлик жыйынында Д.Үсөнов биртоп сунуштарын алдыга жайды. Ал ошондой эле айыл өкмөттөрдөн тарта министрлерге чейин экономикалык реалдуу долбоорлорду даярдап, аларды Өнүгүү фондуна алып келип, арзан кредит алууга аракет кылышын талап кылды. Өнүгүү бюджетине бөлүнчү 20 миллиард сомдон тышкары жакында эле “Эларалык “Манас” абамайданы”, “Кыргызалтын” жана дагы эки компаниянын акциялары Өнүгүү фондуна өткөрүлүп бергенин ырастады. Өкмөттүн мамлекет менен жеке ишкердик өнөктөштүгү катары сыпатталып жаткан жаңылыгы аталган фонд, “Азия универсал” банкы кошкон үстөк пайызы менен ишкердик долбоорлорду каржылоого байланышкан.

Д.Үсөнов жыйында көмүр сатып алуу үчүн коңшуларга кетип жаткан 50 миллион долларды Кыргызстанда алып калууга чакырды. Ал акчанын 20-30 миллион долларын сарптап Кыргызстандын көмүр өнөр жайын жандантууга мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи. Сөз арасында “Реемтсма”, Жалал-Абаддагы мунайды кайра иштетүү заводу, “Бета Сторес” компанияларынын ишин текшерүү, салык төлөөсүн кылдат иликтеп чыгуу маселесин козгоду.

Экономиканы алдыга чыгаруунун толгон-токой демилге-сунуштарын жыл жыйынтыгын чыгарчу кеңешмелерде жарыя айтып келаткан Д.Үсөновдун өкмөтүнүн азырынча тарифтерди көтөргөндөн башка көзгө көрүнчү иши көпчүлүккө белгисиз.

- Экономикалык кризис бул проблемалардын бир бөлүгү гана,- дейт “Инвестициялык тегерек стол” долбоорунун жетекчиси Равкат Хасанов.

Анын үстүнө экономикалык орчун маселелер өкмөттөн чыгарылып, президенттин уулу М.Бакиев башкарган Өнүгүү, инвестиция, инновациялар борбордук агенттигине берилген. Азырынча ал агенттиктен деле дымактуу демилге, укканды муютчу убада, жайдары билдирүүлөр гана чыгууда.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: asan каяктан: osh
11.02.2010 12:02
УШУ ДАНИЯРГА ИШЕНГЕНДЕН ӨЗҮҢДҮН КОЛУҢА БАШЫҢА ИШЕН КЫРГЫЗ КАЧАН, ДАНИЯР БИР ЖЕРДИ ОҢДОДУ ЭЛЕ КИМ МАГА БИР МИСАЛ КЕЛТИРЕ АЛАТ АЗЫР ДАНИЯР БОЛГОНУ МАКСКА ЖАКШЫ КЫЗМАТ КЫЛЫП ЖАТАТ,КИЙИН МАГА ЭЧ УКУК БЕРБЕЙ КОЙГОН ДЕП ДОСУ АДАХАМЧИКТИ ТУРАЙТ. ОШОЛ ҮЧҮН КЫРГЫЗ ӨЗҮҢӨ ГАНА ИШЕН.

кимден: Касым
11.02.2010 03:35
Болуптур! Эгер ушул реформалардан натыйжа чыкпаса-ким жоопко тартылат???... Ал жагын да азыр айтып койгула! А масштаб ото чон!!!

кимден: Gulnura каяктан: Stanbul
11.02.2010 02:31
D.Usonov ooozu menen kopturup suylop karapayim elibizdi kiynap buturdugo baarin ele kimbattatip ele jatat Ajobuzga aytip mitinkke chikan ubakta dele bular may chaynap Kurultay uyushturup jurushot ananda Kyrgyzstandi Evropalarga salishtirat uyati joktor dese.Silerge naalat.

кимден: Келегей каяктан: Бишкек
10.02.2010 23:01
Данияр Усеновдун куру создон башка иштээр иши деле калбаптыр. Кыргызстандын бардык акчалары Максимдин фондусуна берилсе, анан аны окмот иш кылуу учун жалдырап кайра Максимдин менчик "Азияуниверсалбанкынан" устогу менен алса, анан мындай афераны
бийлик "реформа" деп кыргыздарга тартууласа, тобо чачын тик турат экен.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)