Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:48

Экономика

Чоң суу көйгөйү: Токтогул көл толуп атыр

Токтогул көлүндө ушу тапта 19,5 миллиардга жакын суу топтолуп калганы маалымдалууда. Токтогул ГЭСи иштей баштагандан бери жасалма көлдө суунун минтип чарасына батпай толушу аз эле болгон. Анткен менен Кыргызстандын электр энергиясын Казакстандан башка коңшулардын сатып алышка куштарлыгы жок.

Текст көлөмү - +
Жайкыга – суу, кышка - отун

Токтогул суу сактагычы Сырдарыянын төмөнкү агымында жайгашкан Өзбекстан менен Казакстандын эгин талааларын сугат суу менен камсыз кылуу максатында курулганы көпчүлүккө жакшы маалым. Социализм тушунда жайкысын иштетилип чыгарылган электр энергияны ошол эле коңшуларга сатып, акысына кышкы көмүр менен газ алып туруу болжолдонгон болчу. Калыптанып калган алдагыдай экономикалык мамиле-катыштар үзүлгөндөн бери Кыргызстан менен Тажикстан энергетикалык кризисти баштан кечирип келсе, быйыл минтип чоң суу проблемасы чыгууда.

Токтогул көлүнө топтолгон суунун көлөмү чектелген деңгээлден ашып кетсе анын кыйласын энергетиктер агызышка мажбур болуп, арбын суу коңшуларга коркунуч туудурушу мүмкүн. Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары институтунун директору академик Дүйшөн Маматкановдун ырасташынча, быйылкыдай сууга бай жылы коңшу өлкөлөр эмнелерди жасашы керектиги алдын-ала макулдашылып, агымды жөнгө салуунун жолдору иштелип чыгышы зарыл болчу.

- Илгери биз эсептегенбиз. Ушул 30 жылда ушинтип көбөйүп-азайып турушу керек эле. Анын негизинде биз диспетчердик графикти иштеп чыкканбыз. Азыр эми ал жок. Суу сактагычта суу көп болгондо көбүрөөк кое бериш керек. Бирок аны жөн эле кое бербей пайдаланып калыш керек. Азыр суу көп болуп жатат. Экинчиден аны башкаруунун эрежеси жок.

“Электр станциялары” акционердик коомунун маалымдашынча, көлгө куюлган суунун көлөмү секундуна 855 кубометрди түзсө, электр энергиясын иштеп чыгарууга секундуна 691 кубометр суу агызылууда. Бул көрсөткүч кийинки төрт жыл ичиндеги суунун агып келиши, агызылышы боюнча өлчөмдөрдөн 2 – 3 эсе арбын. “Электр станциялары” акционердик коомунун жетекчи орунбасары Абдылда Исраиловдун айтуусунда, суунун минтип көбөйүп кетишин эч ким күткөн деле эмес.

- Мына апрель айынан баштап быйыл өзгөчө көп суу келип жатат. Жылыга апрелде 200 – 300 куб болсо бизде 400 – 500 - куб секундуна келди. Эми ушул суу мына август айында да орто эсеп менен миңден ашык кубометр секундуна келип жатат. Бул эмне себептен экенин билбейм. Изилдөөчүлөрбү, окумуштууларбы айтпаса, өтө чоң суу келди.

Тоодогу глобал жылуулук

Күзгө тарта Нарын дарыясынын күрпүлдөп кириши айрым адистердин болжолунда глобалдык жылуулукка, мөңгүлөрдүн тез эрий башташына байланыштуу. 2 - 3 жылда Токтогул көлүнө жетиштүү суу топтолушун болжолдоп отургандарды таңдандырган чоң суу проблемасы ушу тапта коңшуларды да ойлонтуп отурган кези. Профессор Валентина Касымова мамлекеттер ортолук суу чарба комиссиясы Токтогул көлүндөгү кырдаалды эске алып агызылган сууну жөндөөнүн амал-аргасын издеши керек деген пикирде.

- Себеп дегенде, Өзбекстан, Казакстандагы суу сактагычтардын абалын өздөрү гана билишет. Агызылган суу төмөндөгү суу сактагычтарды толтурабы же ашып кетип суу каптап кетеби – бул чогуу-чаран чеччү проблема да. Муну тезинен чечүү керек. Бул албетте, өкмөттүн проблемасы.

Кыргызстандан жайкысын 1 миллиард киловат саат электр энергиясын сатып алууга Казакстан макул болуп, анын 1 киловатынын баасын 2,5 центтен 3,1 центке чейин сатуу келишимине келишкен. Келишимдеги электр энергиясынын теңинен көбү жөнөтүлгөн. Негизи Кыргызстан жайкысын 3 – 4 миллиард киловат саат электр энегиясын сатуу мүмкүндүгүнө ээ. Бирок да, жылуулук электр станцияларына жайкысын көп күч келтирбей коңшусунун арзан электр энергиясын сатып алууга антип Казакстан макул болгону менен, Өзбекстан тараптан ишаара боло элек. Айтса, расмий Ташкен көптөн бери Кыргызстанда “Камбарата” ГЭСтеринин курулушуна каршы чыгып, аларды эларалык экспертизадан өткөрүү талабын коюп келатат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Назира каяктан: Ыссык-Колдон
25.08.2010 15:20
Суубуз коп болуп кетти эми эмне кылабыз деп ай караган текедей кутуп олтура бербей башка айлаларын таап убакыттан, мумукунчулуктон пайдаланып калбайсынарбы. Айласын таба албасанар буткул Кыргызстандан ошол тармакты жакшы оздоштургон адистерди алып келбейсинерби. Деги кыргыз эптеп эле аман бололучу суубуз аз болсо да проблема коп болсо да проблема кылчу болдунар го. Иштей албасанар иштечулорго ордунарды бошотуп берсенер боло ошол орундарга жабышып калсанар да. Совесть деген болуш керек да силер карып анан орун бошоткуча мумкунчулук да болбой калат темирди ысыгында чап деген соз бар кыргызда.

кимден: Azamat каяктан: Bishkek
25.08.2010 14:20
Албетте сууну коп болгону эн жакшы. Кудай буйурса кыштын кыраан чилдесинде жарыксыз олтурган кундор жок дегенде бул жылы кайталанбачудай. Бирок кийинки жылдары суу дагы ушундай денгээлде болоору бир аз кумон болуп жатат. Азыр суу толду деп кубанганбызы менен козго басар ГЭСибизге эмки жылы суу тушпой калса эмне кылабыз. Быйыл кобойуп жаткан суунун кесепети кийинки жылы аянычтуу болбосо эле болду. Анткени азыр биздеги адистерден эч кимиси суунун эмне учун кобойуп жатканын так айта албайт. Суу бул кышта кардын коп жааганы учун кобойуп жатабы? Же монгулордун башка жылдарга салыштырмалуу коп ээригениби?
Монгулордун баары ээрип тоонун башы жыланач калбаса эле болду...
Анын устуно буга чейин монгулордун тез ылдамдыкта, коп коломдо ээрип жатканы айтылып жатпайбы. Мисалы Чуй ооронундогу Адыгене монгусу акыркы 50 жылда колому 20 пайызга азайган. Ошондой эле ушул жуз жылдыктын акырына чейин Кыргызстандагы монгулордун 20-30 пайызы гана калышы мумкун деген маалыматтар бар... Кудай озун сактасын!!!

кимден: жолдошбек каяктан: Бишкек
25.08.2010 12:18
"Журт башы болгончо суу башы бол "- дейт кыргыздарда баары жакшы болот. Казак, Озбектер Кыргыз элинин баркын билиш керек,ошон учун Кыргыз деген лидер керек,

кимден: БЕКЗАТ каяктан: Ноокат
25.08.2010 10:51
Суунун мол болгону жакшы бирок чын эле монгулор керегинен артык ээрип жаткандыр. Канкенде да ошол сууларды текке кетирбестен жакшы пайдаланып калуу абзел......

кимден: Akma каяктан: Bishkek
25.08.2010 09:58
Көптөгөн маселелер чечилип, Кыргызстан өнүксө экен, келечеги кең болсо экен.

кимден: bekjan каяктан: Korea
24.08.2010 18:27
Suubuz toldu dep, Bakievderdei bolup satyp jiberbegile emi.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)