Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:47

Экономика

Бакиевдердин менчиктери мамлекеттин эсебине кайтарылды

Мыйзамсыз менчиктештирилген деп табылган отуз төрт объект мамлекеттин эсебине кайтарылды. Анын он төртү кайрадан сатыкка коюлса, калгандары муниципиалдык жана мамлекеттик менчикке өткөрүлүп берилет. Талдоочулар арасында мамлекеттештирүү иш-чаралары бүдөмүк жүргүзүлүп жаткандыктан сатыла турган объектилер мурдагылардан айырмаланбаган шылуундардын колуна кетеби деген тынчсыздануулар бар.

Мамлекетке алынган ишканалардын катарында "Манас" аба майданындагы америкалык транзиттик борборду күйүүчү май менен тейлеген кирешеси чоң компания да бар.
Текст көлөмү - +
Убактылуу Өкмөт тарабынан чыгарылган отуз декреттин негизинде мамлекетке алынган ишканалардын узун тизмеси жарыяланды. Тизменин башы Бакиевдерге жана алардын жакындарына таандык “Азия Универсал Банк”, "Манас" аба майданындагы май куючу ишкана, “Бешинчи канал”, “Пирамида” “Альфа телеком”, “Бишкек ликер-арак заводу” жана “Таш-Көмүр” жарым өткөргүчтөр комбинаты сыяктуулардан турат. Мындан сырткары тизмени Ысык-Көлдөгү “Витязь”, “Аврора-плюс”, “Аврора-грин”, “Каприз” сыяктуу ондон ашуун эс алуу жайлары, "Круиз" яхтасы, Як-40 учагы, гектарлаган жер участоктору жана имараттар толуктайт.

Мамлекеттик мүлк министри Шералы Абдылдаев улутташтырылган объектилердин мындан аркы тагдырын чечүү боюнча токтом даярдалып жаткандыгына токтолду:

- Мамлекеттин менчигине мажбурлап алынган объектилерди башкаруу боюнча чаралар өкмөттүн токтому даярдалып бүтүп, министрликтер менен макулдашууга жиберилген. Ага ылайык, бир катар мамлекеттештирилген объектилерди ачык соодалоо пландаштырылууда. Айрым объектилерди тармактык министрликтерге, ведомстволорго же муниципалдык менчикке өткөрүү максатка ылайыктуу.

Анткен менен талдоочулар арасында мамлекеттештирүү эрежелери коомчулука ачык эмес жана мыйзамга каршы келген шарттарды жүргүзүлүүдө деп доомат койгондор да аз эмес. Алардын айтымында, мамлекетке өткөрүү иштерине коомдук жана мамлекеттик комиссиялар тартылса, анын ишенимдүүлүгүн жана акыйкаттуулугун камсыздамак.

Серепчи Руслан Ташанов улутташтыруу маселесинин декреттер аркылуу жүргүзүлүшү кийин анын мыйзамдуулугу боюнча күмөн саноону жаратышы ыктымал деп божомолдойт:

- Укуктук талаага толук келдик деп айтууга али эрте. Ошондуктан мындай декреттерди кабыл алууда этият болсок. Айрыкча өтө маанилүү деп эсептелген мамлекеттеширүү маселесинде бир эле декреттер аркылуу эле чечим чыгаруу юридикалык жактан алганда мыйзамга толук туура келе бербейт.

Мамлекеттик мүлк министрлигинин долбоору боюнча мамлекеттештирилген ишканалардын он төртү аукцион аркылуу сатылса, калгандары болсо тиешелүү министрликтердин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эсебине өткөрүлүп берилет.

Талдоочу Аскарбек Мамбеталиев ишканаларды улутташтыруунун бүдөмүк шартта жүргүзүлүп жатышынын өзү, анын кандай колдорго жана кандайча шартта сатыларынан күмөн санатат деп эсептейт:

- Улутташтыруу деп жабык эрежелерди бетке кармап алып, менчик ээси мурда ким болгондугуна карабастан андан тартып алып, андан кийин өздөрүнө өткөрүп алуу коркунучу турат. Ошондуктан бул ишти азырынча токтотуп турган туура деп ойлойм. Эрежелерди так, ачык чечип алмайын мамлекеттештирүү деген менчикти массалык түрдө тартып алууга айланып бара жаткандай.

Мындан сырткары мамлекеттик мүлк министрлиги мурда менчиктештирүү программасына кирген мамлекеттик менчиктеги 295 объектинин ичинен алтымышын андан чыгарып салды. Буга автобекеттер, Саламаттыкты сактоо, Билим берүү жана илим министрликтерине караштуу бир катар мекемелер жана геологиялык чалгындоо ишканалары кирген.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Кутман каяктан: Бишкек
06.08.2010 15:54
Бул Бекназарвдун эмгеги аны жамандагандарга наалат.

кимден: Өмүркашгар
06.08.2010 11:30
Ушу төңкөрүштөн үмүт этип биз алдандык, чын эле кайтарылабы деп ишенип ишенбей турабыз. 100% ке кайтарылбайт Акаеден кийин ошондой ,Бакиеден кийин дагы ошондой болот,кайтарылды деген бул жөн эле алдоо мен Бекназаровго такыр ишенбейм кана кайтарылган КЦШК,Бакай,Кошой,Шампанвинкомбинат,АаламСервис ж.б."Кайтарып алуу бул кайра жең ичинен сатуу" Революция деген ошолорго шарт түзүп берүү.

кимден: debi каяктан: bishkek
06.08.2010 11:13
Алдын ала эле баарын жаманга жоруганга маш көбү. Бул да болсо биздин 20 жылдык тажрыйбабыздан болгондур. Кудай бар экенин билсеңер, баары дайыма эле жаман болбостугуна ишенет элеңер. Кантип эле такыр эле баары жалганчы болуп калсын. чынчылдар да бар. Кудай буюрса жакшы болот, өлкөбүз алдыга озот. Өнүгөбүз, өсөбүз. Азыркы бийликке Кудай ынсап, ыйман берсин.

кимден: kubannych каяктан: Amerika new jersey
06.08.2010 10:39
men bul sozdorgo ishenbeym. al nerseler kayra keti bir jaka. kayra ele oshol adamdar.

кимден: aizana каяктан: Бишкек
06.08.2010 09:22
Убактылуу Өкмөт тарабынан чыгарылган отуз декреттин негизинде мамлекетке алынган ишканалардын узун тизмеси жарыяланды деп жатышат бирок ошол ишканалар туз эле мамлекетке келерин кудай гана билет.... азыркы бийликтегилер да оной инсандар эмес.... Буларга ишенүү да кыйынга турат... муну мен гана билдирбесем керек...

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
05.08.2010 21:59
муринку бийликтин адамдары азыркы бийлике берди десек болот азыркы окмот мучолору кайчака качышын азыреле белгилеп койсо керек

кимден: Бактыгул
05.08.2010 01:34
Мамлекет кайра алды да,бирок чындыгында ким билет кайра эле шылуундардын колуна кетеби.Биздин мамлекетте баары болушу мумкун.Мамлекет коррупцияга белчесинен баткан.Конгон адат калабы,уйга жугон салабы дейт ко кыргызда.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)