Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

Суу көбөйгөнү энергетикалык кризис азайган жок


Камбар-Ата -2 ГЭСинин суу тосмосу
Камбар-Ата -2 ГЭСинин суу тосмосу

Ушу тапта Токтогул көлүндө 19,5 миллиардга жакын кубометр суу топтолууда. «Камбар-Ата –2» ГЭСинин биринчи агрегаты ишке киргизилди. Бирок каражат жоктугунан ГЭСтин кийинки агрегаттары качан ишке берилери белгисиз.

Көл толкуду...

Токтогул көлү долбоордо белгиленген көлөмүнө чыкканын суунун Ош-Бишкек жолундагы Нарын дарыясындагы көпүрөгө чейин көлкүп турганынан деле көрүүгө болот. Токтогулдун катарындагы ГЭСтердин башкы директору Темирлан Биримкулов көлдө минтип суунун толуп турушу буга чейин үч ирет болгонун айтат.

- Бизде Токтогул суу сактагычында 19 миллиард 449 миллион кубометр суу бар. Бардык ремонттук компания өзүнүн убагында болуп атат. Кышка даярданып жатабыз. Эки ремонтубуз бар Токтогул ГЭСи боюнча 2 агрегат. Күрп-Сай боюнча 1 агрегат. Ошолорду бүтсөк кышка даяр болобуз. Гидротехникалык курулуштар боюнча эч кандай коркунуч жок. Канча электр энергиясын бергиле десе график боюнча ошончо бере алабыз.
Токтогул суу сактагычынын 2008-жылдагы абалы.

Темирлан Биримкулов көл жээгинде сууга басылып калган фермерлдердин эгин аянттары үчүн эч ким жооп бербестигин, тобокелчиликке барган дыйкандардын эмгеги көл толуп кеткенде ушинтип талаага кетерин белгиледи. Энергетиктердин айтуусунда, Токтогул көлүндөгү суунун көлөмү Нарын дарыясынын жогорку агымында Камбар-Ата - 1 ГЭСи курулуп калса жөндөлүп турмак.

Азырынча Кыргызстандагы эң ири ГЭСтин курулушу качан башталары белгисиз. Камбар-Ата – 2 ГЭСинин 1-гидроагрегатынын ишке киргизилиш аземинде президент Роза Отунбаева Орусия өкмөтү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, жакын арада ал жактан делегация келип Камбар-Ата –1 ГЭС курулушунун маселеси чечилип калыш ыктымалдыгын маалым кылды.

Камбар-Ата -1 ГЭСинин курулушуна орус өкмөтү 1 миллиард 200 миллион доллар акча бөлүп, биргелешкен ишкана түзүү келишимине мурдагы бийлик тушунда эле келишкен. Ири инвестиция акысына өкмөт “Манас” абамайданындагы америкалык аскер аба базасын чыгаруу убадасын да берген. Бул ирет кандай саясий шарттар коюлары белгисиз.

Каражат жоктугу каржалтууда

Учурда Кыргызстан үчүн Камбар-Ата -2 ГЭСинин калган гидроагрегаттарын ишке киргизүүгө кайдан акча табуу өзгөчө милдет болгону турат. Өкмөт башчынын орунбасары А. Муралиев калыптанып калган гидрокурулушчуларды чачыратпай сактап калуу сунушун алдыга жайса, каржы министри Ч.Имашов жыл аягында 5,5 миллиард сом жетпей калышы мүмкүн экендигин, бюджет таңкыстыгы опсуз чоңоюп кеткенин айтууда.

“Нарынгидроэнергокурулуштун” директорлор кеңешинин төрагасы Осмон Качкынбаевдин ырасташынча, ири энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга адистердин мүмкүнчүлүгү жетиштүү, кеп барып-келип эле каржылоого такалууда.

- График боюнча, баягы Союздун графиги боюнча 4 жылда курулуш керек эле. Биз эки жылда курдук. Албетте, жаңы технологияны пайдаландык. Аларды өзүбүздүн эле кыргыз адистер өздөштүрүштү. Бул убакта команда күчтүү. ГЭС бирди деле курганга даярбыз. Негизинен каражат каралса. Адистердин даярдыгы күчтүү. Азыркы убакта чоң коркунуч бар да. Эгерде ушул улуттук долбоорлор токтоп калса биздин адистердин келечеги эмне болот, деген чоң суроо бар.
Президент Р. Отунбаева Камбар-Ата-2 ГЭСинде, 2010-жылдын 30-августу

Азырынча ал суроо сырттан келчү инвестицияга байланып турат. Камбар-Ата –2 ГЭСинин гидрожабдууларды кураштыруу бөлүмүнүн башчысы Мамбетжан Арыкбаевди түйшөлткөн суроо да мына ушул каражат жагы болууда.

- Бардыгы каражатта да. Келип-келип эле финансы, каражат менен жабдуу. А негизи тиешелүү иштер жакшы эле болуп келатат.

Камбар-Ата – 2 ГЭСинин ишке киргизүү бөлүмүнүн башчысы Узак Кыдырбаев социализм тушунда Нарын дарыясына 27 ГЭС курулары болжолдонгонун, азырынча алардын алтоо гана иштеп жатканын маалымдады.

- Келечек чоң. Нарын дарыясы кыргыз эли үчүн абдан чоң байлык. Себеп дегенде каскадды, ушунча ГЭСти куруп алсак, башка эч нерсе өндүрбөсөк деле Кыргызстанды багат.

Кийинки үч жылдан бери энергетикалык кризисти башынан кечирип келаткан кыргызстандыктарга быйыл жаңы өкмөт мындан ары жарыкты “жалп” өчүрүүлөр болбостугун, электр акысы мурдагы 70 тыйын боюнча каларын кабарлоодо. Бирок да өкмөт кышкысын үйүн электр энергиясын пайдаланып жылытууну каалагандарга акы көтөрүлөрүн эскертип келатат. Эки жылдык өчүрүүлөрдөн жүрөкзаада болгон калк Токтогул көлүнө суу толуп, Камбар-Атада жаңы гидроагрегаттын ишке киргизилишине чоң үмүт артууда. Андай үмүттүн кандай ишке ашырыларын алдыдагы кыш көрсөтмөкчү.

XS
SM
MD
LG