Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:40

Экономика

Инвестициясыз ишибиз кыйын

Быйылкы окуялардан соң Кыргызстанга сырттан инвестиция келиши, ишкердик жүргүзүү кыйындап, өлкө оор экономикалык кризиске капталууда. Бир ай мурда Бишкекте өткөн донорлор жыйынында өлкө экономикасын колдоого 1,1 миллиард доллар бөлүнөөрү айтылганы менен анын качан келери белгисиз.

Текст көлөмү - +
 Анткен менен кысталыш кырдаалда Кыргызстанга жардам көрсөтүүгө куштар инвесторлор да чыгууда.

Маалкаткан акчанын маани-жайы

Президент Р.Отунбаева мурунку бийликтин тушунда бизнес жүргүзүүгө шарт түзүп берүү боюнча биртоп демилгелер көтөрүлгөнү менен, жасалчу иштердин жалпысына коррупция тоскоол болуп келген болчу деп эсептейт. Эми болсо бийлик менен бизнес диалогу такай жүрөрү, тийиштүү маселе, проблемалардын текши баары ачык талкууланары, алардын негизинде жыйынтык чечим кабыл алынары белгиленди.

- Анан сиздер жакшы билесиздер, Кыргызстан донорлор жыйынын өткөрүп азырынча убадага ээ болду. Баса айткым келет, акча же анын дүмүрчөгү эмес, убаданы уучтап олтурат. Мүмкүн биз экинчи донорлор конференциясын өткөрөбүз. Президент Н.Назарбаевдин демилгеси менен бул конференция шайлоодон кийин өтөт. Мунун логикасы мындай, биз алгач биринчи конференциянын жыйынтыгын алышыбыз керек. Анда башка донорлор болот,- деп билдирди президент Р.Отунбаева Бишкектеги ишкердикти өнүктүрүү, инвестиция кеңешинин жыйынында.

Антип өзгөрүлүп кеткен донорлор катарына Түркия, Араб өлкөлөрү кошулушу мүмкүн экендиги жакындан бери кабарлана баштады. Чоң жыйында убада кылынган укмуш акчалардан азырынча дайын жок.

Ушу тапта Кыргызстан экономикалык калтыс абалга кептелип, бюджеттин кирешесинен чыгашасы арбып, ортодогу айырма чоңойгондон чоңоюп баратат. Кыргызстандын Каржы министри Чоробек Имашовдун маалымдашынча, донорлор жыйынында жардам берүүгө убада кылган акчалардын келиши арсар калууда.

- Бизге донорлор конференциясында бюджет таңкыстыгын жабууга 120 миллион доллар акча бөлмөй болгон ЕврАзЭстин кризиске каршы фондунун позициясы түшүнүксүз калууда. Азырга чейин ал акчаларды кантип алуу боюнча алдын-ала сөз боло элек.

Каражатты карыздабай деле тапса болот

Ошондон сырттан келчү жардамга болгон үмүттү артып отуруп албай ишкердикке кенен жол ачуу, инвестицияга ыңгайлуу шарт түзүү милдети айкүрүнөн коюлууда. Ишкерлерди кооптонткон маселе жеке менчиктин бекем корголбой жатышы, бийлик алмашылганда эле ортодон бирөөнүн дүйнө-мүлкүнө көз арткандардын көбөйүп кетиши, текшерүүчүлөрдүн ат тезегин кургатпай басып жатып алышы, соттордун көз карандылыктан кутула албай келатышы болууда.

Анткен менен азыркыдай кысталыш жагдайда деле Кыргызстанга инвестиция алып келүүгө куштар компаниялар бардыгын германиялык “ЦАНУС” консорциумунун вице-президенти Алиреза Могхаддам ырастап, ушу тапта Ошто социалдык үйлөрдү жасоочу завод куруу жөнүндө тийиштүү тараптар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдады.

- Мына ушyндай жагдайда Ошко жардам берилиши зарыл. Бирдеме жасалышы абзел. Мына ушул ойду ишке ашырыш үчүн социалдык турак-жайды курууну чечтик. Бул өзү биргелешкен долбоор. Муну ишке ашырыш керек. Ушундай ыкма менен үй куруу дүйнөнүн биртоп жеринде жактырууга ээ болгон.

Ылдам курулчу арзан, сапаттуу үйгө керектүү материалдарды чыгарчу заводду германиялык ишкерлер 8 айдан кийин ишке киргизишерин ырастоодо. “ЦАНУС” консорциумунун салык, каржы маселелери боюнча адиси Вольфганг Менгендин айтуусунда, жаңы үйдүн курулушу көп деле убакытты албайт.

- Бул үй кичинекей балдардын “Конструктор” оюнчугу сымал курулат. Фабрикада курулуштун өз алдынча элементтери жасалат. Анан алар чогултулат. Буга көп курулушчунун деле кереги жок. Үйдү чогултуу көп деле убакытты албайт.

Азырынча 100 чарчы метри 40 миң долларга бааланчу тез курулчу социалдык үйлөрдүн тагдыры чечиле элек. Өкмөт болсо Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү иштери курулуш тармагынын жанданышына алып келерин, бул кезегинде жалпы экономикалык өнүгүүгө таасирин тийгизерин болжолдоо менен алек.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Бизнесмен каяктан: CE
28.08.2010 15:50
Мамлекетин атынан алынган кредитер соссуз чиновниктер аркылуу тонолуб жок болот, буга далил акай-бакийдын бийлиги.
Кредитерди мамлекетин атынан алууга тыюу салыш керек!!!
Кредитер бизнес структуралардын гана керегине пайдалуу жана мыйзамдуу болот.
Мамлекетик структура - салык саясатын эффективдуу жургузууну гана билиш керек.
Биздин чиновниктердин бийлике баруу кызыкчылыгы бир гана нерседе болуб калды ал- "Бийликти колдонуб - мыйзамсыз каражат тобтоо".
Мындай мыйзамсыз жолго азыркы бийлик да (элге берген АНТЫНА карабай) кадамын коё баштады!

кимден: ада каяктан: русжери
28.08.2010 10:23
Инвестиция жок дейбиз...Бизге келсе мукураган же ууру-аферист бизнесмендер гана келип озуно окшогон ууру-аферистер менен кызматташат Мамлекет коопсуздукту камсыз кылып мамлекеттик жана мам. эмес ууру-каракчылырды басып азайтмайынча эч бир акыл-эси жайында бир да бизнесмен келбейт.
Ачыгын айтканда чет элдик инвестициягабир эле биз эмес дуйнонун онуккон олколору баш болгон бут олколору муктаж. Онуккон олколор менен биздин айрымабыз бир кана колдогу мал-мулкту адилетту колдонушунда. Онуккон олколордогу адамдар биздикилердей уурдабайт, алар оздорунун акысын аягына чейин талап кылышын билет. Адилеттулукту орноштуру жолунда колунан келген бут кучун жумшайт. Бул соз негизинен бийликтегилерге таандык.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)