Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:39

Экономика

Байлык тартып алуунун таржымалы

Убактылуу өкмөт декрети менен отуздан ашуун объекттер мамлекет ээлигине өткөрүлүп, алардын айрымдары аукционго, калгандары конкурс жолу менен сатылганы турат. Жаңы бийликтин мурдагылардын энчисиндеги дүйнө-мүлктү тартып алышы мындан беш жыл илгерки элдик революциядан кийин да жасалган. Бийлик алмашкан сайын бирөөлөрдүн мүлкүн тартып алуу Кыргызстанда көнүмүшкө айланууда.

Текст көлөмү - +
Цемент заводдун сатылганы качан

Кант цемент заводунун 13,21% акциясынын айланасындагы талаш 2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин эле чыккан жери жок. Бул ирет акциялар мамлекет ээлигине өткөрүлүп, мурда болсо талаштуу ишке тиешеси бар кишилерге кылмыш иштери ачылганын вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров мындан бир ай илгери эле жарыя кылган.

- Мамлекетке 298 миллион сом зыян келтиргендиги боюнча убагында кылмыш иш козгодук эле. Билесиздер, Данияр Үсөновдун көрсөтмөсү менен Чүй облустук соту бул ишти жаптыртып салган. Жазуу түрүндө көрсөтмөсү менен. Биз ушуну жаңы ачылган жагдайга байланыштуу Жогорку сотко бердик эле. Бирок, тилекке каршы, Жогорку сот жаңы ачылган жагдайга байланыштуу биздин сунушубузду канааттандырган жок.

Жогорку сот жообуна канааттанбаган өкмөт Мамлекеттик мүлк министрлигине Кант цемент заводу кантип менчиктештирилгенин кайрадан териштирип чыгуу тапшырмасын бергенин ошол эле А.Бекназаров маалымдаган. Анын айтуусунда, 1997-жылы завод менчиктештирилип жатканда казак инвесторлору убада кылган 18 миллион доллар инвестиция келген эмес.

Кант цемент заводуна ээ United Cement Group компаниясы кийинки 5 жылда ишканага 27 миллион доллар сарптап, республика казынасына 38 миллион доллар салык төлөгөнүн маалымдап, Жогорку сот тарабынан биротоло чекит коюлган ишти улам-улам козголош четтен келчү инвесторлорду чочулаткандан башкага жарабастыгын ырастаган билдирүү таратты.

“Аты жакшы акчабай, кагылайын...”

Айтса, Убактылуу өкмөт чечими менен мамлекет ээлигине айтылуу Азия Универсал банк да өткөн. Өлкөдөгү систем банкты каржылоого өкмөт башында 3 миллиард сом кыска мөөнөткө кредит бөлүүнү чечкен. Бирок да андай акча аягынан тартса башына жетпеген мамлекеттик бюджетте жок.

Мамлекеттик мүлк министрлиги Азия Универсал банкты эмдиги жылы сатыкка коюп, аны кайра эле жеке колго өткөрүүнү көздөөдө. Улуттук банктын төрага орунбасары Сүйөркул Абдыбаалы тегиндин айтуусунда:

- Азия Универсал банк өзүнүн активине салыштырып караганда ал Кыргызстандагы эң көп кредит берген банк эмес болчу. Үлүшүнө салып караганда. Анын 10 – 12 % кредит катары берилген. Калганынын баарысы чайкоочулук, тигил-булардын деңгээлинде иштеген акчалар болчу.

Улутташтырылган дүйнө-мүлк катарында “Альфа-Телеком” жабык акционердик коому, Бишкек арак заводу, “Петрол Групп”, “Пирамида” телерадиокомапниясы, “Чакан ГЭС” акционердик коому, “Манас” абамайданынын учактарга май куюу комплекси, биртоп кымбатба жеңил автоунаа, учак, кеме, Көл жээгиндеги көркөм эс алуу жайлары бар.

Менчик ээ ышкысы

2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин да мурдагыларга тиешелүү делинген дүйнө-мүлктүн кыйласы а кездеги президенттин ишкер уулунун энчисине кеткен эле. Бул ирет деле мамлекет ээлигине өткөн мүлктүн текши баары арзанбаада кайсы бир таасирдүү күчтүн колуна өтүп кетпейт, деп эч ким кепилдик бере албайт. Жеке ишкер Закир Намазбековдун ырасташынча, бирөөнүн мүлкүн тартып алуу мыйзам чындап иштей баштаганда гана токтолушу мүмкүн. Ансыз мурдагынын мүлкүн кийинкиси өзүнө же мамлекет ээлигине өткөрүп алуусу токтолбойт.

- Азыркы бийликке аралашып жүргөн, бийликтин тегерегинде жүргөн адамдардын аң сезими түбү менен бузулган. Муну орнотуш үчүн Кыргызстанга дагы 15 – 20 жыл убакыт керек. Иштебей эле жеп-ичип көнүп калган. Бул өзү аябай оор маселе. Же катуу кол керек же убакыт керек. Менин оюм ушундай.

Апрелдеги бийлик алмашуусунан кийин Убактылуу өкмөт арзанбаада жеке колго сатылып кеткен энергетикалык объекттерди мамлекет ээлигине кайтарып алды. Эми алардын сатылыш-коюлушу күздө шайланчу парламент түзгөн өкмөттүн үлүшүнө тиет окшоп калды.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: алибек абдыкаимов каяктан: забайкальский край Россия
28.08.2010 18:41
азыр уже кыргызстанда парламентке бара турган партиялардын аттары чыгыптыр.Эми дагы классикалык каталыкты кылбай парламенттик шайлоону тезиреек откоруш керек.Андан сырткары мамлекеттке кайтып келген ишканалардын тагдырын ошондо парламент карашы керек.Иначе ага дейре сатып улгуруп калалы дегенби мен тушунбой турам.НАДО ВСЕМЕРНО УКРЕПЛЯТЬ ОБОРОНОСПОСОБНОСТИ СТРАНЫ И ВЕСТИ В ОБШЕСТВЕ ЖЕЛЕЗНЫЙ ЗАКОН иначе в киргизии никакой порядок небудет.Балыкты дагы башынан сасытпаш керек УВАЖАЕМЫЕ КЫРГЫЗСТАНСКИЕ МУДРЕЦЫ!!!!!!!!!!!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
28.08.2010 18:14
Азимбек Бекназаровдун журум туруму мага жакпай журот. Себеби, уулу Максим менен Айдардан калган ишканаларды менчиктерштирип жатат деген эл арасында создор кобойуп кетти. Эгерде ошондой болсо, анда жыргаптырбыз да.

кимден: Асатилла каяктан: Австрия
26.08.2010 19:11
Мен Бекжан менен Кайратка толугу менен кошуламын.
Жанагы Бекжан айткандай бийликтин тегерегинде жүрүп бузулган, тек гана өз чөнтөгүн ойлогон, алдым- жуттумдарды жазалап, алардын кылмыш иштери келечекте алардын бала-чакасы окууга киреби, ишке орношобу терс таасири тийип, биографиясына жазылып кала турган болсо, Ар-бир чиновник сөрөйлөр бираз ойлонушат беле.....!!
Мисалы Австрияда ошондой экен.
Эгер бири (ВЗЯТКА) алып билинип калса үй-бүлөөсүнө сөссүз залакасы тиет экен. Ошон үчүн 1ден ишинен айрылат, 2ден омур баянына жаман (ПЯТНО) алгандан коркушат экен.
Бул менин жеке оюм.....!!

кимден: Kyrgyz
26.08.2010 17:50
Salam! E tuugandar.
jany bilikdagy bir kun chon summadagy akchany alyp kachyp ketpese ele boldu.

кимден: Бекжан каяктан: Бишкек
26.08.2010 15:12
Менин оюмча кеп адамдарда эмес. Кеп системада болуп атат. Система автоматтай болуп иштеш керек. Правилалар ачык жана жөнөкөй, түшүнүктүү болуш керек. Закир Намазбеков айткандай, "бийликтин тегерегинде жүрүп аң сезими түбү менен бузулган" адамдардын жасаганын улам ачыкка чыгарган, жарыя кылган, материалдык жана моралдык жактан жазалаган система болуш керек. Албетте жакшы иштегендерди материально и морально поощрять эткен система болуш керек. Мамлекет денгээлинде бирдиктүү кадр саясаты, учетко алынып бирдиктүү база менен илгерилеш керек.

кимден: Кайрат каяктан: МОСКВА
26.08.2010 12:42
Стратегиялык обьектилер баары мамлекеттин эсебинде калыш керек.!!! Булар ГЭС, ТЭЦ Телеком (Байланыш обьектилери), Авиация ж.б. Ошондой эле Коопсуздук кызматын кучотуш керек.(СНБ). Булар учун Эн негизги нерсе информацияны козомолдошу керек. информация уюлдук тел. байланыштар аркылуу коп таркалат. Ал эми буларды козомолдоо учун сим карталарды паспорт аркылуу гана сатыш кекрек жана ар бир адам алган сим карта номерлерине жооп бере турганмыйзамдарды кабыл алышыбыз керек. Ошондо коопсуздук кызматы коп нерсени алдын ала алат деп ойлоймун. мисалы Оштогу коогаландын да алдын алса болот эле. Биринчи кезекте коопсуздук кызматын техникалык жактан жабдуу зарыл. Кыргыз элим аман болгула. МЕН МЕКЕНИМДИ СУЙОМ!!!

кимден: Зайирбек каяктан: Лейлек
26.08.2010 10:29
эми шайлоодон жаны адамдар отуп калса жакшы иштерди алып барышат ко.болбосо мурдакы эле саясий оюнчуларды шайласак анда мурдакыдай эле жашоо улана бермекчи.

кимден: Kesh! каяктан: Naryn, At-Bashy
25.08.2010 19:49
24.03.2005 ten kiyin mamleketteshken mulktun deerlik kobu kanchalyk dengeelde taza satyldy dep oiloisunar?! Arzan, taza emes satylgandardy mamleketke otkoruu bul en tuura! Arzan alyp bir ui-bulo payda korgondon koro kyrgyz eli payda korsun.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)