Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:36

Экономика

300 млн долларды кантип натыйжалуу иштетүү керек?

Коомдук палатанын мүчөсү, экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев менен маек.

x
Текст көлөмү - +
-Жумакадыр мырза, өлкөдө президенттик шайлоо өтүп, баары күзгү саясий сезонду, парламенттин ишинин жанданышы менен өкмөттүн жаңыланышын күтүп жатат. Жаңы өкмөткө кандай маселелер коюлат жана ал канчалык өзгөрүлөт деген ойдосуз?

- Эми жаңы өкмөткө кандай маселе коюлмак эле, президент өзүнүн инаугурациядан өтүп аткан сөзүндө айтпады беле, сентябрь айынан баштап биз кескин реформа өткөрөбүз, административдик реформа, анан өкмөт болгон күчүн, аракетин экономика тарап жака жумшайт деп. Жаңы өкмөт деп атасыз, азыр жаңы Конституциянын эрежеси боюнча өкмөт мурункудай президент жагынан шайлангандан кийин сөзсүз түрүндө отставкага кетип алмашылат деген норматив жок азыр.

Азыр мисалы, премьер-министр өзүнүн ыктыяры менен арыз жазса, же болбосо сентябрь айында көпчүлүктү түзгөн “Акжол” фракциясы жаны премьердин ысымын сунуштаса, ошондо гана өкмөт толугу менен өзгөрүшү мүмкүн. Бирок мен ойлойм азыр президент экинчи мөөнөткө шайланып абдан арбындуу маселелерди чечем деп кабыл алып атат.
 
Ал үчүн өзүнө тиешелүү, айтып кетпедиби, мен мурунку өкмөттүн курамын түзүп атканда анча-мынча милдетүүлөр бар эле, азыр эми андан бош. Жаңы өкмөттүн курамына тажрыйбалуу чет мамлекеттен иштеп келген, өзүнүн ишин билген адамдарды кошууга президенттин азыр мүмкүнчүлүгү бар.

- Россиянын 300 миллион доллар насыясын ачык жана натыйжалуу пайдалана алабызбы? Анткени бийликти көзөмөлдөөчү оппозиция да алсыз болуп жатат?

- Роосиядан алган 300 млн. доллар келгенине 4 айдан ашып кетти. Бүгүнкү күндө бир гана маалымат бар Экономиканы өнүктүрүү министрлигине 400кө жакын долбоор сунушталганы жөнүндө. 4 айдын ичинде кайсы долбоор түшүп атат, кайсы тармактардан, кандай шарт менен ошол долбоорлорго жанагыдай кредит берилет, ушуну коомчулук менен, оппозиция болобу, кимиси менен болбосо да чогуу изилдеп, туура жол менен беришибиз керек. Себеби 300 млн. доллар азыркы экономикабыздын тагдырын чечкиндүү чечип кеткенге мүмкүнчүлүк болот.

-“Азияуниверсалбанк” аттуу коммерциялык банктын төрагасынын орун басары Елисеев мырзанын Россиянын 300 миллион доллар насыясы берилген Өнүктүрүү фондуна келиши мамлекеттик орган менен коммерциялык банктын ортосундагы кызыкчылыктардын каршылыгын жаратпайбы?

- Мүмкүнчүлүк болсо коммерциялык банктарды мамлекет алган кредитке аралаштырбай, өзүнчө структура аркылуу таратылса жакшы болмок. Өкмөттүн бир жыйынында экономика министри Акылбек Жапаров ошондой бир сунуш киргизген, жаңы мамлекеттик инвестициялык банкпы, же фонд ачып туруп, ошол аркылуу тараталы десек, аны өкмөт мүчөлөрү кабыл албай койду. Эми мен ойлойм, коммерциялык банк аркылуу таратуу бул туура эмес жол. Муну мамлекеттин алдындагы өнүгүү фонд аркылуу эле таратыш керек.

-Кыргызстанда экономикалык өсүш 03% болгону кабарланды. Жалпы дүйнөлүк кризистин алкагынан алганда бул көрсөткүч канааттандырарлыкпы?

- Ошол маалымат эки күн мурун таратылды. Эми чындап келгенде КМШ мамлекеттердин арасынан Кыргызстан 5 мамлекеттин арасына кирип атат, анча-мынча экономикасы былтыркыга караганда өсүшү бар деп. Ошол эле Россия, Казакстан, Белорусия мурунку мамлекеттерди рецессия процессинде жүрүп атат бүгүнкү күнү.

Ошого караганда бул орто көрсөткүч болуп эсептелет, негизги мүмкүнчүлүк бар, азыр айыл-чарба продукциясы жыйналып атат, ички дүң продукциянын ичинде бул жарымысын түзөт. Ошон үчүн айыл-чарбага азыр жакшы көңүл буруп туруп, продукцияны жыйнап алып, анан күзүндө Токтогул суу сактагычында суу 12 миллиарддан ашык көлөмдө топтолду дейт, электр энергия өчүү токтолбосо, мен ойлойм жылдын жыйынтыгы бир-бир жарым пайыз менен бүтүшү мүмкүн.

-Маегиңизге рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Кабарбек
13.09.2009 16:42
Ал азыр каякта? Бакиев жеп койбосун.

кимден: ААА каяктан: БББ
12.09.2009 20:39
Элдин баары эле билет бул млн. ким аркылуу кай жакка кете турганын.
... баары проект өткөрүп жатпайбы!
Эртең ишке түшкөндө козукарындай болуп чыгат баары.

кимден: ВИП каяктан: БД
22.08.2009 12:38
Элге жаюнун кереги жок 300млн$ жөнүндө! Биз билебиз кантип иштетишти!

кимден: Кыяз каяктан: РФ
21.08.2009 15:31
туура айтасың 300 млн доллар жолун табып курсакка кирет

кимден: Жоробаев СС каяктан: РФ
21.08.2009 13:21
Суроону туура эмес коюпсуз, кантип жулмалоо керек десеңиз жарашып калат эле.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)