Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:36

Экономика

Орусия арсар, анткен менен кытайлар кызыгууда

Социализм заманында курулушу башталып аягына чыкпай калган “Камбар-Ата” ГЭСтерине инвестиция тартуу кыргыз өкмөтүнө оорго турууда. Өткөн жылы чоң курулушка орус өкмөтү 1 миллиард 700 миллион доллар кредит бермей болгон. Ал акчанын бөлүнөрү дайынга чыкпай, өкмөт курулушка кытай инвестициясын тартуу аракетине киришти. Президент К.Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин Кытайга иш сапарында мына ушул маселе да талкууланган.

Текст көлөмү - +
Кечиккен кредит

“Камбар-Ата –1” ГЭСинин курулушуна бөлүнчү акчанын дайынга чыкпай жатышынын биртоп себептери бар. Саясат таануучу Александр Князевдин ырасташынча, биргелешкен ишкана түзүлүп, даярдык иштеринин кыйласы бүткөрүлгөндөн кийин орус өкмөтүнүн акча бөлүүгө шашпай жатышынын себеби саясий проблемага барып такалууда.

- Кеп бул жерде Кыргызстандын Орусия алдындагы биртоп милдеттенмелерин аткарбагандан акчаны бөлбөй жатышы жөнүндө болууда. Кыргызстан болсо кенемтени толтуруу амалында Кытайды бул долбоорго катышууга үндөөдө.

А. Князевдин айтуусунда, ири ГЭС курулушуна делген акчанын которулбай жатышына Кыргызстандын экономикалык-каржы саясатын өз колуна топтоп алган Борбордук агенттиктин, анын алдындагы Өнүгүү фондунун иши, каражаттарды бөлүштүрүүнүн башында Кыргызстанда мурда-кийин жашабаган, арам акчага жакын адамдардын ошол орусиялык кредитке ээ чыгып жатышы болууда. Анын үстүнө орус өкмөтүнүн 2 миллиардка жакын долларды жөнөтпөй жатышына Өзбекстандын “Камбар-Ата –1” ГЭС курулушуна көжөлүп каршы болушу, аны эл аралык экспертизадан өткөрүү талабын тажабай коюп келатышы болду окшойт.

Лекин Өзбекстан каршы

Өткөн жылдын соңунда Өзбекстан газы боюнча сүйлөшүүлөргө барган чагында Кыргызстандын өкмөт башчысы Д. Үсөнов Дүйнөлүк банктын колдоосу менен андай экспертизаны өткөрүүгө каршы эместигин билдирип кайткан. Ташкендин демилгесин кантип ишке ашыруунун жөнүн өкмөт ойлонуп жатканын Кыргызстандын өнөр жай, энергетика министри Илияс Давыдов да ырастаган.

- Муну ойлонуш керек. Ал тууралуу айтуу азыр мага деле кыйын. Жумушчу топ талкуулайт болуш керек.

Кыргызстандагы эң ири гидрокурулуштарга социализм заманынан бери эле каршы чыгып келаткан расмий Ташкендин кабатырлануусу, академик Дүйшөн Маматкановдун айтуусунда, жөнсүз.

- Өзбекстандын мынабу Кыргызстан менен Тажикстанга койгон дооматы, кыргызча айтканда, “уурусу күч болсо ээси дооматка жыгылат” болуп жатат. Анткени булар өзү биздин суунун баарын толугу менен пайдаланат. Мисалы Арал бассейнине 30 миллиард суу кетет. Ошонун болгону 4 миллиардга жетпегенин гана алабыз.

Ушундай эле жүйөөнү Өзбекстан да алдыга жайып, чөлкөмдүн экологиясы гидрокурулуштарга байланыштуу экенин ырастоодо.

Пул бериң

Ал ортодо “Камбар-Ата 2” ГЭСинин 2-3-агрегаттарын кайдан алуу, каражаттарды кимдер бөлөт суроосу айкүрүнөн коюлууда. Жыл башында президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев жанына биртоп министрлерди кошуп алып Кытайга иш сапары менен барган. Андан кийин өкмөт жалаң эле орусиялык кредит менен жабдууларга үмүт артпай, Кытай тарапка көңүл буруу керектигин айта баштады. Жаңы ГЭС курулушун жүргүзүп жаткан “Нарынгидрокукрулуш” компаниясынын жетекчиси Альберт Авазбеков курулуш үчүн жабдуулардын кайсы өлкөдөн келгени анча деле маанилүү эмес экенин ушул жылдын 21-январында эле белгилеген.

- Агрегаттарды эми долбоорлорду жасашып эле кыла беришет. Бул жерде анын анча деле мааниси жок. Негизи Кытай бүгүн өнүгүп өсүп аткан өлкө болуп жатат. Кредиттерди да берип жатышат. Жасаган иштери да башкаларга караганда арзан болуп атат. Анан кийин чакырганбыз. Куда кааласа келишип, карап кетишет. Эгер жасала турган болсо заказдарды ошого да беришибиз мүмкүн. Бирок бүгүнкү күндө жөн эле кредит болуп сүйлөшүп келишти. 2-3-агрегатка кредит сурап келип атышат. А тигилер азырынча макулдугун берип жатышат.

Ушу тапта Кытай Кыргызстан энергетикасына өзгөчө көңүл бурууда. Өзбекстан бирдиктүү ортоазиялык энергетика системасынан чыгарын жарыя кылгандан бери жалпы улуттук маанилүү долбоорго айланган “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр зымдарын тартуу, “Камбар-Ата –2” ГЭСинен Кыргызстандын түштүгүнө энергия жеткирүү, “Айгүл-Таш - Самат” курулушун быйыл ишке ашыруу милдети коюлууда.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: bakyt каяктан: Stockholm
24.02.2010 17:53
Данияр Үсөновдун айткандарын Акипресстен окуп кыжырым келип жатат. Булар Кытайдан 2-3 миллиард темир жол курууга акча алчу бөлүптүр ойлорунда. Мобилдик компаниялардын бааны жогорулташына бийлик кирише албайт экен анын айтымында. Казак, орус, беларус бажы уюмуна Кыргызстан өзүнө пайда болбосо кирбейт деп айтат биздин премьер. Пайда түшпөсө да айла жоктон киришиң керек болгон учурду ойлобой турасыңбы Данияр мырза.
Сизди мынчалык кыска ойлуу деп ойлобопмун.

кимден: немис каяктан: Германия
24.02.2010 16:56

Негизи азыркы бийликтин, окмоттун алдыга койгон милдеттери, пландары туура деген кундо дагы, ишенич жок болуп атат. Эгерде Бакиев бийликке келгенден баштап, айткан убудаларына туруп, аткарып келсе, ишенсе болот эле. Бул уйбулоолук бийликке ишенген адамдар талаада кангып калат. Ансыз деле башында ишенип алып, эми минтип кангып журобуз.

кимден: Sapar каяктан: Rossia
24.02.2010 15:44
Salamatsynarby Azattyk beruusunun okuldoru!
Men, Berdibek myrzanyn oyuna koshulup ketkim kelet.
Jazma jana ooz-eki tilde dialektika menen adabiy normaga konul bursanyzdar.
Rahmat sizderge, ishinerge iygilik!

кимден: Бердибек каяктан: Бишкек
24.02.2010 10:02
Ар дайым ресурстар чектелуу, муктаждыктар чексиз. Бул экономика илиминде 1-бетте жазылган аксиома. Калганы туура стратегия менен ресурстарды рентабелдуу колдонуп максаттарга жетуудо.

Сиздерден сураныч - кыргызчаны прогрессивдүү жана туура колдонсок: лекин, айкуру, арасат деп биз кенири колдонулган создордун ордуна будомук мааниге келген создорду колдонбосок.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)